Энесин өлтүрдү деп шектелген жаран: «АЧУУМ МЕНЕН АПАМДЫ БАШКА ЧААП ӨЛТҮРДҮМ»

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж


9 ай омурткасы сыздап көтөргөн баласынан кайсы эне жамандык күтсүн? Ар бир эне өз канынан жаралган баладан жалаӊ гана жакшылыктарды үмүт кылып, ак сүтүн эмизет эмеспи. Тилекке каршы, айрымдар эненин ак сүтүн актагандын ордуна кайра ага ажал алып келген учурлар жок эмес. Өткөн аптада Бишкек шаарында 66 жаштагы эне өз уулунун колунан мыкаачылык менен каза тапкандыгы тууралуу кеп далайлардын жакасын карматты.

АПАСЫНЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП УУЛУ КАРМАЛДЫ
18-январь күнү саат 09:00 чамасында Бишкек шаардык Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө борбор калаадагы Бах көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен апасынын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтып уулу телефон чалган. Окуя болгон жерге ИИМдин, Бишкек ШИИББинин жана Ленин РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери барышып, иликтөө иштерин башташкан. Маркумдун өздүгү такталып, ал 1949-жылы туулган Нарынбүбү Дүйшеева экендиги аныкталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул кандуу окуяга шектелип маркумдун 45 жаштагы Дамир аттуу уулу кармалган.

«КЫЛМЫШЫМДЫ ЖАШЫРАЙЫН ДЕП ОЙЛОГОМ»
Тергөө маалында кылмышка шектүү Дамир Апасов кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, апасын кандайча өлтүргөнүн төмөндөгүчө айтып берген:
– Өзүм 2 бир туугандын улуусумун. Иним төрөлгөндөн эле 1-топтогу майып болгондуктан кыймылсыз үйдө жатат, азыр 34 жашта. Атам мындан 8 жыл мурун каза болуп калган. Апам болсо көп жылдан бери эсепчи болуп иштечү. Өзүмдүн үй-бүлөм, 3 балам бар. Борбордогу 170-маршруттук таксиде айдоочу болуп иштечүмүн. Унаам бузулуп убактылуу бош жүргөм.
Кээде апамдын үйүнө барып инимдин ал-абалын сурап турчумун. 17-январь күнү да таӊ эрте апамдыкына барып, иниме тамак жасап бергем. Андан соӊ уктап кетиптирмин. Уктап жатсам апам келип ойготуп: «Тур, эмне уктап жатасыӊ? Элдин сендей балдары иштеп үй-бүлөсүн багып жатат»,- деди. Кийиндим да эшикке чыгып ары-бери басып, андан соӊ мешке от жактым. Түшкү саат 2лерде курсагым ачканынан үйгө кирсем, апам ашканада пияз аарчып отуруптур. Мен столго отуруп тамак ичтим. Банктан алган насыям бар болчу, ошону төлөөгө акча керек болуп жаткан. Апам менен бир аз сүйлөшүп отурган соӊ акча сурадым. Ал ошол замат эле «сен же иштебесеӊ, же үй-бүлөӊдү тыӊ бага албасаӊ, кантип жер бетинде басып жүрөсүӊ?» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, кыйкырып уруша баштады. Мен да каяша айтып жибердим окшойт, бир маалда ал колундагы бычагы менен мени көздөй шилтеп жиберди. Түшүнбөй калдым. Ачуум менен столдун үстүндө момпосуй салынган айнек идишти ала калып, аны менен башка чаап жибергенимди билем. Андан ары канча жолу урганым эсимде жок. Бир маалда карасам апам канжалап, кыймылсыз жатыптыр. Дароо эшикке чыгып, нес болуп 2 сааттай тамеки чегип, өзүмө келе албай отурдум.
Өзүмө келген соӊ үйдү сыртынан бекитип кетип калдым. Жолдо баратсам бажам чалып калды, бир кафеде куран окутуп жатыптыр. Ал жакка барып, андан соӊ кайнатам, бажам жана 2 кайнежем болуп менин үйүмө келдик. Эртеси кичүү кызымдын туулган күнү эле. Ошонун шылтоосу менен үйгө торт, арак алып алгам. Отуруп аны ичтик. Бирок эмнегедир апамды өлтүрүп салганым оюмдан чыкпай туруп алды. Кылмышымды кантип жашырсам деп ойлонуп отурдум. Аӊгыча башыма бир ой кылт этип көчөгө чыктым. Бир дүкөндөн 1000 сомго капюшону бар куртка сатып алып, аны кийип апамдыкына кайра бардым. Жанындагы дүкөндүн видеокөзөмөлдөөчү камерасы бар. Атайын ошого тартылып, ууру киргендей болуп дубалдан секирип түштүм да, үйдүн ичиндеги буюм-тайымдарды чачып, апамдын уюлдук телефонун, сумкасын өзүм менен кошо ала чыктым. Аларды Жал кичи районуна алып барып таштап, үйгө кетип калдым. Эртеси кайра апамдыкына барып, «келсем үйдө апам өлүп жатыптыр» деп туугандарыма, милиция кызматкерлерине телефон чалып чакырдым.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ АПАСЫ МЕНЕН АКЧАНЫН АЙЫНАН УРУШКАН»
Ал эми Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Жеӊиш Абдылдаев окуя тууралуу буларга токтолду:
– Биз окуя болгон жерге барганда үйдүн ичинде болжол менен 60-65 жаштардагы аялдын өлүгү жаткан экен. Аны текшерүү учурунда башынан 3 жаракат алганы белгилүү болду. Биз бул кылмыштын бетин ачуу үчүн маркумдун коӊшу-колоӊ, туугандарынан, кесиптештеринен сурамжыладык. Эч кимиси аны ким, эмне себептен өлтүргөндүгү тууралуу илинчек айтып бере алышкан жок. Кесиптештери маркумдун көп жылдан бери эсепчи болуп иштегенин, жумушуна так жана чынчыл мамиле кылып келгендигин айтышты.
Маркум тапкан акчасын уулдарына жумшачу экен. Татыктуу билим алсын деп улуусун 2 жогорку окуу жайда окутуптур. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кичүү уулун да жакшы караганын, үйүндө анчалык көп акча сакташы мүмкүн эместигин жакындары айтышты.
3 күн өткөн соӊ маркумдун 45 жаштагы уулун суракка алганыбызда ал апасын өлтүргөнүн моюнуна алып, бул ишке эмне себептен баргандыгын айтып берди. Ал апасы менен мурун да акча маселеси боюнча көп урушуп жүргөнүн, ошол күнкү уруш да акчанын айынан чыкканын айтты. Кылмышка шектүү мурда соттолгон эмес, иштебей убактылуу бош жүргөн. Апасын өлтүргөн маалда мас эмес, соо болгон. Окуя болгон маалда маркумдун майып уулу башка бөлмөдө болгондуктан ашканада эмне болуп жаткандыгын билген да эмес. Учурда бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми маркумдун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулун кылмышка шектүү Дамирдин мурунку никесинен төрөлгөн улуу кызы менен күйөө баласы багып жатышат.

«ЭЖЕ «БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ЖАШАП ЖҮРӨМ» ДЕЧҮ ЭЛЕ»
Маркумдун туугандары бул окуя тууралуу айтуудан баш тартышты. Андан соӊ маркум 30 жылдан ашуун эмгектенип келген Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине барып, кесиптеши Арстанбек Акматовдон маркум тууралуу уктук:
– Нарынбүбү эже экөөбүз 1983-жылдан бери чогуу иштейбиз. Тажрыйбалуу, өз ишине так адам болчу. Ал кишинин ордун, баркын эми сезип жатабыз. Абдан талапчыл, аракетчил эле. Жанында иштеген жаш балдар-кыздарды үйрөтүп жатып, өзүнө окшогон жакшы адистерди даярдады. Эженин «балдарым үчүн гана жашап жүрөм» дегенин көп уккам. Оорукчан баласын жакшы карап, жанына тааныбаган адамдарды жолотчу эмес. Тилекке каршы, мындай жаман окуя болуп кетти. Баарыбыз баласы өлтүргөнүнө ишене албай жатабыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



66 жаштагы эне өз уулунун колунан ажал тапты

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(41)
Медиа-портал
30.01.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
атамбаев айтмакчы ыйман болбосо кыргыздар еч качан онолбойт деп.
Медиа-портал
30.01.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын. Эмне деген эле жашоо болуп баратат.
SUPER.KG видео
31.01.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйман берсин журокко!
SUPER.KG видео
31.01.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай балдардан Кудайым озу сактасын.
01.02.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне болуп баратат, шумдук.
01.02.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба......
01.02.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кредитт деген балээ чыкты го...
01.02.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки окууну окутуп адам болсун деседа адам болуунун ордуна кайра кайра акча сурап келе берсе урушатда окутуп чокутса деле делдейип журо берсе! Акмак озунон куноо издебей жаман тилдеди деп койот.
01.02.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э тообоо, ушул баланы тороп жатканда байкуш эне тоосу кокко жетип бактылуу болсо керек эле. Жырткыч турбайбы акмак, Аллахтын жазасынан качып кутулбайсын.
01.02.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-02 10:40:19
01.02.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаа...
01.02.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта, мал го, оз апасын, соз жок соз жок, бейиши болсун эженин, ХХХ ХХХ кантип оз апасына...((
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-02 10:38:16
02.02.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбанго оз апасына кантип колу барды урганы кантип кол которду ХХХ ХХХ ХХХ атин манкурт
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-02 10:38:45
02.02.2016. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Manaskg.1,Ошол кезде эне байкуш кайдан билмек баласы акмак болушун. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет,карындагы баланын хан болорун ким билет,ичиндеги баланын ит болорун ким билет,дегендей да...
02.02.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer,туура айтасың
02.02.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
45 жаштагы ак-караны жакшы ажыраткан,жакшы-жаманды билген,бала-чакасына акыл насаат айта турган аксакал болчу эле. Бул акмак кантет ай,акча учун энесине кол которгонун. Керек болсочу ээ,ит деле оз энесин тиштебейт. ХХХ ХХХ аздык кылат. Энеси бул акмака жашоо берсе,бул акмак олум м.н жооп кайтарыптыр... ХХХ ХХХ...
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-02 10:39:39
02.02.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer, strangergirl, Manaskg.1, konsilium,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыздар. Провокацияга жол берилбейт!
Медиа-портал
02.02.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рак оорусун женип, уулунун колунан олгон байкуш эне ((((
02.02.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмодо чирип жок бол ХХХ адам эмес экенсин
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-03 10:35:31
03.02.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mavlyan1993,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
SUPER.KG видео
03.02.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй кыргыз элим,аялынарга,куйоонорго айта албаган оор создорунорду ата энерге айтып журок оорутканынар жетпегендей эми олтуруп да коюп атасынарбы?манкурт болуп кетпейли,ыйман берсин,ата энен ыраазы эмеспи сен учун бейиш эшиги жабык тууганым,олум жазасын алсан да кемдик кылааар сага
03.02.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!Аллахым наркы дуйнонун жакшылыгын бере кор.
Медиа-портал
03.02.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынанда кымбат энего кандай сезбеген акмак бул Адам.
04.02.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олтуруп кетип калды кайра келди ошол учурда иниси эмне болду,кантип жашап атты тошоктон турбаса? Эми эмне болот ал кантип жашайт энесиндей эч ким бакпайтда.
04.02.2016. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мээси жок десе акмак
04.02.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adamdarda Dinden tushunuk bolso mynchalyk adamdyn oiuna kelbegen iwter bolboit ele, Astagfirullah munun suragy øtø oor bolot, Kyiamatta Yraiymduu Jaratkan Egem suragyn jenil kylsyn ((
04.02.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озун сактай кор!
04.02.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uuru keypin kiyip biroonu olturdu kılıp korsotkonuno karaganda apandin dele saga bichak shiltegeni kalp go,jakshina ele ayalday korunot akcha berbey koydu dep jinin menen urup olturdun da,dayim akcha alip uyronup kalgansin da bir jolu berbey koyso saga oor keldi
05.02.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ichine jin kirip algan okwoit balasyn jini kozup anan apasyn olturgon
05.02.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата энени кадыр барктайлы.
06.02.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым апасынын чыныгы дуйносундо бейиштен берсин,баласы оз жазасын алсын, ар бирибиз 5 убак намаз окуп аллах жолунда журолучу жамана иштерге барбай
06.02.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа.
06.02.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Аллах балдарыбызга ийман бер.Кыргыздар эмне деген лакапка калдык.Дуйно жузундо болбогон окуялар болуп атат ко.Байкуш эне не кундорду коруп чонойткон эле.Окуп алып ыйлагын келет(((
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: