«НЕБЕРЕЛЕРИМДИ КАЙТАРЫП БЕРГИЛЕ, АЛАР МЕНСИЗ ЖАШАЙ АЛЫШПАЙТ»

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж


Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 4 бала 62 жаштагы чоӊ атасынын колунда тарбияланып жатканы белгилүү болду. Алардын эӊ кичүүсү 2 айлык. Социалдык кызматкерлер 22-декабрда балдарды карыянын колунан балдар үйүнө убактылуу алып коюшту. Неберелеринен ажырагысы келбеген Жапын Алишеров жүрөктү оорутуп ыйлап, буларды айтып берди.

«БАЛДАРГА КҮБӨЛҮК АЛАЙЫН ДЕГЕМ»
– 2015-жылдын 20-октябрында милиция кызматкерлери келишип, уулумду кайсы бир кылмышка шектелип жатат деп кармап кетишти. Аны СИЗОго камап, ошол боюнча ал тергөө абагында.
Неберелеримдин улуусу 6 жашта, андан кийинкилери 4 жана 2 жашта. Эӊ кичүүсүнө 2 ай болуп калганда келиним иштеп келем деп шаарга кетти. Ошол боюнча келген жок. Телефонуна чалсам, «Кара-Көлдө жүрөм» деген. Ошентип ортодон 20 күндөй убакыт өтүп кетти. Эки айлык эмчектеги бала колумда калып, уйдун сүтү менен бага баштадым. Сүт күчтүү болуп кетти окшойт, ичи катып ооруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнө кичүү кызым алып барып, 2 жумадай дарыланып чыкты. Ошол маалда дайынсыз жоголгон келинимди таап бергиле деп айыл өкмөтүнө кайрылгам. Алар менин абалымды социалдык кызматкерлерге кабарлап, милициянын Жаш балдар менен иш алып баруу инспекциясынан келип, алеки саатта эле неберелеримди алып коюшту.
Менин максатым балдарды балдар үйүнө тапшырып салуу эмес, аларга мамлекет тарабынан жардам алуу болчу. Себеби уул-келиним балдардын бирине дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышпаптыр. Ошол документтерин ырастатып, мыйзамдаштырайын дегем. Мыйзам боюнча 60 жаштан ашкан жарандар жашы жете элек балдарды жалгыз тарбиялоого укугу жок экен.
Уул-келиним шаарга барып, балам курулуш иштеринде, келиним кафелерде түрдүү иштерди жасап акча табышчу. Жайкысын талаа иштери менен алектенчүбүз. Ал эми неберелеримди болсо төрөлгөндөн тарта боорума тартып өзүм өстүргөм. Азыр алар балдар үйүндө кандай күн кечирип жатышты болду экен?
Балдар үйүнө алып кетип жатышканда баарыбыз ыйлап, араӊ ажыраштык. Келиним 2 күн мурун Аламүдүн райондук администрациясына барып, «балдарымды алам, чоӊ атасы болуп чогуу жашайбыз» дептир. Мен да көзөмөлгө алып жоопкерчилик менен мамиле жасайм деп сөз берип жатам. 7-8 күндөн бери кан басымым да көтөрүлүп, балдар оюмдан кетпей жатат. Неберелеримди кайтарып бергиле, алар менсиз жашай алышпайт, сагынып ыйлап жатышса керек...

«АПАСЫ КЕЛДИ, АНЫН ИШИ КАРАЛЫП ЖАТАТ»
Бул боюнча Аламүдүн РИИБинин Жаш балдар менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкери Айсулуу Мамытова буларды билдирди:
– 14-декабрда Жапын Алишеров аттуу жаран уул-келини жок 4 баланы багып жаткандыгы тууралуу айтып жергиликтүү бийликке кайрылган. Бизге маалымат жетип, кесиптешим экөөбүз барсак 2 бөлмөлүү үйдө 6, 4, 2 жашар жана 2 айлык жаш балдар 62 жаштагы карыянын карамагында багылып жатыптыр. Биз социалдык кызматкерлер менен чогуу барып, 4 баланы теӊ балдар үйүнө убактылуу багып турууга алып кеттик. Албетте, чоӊ атасы тарабынан катуу эле каршылык болду.
Кошуналарынын айтымында, Алишеровдун уул-келини мыйзамсыз иштерди жасап жүрүшкөн. Ал эми балдардын атасы уурулук беренеси боюнча күнөөлөнүп, камакка алынганы белгилүү болду. Биз барган күнү үйдө Жапын Алишеровдун Бакыт аттуу иниси мас абалда жаткан экен. Учурда кылмыштуулук түрдүү өӊүттө өнүгүп жаткандыктан кооптонуп балдарды алып кетүүгө аргасыз болдук. Ал эми балдардын апасына байланышканыбызда, ал Жалал-Абад облусунда атасы каза болуп, аны акыркы сапарга узатууга кеткенин айтты. Бул маалымат так же так эмес экени териштирилип жатат. Ал учурда балдарды өз карамагына алууга аракет жасап жатат. Бул боюнча Аламүдүн райондук администрациясында комиссия иш алып барууда. Эгер балдардын апасынын жүрүм-туруму талапка жооп бербесе, энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн.

«КЕЛИНДИН ЖҮРҮМ-ТУРУМУ НАЧАР»
Жапын Алишеровдун кошунасына жолугуп кепке тарттык. Ал атын атагысы келген жок, бирок төмөнкүлөргө токтолду:
– Келининин аты Тахмина, жашы 28де. Мага анын жүрүм-туруму жакпайт. Ичет, балдарына олуттуу мамиле жасабайт. Мына, карасаӊыз, барак тибиндеги үйдө кошуна болуп турабыз, ортобузду бир эле дубал бөлүп турат. Ал кээде бизге да тынчтык бербейт. Бир эмес, төрттү төрөдү. Бир нерсе десек, «ишиӊер болбосун, 10ду төрөсөм да кайнатам багат, же болбосо балага зар бирөөлөргө багууга берем» деп кесир сүйлөчү. Балага жоопкерчиликтүү караш керек да.
Ал эми балдардын чоӊ атасына болсо эч кандай доом жок. Ал балдарды Тахминадан дагы жакшы карайт. Ушул кезге чейин эле кийинтип-ичинтип келген. Неберелери чоӊ атасын жакшы көрүшөт. Азыр Жапын аке өзүн таштап, санаага чөмүп кетти. Бир жумадан бери балдарды алам деп аракет кылып чуркап жүрөт.
29-декабрда Аламүдүн райондук администрациясында атайын комиссия жыйын өткөрдү. Үй-бүлө менен иш алып барган инспектор Айсулуу Мамытованын билдиргени боюнча, аталган балдардын маселеси толук чечиле элек. «Атайын комиссия социалдык кызматкерлерге балдарды документ менен камсыз кылуу маселесин тапшырды. Ал эми балдардын биологиялык апасын энелик укуктан ажыратуу сунушу каралууда. 6 жана 4 жаштагы улуу кыздары чоӊ атасынын колуна берилери жана кичүү эки баласы Алишеровдун кызы Имадат Алишерованын карамагына алынары сунушталууда. Эгер ушул чечим комиссия тарабынан туура деп табылса, жакынкы күндөрү балдар туугандарына кайтарылып, тиешелүү адистер тарабынан көзөмөлдөнүп турат»,- деп билдирди инспектор.

Балдардын улуулары чоӊ атасына, кичүүлөрү эжесине берилиши мүмкүн. Ал эми апасы энелик укуктан ажыроо коркунучунда.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Эне төрт баласын, анын ичинде эки айлык кызын таштап кетип калган

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
31.12.2015. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
багы жокко дагы жок болуптур эээ оорчулук жокчулук эмнелерге гана алып барбайт булда болсо кудайданкелген сыноо
SUPER.KG видео
31.12.2015. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чон атасы бар экенго карайтда балдар уйундо чонойгон балдар оксук жана мээрими жок болуп чоноет.
SUPER.KG видео
01.01.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
"Бироого кор бала, а кимдир бироого зар бала" деген макал акыркы учурда кучуно кирип жаткан учуру. Ал аял деле карыйт, азыркыдай солкулдоп омур бою журо бербейт. Мына ошондо ал аялга "мына баланы ал сени баксын, карасын" деп ким берип коёт экен? Же азыркыдай балдарындай баланы кайра торой алаар бекен? Ушул жагын ойлонбойбу! Балдарын мейли кыйналсын, кысталсын, эптеп чонойтуп алса озуно эле караан болот эле го кийин...
SUPER.KG видео
04.01.2016. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Энесине эле кайтарып берсе экен, балдарга эненин мээриминен артык эмне керек.
04.01.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий байкуштар бомпойгон сонун кылып чонойтуп койсо тартып албасын эми чон атасынан. Чал байкуш ка кыйын болуптур. Апасы сойруйбой нормально журбой бу эми.
04.01.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн туура сунуш сунушталыптыр. Эки чон небереси чон атада, ал эми эки кичуусу эжекесинин колунда калганы дурус. Апасы ичкиликке берилген аял болсо, анда аны балдардын келечеги учун энелик укуктан ажыратуу туура болот деп ойлойм. Созсуз турдо балдардын туура тарбияда осуусун колго алуу керек. "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?" Мумкун бул наристелер бутундой кыргыз элинин жакшылыгына жараган улуу инсандар болуп чоноёр. Эмнеси болсо да жакшылыктан умут узбойбуз да...
04.01.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чон ата неберелери учун жашап жатат. Неберелер ага куч кубат дем берет. Уул келиндери канчалык жаман болсун небересин ал коргой алат. Туура чечим деп ойлоюм экоосун чон атага кичинелерин эжесине берсин. Чон атанын да ден соолугун кетирбей. Мамлекеттен жардам сурап кайрылса уну жетпей калган тура келечекте баары жакшы болот чон ата сиз коп ойлонбонуз. Кудай кааласа баары онолот
egemberdi түзөттү 2016-01-04 11:46:40
05.01.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
egemberdi,Туура атайсыз чон атага дем куч берген небереда неберелерин кайтарып берсе экен. Чон атага Аллахым узаак омур берсин неберелеринин бактысына аман болсун!
04.01.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ии бойтошкалар бактынарга Кудайым чон атанарга куч-кубат,омур берсин!!!
04.01.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Берсин неберелерин чон атасына боздотпой
tursunbaev2004 түзөттү 2016-01-04 17:47:07
05.01.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
энеден артык ким багат эле деп жогору жакта жазышыптыр бирок бул энесинде балам деген сезим болбосо кайдан бакмак.2 айлык баланы баккан чон атага данк
05.01.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2 айлык наристени таштап баса бергенине тан калып жатам
05.01.2016. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биро бплага зар бирого бала кор...эмне деген адамдар айбан болуп баратат я
05.01.2016. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул аял эне болууга татыктуубу?Балдар ага оюнчук экен да.Бул акмак аялга Караганда айбандарда да энелик мээрим кучтуроок.Чон атасына куч кубат берип эптеп багып алса го жакшы эле.Бирок 4баланы багуу оной иш эмес.Уйундо да бир баласы мас жатса ким билет.эртен кыздар чонойсо алардыын тагдыры не болот.Жакшы мээрим корбосо да тынч эле балдар уйундо чонойгондору жакшыбы...Энеси омур бою жакшылык корбосун,эгер ушул балдарын ара жолдо калтыра турган болсо!
05.01.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарга боорум ооруду чон атасына кайтарып берсе жакшы болмок
05.01.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энеден ажыратпасынчы кудай.
06.01.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх заманын кургур,не деген шумдук.Мындай окуяларды телевизордон чет олколордон корчук,эми минтип озубуздун жергебизден коруп отурабыз.Эгер апасы карайм десе каттуу козомолго алып,балдарды кайтып бериш керек.Адамго акыры акыл эсине келеер(апасы)
06.01.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baldaryn bakpagandan kiyin toroi bergeni kyzyk eken
07.01.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай уй булолорго мамлекет тарабынан жардам корсотулсо бул балдарда ата энесинин мээриминде чоноймок. бала жытына мас болуп чон атасыда карылыктын доорун неберелери менен откормок уйдун куту бала эмесби. алла таала колдой кор. чон атасына дем куч бере кор жараткан алла.
07.01.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алахым ыман, ынсап, ыйман берсин ,балдарга денсоолугу, чын акылдуу болушсун.
08.01.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдар ото жаш экен. чон ата карып калыптыр, кудай сактаптыр да, чон атасы бирдеке б.п кетсе, кичинекей балдар эмне кыла алышат эле.....Эн негизгиси ушуну энеси ойлонгон жокпу а!?..... Туугандар бири биринен болунбой бир жерде чонойушса экен.
08.01.2016. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу жардам берсин. Балдар ама-эсен, азап-тозокту корбой чоноюшсун. Окунучтуусу, наристелер кымындай кезинен тартып энесинин жоопкерчилигисизден мындай акыбалда калганы.Азыр кризис, жумуш жок, кедейчилик деп энесин актайбыз. Айткылачы. ким жыргап жашап жатат? Ар бир пенденин мандайында мындан да оор кундор келет. Бирок, балалуу болдунбу, ага башы-козун менен жооп бер.Жумуш тап. Жардам сура.Балдарындын жанында бол.Таштаба. Чон ата, неберелеринизди кайтарышат, буйруса.
08.01.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
.Эне деген кантип 4баланы таштап бир айдай жоголсун .Анын устуно дагы 2айлык чурпону...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: