2016-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

№686 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж


Жыл жаӊырган сайын ар кимибиз «бул жыл өзү менен кошо кандай өзгөрүүлөрдү жана жаӊылыктарды алып келет болду экен?» деп ойлорубуз анык. Андыктан келерки жылдын божомолу менен чогуу таанышалы.

КЫРГЫЗСТАНДА
Саясатта, экономикада
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
– 2016-жылы өкмөт экспортту көбөйтүп, жумуш орундарын түзүп, мамлекеттин бюджетин сарамжалдашы керек. Болбосо рублдун курсунун сомго теӊ болуп жатышы, оӊ рулдуу автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салуу, сырттан келип жаткан товарлардын кымбаттыгы, доллардын курсунун өсүп баратышы, айыл чарба продукцияларынын сыртка сатылбай жатышынан элдин жашоосу кыйындайт. Ушундан улам майда оппозициядагылар биригип, толкушу мүмкүн. Президенттик шайлоого партиялар даярдык көрүп, саясий агымдар күчөйт.
Өкмөт өлкөдөгү туруктуулукту сактоого кам көрбөсө, өлкө бүдөмүк жолго түшөт. Коомчулук да тынчтыктын сакталышына салым кошушу зарыл.

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору:
– 2016-жыл оор жыл болот. Орусия менен Казакстандагы кризис Кыргызстанга да терс таасирин тийгизет. Кытай өлкөсү менен жакшылап иштешип, өнөр жайды, тигүү индустриясын, айыл чарбасын өстүрүп жана реформалап, продукцияларыбызды экспортко чыгарууга шарт түзсөк гана утабыз. Болбосо кыйынчылыктар күчөйт.

Индира Исманкулова, астролог, парапсихолог:
– Аябай татаал жыл. Саясатчылардын арасында тирешүүлөр күчөйт. Айрымдары жаздан тарта касташкандарын жолунан тазалоого аракет кылышат. Майда митингдер болот. Экономикалык каатчылык күчөп, эл кыйналат (өзгөчө жайында).
Январда жана февралда коомдо чыр-чатактуу кырдаалдар көп түзүлөт. Аталган айларда жана жаз, күздө өлкөдө күчү 3-6 баллга жеткен жер титирөөлөрдүн болушу ыктымал. Жазында жана 1-15-сентябрь аралыгында сел, суу каптоолор күтүлөт. Жарылуулар да болушу мүмкүн (суу сактагычта же ири газ түтүгүндө же ири ишканада). 28-июль-29-август аралыгында да түрдүү кырсыктар орун алат. Тажикстан менен болгон чек арада август-сентябрда атышуулар болуп өтөт. Октябрдын ортосунда, декабрдын башында өлкө аймагында теракттарды жүргүзмөкчү болушат, бирок алардын тилеги ишке ашпайт.

Улан-Бек Алышбаев, экстрасенс, биоэнергетик:
– Жыл ичинде чиновниктердин жетөөсүнө кылмыш иши козголуп, үчөөсү жоопко тартылып, 2-3 министр алмашат. Партия лидерлери арасында тирешүүлөр курчуйт. Сырттан кирген товарлардын баасы 20-30 пайызга өсөт. Аскер бөлүктөрүнө Орусиядан курал-жарактар келет. Оштун Кара-Суу районунда теракт болуп, курмандыктардын күтүлүшү ыктымал.
Жыл ичинде өлкөдө 2 ири (күчү 6-7 балл) жана майда жер титирөөлөр болуп өтөт. Сел, суу каптоолор жазда жана күздүн башында Талас жана Нарын облустарында, Бишкекте болуп өтөт. Мөмө-жемиштердин түшүмү аз болуп, баасы жогорулайт. Жыл ичинде нерв, боор, жүрөк-кан тамыр оорулары көбөйөт.
Жаз эрте келип, мартта өз өкүмүн сүрөт. Жай ысык жана орточо кургакчыл болот. Күз узакка созулуп, кыш декабрдын ортосунда түшөт.
Чек ара маселесине келсек, 1 анклав сүйлөшүүлөрдүн аркасында Кыргызстанга өтөт. Өзбекстан чек арасын жайында убактылуу жабат.

ДҮЙНӨДӨ
Орусиялык астролог Павел Глобанын божомолу
Евробиримдикте жарака кетип, ага мүчө болгон өлкөлөр четинен чыга баштап, евронун куну кетет. Америка гегемондук статусун жана дүйнөлүк аброюн жоготуп, доллар кунун жогото баштайт. Орусия өз позициясын жоготпой, АКШ жана Кытай менен бир катарга турууга жетет. Иран менен Түркиянын ортосунда согуштук аракеттер чыгып, буга башка өлкөлөр кийлигишүүгө аракет кылат. Ортого Орусия аралашып, 3-дүйнөлүк согуштун тутанышынын алдын алат. Орусияда террордук кыймылдар активдешет. Газ менен мунайдын баасы өспөйт.

Нострадамустун божомолу
Чыгышта чалма чалынгандар кан төгүлгөн согушту баштап, ага ондогон өлкө аралашат. Химиялык курал колдонулуп, анын айынан элдер массалык түрдө түндүккө орун которот. Америкада күчтүү торнадонун айынан 1 шаар жер жүзүнөн жексен болот. Чехия, Венгрия, Улуу Британия, Италиянын аймактарынын бир канча бөлүктөрү суу алдында калат. Адамзат Тынч океанынын түбүнө шаар салууга киришет.

ӨТКӨН ЖЫЛЫ ТУУРА КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР
Кыргызстанда
Божомол: Жер титирөөлөр жайында, күздө (көбүрөөк) жана кышта күтүлөт.
Тактасак: 16-октябрда Жалал-Абад, ал эми 19-октябрда Ысык-Көл облусунда, 26-октябрда Бишкек, Нарын жана Ош шаарларынын аймагында, 17-ноябрда Алай, Өзгөн
жана Кара-Суу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, 18-ноябрда кайрадан Кара-Суу районунда, Ош шаарында жер титирөөлөр катталды.
Божомол: Өкмөт башчы алмашат, ал эми өкмөт курамы жарым-жартылай жаӊырат.
Тактасак: Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин ордуна Темир Сариев келди.
Божомол: Жайында Тажикстан менен болгон чек арада кооптуу кырдаал жаралып, атышуулар болот.
Тактасак: 3-августта Баткен районунун 2 айылында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаӊжал чыгып, 5 кыргыз жаракат алган.
8-августта Баткен облусунда кыргыз чек ара кызматкери октон жарадар болду.
Божомол: 16-июнь-25-октябрь аралыгында бийлик жана кызматта тургандарга, социалдык жана түрмө маселелерине байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлөт. Чиновник, депутаттардын кээ бирлери соттолот.
Тактасак: 15-июлда Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазов, 22-июлда Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев камакка алынды.
22-июлда Ош шаардык соту мэр Мелис Мырзакматовду 7 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды.
11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50-СИЗОдон 9 кылмышкер качты. Жалпысынан абактан качуу чуусунда 14 адам (6 кылмышкер, 2 карапайым жаран, күч түзүмдөрүнүн 5 кызматкери жана №50-СИЗОнун жетекчиси) каза тапты.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



2016-жылы бизди эмнелер күтөт?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Максат Орозумбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
Медиа-портал
26.12.2015. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир аз жаанчыл анан кургакчылык болот
кар жаайт же жаабайт го буягы
Медиа-портал
26.12.2015. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эркек бала торой албай жургон айымдар,келерки жылда тороп алгыла)))Эркек балдар кобойуп,бир кызга эки куйоо болуп,аялын таштап,башка аял алган эркектерди куйгузолу)))Кудайым буйурган жакшы жылдардан болсун,келе жаткан жыл!Жакшы тилек,жарым ырыс!Жакшы жылды тилейли!
SUPER.KG видео
26.12.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurzada78.aiabai boordu ezdinizgo.sizge kowulam
28.12.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жылдардан эле болсунчу,тынчылык болсун!
28.12.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
орусялык астрологдун божомолу жакты
28.12.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Былтыркыны ким болжолдоп айтты экен ээ? Туура айткандайгоо
28.12.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тигил экстрасенс айта берет . бардык нерсе Аллахка байланыштуу
Медиа-портал
28.12.2015. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртен эмне болушун бир АЛЛАХ билет. Мындай болот андай болот деп кантип айтып жатышат.
SUPER.KG видео
29.12.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болсо да тынч жылдардан болсун.
29.12.2015. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын экстрасенси жамандыкты чакыргансып айткан го! Бир гана Кудайдын эрки орносунчу! Кудайдан башка эч кимге ишенбеш керек! Кыргызстаныбыз тынчтыктын, бакыттын олкосу болсунчу! Уйбулобуз менен аманчылыкта тосолу. Ушул жыл жакшылыктын, токчулуктун жылы болсун.
01.01.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алланын айтканы болот.
01.01.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мандайга жазылганын коробуз... Бирок кеде чурулдап атып озубуздан таап алабыз да.
07.01.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алла бюруганы болот да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: