4 БАЛБАН ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТТУ

№699 25-март-31-март, 2016-ж


Казакстандын Астана шаарында 18-20-март аралыгында күрөш боюнча мелдеш өтүп, анда мыкты балбандар Олимпиадага жолдомолорго ээ болушту. Биздин балбандар бул мелдеште жакшы жыйынтык көрсөтүп, Бразилияга 4 лицензия жеңип алышты.



«БИРИНЧИ МАКСАТ – БРАЗИЛИЯГА ЖОЛДОМО»
Мелдешке өлкөнүн мыкты балбандары катышып, жыйынтыгында грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов, эркин күрөштө Магомед Мусаев, ал эми кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова керекке жарашты. Бул балбандарыбыз «Рио-де-Жанейро-2016» оюндарына лицензия ала алышты. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев бир катар суроолорго жооп берди.

– Астана шаарында болуп өткөн мелдеште кыргыз балбандары олжолуу кайтышты. Дегеле мелдеш кандай өттү?
– Бул мелдешке катышуунун биринчи максаты – Олимпиадага жолдомо алуу эле. Буга чейин Сочи шаарында 2 жума машыгуу сборун өткөргөнбүз. Силер билгендей эле 52 килограмм салмак категориясында Арсен Эралиев улуттук курам үчүн Лас-Вегаста Олимпиада оюндарына алгачкы жолдомону уткан. Андыктан бул мелдешке лицензия алынган салмак категориясында эч ким катышкан жок. Астанада өткөн мелдешке грек-рим күрөшү боюнча курамда 5, эркин күрөштө 6 жана кыз-келиндер арасында 2 спортчу катышты. Өткөндө Азия чемпиондугунан келгенде Астанадан 2 медаль алабыз деп божомолдоп койдук эле. Ошондо 3 же андан көптү айтсак болмок экен (күлүп), Казакстанда грек-рим балбандары оозго ала бергендей эки жолдомого ээ болдук.

– Мелдеште өзгөчөлөнгөн жана чечүүчү беттеште утулуп калган балбандар болду. Спортчулар сиз койгон талаптарды толугу менен аткарыштыбы?
– Лондондо өткөн Олимпиада оюндарында көпчүлүк байгелүү орундарды дал ушул Азия чөлкөмүнүн өкүлдөрү ээлеген. Астанадагы мелдешке бир канча Олимпиада жана Дүйнө чемпиондору катышты. Алар менен тең тайлашуу оңойго турган жок. Мелдештин алгачкы күнүндө эң аксакал балбаныбыз Жанарбек Кенжеев 85 килограмм салмак категориясында күмүш медаль тагынуу менен бирге Рио-де-Жанейрого жолдомо алды. Ошондой эле Мурат Рамонов (130 кг) да күмүш утуп, кыргыз желегин Бразилияда желбиретет. Роман Царев алгачкы беттеште эле уттуруп жиберсе, Атабек Азисбеков менен Үзүр Жусупбеков жаштык кылып коюшту. Командалык жактан алып караганда 2 жолдомо алганыбыз сүйүнтөт, себеби күчтүү делген ири өлкөлөр бирден гана жолдомо алышты. Ошол эле ирандыктар, үй ээлери болгон казактар жана Япониянын грек-рим балбандарынан бирөөсү гана байгелүү орунга илиништи.

– Балбандардын бара-бара ийгиликке жетип жатканы байкалат. Дүйнө чемпиондугунда бир гана спортчу ийгилик жаратса, жарым жылдан соң Азия биринчилиги олуттуу жеңиштер менен коштолду. Астанадагы көрсөткүчтөр да жаман болгон жок...
– Машыктыруучулук милдет бир Олимпиадалык циклди камтыйт. Спортчуларды чечүүчү беттештерге даярдоо, калыбына келтирүү бир гана машыктыруучу эмес, команданын жумушу. Олимпиадага даярдоо борбору, күрөш федерациялары жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин команда болуп иштегендигинин жыйынтыктары эми көрүнүп жатат. Албетте, олуттуу мелдештерде ар бир майда-чүйдө факторлорго да маани берүү керек. Мисалы, мелдештерде спортчулардын жанында ага машыктыруучу жана дарыгердин болуусу керек. Астанада ага машыктыруучу Азат Эркинбаев балбандарга күнү-түнү жөлөк болуп жүрдү. Жолдомолор жөндөн-жөн эле келип калбайт, жылдап даярданган машыгуулардын эмгеги. Муну менен эле чектелбейбиз, Олимпиададан медаль тагынышыбыз керек.

– Олимпиадага дагы жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү барбы?
– Алдыда лицензия алчу эки мелдеш бар. Бири 21-24-апрель күндөрү Улан-Батордо өтсө, экинчиси 6-8-майда Стамбулда өтөт. Ага Олимпиадага жолдомо ала элек балбандар катышышат. Монголияда өтчү мелдешке барчу курам алдын ала чечилген. Кайрат Түгөлбаев (66 кг), Самат Шырдаков (75 кг) жана Үзүр Жусупбеков (98 кг) катышат. 75 килограмм салмакта 3 мыкты балбаныбыз бар. Атабек Азисбеков Астанага барды, эми Самат Шырдаков Монголияга барат. Ал эми Данияр Көбөнөв Стамбулда өз күчүн сынап көрмөкчү.

БРАЗИЛИЯДА КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН КӨТӨРЧҮЛӨР

Жанарбек Кенжеев (85 кг):
– Көптөгөн ири мелдештерге катышсам да, Олимпиадага катышып көрө элек элем. Улуттук курамдан алгачкысы болуп мен чыгып, жаштарга үлгү көрсөтө алдым окшойт. Бишкектен аттанарда эле ишеним чоң болчу, жыйынтыгы мен ойлогондой болду.





Магомед Мусаев (96 кг):
– Акыркы мелдештердин көпчүлүгүндө чечүүчү беттешке чыгып, бирок утулуп кала берчүмүн. Ошондуктан түрдүү сындарды да угуп калдым. Мында болсо психологиялык жактан да даярданып утуп алдым деп ойлойм. Бул жеңиш меники эле эмес, Кыргызстандыкы!






Мурат Рамонов (130 кг):
– 4 жыл мурун "Лондон-2012ге" барчу мелдеште өзбек балбаны Муминжон Абдуллаевге утулуп калгам. Быйыл да аны менен чечүүчү беттеште кез келдим, бул сапар жолдомону колдон чыгарууга болбойт эле. Эсеп 4:0. Лицензия меники!






Айсулуу Тыныбекова (58 кг):
– Жарым финалдык беттеш бүтөрүнө 30 секундадай гана убакыт калганда 7:3 эсебинде атаандашым алдыда болчу. Азыр же эч качан... Бир чечүүчү ыкма жана жолдомо меники. Финалдык ышкырыкка чейин эсепти өзгөртүп, жолдомо мага буюрду. Кубанычымда чек жок эле...

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



Канатбек Бегалиев: "Балбандарга 5 олимпиадалык жолдомо чек эмес"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
Медиа-портал
26.03.2016. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иигилик аллах куч кубат берсин.
SUPER.KG видео
26.03.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Утабыз! Кыргызстанга жениш алып келишет! Азамат озу красафчик байке! Сыйлайм мен!
28.03.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы бир жылы Айсулуу бир кечеге катышып калды. Баарыбыз телевизордон анын суйлогонун карап отурсак кичинекей балам "оногу бала койнок кийип алыптырго" деп боорубузду эзген эле.
Албетте Айсулууга мындан да чон ийгиликтерди каалайм.
28.03.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бразилияданда ийгилик менен кайтышсын куда кааласа.
28.03.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыңар!Кыргызды дүйнөгө тааныта бергиле,ИЙГИЛИК!!!.
29.03.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакиевдин убагында спортко жакшы конул бурула баштады эле. Азыркы бийлик аман эле болсун.
31.03.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныбек Жолчубеков,Руслан Туменбаевтер эмнеге барбады Астанага ким билет????????
SUPER.KG видео
04.04.2016. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы Кудайым колдосун
16.04.2016. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iigilik baarynarga
08.05.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо грек рим курошундо 52кг деген салмак жок,ал эми атабек азизбеков жаштык кылып койду деген болбогон соз анын лицензиясын сатылма судья алып койду утуп аткан жерден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: