|
БАЛАКАЙЛАР ЖОМОКТУН КААРМАНДАРЫНА АЙЛАНЫШТЫ№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Супер-Инфо» гезити 30-май күнү «Асанбай» сейил багында «Бактылуу балалык» аталышындагы акция өткөрдү. Балакайлардын майрамы бир чети ата-энелердин да майрамы болот эмеспи, иш-чарада бөбөктөрдөн өтүп сүйүнгөн ата-энелер көп болду. Самат Эркинбековду кичинекейлер Доорон деп таанышат экен. «Доорон байке менен сүрөткө түшөм» дегендер көп болду. Өз кезегинде Самат балакайларды майрамы менен куттуктап, өнөрлүү балдарды ырдатып, ыр айттырып, белектерди берди.
Концерттик программаны «Ак шоола» балдар хору «Доктур эже» деген чыгармасы менен ачып, майрамга келген кичинекей көрүүчүлөрдү бир сыйра бийлетти.
Кеченин алып баруучусу «Позитифф» командасынын капитаны Актан Рыскелдиев балакайларга табышмак айтып, туура тапкан балдарга балмуздак берип жатты.
Жакут Сыдыков менен Наргиза Айтемирова «Алло» деген ыры менен майрамды көркүнө чыгарды.
Кезек оюндарга келди. Балдар пластилинден жакшы көргөн жаныбарын жасап көрсөтүшү керек болчу. Катышуучулар абдан көп болуп, калыстардын шаштысын алышты.
Жеңүүчүлөр белектерге маарып жаткан учур.
Белек алабыз деп кызыгына кирип алган балдардын минтип отура калып манас айткандары да болду.
«Сүрөт боёо» тапшырмасында бардык катышуучулар өз убагында, сүрөттөгүдөй туура боёгондуктан баарына белектер берилди.
Акциянын шарты боюнча катышуучулар жомоктогу каарманына окшоп же кооз кийинип келиши керек болчу. Майрамга келген катышуучулардын ичинен бул балакайлар мыкты форма кийип келгени үчүн белектер менен сыйланды.
Оюндарга активдүү катышып, бийлеп, ырдап чер жазган балакайлар үйлөрүнө мыкты маанайда тарашты.
Кеченин соңунда атайын акцияга даярданып кооз кийинип келген балакайлар бир нече аттракционго бекер түшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
«Супер-Инфодон» белектер, балмуздак жана таттуулар кичинекейлерди өзгөчө бактылуу кылды.
Балакайлар майрамда жомоктун каармандарына айланышты
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
evidens
![]()
07.06.2016. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо бобокторго иштетилчуу памперстер тууралуу жазсанар
HAPPY.GIRL
![]()
07.06.2016. 12:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
evidens,Супер Инфону кутпой интернеттен карап окуп ал.
admin_superstan
![]()
07.06.2016. 12:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
evidens,саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|