Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: «НУРИЗАГА ҮЙЛӨНӨЙҮН ДЕГЕН ОЮМ ЖОК ЭЛЕ»

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж


Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен актриса Нуриза Бурханованын үй-бүлөсүндөгү араздашуу көпчүлүктүн көӊүл чордонунда экени жашыруун эмес. Бир эсе мындай көрүнүш экөөнүн теӊ коомго белгилүү адам болгондугуна байланыштуу болсо керек. Экс-депутат «эл ичинде ар кандайча талкууланып жаткан сөздөргө чекит коём» деп редакциябызга кайрылды.

– Турсунбай агай, акыркы убакта сиздин үй-бүлөӊүз тууралуу айрым маалыматтар коомчулукка жарыя болду. Жубайыӊыз Нуриза Бурханова сиз менен ажырашканын айтып чыккан эле. Сиз «шайлоо алдында атайын кылганбыз, Нуриза ролун мыкты аткарды» дедиӊиз. Бирок Нуриза айым «талак берип ажырашканбыз» деген жооп кайтарды...
– Өзүӊөргө маалым, үй-бүлөм жөнүндө эч нерсе айтчу эмесмин. Себеби үй-бүлө – бул жабык тема. Ал коомго көрсөтүлө турган кино эмес. Өзүм да башкалардын үйүндө эмне болуп жатат деп кызыккан эмесмин. Бирок бир жолу маек берилди, дагы бир жолу, дагы бир жолу... Анан ыраматылык апам айткандай, баканы басса да «бак» дейт экен. Жооп бергенге аргасыз болдум. Жооп бергенде да үй-бүлөнү сактап калайын деп аракет кылгам, ортодо балдарыбыз бар. Нуриза экөөбүз бул тема жабылат деп сүйлөшкөн элек. Түшүнүп жатам, бул жерде чоӊ ролду кайненем аткарып жатат.
Негизи, менин Нуризага үйлөнөйүн деген оюм жок эле. Аны өзү да билет. Бирок ал «кино жолуна, шайтан жолуна бекер туруп алыптырмын, ал жолдон кайтам» деди. Ал жакта романдары да болгон экен. Анан «хиджаб кием, намаз окуйм» деп 5 маал намаз окуй баштады. Мага турмушка чыгам дегенде, мен «өзүӊө ылайык теӊиӊди таап ал» деп айткам. Бирок ал «жок, мен бактым үчүн күрөшөм» деп үйүнөн чыгып кеткен. Мага агасы издеп келди. Мен «Нуриза кайда экенин билем, батирде жашап жатат. Батирдин акысын төлөп берип жатам» дедим. Анткени ага чейин окуусунун акысын да төлөп бергем. Акыры агасы, апасы болуп сүйлөштүк. «Эгер чындап кинодон кетсе, хиджаб кийип намаз окуса, мен да каршы эмесмин» деп айттым. Алар адегенде каршы болушту. Кыргызча, мусулманча салт менен калыӊ берип үйлөндүк. Башка аялдарыма 5-10 жыл дегенде унаа-үй алып берген болсом, Нуризага 2 айда үй алып бердим. Мурдагы кинодо жүргөндөрүн эстен чыгардым.
Кайненем үй-бүлөбүзгө кийлигише баштады. Ошондо үйдөн чыгып кеттим. Кийин өзү келип кечирим сурап, «Нуриза сизди аябай сүйөт экен, кайра жашагыла» деди. Мен «нике кыйып үйлөнгөндөн кийин сиздин кызыӊыз мага аманат, биздин үй-бүлөгө киришпеӊиз. Акырет күнү ал аманатка жооп берем» дедим. Жакшы эле жашап жатканбыз.
Былтыр Бильярд федерациясынын президенти катары демилге көтөрүп, президенттин колдоосу менен Ысык-Көлдүн жээгинде дүйнөлүк 2 чемпионат өткөрдүм. Ал жакка кайненем менен Нуризаны да алып бардым. Экинчи балабыз жаӊы төрөлгөн эле. Бир маалда кайненем Нуризаны ура баштады. Ал бала эмизип жаткан. Нуризага болуштум. Келген меймандарды жайгаштырайын деп чыгып кетсем, кайненем Нуризаны, балдарды алып түнү менен Бишкекке кетип калыптыр. Артынан барайын десем, маанилүү, милдетин өз моюнума алган 2 чемпионат турат. Иш-чаралар бүткөн соӊ сүйлөшсөм, кайненем «биз кулпуларды алмаштырып койдук» деп толтура жаман сөздөрдү айтты. Ал үйдү, машинаны алып алайын деген ой менен үйдөн азыркыга чейин чыкпай жатат. Түшүнөт да. Мен ажымын, барып жаӊжал чыгарбайм. Балдарыма да жолуга албай калдым. Акыры Нуриза экөөбүз көчөдөн, кафелерден жолугушуп калдык. Мейманканаларга барып жүрдүк. «Кайсы мейманканага барабыз?» деп жазган СМСтери азыр да бар. Ошондо «качанкыга чейин ушинтебиз, апаӊа айтпайсыӊбы жер тилкесин алып берейин. Уулу чоӊ жигит, үй салып алышсын, биздикинен чыгышсын» деп айткам. Өкүнүчтүүсү, макул болушкан жок. Шайлоонун алдында «сиз дагы бир үй алыӊыз, биз ошол жакка кетели. Агам менен апам бул үйдө кала беришсин» деди. Ачуум келди. «Акмакты тапкан экенсиӊер, алдап дагы бир үй алдырганы жатасыӊарбы?! Андай болбойт, кайненем үйдү бошотуп койсун!» деп айттым. Же мен миллионер болбосом. Ал үйдү да достордон карыз алып сатып алгам.
Өткөн жума күнү Нуриза «Супер-Инфого» интервьюм чыкты. Бирок ага апам мажбурлады, мени кечирип коюӊуз» деп СМС жазып жибериптир. Гезитти окуп, «Нуриза, эмнеге калп айтасыӊ?» десем, «кечириӊиз» дейт. «Анда чын эле талак алган аял катары менден эч нерсе сураба» дедим. «Мага өтүк алып бериӊиз», «айфон алып бериӊиз» деп жазган СМСтери толтура. Ушундай мамиле кылгандан кийин көӊүл да сууйт экен. Өкүнүчтүүсү, кайненем үйлүү болуп калайын деп кызынын жашоосун бузуп жатат. Нуриза азыр да кечирим сурап СМС жаза берет. Мен балдарым үчүн кечирет элем. Бирок кайненем кийлигишпейт деген кепилдик жок да. Нуриза да, кайненем да хиджаб кийишчү. Эми хиджабды чечип киного кетти.
– Экөөӊүздөр кантип таанышып калгансыздар? Ыйман жолуна түшөрүн сизге кандайча айтып калды?
– Мен интернетте көп отурам. «Эрк» партиясынын жаштар канатына каалоочулар келгиле!» деп интернетке чакыруу жазгам. Агасы экөө келишти. Берилген тапшырманы жакшы аткарчу. Кийин жактырып калганын, буга кошо ачуу чындыкты, башкача айтканда, кино тартып жүргөн, өзү да актёр жигит бузуп койгонун айтты. Муну айтпайын деген элем. Ал ыйман жолуна түшөйүн дегенинен ишенгем да.
– Сиздин «шайлоо алдында атайын жасалган» деген билдирүүӊүздөн улам сурагым келип турат. Кыргыз саясатында да ушундай резонанс жаратуу менен добуш топтосо болобу?
– Ал жерде башка мааниде айтылган эле. Көпчүлүккө Турсунбай Бакир уулу жаш кызды алдады деген сөз таркап кетиптир. Кыргыздардын менталитети ушундай да. Экинчи, үчүнчү аялды жаман көрүшөт эмеспи. Анан Нуриза экөөбүз ажырашканбыз деп интервью бере бер деп сүйлөшкөн элек. Анткени экинчи, үчүнчү аялды шайлоочулар жаман көрсө, ажырашты деп ойлосун дегенбиз.
– Турсунбай агай, коомчулукка таанымал кишисиз. Нуриза айым да кино жаатында белгилүү боло баштаган. Сиздердин үй-бүлөӊүздөр тууралуу коомчулукта талкуу болорун билгенсизби же мындай нерсеге даяр эмес белеӊиз?
– Коом каршы болот, өз теӊиӊди таап ал дегем. Үйүнөн чыгып кетиптир. Апасына барып «мен үйлөнбөйм десем, мага турмушка чыгам деп жатат» дегем. Не кылабыз дедим. Саясатчымын, мен го көнүп калгам деп айттым. Ал «сүйүүм үчүн күрөшөм» деди.
– Нуриза айымга «өз кызыкчылыгыӊды ойлосоӊ, ошондой жооп берүүгө туура келет» деген экенсиз. Мындан улам сизди аны менен жарашууга аракет кылып жатат го деген ой келет...
– Мен урушкан жокмун, урушуп кетсем жарашалы демекмин. Болгону кайсы жамандыгым үчүн ушуга барып жатасыӊар десем жооп бере албайт. Төрөгөндө жеке төрөтканада төрөдү. Чет жерге алып чыгып жаттым. Колумдан келишинче айтканын аткардым. Балдарым үчүн баарын кечирейин дегем. Бирок апасы тигинтип жатса жашоо болбойт. Айла жок балдарымдан кабар алуу гана керек. Башка кем-каржысын өзү табууга туура келет.
Бир жолу силердин гезитиӊер аркылуу «Дастан мага жаным деп жазат» деп мактаныптыр. Мага акча сурап чалды, «жаным дегендерден сурабайсыӊбы» деп айттым. «Сизди кызгандырайын деп ошентип койгом. Эч кимим жок» деп СМС жазып жибериптир.
– Үйүӊүздөр кимдин наамында?
– Жаман оюм жок Нуризанын шаарда каттоосу жок болгондуктан байкесине каттатып койгон элем. Үйдү балдарыма алып бергем. Кайненем да, кайнагам да кирип алды.
– Нуриза өзү жактырып калганын айттыӊыз, сизде жактыруу сезими болду беле?
– Албетте, кийин сезим пайда болду. Балдарымдын энеси катары жакшы көрдүм. Кызым төрөлгөндө жеӊил унаа алып бердим. Кийин «уул төрөп бердим, унаамды жаӊыртып бериӊиз» дегенинен чоӊураак унаа белек кылдым. Эми «дагы бала төрөп берем, дагы унаа алып бересизби?» дейт. «Көрөбүз, кайненем экөөбүздү жашатпай жатат» деп айттым. Ошон үчүн ойлонуп көрөм дедим. Азыр да балдарымдын апасы катары жакшы көрөм. Нуризага шайтан жолунан кайтсаӊ, хиджаб кийсеӊ жарашууга даярмын дегем.
– Балким, азыр өзүӊүз сыртка чыгаргыӊыз келип жаткан ойлор бардыр?
– Негизи, жашоодо ар кандай болот экен. Ыйман жолуна түштүм дегендерге ишенгиӊ келет. Көп жолу хиджабчан кыздар Кудай жолундагы жакшы адамдар деп коргоп келгем. Тилекке каршы, менин башыма келди. Турмушка чыгуу үчүн, үй алдырып, унаа саттырып алуу үчүн хиджаб кийип, кийин максатына жеткенде хиджабды чечип таштап кеткени жанагыдай айткандардын чырагына май тамызып отурат. Адашкандар бар экен. Бирок андайлар аз. Ошондуктан хиджабчан кыздардын дарегине сөз тийбесе дейм.
Кайненеме айткым келет. Өзүӊүз жашоону көргөнсүз, 2 балаӊыз менен кыйналып жүрдүӊүз. Ушул кызыӊыздын бактысы деп макулдугуӊузду берип туруп, эми материалдык байлык үчүн ушундайга барганыӊыз туура эмес деп эсептейм. Кудай алдында жооп берер күн бар. Балдарымды тирүүлөй жетим кылып жатканыӊыз чоӊ күнөө. Кезинде «актрисалардан жакшы аял чыкпайт» деп айткан сөзүӊүздү эсиӊизге салгым келет. Азыр болсо өзүӊүз кызыӊызды ошого түртүп жатасыз. Мен акыреттик күндөн корком. Сиздер да корккула демекчимин.
Интервью берүүгө аргасыз болдум. Жооп кайтарбаска айлам калбады. Бир чети кайненем окуп калса эсине келеби деген үмүт. «Балдарым үчүн кайра ыйман жолуна түшсөӊ кечирем. Анткени балдарым мен үчүн кымбат. Бирок апаӊ кайра эле кийлигише берсе, анда билгениӊерди кылгыла. Сенин бактыӊды ачып бергем. Азыр каякка барбагын, кайсы ММКга интервью алышпасын баары сени «Турсунбай Бакир уулунун экс-аялы» деп эски жашооӊду эстешпейт. Жолуӊду ачып бергем» деп Нуризага айттым. Ушуну менен биздин үй-бүлөнүн күнгөй-тескейи жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкпай эле койсо деп суранып кетет элем.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg



Турсунбай Бакир уулу: “Нуризага үйлөнө турган оюм жок эле”

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(191)
15.12.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Маша Аллах, ушундай да ХХХ кыз болобу башында озу билип тийсе эми акырына чейин озу чечип жашабайбы ортодо апасын, акесин аралаштырбай. Башында аларды укпаса эми не кылат угуп же башында эле ошолрдун айтканына конуп ХХХ керек эле эми мынтип элге ХХХ болбой! Балдарга жалко просто. Кайненеси ото ХХХ ХХХ ХХХ адам экен кызын ушундай жолго пайдаланса канда эне болду экен тообо.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-16 09:40:25
16.12.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-16 09:42:05
16.12.2015. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ishi kylsa birin biri arkasyn achyp atyshkan tura, Nuriza jonundo aitsam al kyzdyn bailykka kyzygyp tyigeni aidan achyk ele korunup turat, al emi Tursunbai ajy jash kyzdy albai ele koiso bolmok eken dep kaldym, bala torop berdim dep mildet kylgany kyzyk eken kak budto Tursunbai myrzanyn bashka balasy jok bolgonsup, Negizi erkekter beret uruktu, emneni eksen oshonu alasyn dep koiot. Nurisanyn apasy oilogon oi maksatyna jetip alyptyr akesi apasy oshol uido jashasa, emmi Nurisaga dagy bir ui kerek
16.12.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир адам озунун жубайын уйдо бала чакасы менен ыймандуу жетишкендике жеткирип уйун унаасы менен камсыздоого даяр деп ойлойм. А кайын журт менен ар дайым сый болорун каалайм. Кайын журтка документалдуу бир нерсе жаздырууш бул тура эмес деп ойлойм!!!
16.12.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Экоонун тен бети жок экен. Турсунбай агабыз кызынан да кичине немеге уйлонуп, Нуризасы болсо атасынан да чон кишиге уялбай тийип алган. Тийгенден кийин жашабайбы нары чыдап. Баарын апасына оодара салбай. Мейманканаларга барчубуз деп иий бети жоктор. Же карыган Турсунбай ага уялбай же Нуризасы уялбай. Бетинер бет эмес эле бетон окшойт. Ажы болуп туруп ушундай болсо,башкаларга соз жок анда. ХХХ ХХХ ХХХ. Фууу. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-16 14:55:04
16.12.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХ ХХХ кызга эми ким уйлонот?
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-16 14:54:24
16.12.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Bereke10, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган! 1 күн БАН!
16.12.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карыганда жон эле журсо болмок,катын албай эле, ажы деген атын булгап эми газета аркылуу айтышпай. Эркекти кудай урганда 60 жашта жаш болот деп, балдарына жалко.
16.12.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ экен Т.Бакир.мынча майда киши. Хотя бы балдарын сыйлап.унчукпай койсо болмоок.жооп берип 5эсе жаман корунду
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-17 10:42:20
17.12.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz.GS, мазактоодон алыс болуңуз!
16.12.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
буларга башынарды оорутпагыла,эртен башка нерсесин айтышат!
16.12.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошон учун тен-тени мн деп коет го, карыган адамга тенелип тийген тиги кызга чала, а жаш кызга тенелип баланын ишин кылган тиги депутат аксакалыбызга андан бетер чала!Нуризага боор ооруса аны эмес анын апасын алса болмок экен))) ошондо уй-жай талашып уй-було жанжалын эл-журтка таркатышмак эмес...
17.12.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын аксакалдарына кудайым ынсап берсин. Биз, аялдар алардан колдоо, коргоо кутуп, аларды арка жолок кылып журсок журт башкарган белгилуу киши озун мынчалык денгээлге тушурбой эле койсо жакшы болмок.
17.12.2015. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
apasy kyzyn 2 jylga erge berip ui jai mashinaluu bolup alyptyr, ХХХХ ХХХХ ХХХХ eken dep oilop kaldym, al emmi Tursunbai ajyga dagy bir kyz turgandyr, chekeden chertip uilonup alat da.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-17 10:28:42
17.12.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nora, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайм!
17.12.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакбайт ушул адам,кайсыл акылы менен депутат болгон бул тушунбойсун.
17.12.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бирин олуп бирин кал.
SUPER.KG видео
17.12.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кандай адамдар аялы экоотен, пацандарга окшоп "смастери "бар дейтко,я не думала что они настолько ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-17 15:31:12
17.12.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турсунбай Бакир уулу бир жарылыптырго,уй булого кайнененин кийлигишкени жакпайтта,жаш кызды футболдун тобу кылып ары бери тепкилеп жатышатко мамасы менен куйосу
17.12.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушунча комент жазылыптыр, мен унчукпай эле коеюн дегем. бирок, бир фактыны айтпасак болбос. Нуризанын зордолгонун элге жарыялап бул байке ЭРКЕКТИК кылбаптыр, аттин, ото томондук кылыптыр. Нуризанын абирин жаап уйлонгом дейт, чыныгы мыйзамды, адам укуктарын сыйлаган болсо, анда ошол зордогон жигитти жоопко тарттырса болбойт беле. А, жооок, жаш кыздын таза эместигинен унчукпай пайдалана калууну коздоду. кыз эместигин бетине кармап,колдонду. Себеби таза кыз болгондо, ХХХ ХХХ ХХХ демек да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-18 10:27:55
18.12.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AlbertEnshtein, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
17.12.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нуризанын кыйтыр экени деле корунуп турат, бирок, кантсе да ал 17жашар кыз болчу, жаш болгону учун копту тушуно бербейт. Ага туура жол корсоткондун ордуна апасы баш болуп, анын жашоосун оюнчук кылып жатышат.Эми эсин да, этегин да жыйып алсын, же депутатты эр кылып,апасынан кетип жашасын, же депутатка отук алып бер деп смс жазбай, ар эркектен уккан комплементтери менен мактанбай эсин жыйсын. Балдарынын тагдырын ойлосун, ар кимге оюнчук болбой тенин таап алсын Нуриза.
18.12.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жесть
18.12.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нуриза да куноо озу ойлонбойбу чон атамдай болгон адам менен кантип жашайм деп кунажын козун сузбосо бука жибин узбойтда.
18.12.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бест 92 аны зордуктады деген так маалыматын барбы.куболорун барбы.анан суйлош керек.жон эле экрандын нарагында отуруп айды суйлобой.Биринчиден Бакир уулу айтып атат бузулгае кыз.болчу деп.
Медиа-портал
18.12.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уят
18.12.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пусть говорят болтатго а бул жерде
18.12.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ыйман жонундо булар суйлобойкойсода болот, чектен чыгып бири бирин сырларын элге жайат.
18.12.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына кыргыздын козго басар депутат,ажысынын жашоосу.Молдонун айтканын кыл,кылганын кылба деп бекеринен айтылбаган,экоондо тен бар.Тен тени м-н болуш тезек кабы м-н болуш керек
18.12.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Пикир жазган адамдарга кайрылгым келет! Эки адамдын жашоосуна аралашып, кимиси кандай экенин талкулоонун кажети жок. Орустар айткандай: "Не суди, судимым будешь". Демек, ушул макаланы талкуулап жаткандардын үй-бүлөлүк жашоосу кандай нукта жүрөт, ким канча жолу үйлөнүп, канча жолу ажырашат, ага эч ким, эч качан кепилдик бере албайт. Бул менин жеке оюм!
18.12.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул теманын, бул окуянын пайдасы хидьжап кийип журуп жаман жолдо журуп мусулмандарды жаман корсоткондор да бааар деп КУДАЙ ЭЛГЕ корсоттууу деп тушундум
19.12.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кунаажын козун сузбосо, бука жибин узобу болгон тура.
20.12.2015. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызын эрден чыгарып алып Эмне кылат жанагы энеси, мээси болсо кызынын турмушун бузбай жашасын дебейби, Эми кайра кызын ким алат, албайт балалуу катын балээлуу катын дегендей, мунун 2баласын бироо озунун атасындай кылып эч ким бакбайт интеллигентный жакшынакай куйоосу турса дагы башкага аппетити ачылып атканго Нуриза айымдын, эрден чыккандарды эркектер жон эле алдап колдонот болуш керек деп ойлойм балдарын ойлосо кайра эле куйоосу менен жашаса жакшы болмок
Медиа-портал
24.01.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо эмнелер гана болбойт, адам баласынын тагдыры алыыска кеткен жолго окшош, бирде ойдо бирде ылдый бир жерде кайрылуу ал кайрылуунун артында эмне турарын билбейбиз. Негизгиси дин менен жашасак тагдырыбызга кандай жол жазылбасын аны туура жагынан басып отобуз. Бул кыз хиджабын чечпей намазын таштабай балдарын багып куйоосунун таянчы болуп жашаса болмок. Жаш кыз экен эмне болгондо да кайра келип жашабаса кийин окунот катуу.
Медиа-портал
14.03.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз ач коз экен
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: