7 ЖЫЛ МУРУН 2 КОЛУНАН АЙРЫЛГАН ШИРИНДИН АЗЫРКЫ АБАЛЫ КАНДАЙ?

№698 18-март-24-март, 2016-ж


Гезитибизге оор тагдырга, чечүүнү талап кылган көйгөйлөргө туш болгон мекендештерибиз тууралуу макалалар дайыма жарыяланып келет. Биз бул ирет артка кылчайып, 7 жыл мурун болуп өткөн каргашалуу окуя эмне менен аяктаганын окурмандарга кабарлагыбыз келди. Ал окуя 2009-жылдын октябрь айында чыккан гезитибиздин 362-санына «50 миң сом менен кылмыш жабылабы?» деген аталышта жарыяланган эле.

7 ЖЫЛ МУРУН...
2009-жылдын 20-июль күнү Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылында каргашалуу окуя катталган. Тагыраак айтканда, аталган айылдын 5 жаштагы тургуну Мадияр кызы Ширин ойноп жүрүп жолдон өтмөкчү болгондо жүк ташуучу
КамАЗ сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу кыз аман калганы менен, дарыгерлерге анын эки колун чыканактан ылдый кесүүгө туура келген. Таенеси Роза Мукадилова Бакай-Ата райондук ооруканасынын дарыгерлери Шириндин туугандары менен акылдашпай, өзүм билемдик менен колун кесип салышкандарын айтып нааразы болгон эле. Мындан тышкары небересин дарылатууга каражат тартыш болуп жаткандыгын, күнөөлүү делген айдоочу Анаркул Керимкулов кийин кармалып, күнөөсү үчүн жооп бербей, милиция кызматкерлерине 50 миң сом берип боштондукка чыгып кеткендигин айтып, акыйкат издеп жүргөнүн билдирген. Ошондой эле Ширин «апа, мен эми кантип тамак жейм, балдар менен кантип ойнойм? Анан алар «колуң кана?» деп сурашса эмне дейм?» деп күн сайын жүрөк ооруткан суроолорду берерин айтып көзүнө жаш алган болчу.

Шириндин азыркы абалы кандай экенин жана жашоо шарты менен жакындан таанышуу максатында каарманыбыздын үйүнө бет алдык.

«НЕБЕРЕМДИ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ МЕНЕН ӨЗ АРА ЧЕЧИШИП АЛГАНБЫЗ»
Шириндин таенеси Роза Мукадилова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ширин кырсык болгон учурда биздикинде жүргөн. Ойногону эшикке чыгып эле ушундай окуяга кабылып отурат. Неберем кырсыктаганда акыйкаттык издеп каккылабаган эшигибиз калган жок. Айдоочу качып кетип 3 айдан кийин Бишкектен кармалган. Кийин аны менен сотко жетпей өз ара чечишип алганбыз. Шириндин дары-дармегине деп башында 300 миң сом, кийинчерээк 150 миң сом берди. Ошол боюнча бир да жолу келип неберемдин абалын сураганга жараган жок. «Карга карганын көзүн чукубайт» болуп атайын түзүлгөн комиссия неберемдин колун кесип салган дарыгерге карата «колдорун убагында кесип, кыздын өмүрүн сактап калган» деп чечим чыгарышкан.
Ширин кырсыктан кийин 5 ай Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жатып дарыланып чыкты. Элден айланса болот, кайрымдуу адамдар Ширинге жакшы жардам беришти. Чогулган каражатты операция жасоого жумшадык, 10 миң еврого Германиядан жасалма кол жасатып келгенбиз. Бирок ал чоңоюп, 6 айдан соң жасалма колу батпай калды. 1-классында мектепке кийип барып жүрдү. Сөөгү өскөнү токтосо, каражат болуп калса, кайрадан жасалма кол жасатып беребиз го.
Азыр Шириндин абалы жакшы. Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окуп жатат. Жакшы окуйт. Бир гана жүрөктү өйүгөнү Шириндин ата-энесинин үйү жок болгондуктан көчүп-конуп батирлеп жүрүшөт. Ал эми Ширинге өкмөт айына 3 миң сом пенсия берет. Кызым болсо кичинекей балдарын карап иштебейт. Үйдөн жалгыз күйөө балам гана иштейт, тапканы батирден ашпайт. Өкмөттөн суранарым, үй жагынан жардам кылса жакшы болот эле.

«БАШЫНДА КЛАССТАШТАРЫ ШЫЛДЫҢДАП ЖҮРДҮ»
Ал эми Шириндин апасы Медина Үмөталиева кызы тууралуу буларга токтолду:
– Ширин улуу кызым. Андан кичүү 2 уулум бар. Окуя болгондо биз Талас шаарында жашачубуз. Ширин болсо атамдардыкында эле. Кызымды сүзгөн айдоочуну ооруканадан эле бир жолу көргөм, ошондон кийин көргөн жокмун. Кызымды башында Бишкектеги №11-мектепке окууга бергенбиз. Ал жактан классташтары бир нерсе деп айтышчу окшойт, «мени шылдыңдап жатышат» деп ыйлактап келчү. Анда мен «керек болсо буту баспай, мектепке бара албагандар канча?! А сен мектепке барып жатасың, жаза аласың, чуркап ойноп жүрөсүң. Жашоодо ар кандай нерселер болот. Бул деген Кудайдын сыноосу» деп койгом. Ошондон кийин көп деле колу үчүн кейибей калды.
Азыр башка мектепке которулуп жакшы болду. Классташтары да, мугалимдери да жакшы. Мурунку мектебинде эл катары ата-энелер фондуна жана башка нерселерге чогулткан акчаны Ширинден да алышчу. Азыр бул мектебинде болсо жеңилдик берип, акча алышпайт. Мурда мектепке үйдөн сөзсүз бирөөбүз алып барып келчүбүз. Азыр үйдөн кийинтип мектепке жиберем. Классташ кыздары тосуп алып, кызымдын курткасын чечип, кайра кетерде кийгизишип жардам беришет. Өз алдынча жумуштарды жасаганга да көнүп калды. Мен кээ бирде жумуштарым менен бир жакка кетип калсам, кичүү балдарымды Ширинге таштап кетем. Аларга тамак жасап берет. Үйдү жыйнап, полду жууп коёт. Сабак окуганда калемди эки колунун ортосуна кыпчып алып жазат. Кол жазмасы сулуу.

«ЧОҢОЙГОНДО СТИЛИСТ БОЛГУМ КЕЛЕТ»
Жаныбызда уюлдук телефонун чукулап отурган Шириндин өзүн да кепке тарттык:
– №83-орто мектепте 3-класста окуйм. Окуум жакшы, өзгөчө математика сабагына кызыгам. Чоңойгондо стилист болгум келет. Кооз көйнөктөрдү, кийимдерди тигүүнү кыялданам. Классташтарым менен мамилем жакшы. Алар мени бөлүшпөйт, чогуу ойнойбуз. Окуудан келген соң бөбөктөрүмдү карап, апама жардамдашам. Колум оорубайт, жакшы болуп калды.
Кырсык дейбизби же айдоочунун шалаакылыгынын айынанбы, айтор, эң кейиштүүсү оюнга тойбогон курактагы көчөт кыз минтип жөн жерден майып болуп калды. Эми анын келечектеги жашоосуна жакшылыктарды тилейбиз.


Ширин үй тапшырмасын аткарууда. Бул сүрөттү да каарманыбыз тарткан.

Ширин үчүн мектепте баары жайында. Бирок бир гана нерсе жетишпейт...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



7 жыл мурун эки колунан ажыраган Шириндин абалы кандай?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(21)
Медиа-портал
19.03.2016. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээх журогун ыйлайтго. Ошол камаз минген адамды Кудай озу жазаласын....
SUPER.KG видео
19.03.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Журогум ооруп чыкты.Эч кимге мындай кунду каалабаймын.Жада калса карганында канаты кайрыбасынчы
Медиа-портал
19.03.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаратканым Ширинге ден-соолук омур берсин. Убакыттын отушу менен, буйруса кошулган колдуу болуп калаарына ишенем.
SUPER.KG видео
19.03.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаза албайм дебей жазып окуп жатканына ыраазы болдум. Азаматсын! Аман бол!
Медиа-портал
19.03.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым колдосун! Келечеги кенен болсун!
21.03.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу кыз экен, жакшы болуп кет.
21.03.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Врачтар макулдашпай эмнеге колун кесип салды? Келечегин кенен болсун!
21.03.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rawka ооба чын эле жашоодо да татынакай кыз экен
21.03.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ден-соолугун бекем болсун жаратканым келечегинди кен кылсын
21.03.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай буйруса баары жакшы болот.мындан аары жалан кана жакшылыктарды кор оору сыркодон алыс бол
21.03.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечиресинер го сразу эле окмоттон уй сураптырда.Врач шириндин колун кескенда,Ата энесинин эмес иштешсе болот....(Талап кетпегиле)кызга ден соолук каалайм.
21.03.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куноокор менен бекер келишимге барышыптыр. Миллион сом толотуп, каматып жана омур бою камкордукту моюнуна коюп коюш керек болчу.
21.03.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еен кейите турганго кызгы ден соолук каалаймын Аллахтын берген сыноосу эки дуйно бактылуу кылсын Оомин
21.03.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иииийййй ай Кудайым ай окуп алып ыйлап атам видеосун корбой эле койоюнчу. Ширина сен чонойгондо супсулуу кыз болосун ошо шылдындаган классташтарын сага жалдырап келишет алтыным десе чонойгондо бактылуу кыздардан болосун кичинекейим десе((((
22.03.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ширинка аябай татынакай кыз экенсин. Бул жашоо убактылуу эле нерсе ушуну билип жур козу десе. Мен бир видео коргом ал кыздын колу ийининен жок экен бирок буту менен чачын тарап, машина айдап, идиш жууп, сурот тартат экен. Сен Аллага шугур келтир. Чонойгондо ее лечение кен болсун бактылуу бол алтын кыз десе .
22.03.2016. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх журогум ооруп кетти.Атына заты жарашкан ширин кыз экен
22.03.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу айдоочуларга эле сын тага бербей балдарынарды жакшы карсанар урматтуу ата.энелер.Качан караба.чон жолдун ортосунда журушот.Мурда унаадан качышса,азыр унаа качат.Бул деген оз балдарына,келечегине кайлиргерлик да.
Тб.Жакшы болуп кетсин.
22.03.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кызды эстеп эле кыжаалат боло берчуумун, жакшы чоноюп калыптыр, биринчи ахыбалы коз алдымда турат, аман-эсен чоноюп бактылуу кыздардан болсун.
22.03.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым омуруну берсин бактылуу бол. Кудай озу сени колдосун.Аябай боорум ооруп кетти.
22.03.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ден соолук узун өмүр каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: