МИНИСТРДИН КАНЫНЫН АНАЛИЗИ АР ТҮРДҮҮ ЧЫКТЫ. ЭЛ ДАРТТЫ АНЫКТОО ЛАБОРАТОРИЯЛАРЫНЫН КАЙСЫНЫСЫНА ИШЕНЕТ?

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж


Жакында эле кан анализин бир нече лабораторияда текшерткен саламаттыкты сактоо министри колуна түрдүү жыйынтыктарды алды. Бул кадамга министр лабораториялардын тейлөөсүн жакшыртуу, жоопкерчилигин билүү максатында барганын билдирди. Ал эми карапайым калк болсо мурдатан бери эле медицина жаатындагы бул көйгөйлөргө кабылып келет. Эл кимге ишенет? Бул көйгөйдү министрлик жөнгө сала албайбы? Алдыда ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз.

«ЖЕКЕ ЛАБОРАТОРИЯЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮГӨ УКУГУБУЗ ЖОК»
Биз алгач саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге жолугуп, окуяны өз оозунан уктук:
– Өткөн жылы биздин министрлик 100 оорулууну Түркияга квота боюнча жөнөтүп жатканда 2 маселеге туш болдук. Биринчиси – көп тестирлөө ыкмалары Кыргызстанда жок экен. Биздин жарандардын көпчүлүгү, айрыкча бөйрөгү ооругандар кошуна Казакстанга барып тестирлөөдөн өтүп, көп каражат коротушат. Экинчиси – айрым жыйынтыктар туура эмес чыгат. Мисалы, өзүмдүн эле таанышым бул жактан тестирлөөдөн өтүп, чет мамлекеттен дарыланууга көп каражат коротуп барып текшерилсе, оорулуу эмес болуп чыгат.
Мыйзам боюнча биздеги жеке менчик лабораториялар, клиникалар атайын ишкер деген категорияга кирип калып, Саламаттыкты сактоо министрлигинен лицензия алышат, бирок биздин аларды текшерүүгө укугубуз жок. Эгер бирөөлөр даттанып келишсе, биз менчик клиникаларга 10 күн мурун алдын ала «даярданып тургула, биз силерди 10 күндөн кийин текшеребиз» дегендей кат жөнөтүшүбүз керек. Бул мыйзам туура эле, ишкерлерди кайра-кайра текшерүүгө ала берген болбойт, бирок бир чети жеке лабораториялар же клиникалар каалагандай иш алып барып жаткандары тууралуу жарандарыбыз доомат менен кайрылышат. Ошол себептен мен өзүм текшерип көрөйүн деп канымды тапшырып, 5 мамлекеттик жана 5 менчик лабораторияга аты-жөнүмдү жазбай жөнөттүк. Жалпылап айтканда, алардын жыйынтыктары окшош эле болду, бирок үчөөсүнүн жыйынтыгында карама-каршы айырмачылыктар чыкты. Мисалы, алардын бири «каныңда кант көп», экинчиси «богок менен ооруйсуң», үчүнчүсү «бооруң ооруйт» деген жыйынтык чыгарышты. Мындай жыйынтыктан кийин аркасынан көп анализден өтүш керек болот. Негизинен ар бир лабораториянын көрсөткүчтөрү 100 пайыз бирдей болбойт. Бирок дүйнөлүк стандартта ар бир лабораториянын жыйынтыгындагы айырмачылыктар 10-15 пайыздан ашпаш керек.
Ар ким эле акчасы болсо лицензия алып лаборатория ачып өзү билгендей иштебеши керек. Анткени бул ашкана, фабрика же айыл чарба тармагы эмес, бул элибиздин ден соолугу.

«КИМГЕ ИШЕНЕРИМДИ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ»
Анализи ар түрдүү чыгып жаткандардын бири Нурбек Каналбек уулу өз башынан өткөн окуяны төмөндөгүдөй баяндап берди:
– Былтыр күздө бөйрөгүм ооруганынан Таластагы жеке менчик дартты аныктоо борборуна барып урологго текшерилдим. Кан тапшырып, тестирлөөдөн өткөргөн соң «оң бөйрөктө шишик бар экен» деди. Бир сыйра дарылансам басылып калган. 1-2 ай өтпөй кайра ооруп баштады. Анан Бишкекке келип Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна текшерилсем «сол бөйрөгүңдө шишик бар» дешти. «Таластан оң бөйрөктө дешти го» десем, «анда бул жакка барсаң так аныктап беришет» деп бир жеке менчик клиникага жиберишти. Ал жакка барсам канды текшерүү эле 3 миң сом экен. Алар «оң бөйрөгүңдө» дешти. Андан соң Республикалык дартты аныктоо борборуна келип текшерүүдөн өтсөм «шишик сол бөйрөгүңдө» дешти. Эми булардын кимисине ишенеримди билбей башым каткан учурум. Ары-бери чуркап убактым дагы, акчам дагы короп жатат.



«10 МИҢ СОМГО АЛДАП КЕТИШТИ»
Биз Республикалык дартты аныктоо борборуна барып, ал жерден Юлия Сайлоубаева аттуу Казакстандын жаранына жолугуп калдык. Ал билбестиктин айынан жеке менчик дарт аныктоо борборлорунун бирине барып текшерилип, алданып калгандыгын айтып өттү:
– Былтыр август айында Бишкекке келип, Жал кичи районундагы балдар ооруканасына кызымды дарылатып кеткен элем. Дарыгерлердин мамилеси, кыргыз элинин меймандостугу жаккан. Менин бетимдин териси да бузулуп кеткен. Казакстандагы дарыгерлерге кайрылсам аллергия дешип, 3 жыл дарылансам да айыкпай койгон. Бишкекке келип текшертип кетүүнү туура көрүп, быйыл дагы келгенбиз. Республикалык дартты аныктоо борборунун жанынан аялдар жолугуп, колубузга 1 баракча карматышып, анан бизди «бул жакта жаман дарылашат, башка жакта жакшы жеке клиника бар» деп бир көп кабаттуу үйдүн алдына жайгашкан кеңсеге ээрчитип барышты. Ал жактан текшерүүдөн өтсөм жыйынтыгында «грыжаң бар экен, бетиңдин терисинин оорусу күчөп кетиши мүмкүн» деп толтура дарыларды жазып беришкенинен 10 миң сомго дары сатып алдык. Кайра Республикалык дартты аныктоо борборуна келсем жакшы кабыл алышып, дартымды туура аныктап беришти. Көрсө, менин бетим бет кенеси деген оору менен жабыркайт экен.



«ШЫЛУУНДАРДЫ ТЫЯ АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ»
Республикалык дартты аныктоо борборунун бөлүм башчысы Өмүрбек Дүйшөмбиев жогорудагы каарманыбызга окшоп шылуундардын кылтагына илингендер көп экенин айтат:
– Биздин борбордон текшерүүдөн өтүш үчүн республиканын булуң-бурчунан, коңшу өлкөдөн жарандар келишет. Эшиктин алдында колуна баракчаларды кармап жүргөн кишилер дартын аныктоого келе жаткандарды кирери менен эле колунан кармап, «бул жактын аппараттары эскирген» деп өздөрүнүн кеңсесине жетелеп кетет экен. Өздөрүнүн компьютерине жөн эле 2 зымды туташтырып кардарларынын колуна байлап, «сен грыжа экенсиң, бөйрөгүң ооруйт экен» деген сыяктуу толтура ооруларды жазып берип, кайра аларга өздөрүнүн дарыларын кымбат сатышат.
Былтыр мындай бир окуя болгон. Таластан бир кишини кызы бул жакка алып келе жатса, эшиктин алдынан тигилер тосуп алып кетишет да, текшерип бүтүшкөн соң «сенин ичеги-карыныңда курт бар экен» деп 8 миң сомго дары сатышыптыр. «Ушул дарыны ичип үйдө жата бергиле, анан 10 күндөн кийин кайра бул жакка келгиле» деп коюшуптур. Ал киши ишенип дарыны ичип жата берет. Көп узабай боору чоңоюп, көздөрү саргарып кеткенинен ооруканага барышса сарык болуп чыгат. Анан жандандыруу бөлүмүнө жатып калыптыр. Кызы келип тигилерди издеп жүргөн. Ал эми атасы эмне болгонун билбейм.
Ал кишилер, мындайча айтканда, элдин ден соолугу менен ойногон шылуундар да. Дипломдору да жок. Бул көрүнүштү кантип токтотуп, кандай чара көрөрүбүздү да билбей калдык. Атайын эшиктин алдына «шылуундарга ишенбегиле» деп да эскертүү жазып койдук. Эшиктин алдына видео көзөмөл да койдук. Ал жактан баары көрүнөт да, кишилер алыстан келатканда эле сүйрөп кетип жатышат. Биздин жетекчилик деле бул боюнча көп жерлерге кайрылды. Милиция кызматкерлери келип кубалашса да кетишпейт.

«АК ХАЛАТЧАНДАРГА» АЛДАНГАНДАР КӨП
Биз андан соң Республикалык дартты аныктоо борборунун алдында турушкан жеке менчик лабораториялардын «жарнама бөлүмүнүн кызматкерлерине» жолуктук. Биздин журналист экенибизди билбеген алардын бири ымандай сырын ачты. "Текшерүүдөн өтүү акысы 1000-1200 сом. Кардар ээрчитип барган киши ошол акчанын 30 пайызын, андан тышкары эгер кардар дары-дармек сатып алса анын 20 пайызын алабыз" дешти. Андан соң калп эле кардар болуп койсок, бир аял бизди Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кычык-пычык аркылуу ээрчитип барды. Тилекке каршы, ал жакта иштеп жатышкан «ак халатчандар» биздин фотоаппарат менен камерабызды көргөндө эшигин бекитип, ачпай коюшту.
Мына, окурман, учурдагы медицина жаатынын абалы ушундай баш аламан. Дартын аныктоодо кимисине ишенерин карапайым калк эмес, министр өзү да билбей, аң-таң. Ал эми өзүм билемдик менен иш алып барып жаткан жеке менчик медициналык борборлорду көзөмөлгө ала албаган өкмөттө күнөөбү же шылуундарга алданып жаткан өзүбүздө күнөөбү? Жеке менчик медициналык клиникалардын көпчүлүгү бийликте отургандардын бизнеси экени жашыруун эмес. Андыктан министрдин изги тилеги ишке ашар бекен?..

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

  • Учурда Кыргызстанда 300дөй клиникалык-диагностикалык лаборатория бар. Мунун 67си жеке менчик. Алардын ичинен 80дейи Бишкек шаарында жайгашкан.
  • Статистикага таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 10,7 миллионго жакын медициналык анализ жүргүзүлөт.
  • Кыргызстандагы диагностикалык борборлордун тейлөө акысы 50 сомдон 65 000 сомго чейин барат.
  • Кан анализдерин алуу иштерине өлкө казынасынан жылына 3,2 миллион АКШ доллар каражат бөлүнөт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Дени сак адамдарды оорулуу кылган лабораториялардын кайсынысына ишенүүгө болот?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(38)
Медиа-портал
16.04.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Урматту кыргыз элим.Интермедикал деген мед центрге жолобогула.Мага узи кылып срочно бугундон калбай операцияга жатышын керек киста бар деди эле.Кудайга шугур кистасы жок эле аман эсн журом.
Медиа-портал
20.04.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
vangolu,мени дагы ошентишкен да башка узиге тушсом кистасы жок эле бир эле жакшына экем
Медиа-портал
16.04.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
биздин бир эжекебизге гинеколог гепатит с жугузуп салган(((( эжеси жок калдык. канча жанталашып чуркап журду(((
18.04.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дарттын диагнозун туура эмес коюшуп туура эмес дарыларды жазып беришет.
Туура эмес дарыланып оорубаган жерлеринди оорутасын.
Бизде врачтарга ишенуу мен учун абдан кыйын.
услуганы ар бир врач озу каалаган бааны коюп акча алат,
атайымамлекеттен кайсы ооруну канча сомго дарыланар тарифи менен чыккан баасы болуш керек да, бул озум билем отугумду торго илем дегендик
22.04.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министрликтен атайын белгиленген баа менен приакзы бар. Ар бир эшикте илинип турат. Менин кабинетимде кире беришке илип койгом.
Бирок баары бекер болуш керек деген ойдон да алыс болуш керек. Врачтын да уйбулосу бала чакасы бар. Ыраазы болуп корсоткон жардамына жараша акча толоп койсо, эки тарап тен жакшы ойдо калышат.
23.04.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_3, Эхх ошол алган акчасына жараша туура, так диагноз коюп дарыласа кана эми. Акчаны берип эле жатабыз жыйынтык жок! Жакында досумдун апасы Кр боорун текшертип туура эмес дарыланып журуптур. РФ келип башынан текшеруудон отсо такыр башка болуп чыкты. Ушундайга эмне дейстер эми!?
24.04.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын , беш кол тен эмес. Менде промах боло элек, Кудай буйруса болбой эле койсун.

кээ бир учурда бир оруу биринчи аныкталып, аны дарылатып журуп, бир канча убакыттан кийин экинчи оруусу аныкталып калган учурлар да болот.
18.04.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азыр лабор-р коп,бирок акчасы да кымбат.Акчасын козомолго алышса.Анализ туура эмес чыккандарга акчасын кайтарып беришсин.Карапайым калкты кыйнабай.
18.04.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
gulkar,ошо да умуттонуп ушуларга барасын, анализим кандай чыгаар экен деп, очойгон акчаны алып алып булары алдайт, карапайым элдерге эле кыйын болду го.
22.04.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulkar, тийиштуу органдарга арыз жазып кайрылыш керек. Кадимки товар алып , ал брак болуп калып , акчасын кайтарып алгандай эле.
18.04.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыр кимге ишенээринди билбейсин!! Мындан 2-3жыл Бишкектин эле беделдуу лабораториялары гепатиттин оор туру деп анализ чыгарып беришкен кайра мам.к ооруканадан таза чыкты неге алдашат тушунуксуз
18.04.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эптеп акча тапмай болуп калды го,менин кызым торолоордо контрольный узиге тушсом баланын омурткасында дефект бар деп канча нерв кетип,эртеси кайра тушсом баары жайында дейт башка узиде азыр кызым чуркап эле журот,билимсиздер отурат частныйларда,бирок так айткандары да бар
18.04.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ооруканага 1жерин ооруп барсан 100 жеринди оорулуу кылат ошондуктан ооруну алдын алып жеке гигиена кунумдук гимнастика, жана туура тамактануу жана кудайдан калбоо керек.
18.04.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кокрас менин койгойум экен 2012жылы росс.н келип ошко бир клиникага барсам ал жерден серца парок экенсин срочно операция деди боюмда 8 айлык болчу Коркконубуздан бишкеке келип текшертсек таза чыкты окунучтуусу расходтон сырткары операция жолу менен торогонум себебин картанда парок деп жазылганынан болду дешти...
18.04.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин бир таанышым кош бойлуу болуп Узиге тушсо, миома бар операция жасаш керек деп направление жазып беришкен. Ыйлап кыжаалат болуп барса, эч кандай миома жок, "беременность 12 недель" деп направлениесине бадырайтып жазып кайра жоноткон. Азыр кызы чоноюп жугуруп журот.
19.04.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин иним былтыр армияга кетеерде текшерилсе озуно айтпай ата эненди чакыр дешиптир мамам барса журогундо тешик бар экен копко жашабайт дешиптир аны угуп алып мен куну туну ыйлап. Иним болсо башка жака корунсо таптаза эле экен. Азыр кудайга шугур армияда кызматын отоп атат.
19.04.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
диагностикалык борборго барсам алдыман бир аял тосуп алып азгырып баштаган биякка кирбей эле жүрү деп бир кагаздарын көрсөтүп..
19.04.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ Green Clinic жонундо да маалымат берсениздер, алдын ала рахмат
19.04.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balzak, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат.
20.04.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Откон жылы менин жолдошум ооруп мамлекеттик лаб.га анализ тапшырса гепатит в деп чыкты. Биз аябай переживать этип ыйлап жаман болгом. Кийин Бишкеке анализдерин жиберсе отрицательный чыкты, угуп алып аябай суйунуп ден соолук биринчи байлык экенин тушунуп алдык. ))
20.04.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
врачтар корбойт азыр,бар анали тапшыр дешет.даже карап да койбойт
22.04.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DUNI, Кээ бир ооруларды анализи жок корууго мумкун эмес. Такыр анализы жок бакшы же жогоруда жазылган шылуундар корот . Ооруган жеринизди тактап кетсениз, мумкун жардамым тийип калат.
20.04.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх, ошондой болуп, мага коюлган диагноз ката чыгып калган болсо кана...
22.04.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
december, Каериниз ооруйт ?
Медиа-портал
21.04.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лаборатория,Экиспертиза ишчилерине акча берсен сен айткан диагнозду чгарып беришет.
21.04.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 5 жолу узиге тушсом Ой соонун соп соо экенсин дешти эле! Акыры ичим ооруп чыдабай барсам кистам жарылып кетиптир.
22.04.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Т.Батыралиевдин каны коп го... 10 клиникага тапшырганына краганда ))
22.04.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээ бир учурларда бир жерден киста бар деп чыкса (фолликулярная киста) , экинчи жерге барып тушкондо жок болуп чыгышы мумкун. Себеби озу жарылып , кайра бир тп убакыттан кийин пайда болуп калат.
Же бул жерин ооруу экен деп дарылап , башка жерге барып текшерилсе таза дейт. Себеби дарылоонун негизинде айыгып кетиши толук мумкун.
Азыр кээ бир врачтарда да бет калбады. Келген оорулууга бул жерди туура эмес кылыптыр . же туура эмес дары жазыптыр деп оной эле мурдагы врачты куноолуу кылып коет
23.04.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен дагы былтыр Бишкеке барып мен мен деген жеке клиникаларга текшерилдим. Ар кандай диагноздорду коюшту лечение жазышты.стоматологияга дагы тиштеримди ондоттум.Россияга келгенде тиштерим бир айдан кийин ооруп,салып берген кымбат керамикалары тушуп калды.Бул жактан ондоттум ,силерде адам олтуруу оной турбайбы дешти орус врачтары.андан кийин опко, журок кайрадан текшерилсем такыр башка таптаза баары деген диагноздор бул жактын эки клиникасынан чыкты.Кыргызстанда мындай сабатсыздык окундурот.
23.04.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарт аныктоо болумдору жана стоматология болуму жакынкы жылдары толук жеке менчике отот экен деп уктум эле.
24.04.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gaika,азыр кыргыз эли бул нерсеге даяр эмес. Бизде дагы да болсо баары бекер болуш керек деген тушунук бар, союздан калган.
Менимче Грузияда ушундай беле , же жанылышып жатамбы.
24.04.2016. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы! Мен да айта кетейин республикансий урологияда талант деген 40-45 жаштагы врач жок ооруну эле ушул жерин ооруйт экен деп аябай кымбат дарыларды 1000$ жаздырып кээ бирлерин 3жумада 1 алчу кучтуу дарылар анын арасында отделенияга гум помошко келген свеч дагы бир канча даарысын сатып дарылыгын ал дарыларды ылгандан кийин мен кайра кату ооруй баштаганымдан даарыларын токтотуп салдым кызыгы оорум жок болуп калды.Мен Жалалабатка келип Тайгараевтеги уролог Жоомарт байкеге Алла ыраазы
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-25 11:22:08
24.04.2016. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Жалалабатка келип Тайгараевтеги уролог Жоомарт байкеге Алла ыраазы болсун текшерип туруп эле эч кандай даары алба баары жакшы экен деп настроениямды которуп койду Аллага шугур баары жакшырахмат чоон Жоомарт байке!!!
P.S. Айтмакчы тиги талант еще учениги нурбек экоосу дарылыгыан учун канча акча сурашкан )) стройканы билесин да дейт кирпичтин баасы канча болсо ошончого курушат демек сен да даарын канча сом болсо ошончо бересин дешкен да. Иншалла жазанарды аласынар силер да 2010 жылы болгон
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-25 11:22:53
25.04.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rusmaximus, баш тамгаларды эрежеге ылайык колдонуңуз!
25.04.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5 кол тен эмес. Ак халатчандарды жамандаган болбойт достор. Эн жакшы деген врачтарыбыз бар КЫРГЫЗ элибизде.
25.04.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыр айылдан атам келиптир дарыланам деп. Так ошол сөз болуп жаткан дартты аныктоо борборунун алдындагы шылуундарга жолугуп калып жүрү кызым арзан экен дейт. Жок ата буларга такыр ишенбениз деп айтып клиникага киргизип кеткем. Азыр атам Кудайга шүгүр оорубай эле жүрөт.
25.04.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_3, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
24.06.2016. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйунсун дагы министр ондогон туура эмес жыйынтык алганына. Беш миллион болбогунуна
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: