БИШКЕКТЕ «ТЕРРОРЧУ» ДЕП 2 АДАМ ӨЛТҮРҮЛДҮ

№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж


Ушул жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында болгон атышуу, андан кийинки абактан качуу элдин эсинен чыга электе дагы бир кандуу окуя катталып, борбор калаада аймактык инспектор кылмышкерлердин огунан каза тапкан. Көп узабай, тагыраак айтканда, 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү УКМК Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун дагы 2 мүчөсү жок кылынды деп билдирди. Жогорудагы окуялар өлкөбүздө терроризм кулачын жайып баратканын белги кылып жаткан жокпу? Жок кылынган адамдар кимдер эле, террорчуларбы же тарапташтары айтып жаткандай «такыбаларбы»? Төмөндө ушул сыяктуу суроолорго жооп табууга аракет кылабыз.

ТЕРРОРИСТТЕРБИ ЖЕ ТАКЫБАЛАРБЫ?
УКМКнын «кара тизмесине» кошулуп, «Жайшүл Махди» кыймылынын мүчөлөрү деп жок кылынган адамдарды коомчулукта, интернет айдыӊында колдогондордун көптүгү – өкмөткө коркунуч коӊгуроосун каккансыйт. Себеби өлкөбүздө диндин ашынган фанаттары көбөйүп баратканы жашыруун эмес. Өлтүрүлгөн адамдар жөн адамдар эмес экендигин, алардын жанынан курал-жарактар, ок-дарылар табылып жатса да, коомчулукта «жөн жерден эле бейкүнөө адамдарды «террорист» деген шылтоо менен атып жок кылышты» деген кептер басымдуу. Ал эми УКМКнын маалыматына таянсак, Чыгыш-5 кичи районунда өлтүрүлгөн эки адам бир топ оор кылмыштарга катышкан деп шектелишүүдө.

«ТЕРРОРДУК АКТТАРДЫ УЮШТУРУУНУ ПЛАНДАШКАН»
Аталган мекеменин басма сөз кызматкери Рахат Сулаймановдон террорчуларды каржылаган деген шек менен кармалган экс-депутат Максат Кунакунов тууралуу сураганыбызда «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч нерсе айта албайм» деди. Ал эми жогорудагы окуя тууралуу буларга токтолду:
– 10-декабрдагы операциянын жүрүшүндө УКМКнын бир кызматкери октон жаракат алды. Учурда анын абалы канааттандырарлык. Ал эми катардагы жарандардан жаракат алгандар жок. Өлтүрүлгөн адамдар Бишкекте жана Чүй облусунда террордук жардырууларды пландашканы аныкталды. Алардын жанынан 4 тапанча, граната, жарылуучу зат, бир нече уюлдук телефон жана башка буюмдар табылган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Бул адамдардын да сөөгү жакындарына берилбейт жана коюлган жери айтылбайт.

«ӨЛТҮРҮЛГӨНДӨР АЙМАКТЫК ИНСПЕКТОРДУ АТЫШКАН ДЕП ШЕКТЕЛИШҮҮДӨ»
Ал эми ИИМ окуя болгон соӊ «жок кылынган 2 адамды милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү катары биз издеп жатканбыз» деп билдирүү таратты. Эске сала кетсек, ИИМ буга чейин аймактык инспектор Актилек Абдубалиевди өлтүрүүгө катыштыгы бар адамдар тууралуу так маалымат айткан жаранга 1 миллион сом сыйлык берерин убада кылган. Бирок бир да жарандан издөөдө жүргөн адамдар тууралуу так маалымат келип түшкөн эмес. Ошентсе да жок кылынган 2 адам аймактык инспектор каза болгон күндөрү Бишкектин 8-кичирайонунда убактылуу батирде жашашканын күбөлөр тастыктап беришкенин ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди:
– 19-ноябрда Бишкектин 8-кичирайонунда аймактык милиционер Актилек Абдубалиевди өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелип 2 адам издөөдө жүргөн, бирок алар кармалгыча УКМКнын кызматкерлери тарабынан жок кылынды. Алар: Турат Аманкул уулу, 1981-жылы Нарын шаарында туулган. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 241-беренеси (ок атылуучу, ок атпоочу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айыпталып, эки жолу соттолгон.
Экинчиси Келдибек Аширов, 1986-жылы Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 241 жана 299-беренелери (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча 3 жылга эркинен ажыратылган. Алар «Жайшүл Махди» уюмунун мүчөлөрү болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда.
Ошондой эле 11-декабрь күнү Турат Аманкул уулу менен ушул жылдын сентябрынан бери жарандык никеде жашап келген 19 жаштагы К.Ж. аттуу айымдын жашаган жери аныкталып, ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, суракка алынган. Натыйжада жок кылынган 2 адамдын буга чейин жашап келген даректери аныкталган. Бири Бишкектеги Арча-Бешик конушунда, экинчиси Көк-Жарда жашап турган. Алардын батирлерин тинтүү учурунда Калашников автоматы, ок-дарылар, уюлдук телефондор, SIM-карталар, флешкалар, бет каптар табылып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

«БАЛАМ АГАСЫНЫН ӨЧҮН АЛМАКЧЫ БОЛУП ЖҮРГӨН»
Айта кетчү жагдай, УКМК кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн 2 адамдын бири Турат Аманкул уулу ушул жылдын 16-июлунда «Орозо айт күнү жардыруу уюштурууну пландашкан» деп Бишкекте өлтүрүлгөндөрдүн бири Канатбек Усубалиевдин бир тууган иниси болуп чыкты. Алардын атасы Аманкул Итибаев баласынын сөөгүн көрүү үчүн УКМКнын алдына келген:
– 16-июлда улуу балам Канатбекти Тариэл Жумагуловго (кылмыш дүйнөсүндө Тоха деген ат менен таанымал) кошуп «террорчу» деп атып жок кылышкан. Канатбек эч кандай террорчу эмес болчу. Буга чейин милициянын босогосун да аттаган эмес, тентек балдар менен эле жүргөн. Өлтүрүп, сөөгүн да беришкен жок, каякка көмүлгөнү дайынсыз. Эми 10-декабрь күнү кечинде Туратбек деген кичүү баламды Төкөлдөш жактагы мечиттен досу менен чыгып келе жатканда «террорчу» деген шылтоо менен атып өлтүрүшүптүр. Террорчу болсо Бишкектеги базарларды, чоӊ дүкөндөрдү жардырып салбайт беле? Анын болгон күнөөсү «агам ак жеринен кетти, колумдан жулдуруп жибергендей болдум, агам үчүн өч алам» деп өчөшүп алгандыгында. Мен: «Балам, сени УКМКнын кызматкерлери издеп жатышыптыр. Бир жакка барып, башыӊды аман-эсен алып калсаӊчы» десем, «Жок, мен эч кайда кетпейм. Агамды өлтүрүп жатышса, мен элдин бетин кантип карап жашап жүрөм? Аны ким өлтүрсө, аларды жок кылып, анан өлөм» деп көгөрүп туруп алган.
9 жашар Барсбек деген неберем бар. Туратбек кайда барса, аны өзү менен кошо ээрчитип жүргөн экен. Неберемдин дайыны жок болуп жатат. Баламдын кийинки алган колуктусу бар эле, уулумду өлтүрүшкөндөн кийин аны жашап жаткан жеринен барып кармашыптыр. Азыр ал убактылуу кармоочу жайда. 10-декабрь күнү баламдын биринчи келинчеги менен жаӊыдан таанышканбыз. Анан ал «жалгыз коркуп жатам, сиздердикине көчүп келейин, жүктөрүмдү алып келишип коюӊуздар» дегенинен үйүнө жубайым менен чогуу баргандан кийин кеч болуп кетип түнөп калганбыз. 11-декабрь күнү таӊкы саат алты чамасында эшик такылдап калды. Ачсам, куралданган 20дай милиция кызматкери үйгө кирип келип, балдардын жүрөгүн түшүрүп, үйдү тинтип, телефондорду алып кетишти.
Андан кийин келинчегим экөөбүздү Рыскулов көчөсүндөгү үйүбүзгө алып келип, биздин үйдү да текшерип, чачышты. «Издегениӊер эмне?» десем, «тапанча, ок-дары издейбиз» дешип, аягында эч нерсе таппай, жубайым экөөбүздүн телефондорубузду, дарек жазган дептерлерди алып кетишти. Же аларды кайтарып беришпей, туугандарыма да телефон чала албай отурам.
Алар кеткенден кийин үйдө телевизор көрүп отурсак, саат 16:00 чамасында жаӊылыктардан уулумдун өлтүрүлгөнүн көрсөтүштү. Мурунку күнү билгенде милицияны үйгө киргизмек эмесмин. Анан телефондорду алып кетип жаткан Токторбек деген тергөөчүнүн номурун алып калдым эле, ага чалдым. «Баламды эчак эле өлтүргөн турбайсыӊарбы, келинчегин камап коюптурсуӊар. Жанында бала бар эле, ал кайда?» деп сурасам, «аксакал, билбейм, башты оорутпа» деп өчүрүп койду.
Эми минтип өлгөн бала менин баламбы же башкабы, сөөгүн көрөйүн деп келдим. Андан чыгып абакта отурган келиниме барып, неберем кайда экенин сурайын. Небереме бир нерсе болсо, баары жооп беришет. Эми балам менен каза болгон досун 19-ноябрда Бишкекте аймактык милиция кызматкерин атууга тийиштиги бар деп жатышат.
ИИМ менен УКМК болсо Аманкул Итибаевдин небереси тууралуу маалыматы жоктугун билдиришти.

«ТАТЫКТУУ ЖАЗАСЫН АЛЫШТЫ»
Маркум аймактык инспектор Актилек Абдубалиевдин атасы Асан Исабаевге байланышып, окуя тууралуу пикирин уктук:
– Мага милиция кызматкерлери телефон чалып «Бишкекте жок кылынган 2 адам уулуӊузду өлтүргөндөр болушу ыктымал» дешти. Эгер алар чындап эле уулумду аткандар болсо, анда татыктуу жазасын алышты деп ойлойм. Элдин тынчтыгын бузуп, коомчулукка коркунуч жараткан андай иттерди атыш керек. Ата-энесине сөөгүн бербей туура кылышат. Андай адамдардын бул дүйнөдө жашоого акысы жок.

Жок кылынган 2 адамдын жанынан табылган курал- жарактар.

«Террорчу» деп шектелгендердин үйүнөн ушул курал-жарактар табылган.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Балам агасын өлтүргөндөрдөн өч алам дечү. Аны жөн эле террорист деп атып өлтүрүштү"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Жамалидин Парманкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(50)
21.12.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Милицияны эле жаман дей берген болбойт окшойт, ойлоп корсом террористтер, кылмышкерлер менен кундоп-тундоп, омурун тобокелге салып курошуп журушот. Элдин тынчтыгын коргоп.
21.12.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
милицияга болгон терс коз карашым албетте окунучтуу Актилек Абдубалиедин олумунон кийин он жакка бурулду, болгону биздин олкодогу терс корунушко бардык тармактагы жогору орунда отургандар-жеп-жутар болуп жаман корсотуп жатышат, жапжаш азаматтар курман болуп жатышат.
21.12.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кимди булар жинди кылып жатат я?Кудай берди эми буларга ууру болсода террорчу,башкасы болсо да террорчу,кыскасы оздоруно жакбай калса эле террорчу деп атып салмай болдуго!алар курал менен коргонуптурбу же бычак мененби?кызык.Баарын эле олтуруп салып жатышатко,тируу кармайын,суракка алып башчыларын жок кылайын деш жокко буларда.Жыландын башын кесиш керек урматтуу коргоо органдары,куйругун кескенден пайда жок,ал кайра эле осуп чыга берет,ошого акылынар жетер бекен,же балким башы озунорсунорбу?
21.12.2015. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bekish-kg,качан гана уйуно маскачан террористер кирип жакындарынды мууздап,эже-карындаштарынды зордуктап баштаганда аааааа деп эсине келесинби...
23.12.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
taoni,Сени же сенин жакын адамыны ошентип жок кылганда кандай ырдаганыны корот элем,мин террорист болсо да тируу кармап сурак кылыш керек,же сен таш заманда жашап жатасынбы?
25.12.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev2004,бирин олуп бирин калгыла да кыргыздар!!!террорист кармадык десе да жакпайт кармай албай калдык десе да жакпайт силерге!!!андайда тим эле милиция эмнени карап атат деп оозунарды чоесунар, кармап атып жок кылынса да террористин олгонуно кайгырып укмушсунар...Анан да сенин жакынынды ушинтип атып жок кылса не кылат дебе, ушундай террорист сенин жакындарынды аткылап же жардырып ийгенде оозунду чоюп комментарий жазганынды корот элем...
21.12.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция болбосо эмне болоорун элестеткиле.Бирок тируу кармап сурака алыш керек да терорчу деп эле олтуро атып салбай.
23.12.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kenjebek77,тируу кармалсада качат экен андан коро атып салганы туурада
24.12.2015. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kenjebek77,туура эмнеге сразу эле олтурот адам омуру кымбатко анан алар кылымышы доказать этиле элекко.доказать этсе да кыргызстанда смертная казнь жок да
21.12.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ай ким билет ким билет
21.12.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш атасынале кыйын болуптур эки уулунан еще небересинен ажырап атса. Болушу ыктымал деп эле тырайтып атып кете берсе болот экенда э кызык. Алла Таалам коруп турат ким туура эмес кылган болсо Алла Таалам тарабынан оз жазасын алат.
21.12.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын
21.12.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун эч кимисини тируу кармай албайттар,же колунан келбейби,же олтургуло деген гана буйрук болобу?
21.12.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла билуучу баарын, калпбы же чынбы элге табышмак канча лаган адамдар Сирияга барып келип атышат аларга мактоо грамматаларды берип маекберип атышат. Эмне учун элге маек берилбей тируу кармабай атып салышты деген суроо туюлат.
21.12.2015. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тируу кармап,анан аны террорист деп соттоп, анан омур бою баккыла турмодо!!!3 маал ысык тамак берип...
21.12.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иштеп жатышат кармабай только атып олтуруп
21.12.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эн жакшы террор дегендин баарын атыш керек тируу кармап корбодукпу не болдду жыйынтыгында? ошондуктан атып эле олтургону жакшы!!1
22.12.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тируу карматмак беле жанкечтилер толтура куралы турат го аларды тируу кармагандан силерге кандай пайда да кандай зыян.Адам олтургонду ХХХХ ХХХХ ХХХХ.Тируу кармаса паракор соттор акча алып кайра кое берет.Кайра эле булар канча адамдын шорун кайнатат ким билет.Менимче эн туура кылган буларды атып жок кылып азаматтар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-22 11:05:51
22.12.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubat_73, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
22.12.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы экинчи аялы менен жашап атса биринчи аялы менен жакында эле таныштык дегени кандай?
22.12.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чекеден аткыла террорист экенине далил болсо.
22.12.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларды экоону камаса пл жактан сегиз болуп чыгышат.
22.12.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баласы жоон эле жургон болсо уйундогу куралдар асмандан тушуптурбу?
22.12.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман
22.12.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул куралдар чыгыптыр дейли ушу ушундай ушундай болушу ыктымал деп эле атып салбай кармап теришитирсе болот эле го сыртынан тон бычыбай эркекче айтканда туура эмес болуп калды .Азыр менттер алар жонундо эч нерсеге так жооп бере албайт, жок дегенде куралды кайдан кантип алганын да айта алышпайт
22.12.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигил бет кабы кантет, жүрөктү түшүрүп.
22.12.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э Кудаай заман кайда эле баратат. Кимисине ишенээриңди билбейсиңер тобоо.
22.12.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгерде аларды козун тазалабай тируу кармбайбыз деп качырып жиберип, алар кимдир бироолордун шорун кайнатканда эмне деген созду айтат эленер.
23.12.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Террорлорчулар жок каяктагы бизге тиешеси жок маселени которуп чыгат
25.12.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саясатты да сасытып буттунор баары жокту аралаштырып, кайдагы террорист. ушунча чон мамлекеттер да байкабай калып аэропортуна чейин кирип жардырып жатышат. ушу биздин милиция байкелер ошол жака барып контрак менен иштеп келбейсинерби кармачуусун кармап атчуусун атып келесинер. Кичине акча да иштеп аласынар бул жакта 5-6 мин маяна алгандан коро.
25.12.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарын ата берип кыргыздар калбай калбаса эле болду!соттосун,мага демек омурунун акырына чейин,а зачем атып итче!Баарын эле ата беришеби итче,сот деген жокпу бизде?
25.12.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Откондогункусу да жасалма экени корунуп калды,9 адамды атайын качырыптыр деп,буга малынгандар коп,Эдил деген баланын жанына кара желектерди койуп койушуптур,кара кепка менен,жазуусу баркен Келменин,ал не турмодон жасамак беле ошонун баарын,андай кепканы кийип эч ким баса албайт эркин,И турмонун башчысы да асынып алды бунун аркасында тургандар кооооп
26.12.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым адам пенделериндин пейлин ондой кор!
27.12.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козунорду ачкыла Кыргыз элим! Эч кандай жайшул махди деген жок!!! Андай уюм бар экенин тастыктап туруп анан иш жургузгулочу. Кече однодон да бир видео журот эле жаш балдары бар уй булоонун тынчын бузуп,куйоосун кармап кетти террор деп. Кичине ойлонуп иш кылгыла, ар бирибиз Аллахтын алдына бирден жооп бере турган кун келет!
27.12.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тентегирээк балдар менен чогуу жүргүзбөш керек!
06.01.2016. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче инспекторду аткандарды таппай башка эле адамдарды террорис деп эле атып коюшту аларды тируу кармап мойнуна алгандан кийин олтурущ керек эле жон эле бараткан адамды эле инспекторду олтургон деп атып салганы туура эмес деп ойлойм.бизде адам омуру оюнчук болуп калды.аксакалга жаман болуптур эки баласынан ажырап эми небереси табылып калса экен бечаранын




1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: