Үч адамды бычактаган окуя 12 жашар баланын көзү менен: “ӨЛҮМГӨ ДАЯРДАНГЫЛА!”

№705 6-май-12-май, 2016-ж


29-апрель таңменен Бишкекти жүрөк титиреткен кабар чочутту. Төрөкул Айтматов атындагы булуң-буйткасы көп, белчеден ылайга баткан кунарсыз көчөдөгү үйлөрдүн биринин короосу адам канына боёлду.

“ШЕКТҮҮНҮН КИЙИМИ КАН, ӨЗҮ МАС АБАЛЫНДА КОЛГО ТҮШТҮ”

Окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Олжобай Казабаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
- 29-апрелде маалымат түшөрү менен Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин ыкчам тобу ал дарекке барган. Короодон бутунан жаракат алган болжол менен 26-27 жаштагы кызды көрүшүп, “Тез жардам” кызматын чакырышкан. Бирок кызды сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Себеби ал алган жаракаттан көп кан жоготуп койгон. Ал эми үйүнө киргенде оңжак колтугунун алдынан алган жаракаттан көз жумган аялды жана жаш кызды табышкан. Окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-пункту (эки же андан ашык адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү ЧоңЧүй каналынын жанынан кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Нарын облусунун Руслан аттуу тургуну кармалган. Ошол маалда ал мас абалда жана кийип турган кийими, бут кийими кан болгон. Шектүүнүн жанынан далил буюм катары ашкана бычагы табылды. Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кылмышка мастыгынан улам барганын айтууда.
Каза болгон Венера Матмырзаева сиңдиси Алтынай жана кызы Нуржанат менен чыгыш унаа бекеттин аймагындагы ашканалардын биринде иштешкен. Ал эми шектүү Руслан ошол эле аймакта наабайканада иштечү экен. 28-апрель күнү ал кызуу абалда Нуржанат менен сүйлөшүү үчүн келген. Бирок мас жигитти үйгө киргизбей Нуржанаттын апасы Венера Матмырзаева кетирип жиберет. Ачууланган шектүү жумушуна барып дагы ичимдик ичип, ал жактан эки бычак алып, Матмырзаевалардын батирине келет. Ошол учурда үйдө 1975-жылы туулган Венера Матмырзаева, анын 1989-жылы туулган Алтынай аттуу сиңдиси, Венеранын 1997-жылы туулган Нуржанат жана 12 жаштагы уулу менен Алтынайдын 2 жаштагы кызы болгон. Бактыга жараша, кылмышка шектүү балдарга тийген эмес. Свердлов РИИБинин кызматкерлери кичинекей кызды атасына, ал эми 12 жаштагы баланы таякесине өткөрүп беришти. Тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү болсо СИЗОго киргизилген.

Батирдин короосунан үйүнүн ичине чейин канга боёлгон.

“ЖЭЭНИМ СҮЙЛӨШПӨЙ КОЙСО АРДАНГАН ОКШОЙТ”
Маркум Венера Матмырзаеванын бир тууганы Топчубек Матмырзаев “Русланды жакшы тааныйм, ал бизге ушундай кыянаттык жасайт деп ойлогон эмесмин” дейт:
- Руслан Шайыковду 8 жылдан бери тааныйм. Эжем Венера, карындашым Алтынай жана Руслан болуп 2006-жылдан бери токоч жасоочу цехте чогуу иштешчү. Жайкысын мен да бир туугандарыма кол кабыш кылып иштеп келчүмүн. Ошондо Руслан менен жакшы мамиледе болуп калгам. Ал менин бир туугандарым менен көп жылдан бери тааныш болгондуктан кээде эжемди “апа” деп, карындашым менен жээним Нуржанатты “бир тууган карындашымдай көрөм” деп калчу. Анткени Русландын ата-энеси жок. Мен аны мындай ишке барат деп ойлогон эмесмин. Эжем Венера өзү мага эч нерсе деп айткан эмес, угушумча, Нуржанат менен Руслан сүйлөшөм деп жүрчү экен. Балким, кыз мамиле түзүүгө макулдугун бербей койгону үчүн ушундай ишке барганбы деп жатам. Жээним сүйлөшпөй койсо арданган окшойт. Нуржанат ЖОЖдордун биринде 1-курста окучу. Ал абдан жакшы окуган, таланттуу кыз болчу. Жакын арада окуусу боюнча Кытайга барып келет деп айтып жатышкан. Бирок акча каражаты жок болгондуктан апасы жибере албай жүргөн. Ал эми Венера эжем жолдошу менен ажырашып жүргөнүнө көп болду. Күйөөсү ичип, үй-бүлөсүн таштап кеткендиктен 12 жаштагы уулу менен кызы Нуржанат, дагы бир карындашым болуп Бишкекте иштеп жүрүшчү.


Шектүүнүн жанынан далил буюм катары кан болгон бычак табылды.

“12 ЖАШТАГЫ ЖЭЭНИБИЗ АПАСЫ МЕНЕН ЭЖЕСИН БЫЧАКТАГАНЫНА КҮБӨ БОЛГОН”
Кылмышка шектүү Руслан менен наабайканада чогуу иштеген маркумдардын бир тууганы Жеңишбек Матмырзаевге да кайрылып, жооп алдык:

- Окуя түнкү саат 12лерде болсо керек. Ага чейин Руслан спирт ичимдиктерин ичип алып тынч жатып калбай ары-бери басып жүргөн. Иш көп болгондуктан биз цехке түнөп иштейбиз. Русланды “жат” деп чечинтип жаткырган болчубуз. Бир убакта туруп, тамеки чегип келем деп сыртка чыгып кеткен. Көрсө, чыгып эжемдердин үйүнө барыптыр. Болжол менен саат 1лерде эжем Венеранын 12 жаштагы баласы жылаңаяк чуркап келип, “Руслан байке, апам менен эжемди бычактап салды”,-деди. Ал Русландын апасы менен таежесин бычактаганына күбө болуп, анан качып чыгыптыр. Шашып эжемдердин үйүнө барсам кире бериште карындашым Алтынай кансырап жатыптыр. Аны көтөрүп алып эски унаа бекеттин кароолчусуна барып жардам сурадым. Кошуналарынын эшиктерин каккыласам бирөө да ачпай койду. Кире бериштин баары кан. Ичкери кирсем эжем Венера менен кызы Нуржанаттын денеси эчак эле муздап калыптыр. 12 жашар жээнимдин айтымында, Руслан биринчи эшикти тыкылдатыптыр. Үйдөгүлөр ачпай койсо каалганы талкалап кирип, “өлүмгө даярдангыла!” деп кыйкырыптыр. Дароо эле Нуржанатка “ушунун баарына сен күнөөлүүсүң!” деп бычак шилтегенде Венера эжем кызын коргоп арачыга түшүптүр. Биринчи апасын, андан соңНуржанатты бычактап жатканда Алтынай баланы тургузуп мага жибериптир. Ошол маалда тиги канкор Алтынайга да асылып, аны бутка сайыптыр. Алтынай жардам сураганы эшикке качып чыгып, бирок үйдө уктап жаткан 2 жаштагы кызын ойлоп кайра кирген экен. Ошол маалда Руслан экөөнү бычактап бүтүп, Алтынайга да оор жаракат келтирген. Бактыга жараша, Алтынайдын кызына тийген эмес. Ошентип бир күндө 2 бир тууганыбыздан, жээнибизден айрылып отуруп калдык. Биз 5 кыз, 3 уул бир тууган элек. Эжем менен карындашым бизди таштап кете берди.


Кылмышка шектүү кылган ишине аракты шылтоолоп жаткан чагы.

КОШУНАЛАРЫ “ЭЧ НЕРСЕ УККАН ЭМЕСПИЗ” ДЕШЕТ
Маркумдардын бир тууганы Жеңишбек Матмырзаев билдиргендей, түн ичинде кошуналардан жардам сурап эшиктерин каккылаганда эч ким ачкан эмес. Ал эми кошунасы Гүлбара Асанкулова “түн ичинде эч нерсе уккан
жокпуз” дейт:
- Милиция кызматкерлери келип, киши өлтүрүү болгонун айтышты. Түндө тынч эле болчу, эч кандай ызы-чуу деле уккан эмеспиз. Бул жакта батирге ар ким келип жашап кетип, бат-бат алмаша бергендиктен бири-бирибизди жакшы деле тааныбайбыз. Бирок ушул үй-бүлө узак мөөнөттөн бери жашап келишкен. Каза болгондордун үйүнөн 18-19 жаштардагы жоолук оронгон кыз биздин короодон келип суу алып, “сиздерде электр жарыгы өчкөн жокпу?” деп сурап калчу. Башка алакабыз деле жок болчу. Балам эртеңменен келип милиция кызматкерлери жүргөнүн көрүп, анан “түндө ушул тараптан жаш баланын ыйлаган үнү чыгып жаткан” деди. Окуяга күбө болбогондуктан укук коргоо кызматкерлерине деле мындан башка көрсөтмө бере албадык.
Үч тууганынан айрылып мүңкүрөп турган бир туугандары менен сүйлөшүү биз үчүн абдан оор болду. Боор этинин жартысын жоготкон каармандарыбыз кандай абалда турганын сиз да сезип турсаңыз керек, окурман.



3 адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран сүйлөшкөн кызын апасы жолуктурбай койгону үчүн бычактап салган

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(42)
Медиа-портал
30.04.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
ХХХ ХХХ конечно 32де болсо ким эле 19жаштагы жаш кызын бргиси келсин, акылы бар адамдын баардыга-против болмок!
Модератор admin_media түзөттү 2016-05-02 09:46:29
Медиа-портал
03.05.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
LadyB, порталдын эрежелерин сактаңыз!
Медиа-портал
19.10.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LadyB,34 то
Медиа-портал
01.05.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ee kudai dei turgan zaman bolup kaldy azyr,bul uch markum Aksynyn Kow Dobo degen aiylynan eken,jatkan jeri jailuu bolsun,tigi mykaachu omur boiu turmodo jazasyn alsa jakwy bolmokko,a bizde kaida deisiner sotko kop summada akcha berse aktap chygaryp koiot da.
Медиа-портал
08.05.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мен 1997 ж. кызды таануучумун,ал менин университетимдин биринчи курсунун окуучусу болчу эле...аябай жакшы кыз болчу,адамгерчиликтуу, кулуп -жайнап турчу...баары менен жакшы суйлошчу...биз ошол кабарды укканда чынында эле ишенген эмеспиз...мен билбейм эмне учун чынында эле болгонун ,баарыбир эч ким деле биле албайт ,мыкаачыны биздин сот жана закон жазасын аткара албайт.Мыкаачынын бир гана АЛЛАХ кыла алат аны,Аллах ,Кудайым ,бааарын корот ,баарын билет...
09.05.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окунучтуу аллахым сабыр берсин туугандарына
09.05.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ээ Аллах эмнелер болуп жатат.Шаарда жашаш коркунучтуу болуп калдыго.Биздин бийбике тан каламда жанагы бачабаздарга деле чара корулгон жокта.Ошолорду олум жазасын киргизиш керек,оздорунун кыздары ошондой болсо анан коздору ачылат.Элим мындай депвьаттардын эмне кереги бар бир мыйзам киргизе албаса
14.05.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mia2991kg,депутаттар мыйзам чыгара албайт олутту деле. Кай жактан акча уурласа болот же Элге кандай салык салсак тущ эле бизге тушот деп баш катырыша
09.05.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
оой шашып жазып депутаттар дегнлем sorry
09.05.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Арак ичип адам олтургондорго Олум жазасын бериш керек , акмак ичип алып жиндиликти кылган силерсинер дагы арака шылтоо кылганы, бироо зордоп ичирсе бир жон .
09.05.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи бизге олум жазасын киргизмейин мындай нерселер улана берет. Милициялардын авторитети кетип буткон. Аларды "мусор" деп эч ким тоготпойт. Оздору ошол абалга жеткирип коюшту.
09.05.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Арак деген жинди суу чыккандан бери канча адамдын өмүрү кыйылды, канча үй-бүлө эки ажырым жолго түштү. Баарына арак күнөлүү! Мусулман өлкөсү болгонубуздан кийин өлкөбүздөн ушул сыяктуу спирттик ичимдиктерге тыюу салып койсок кандай гана жакшы болмок.
09.05.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арак ичпей бале ичкир,канкор 2 баланы өзүнө окшотуп жетим кылдың,кудай жазаңды берсин!

09.05.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх жинди суу эмнеге кана алып барып атат адамдарды жаткан жери жайлуу болсун
09.05.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омур бою соттолот, бирок берки эки жаш баланын тагдыры эмне болоэ?!
09.05.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум жазасын бериш керек эми бул акмакты мамлекет омур бою багат камасада. мамлекетке акча элден салыктан тушот биз кайра эле бул акмактарды багып атабыз
10.05.2016. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журокту оорутат го...кандай гана окунучтуу окуя... Жаткан жерлери жайлуу болсун. Бир туугандарына Кудайым сабр берсин (((
Aigiza25 түзөттү 2016-05-10 03:51:29
10.05.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундан эми эмнени тапты тигил ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-10 15:37:06
10.05.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dilnaz100284, этика нормаларын сактаңыз.
10.05.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу арак ичкен любой адамды жоопко тартыш керек.Ичтиби алып барып камаш керек.Олчойгон штрафты салыш керек.Иштесе иштен айдаш керек.Арак сатууну чыгарууну чектеш керек.Ансыз болбойт.Ичкен адам олум жазасы эмес кудайдан да коркпойт,бироону олтургон сон эмне жаза берсен да олгондун оз шору бойдон кала берет.Ушу арак саткандан кыргыздын тешиги жамалбай эле койсун.Бир грамм ичеби он шише ичеби кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек,кылмыштын булагы ошо болгондон кийин,мумкун болушунча чектеш керек.Арак
Rednalf түзөттү 2016-05-10 11:25:38
10.05.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх канкор десе журогум ооруп кетти. Оло каргап салгым келди шумшук, жексурду.
10.05.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не деген айбанчылык бир туугандарына ото оор болуптур.
10.05.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erniet, janna95, Muhammadnur96, провокация жаратуучу билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
10.05.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайдын законун киргизиш керек.мындайларды ХХХ .турмого отурса буларды тамак менен багыш керек да,олкобуз зыянга учурайт
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-10 17:30:25
10.05.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Il9s, провокация жарата турган билдирүү жазууга тыюу салынган.
16.05.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Il9s,кошулам. Өмүр боюу буларды багып ,андан көрө ошол акчаларды жетим-жесирлерге бериш керек
10.05.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх суроттор страшный го. коруштон коркосун. Аллахым озу сактасын. Мынча мыкаачы болуп баратабыз. баарыбыз олобуз бул жашоодогу эмес аркы дуйнодогу сурактан корккула. Намаз окуш керек ошол учун. Тушунук жок
11.05.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жырткычтан да айырма жок,тооба
12.05.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак саткан акмактар ошо балдардын жетим калышына арак алып саткандар куноолуу.
13.05.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shadykanov, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
13.05.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп жатып жанын атышат.
13.05.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак -ал рак .... Кудайым сактасын.
14.05.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо, Аллах,ыйман бер.
15.05.2016. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу тараза,кандай болгон кундода жазасын берет жараткан дайыма жазалайт,туугандарына Аллах сабырдуулук куч кубат берсин,конул айтам!!!
15.05.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы магазинден ичкен ошол магазиндин эгесин арак сатпа деп айтиш керек
SUPER.KG видео
09.03.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак ичип алып суйлошкон кыздарына кантеп эле бара беришет!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: