24 ЖАШТАГЫ КЫЗ ҮШҮК АЛГАН 2 БУТУН КЕСТИРДИ

№697 11-март-17-март, 2016-ж


Мындан 1 жыл мурун Ош шаарынан жумуш издеп Бишкекке келген 24 жаштагы Элмира Гимазидинова быйылкы кыштын суугунда жатарга үйү жок, жер төлөдө жашап жүрүп эки бутун суукка алдырып алган. Анын 2 бутуна тең операция жасалып, тизеден ылдый кесилди.

«ТУУГАНДАРЫМ МЕНЕН УРУШУП БИШКЕККЕ КЕЛЕ БЕРГЕМ»
Алгач Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып ЭЛМИРА ГИМАЗИДИНОВАга жолуктук. Каарманыбыз оор тагдыры тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 24 жаштамын. Ош шаарынан болом. Атам кичинекей кезимде каза болуп калган. Апам болсо 2011-жылы бөйрөк оорусунан улам көз жумду. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен үчүнчүсүмүн, эжем менен агам оорукчан. Алардан тышкары иним бар, ал Ошто базарда араба түртүп иштейт. 8-класска келгенде окууну таштап, Оштогу базарда жер-жемиш сатып жүрдүм. 1 жарым жыл мурун көкүрөк жагым катуу ооруп үйдө жатып калдым. Туугандарым акча таппай жатып калганымды жактырышкан жок. Ошонун айынан алар менен уруша кетип Бишкекке келе бергем. Бул жакка келгенде ар кайсы ашканаларда идиш-аяк жууп иштеп жүрдүм. Акыркы жолу Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканада иштедим. Жумуш оор болгондуктан, ал жактан чыгып кеткем. Андан кийин жумуш таба алган жокмун.
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндө жашап жүрдүм. Быйыл февраль айынын башындагы катуу суукта бутум ооруган, бирок ооруканага кайрылган эмесмин. Акыркы учурларда Чыгыш-5 кичи районунда баш калкалап жүргөнүмдү ошол жакта жашаган тургундар көрүп калышып, мени ооруканага жөнөтүшкөн. Бул жактан чыккан соң туугандарыма баргым келбейт.

«БУТТАРЫ ЧИРИП, КУРТТАП КЕТКЕН ЭКЕН»
Хирургдар кыздын үшүк алган буттарын кесүүдөн башка жол калбаганын айтышууда. Улуттук хирургия борборунун ириң хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Бейшен Эралиев Элмира тууралуу буларга токтолду:
– Элмира бизге 23-февраль күнү «Тез жардам» кызматы аркылуу келип түштү. Карасак эки бутун тең үшүк алып кетиптир. Буттары шишип кеткендигине байланыштуу бут кийимдерин чече албай койдук. Бут кийимдерин кесип карасак эки буту тең чирип, курттап кетиптир. Бери дегенде 1 ай, болбосо 3-4 ай бут кийимин чечкен эмес окшойт. Дарыгерлер чогулуп, дароо эле операция жасап буттарын кесип салалы дедик. Бирок кыздын абалы өтө начар, кан басымы төмөндүгүнө байланыштуу ал күнү жаткырып, операцияга даярдап дары-дармектерди бердик. Өз алдынча тамак иче албай койгонунан түтүк менен ичирдик. Эртеси эсине келди, бирок унчукпайт. Операцияга макулмун же макул эмесмин деп да айтпайт. Акыры биз чечим кабыл алып, тизеден ылдый эки бутун тең кестик.
Элмиранын туугандары жок, үй-жайсыз болгондуктан бардык дары-дармектерин оорукананын эсебинен берип жатабыз. Андан тышкары кайрымдуу адамдар, бейөкмөт уюмдар Элмирага майыптар отуруучу араба, уюлдук телефондон тарта кийим-кече, тамак-ашына чейин жардам берип жатышат. Азыр Элмиранын абалы жакшы, жакынкы күндөрү чыгарабыз. Кийин жасалма буттун жардамы менен басса болот. Бирок үй-жайы, туугандары жок болгондуктан кайда чыгарабыз деген суроо түйшөлтүп жатат. Чүй облусунда үй-жайы жок майыптар үчүн атайын баш калкалоочу жай бар, Элмираны да ошол жакка жиберебиз го.

«ЖЫЛЫНА 20-30 КИШИ БУТУ-КОЛУН ҮШҮККӨ АЛДЫРАТ»
Элмиранын бутуна операция жасаган хирург Манас Рысбеков болсо Элмирага окшоп бутун үшүккө алдырткандар көп экендигин айтат:
– Элмирага окшогон үй-жайы жок, суукта буту-колун үшүтүп алып жылына 20-30 киши биздин ооруканага келип түшөт. Быйыл эле 20-25тей адам түшүп, алардын үчөөсү каза болуп калды. Негизи үшүк 4 даражага бөлүнөт. 1-2-даражасын операция жасабай эле дарылайбыз. Ал эми 3-4-даражада үшүккө кабылгандардын колу-буту чирип кеткендиктен кесүүгө туура келет.

«ЭЧ КИМГЕ ЖАРДАМ СУРАП КАЙРЫЛЧУ ЭМЕС ОКШОЙТ»
Элмираны убагында көрүп, ооруканага алып келишпегенде анын өмүрү сакталып калат беле, белгисиз. Чыгыш-5 кичи районунун жашоочусу Таттыгүл Жолборсбекова окуя тууралуу буларга токтолду:
– 23-февралда эртең менен чай койгону ашканага чыгып, терезеден сыртта отургучта бир бейтааныш кыз отурганын көргөм. Түштө карасам да отуруптур. Кийин кечки тамакты жасайын деп ашканага кирип, терезеден жанагы кыз дале отурганын көрдүм. Чыдабай сыртка чыгып жанына барсам, алгач менден коркту. Менимче, бул кызды мурда бирөөлөр таарынтып, адамдарга ишенбей калган. Ал кыз менен таанышып, үйдөн тамак алып чыгып бердим. Карасам буту канап, бут кийиминин сыртына чейин чыгып кетиптир. Анан кошуналарды, аймактык инспекторду чакырып кызга жардам берүүнү кеңештик да «Тез жардам» чакырып, ооруканага жибердик. Элмира аябай жоош кыз экен. Эч кимге кайрылып жардам сурабай, өз алдынча эле жүрө берчү окшойт.

«ЭЛМИРАНЫН ӨЗ ҮЙҮНДӨ ЖАШАШЫН КААЛАБАЙБЫЗ»
Биз каарманыбыздын Ош шаарындагы коңшусу КЫЯЛ ҮСӨНБАЕВА менен байланыштык
:
– Элмира эжеси экөө базарда баклажка чогултуп сатып күн көрүшчү. Экөө тил табыша албай, ошол себептен Бишкекке кетип калыптыр. Эжеси бир аз оорукчан. Дагы бир уурулук кылып түрмөдө отуруп чыккан агасы бар. Ал ичип келип буларга тынчтык бербей сабай берип тажаткан окшойт. Алардын үйүндө эң кичүү иниси эле тыңыраак. Кошуналар кеңешип, акча чогултуп ошол инисин борборго жиберип, Элмираны алдыралы деп жатабыз. Мечиттен да кайрымдуу адамдар акча чогултуп беришти. Кечээ үйүнө кирсек, эжеси таштандылардын бардыгын үйүнө чогултуп алыптыр. Урушуп, үйүн тазалаттырдык.
Биз Элмира келсе да туугандары менен үйүндө калышын каалабайбыз. Себеби эжеси менен агасы аны жакшылап караарына ишенбейбиз. Ооруканадан чыккандан кийин социалдык кызматкерлер менен кайда алып барууну бирге чечебиз.
Бейтап ооруканадан жакын арада чыгат. Бирок аны кайда алып барыш керек? Ушул суроого дарыгерлердин да, кошуналарынын да башы катып жаткан чак. Тиешелүү кызматкерлер бул окуяга кайдигер карабай, Элмирага ыңгайлуу шарт түзүп берет деген ишеничтебиз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Дарыгерлер 24 жаштагы кыздын үшүккө алдырган эки бутун кесип салышты

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(44)
14.03.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу колдосун...
14.03.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекетибиздин социалдык абалы ото начар жакырчылык абалга кептелди. Окмоттун начар иштеп оз элине жардамы тийбей жатканы мына ушуга окшогон кайгылуу окуялар далил боло алат. Эгерде окмот жок дегенде мумкунчулугу чектелгендер учун тузугуроок уй куруп мамлекет тарабынан жакшылап колдоого алганда мына байкуш кыздай койгой жаралмак эмес эми кайда барат ал? Атамбаевдин социалдык онуктуруу программасынын начар экени ушуга кептелтип жатат. Сариев да эптей албады.
15.03.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
stimyl.kg,окмотту ар бир созунордо оозанбай суйлой албай калдынар беле?!Андай мумкунчулугу чектелген адамдар учун да,балдар учун да,карылардын да уйу бар,психологиялык жактан зордук-зомбулук коргондор учун да реабилитационный центр да бар,адам озу бир аз чыйрак болуш керек,озунун эрки жок болсо жакшы адамдар менен мамиле кылса жардам беришет,акылын айтышат,жакшыга жанаш,жамандан адаш дегендей...Кудайым куч-кубат берсин эми,не дейбиз...
14.03.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айланып кетейн дерим ар бир адам озу аракет кылыш керек адамда деген кичине ерк деген болуш керек. Бир жолу еле окмотко такай берген болбойтта.коп деген елибиз россияда суукта кар куроп бир жакшына еле тирилик кылып жатышат. Бул кыз болсо идиш жуугандан тажаптыр башка адамдар чыдап еле иштеп жатвшпайбы. Озу аракет кылса болот еле да ушул убака жетке дери. Аллахым ар бир пендеге ыйман инсап берсин еч ким оруубасынчы
14.03.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман еле болуптур, емне дейбиз еми? Алдыда дагы гооптогон жакшылыктар бар екенин унутпаныз!
14.03.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Норма суйлобойт да экен, кыз бала экен жаш, озу буту ошентип ушук алгыча кантип журо берди? Танмын, Аллах сага эми куч кубат берсин! Бир аз шыктуурак бол, жашоо-бул курош, курошо албагандарды аяп олтурбайт бул турмуш.
14.03.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки колу шал болсо тушунмокмун. Кантип эле уч ай бою бут кийим чечпеди экен. Айыгып жакшы кундорду корсун.
14.03.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунун бир жанын зынкыйтып карабайбы,Ааа деп оозун ачып журсо адамга иште деп кудайым эки колун эки бутун оозду бардык мучону берген,кичине чыйрак болсо болот озуно эле кыйын болуптур,буту барда озун карабаса Эми бутун кесиптир Эми кандай болот жашоон билбейм,кыз бала болсон жуунуп таранып дегендей курттагыча кантип журдун,жалкоолуктун бир белгиси да
14.03.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалкоо кыз экен
14.03.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ неге комментарий жазсам кетпей жатат
14.03.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuria.2015, саламатсызбы? Жазган комментарийлериңиз көрүнүп жатат, кэшиңизди тазалап, баракчаны жаңылап көрүңүз.
14.03.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
устубуз бутун курсагыбыз ток экенине Кудайга шугур келтирели!
14.03.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолук берсин кудайым
14.03.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
менин оюмча бул кыз абдан психологиялык жактан жабыркаган. оз оюн айта албайт тунт. у нее стресс и внутренне напряжение она росла при напряженной обстановке она не виновата что стала такой это окружение так сделала ее недооценивали, она не видела ласки родителей и близких
15.03.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lika83,Оооба туура айтасын созуно кошулам .Ата Эненин орду барибир башкада.
15.03.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
lika83, саламатсызбы? Кыргызча жазууну сунуштайбыз.
14.03.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3-4 ай бутун чечпей кантип жүрдү экен? Ошондо ноябрь декабрдан бери чече элек экенда
14.03.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарына озу кунолуу жапжаш кыз экенго бутун ушук алып кеткичекти журо бергенин .
15.03.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул аябай кыйналып оскон кыз экен.Коркуп,тунт болуп калыптырда байкуш.Жалкоо эмес психический жабыркаган экен.Кудайым эч кимди кор кылбасынчы.
15.03.2016. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаш эле кыз экенго. Жалкоолуктун айынан да. Кантип эле бутун чечпей айлап журо берет. Туугандары да ырайымсыз боору таш адамдар окшойт. Алты санын аман экенинде иштешин керек болчу иш тандабай. Эми кудайым мындан ары жакшы кундорду ыроолосун.
15.03.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга, медицина кызматкерлерине чоон рахмат дейбиз. Кудайым жардам берсин. Чын эле, буту соо кезинде оз жанына карай албаса, эми буту тигиндей болгондо кантип жан сактар экен шордуу ай.Жок дегенде бутун чечип коргонго дагы конулу келбегендей акыбалга тушуптур. Бардыгы ата-энеси менен бактылуу оссо экен.
Медиа-портал
15.03.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asadulla,
Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
15.03.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге озу учун курошпойт.чирип калганга чейин кантип чыдады.озуно эле жаман болду да.не болсо алла таалам озу колдосун мындан ары
16.03.2016. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бутун эч болбосо 1 жумада 1 жолу жууп турган да озунун колунан келбейт экенби курттап кеткенче кантип жургон бирок жаман болуптур
16.03.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба. Кудайдын сыноосу бул. Бирок, кичине алдын алсан болмок... Азыркы заманда бироого ишенип же бироонун козун карап жашаштын кереги жок, аракетке берекет.
Медиа-портал
17.03.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер-инфо азамат....кыргызча жазабыз деп эскертуу берипсиздер...суйлоп жаткан эжекебизге рахмат...бирок качан таза кыргызча суйлойбуз....теледе да эки кыргыз олтуруп алып кыйналып орусча суйлоп калышат...кыргызча суйлойлучу...ким учун орусча суйлойбуз
17.03.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеси менен осуп,оз оюн кенири айтып каалагандай жургон адамдар баары бир бул кыздын абалын тушунбойт,озу куноолу жана жалкоо деген ар кандай сыноолорду айтышат."Оозу сутко куйгон,айранды уйлоп ичет" дегендей,бул кыз да кичинесинен ар кимден кагуу жеп,чунчуп кеткен,жада калса адамдардан да коркуп калган окшойт.Эми жасалма бут салдырып басып кетсе экен ылайым,Кудай озу колдосун,бактылуу бол!
18.03.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга рахмат! бирок деген барда, курттап кетиптир деп врач айтып жатат,курттап,чирип кетсе кантип басып жүрөт эле, лукулдатып оорутат эле уч ай ай эмес,эки саат чыдай албайт болчу....
18.03.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энен жок болсо кор болосун,барында баркын билели.
18.03.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта
18.03.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ex myndai tyrmywty ech kimdin bawyna salbasyn
19.03.2016. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо.кыз болуп туруп тан каласын.Эки колду не учун берген.Жакшылап озун карай албай не кылып.журот.Озуно озу туйшук ашырып
20.03.2016. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундун беш куну карангы,беш куну жарык дейт го....?
SUPER.KG видео
29.03.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздын телефон номери барбы болсо жазсанар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: