АЛКЫШКА АРЗЫГАН «СУПЕР КЕЛИНДЕР»

№697 11-март-17-март, 2016-ж


8-Март – Аялдардын эл аралык майрамына карата «Супер-Инфо» гезити тарабынан жарыяланган «Супер келин» сынагынын жеңүүчүлөрү SUPER.KG порталындагы сурамжылоонун жана редакциянын чечими менен аныкталды. Жеңүүчүлөр 8-Март күнү майрамдык акциянын өнөктөшү болгон «Опал» компаниясынын зер буюмдары менен сыйланышты. Келиндик кызматын мыкты аркалап, үй-бүлө коломтосун өчүрбөй келе жаткан «Супер келиндер» менен курган чакан маекти жана алар тууралуу жазылган баяндардын урунттуу жерлерин сунуштайбыз.

Александра Николаева, 30 жашта, Чүй облусу
«КЫРГЫЗДАН КЫЗ ТАБЫЛБАЙ КАЛДЫБЫ ДЕП БАЛАМА ЫЙЛАГАМ»
– Келиним чыныгы "супер келин" деген атка татыктуу деп 100 пайыз кепил боло алам. Менин жалгыз уулум жана 3 кызым бар. Ошол жалгыз балам университетте чогуу окуган курсташы, орус улутундагы сүйлөшкөн кызына үйлөнгөндө «кыргыздан кыз табылбай калдыбы?» деп бир жума ыйлап жаткам. Келинимди 1 ай сынасам да кыңк деп өйдө карап үн чыгарган жок. Айткандарымдын баарына баш ийип жер карап угуп, «апа, үйрөтө бериңиз, сиздин айтканыңызды үйрөнүүгө аракет кылам» деп бир ооз жооп берчү. Уйду шакылдата сааганына, тамакты түрлөп даамдуу жасаганына, мейман тосордо дасторконду гүлдөтүп кооздоп, конокторго тыпылдап чай куюп чуркап жүргөнүнө тан берем. Келгенине 3 жыл болду. Кара көз кыз, эркекти удаасынан төрөп берди. Күйөөсү менен бир урушуп, катуу үн чыгарганын уга элекмин. Эрте келеби, кеч келеби жылмайып тосуп алат. Айтор, баарыбызга кылган мээримдүү сый мамилесинен улам биз аны жакшы көрүп калдык. Ар бир баламдын туулган күнүндө мага да кошо белек берип, «апа, бул сиздин да майрамыңыз» деп турат. Ошентип «каардуу» кайнене болоюн десем да шылтоо таппайм. Келиним орус эле болбосо, анча-мынча кыргыздын келининен кыйын.

Кайненеси Таттыгүл Атакулова

Александра Николаева:
– Сынакты уюштурган сиздерге, мен тууралуу жазган апама жана мага добуш берген окурмандарга ыраазычылык билдирем. Кыргыз үй-бүлөсүндө келиндер көп оокат кылат деп укчумун, бирок кичинекей кезимден эле тиричиликке бышып көнгөндүктөн анчалык айырманы сезген жокмун. Жашоомдун акыркы күнүнө чейин жолдошумдун ата-энесине, бир туугандарына кызмат кылууга даярмын, анткени бул менин үй-бүлөм. Кыргыз тилин өздөштүрүүгө аракет кылып жатам. Үйдөгүлөрдү «чай ичкиле, тамак ичкиле» деп кыргыз тилинде чакырам.

Айжамал Эсенкан кызы, 24 жашта, Талас облусу «Кызым мага секелектей көрүнөт»
– Кызым бир үйдүн кенже келини. 3 баланын энеси болуп калса да мага секелектей көрүнөт. Неберелерим менен үйгө келгенде үйүбүз базар болот. Аларды көрүп эт-жүрөгүм эзилип, бакытка бөлөнөм. Айжамал жаш болсо да балдарына татыктуу тарбия берип, келиндик кызматын жакшы аткарып жатканына ишенем. Куда-кудагыйларым да дайыма ыраазы болуп батасын беришет. Кызымды келе жаткан майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлүк бакыт каалап, аман-эсен төртүнчү неберемди жарык дүйнөгө алып келишин Кудайдан тилейм.

«АЙЖАМАЛЫМА»
Уктабай кээде түндө ойгономун,
Айжамалым, мен өзүңдү көп ойлоймун.
Чыр салып баласы ыйлап жатабы дейм,
А балким, бир нерсеге капабы дейм.
Ушундай кыштын узак түндөрүндө
Мага окшоп канча эне санаа тартат.
Уктабай түн уйкусун үчкө бөлүп,
А балким, мени да апам ойлоп жатат.

Апасы Назира Жумабекова

Айжамал ай-күнүнө жетип бүгүн-эртең төрөйм деп тургандыктан Таластан келе албай калгандыгына байланыштуу сыйлыкты апасы Назира айым алып кетти.

Назира Жумабекова:
– Кызым утса-утпаса да жагымдуу белек болсун деп сүрөт-баянды жөнөткөн элем. Айжамал добушка коюлуп, элдин колдоосуна арзып жатканын жакындарыбыздан угуп аябай сүйүнүп, сынактын жыйынтыгы чыккыча сарсанаа болуп жаттык.

Күлийпа Дүйшөнбаева, 75 жашта, Ысык-Көл облусу «Кайнежесине жүгүнгөн 75 жаштагы апам»
– «Супер келин» сынагына 1960-жылдан бери Ысык-Көлдүн Дархан айылына келин болуп келе жаткан апам Күлийпа тууралуу айтып бергим келди. Апам кайын журтуна ак кызматын өтөп, өкмөтүбүздөн «Баатыр эне» сыйлыгын алып, 5 кыз, 4 уулду татыктуу тарбиялап, 33 небере, 9 чөбөрөсүнүн сый-урматын көрүп келет. 75 жаш курагында да кайнежелерин көргөндө ийиле жүгүнүп саламын берип сыйын көрсөтөт. Жаш келиндердин энемден үлгү алуусун каалайбыз. Апабыздын уул-келиндеринин, кыз-күйөөлөрүнүн, небере-чөбөрөлөрүнүн сый-урматын көрүп төрүбүздө отурушун каалайбыз.

Кызы Венера Дүйшөнбаева

Күлийпа Дүйшөнбаева:
– Азыркыга чейин кайын журтума барганда жүгүнүп келиндик кызматымды аткарып келем. Өзүм келиндериме жакшы эле кайненемин десем болот. Аларды үнүмдү бийик чыгарып урушпайм. Келин ыймандуу, кичи пейил болсо баарын жеңет. Бул сынакта жеңүүчүлөрдүн арасында карыган кемпир мен эле экенмин (күлүп). Чакырып сыйлык бергениңерге рахмат, өнүгүп-өскүлө, заманыбыз тынч болсун.

ГҮЛЖАЗ ЗАМИРБЕК КЫЗЫ, 25 ЖАШТА, НАРЫН ШАРЫ

«ЖҮРӨКТҮН ТҮБӨЛҮК ЭЭСИ – ГҮЛЖАЗ»

Жүрөктүн түбөлүк ээси
Алтыным, бир гана сенсиң,
Тартуулап тунук сүйүү
Кубантып мени келесиң.
Колуңдан кармап бекем
Келечекке умтулам.
Ардагым болдуң менин
Жалгыз мага буюрган.
Жаркылдаган үйдүн куту алтыным,
Күлүп турсаң ошол менин бакытым.
Окшош болсоң болду менин апама,
Мээрим төгүп, акыл айткан балдарга.

Жолдошу Канат Өмүрканов

Гүлжаз Замирбек кызы:
– Турмушка чыкканыма 7 жыл болду, 1 кызыбыз бар. Буюрса, жакында дагы көз жарганы турам. Буга чейин да «Супер-Инфонун» сынактарына катышып, алдыңкы орундарды алып келгем. Бул жолу да жеңүүчү болгонума кубанычтамын.

Назира Сатаева, 37 жашта, Кемин району
«НАЗИРА ЖЕҢЕ, СИЗГЕ БААРЫБЫЗ ЫРААЗЫБЫЗ»
– Биздин эң мыкты жеңебиз бар. Ал кайнагама жакшы жар, кайненеме, кайнежелериме жакшы келин, 5 эркек баланын мээримдүү энеси, менин сүйүктүү жалгыз жеңем. Эртең менен саат 5 жарымдарда туруп уй саап, бизге чай даярдап мээримин төгөт. Жайкысын картошка айдап, чөп да чабат. Чарчабай балдарын бакканга, үйдөгү жумуштарды жасаганга жетишет. Менин 2 кызымды жакшы багып келет. Турмуш-шартка байланыштуу биз шаарда тургандыктан айылга анда-санда эле барабыз. Жаңы келин болгондон баштап мага эч качан атаандашпайт. Шаардан айылга барсаң жакшы тосуп алып, кетерде жакшы узатып, азык-түлүк салып берет. Жеңемди көрүп суктанып, бардык келиндер, жеңелер ушундай болсок дейм. Жеңе, сизге баарыбыз ыраазыбыз.

Абысыны Айназик Төрөбекова

Назира Сатаева:
– Айназикти сиңдимдей эле көрөм. «Абысын аңдышкан жоо» деген сөз бизге тиешелүү эмес. Кайним экөө жашоосун улантып жакшы жашап, бактылуу болушса деген тилекте болгон жардамымды аябайм. Алардын урушпай жашап кеткени мен үчүн бакыт.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg



Орус кызы Александра "Супер келин" деп табылды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(39)
SUPER.KG видео
12.03.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми кыргызча суйлоп алса анда чыныгы супер келин болот.
Медиа-портал
12.03.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун! Бактылуу болгула баарынар!
SUPER.KG видео
12.03.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен ойлогондой эле болуптур ушул утса керек деп аттым эле азамат ушундай кайнене мактаган келиндер кобойо берсин.
SUPER.KG видео
12.03.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ураааа женишиниз менен женекеси.ойлогондой эле женди
Медиа-портал
12.03.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула ылайым
Медиа-портал
12.03.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да окуп, алардын арасынан ушул орус кызы, кыргыз келинине добушумду бердим!
Медиа-портал
12.03.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыңар кыргыз элим! Кимдин кайдан экендигине, жердигине карабай жакшы келиндерге гана добуш бергениңиздерге ыраазы болдум. Кыргыстандык мекендештерим рахмат сиздерге!
Медиа-портал
12.03.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озбектер супер келин деп кинодо тартышса, мына бизде киносу, актрисасы жок эле табийгый накта супер келин, молодец, кайненеси да кылганын баалап билген аял экен, ушинтип эне кыздай болуп эрчишип журо бериниздер
SUPER.KG видео
12.03.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун...!Кайненеси жакшы экен.
Медиа-портал
12.03.2016. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Azamatsyn Alexandra.Korup alyp suiungonumdon yilap jiberdim. Jakshy kelin ekeini surotunon ele korunup turat.
SUPER.KG видео
13.03.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуздар!
Медиа-портал
13.03.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
SUPER.KG видео
13.03.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Биякта бизди окендер куугунтуктап кууратып атса. Орус кызга берип коюп кол чаап отура бергиле. Окендер биз биринчи болуп турсак да таш балакет беришпейт
SUPER.KG видео
14.03.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кыргыздардын деле жакшынакай келиндери турду эле.кандай адамдар орус кызга добуш бердинер.
14.03.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер-инфо гезитине рахмат келиндерге ушундай мумкунчулук тузуп бергени учун. Куттуктайм келиндер! Ар дайыма улгулуу келиндерден болуп журо бергиле!
14.03.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен билгем Александра женет деп, бирок кайненесин мындай чон апа деп ойлободум эле, жашы 50 - 55 теги чачы кыска шаардык модерн кайнене болсо керек деп ойлогом. Александранын жениши татыктуу эле экен .
AKCAHAT түзөттү 2016-03-14 10:03:48
Медиа-портал
14.03.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Александра )))
14.03.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу орус болгону мн журогу кыргыз да азамат ушундай келиндер кобойсун.
14.03.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катышпай калган дагы кыргыз элимде мыкты деген келиндер, жеңелер көп. Менин жубайымда катышпасада жазып ал мыкты, ыймандуу, ата-энемди сыйлаган тарбиясы жогору, мен ыраазымын деп айткым келет. Мен сени сүйөм берекем.
14.03.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира Сатаевага добуш бергем
14.03.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келиндин келгендегиси эстен кетпейт демекчи келин келгенде кайын-журт тараптан бираз колдоо корсотуп койсо ар бир келин супер келин болуп чыга келет. Супер келин кылуу кайненелердин гана колунда деп ойлойм, билбегенин уйротуп, билгенин баалап коюш керек. Келечекте буйруса озумо окшош эле келиндуу болсом дейм.
14.03.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызга бергис орус келин экен.Супер келиндер көбойө берсин.Ийгилик бардык келиндерге.
14.03.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кеп улутта эмес, адамдардын пейилинде, ыйманында. Чон ата бабабыз фашизмге каршы курошуп набыт болгон. Фашизм-улутчулдук жакшы нерсе эмес. Оз улутунду суй, бирок башканы да сыйла. Мен кыргыз кызы орус уй булоого келинмин. Мени да оз кызындай корушот. Аяп, дайыма комоктошуп турушат кайындарым. Элестеткиле мени да кыргыз бул фуу фии дешсе мага да жагымсыз болмок. Бирок кудайга шугур кайындарым биринчи кезекте адамдын сыртына эмес ички дуйносуно карап мамиле кылгандардан. баарына бакыт каалайм.
14.03.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен тушунбой калдым аида,эшек минген келиндер алдыда келе жатпады беле
SUPER.KG видео
15.03.2016. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Александра Роксалана демекчи бактылуу болушсун!! Кыргыз жигиттер башка улуттун кыздарын алышса болот балдары Кыргыз болот!!!Кыргыз кыздары башка улутка турмушка чыгышса Кыргыз жоголот окуноорчулук болот!!!!
15.03.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болгула супер келиндер!
15.03.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ эмки сынагынар качан болот менин да сыймыктанчу келиним бар...
15.03.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
колдун Аккуусу ..супер Александра!!!
Медиа-портал
16.03.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
17.03.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз
SUPER.KG видео
17.03.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан окуса болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: