ЫРЧЫНЫН ЖОЛДОШУ 15 ЖЫЛДАН БЕРИ ТӨШӨКТӨ

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж


Акылбек Акматалиев мындан 15 жыл мурун кырсыктап, омурткаларынан жаракат алган. Учурда 53 жашта. Кырсыктан улам белинен ылдыйкы бөлүгү шал болуп, 2 буту баспай калган. Келинчеги Замира Тайлакова жолдошун жонуна көтөрүп, турмуштун арабасын жалгыз өзү сүйрөйт. Жубайлардын бири-бирине болгон сыйы, махабаты, аруу сезимдери эрксизден көзгө жаш алдырып, тагдырын сиздерге жарыялоого түрткү берди.

"ОМУРТКАМ СЫНЫП, ЖҮЛҮНДҮ КЫСЫП КАЛЫПТЫР"

– Үй-бүлөмдү багайын деп Бишкек шаарындагы азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетке жумушка кирдим. Кесибим боюнча электрикмин. Мен кырсыктаган 2002-жылы кызыбыз 1 жарым жашта болчу. Досторумдун бири университеттин жер төлөсүнө машыгуучу зал ачып, ичи ным тарта бергендиктен шамалдап туруучу жабдык коюп бер деген. Аны орнотуп, кирип-чыккандарды көзөмөлдөп турчумун. Ошол күнү түштөнүү учуру болчу. №9-жатаканада үй-бүлөм менен жашачумун. Замира кызымды көтөрүп, терезеден тамактанууга чакырып калды. Мен залды дагы бир карап коёюн деп жер төлөгө кирип кеттим. Ошол жерден тепкичти жаза басып алып эле кыр аркам менен цементтин кырына бир тийдим. Каалга дагы брондолгон, салмактуу болчу. Катуу жабылып, ичинен бекип калды. Мен болсо кыймылдай албай жатып калдым. Турайын десем белим сыздап ооруйт. Алымдын келишинче кыйкыра бердим. 3 сааттай жатып калган экенмин, акыры студенттер үнүмдү угуп калып, жардамга келип алып чыгышты. Досторум да келип, дароо ооруканага жеткизишти. Операция жасоого уруксатты жакын туугандар бериш керек экен, бирок алар Ноокаттан келгиче кеч болуп кетет деп, досторум уруксат кагазына кол коюп беришиптир.
Ошентип аман калдым, бирок жарым жан. 11-омурткам талкаланып, сыныктары жүлүндү кысып калган экен. Кызыма кошуп Замирам мени да баладай кылып багат. Ошол кезде үйдө иштеген эч ким жок, болгон каражаттын баары дары-дармекке кетип аябай кыйналдык. Досторум ар дайым кол кабыш кылып турушту деңизчи, бирок алардан деле тилемчидей болуп кечке сурай албайсың. Жашаган жерибиз болсо университеттин жатаканасы. Жардам беребиз деп анда-санда кишилер көрүп келип калышчу. Бир күнү жаныбыздагы ашкананын ашпозчусу келди. "Колуман келген жардамым болсун, капа болбоңуз. Нан менен камсыз кылып турайын" деди. Макул деп ошого да сүйүндүк. Күндө кечинде ашканага келип-кеткен кардарлардан калган нандарды алып келип жүрдү. Бул биз үчүн эң сонун тамак да. Ал болбосо жанагы төрт бурчтук тоок шорпону даамына чыгаруучу татымалды кайнак сууга салып, нан малып кызым үчөөбүз ичип жатып алган күндөр да болгон.

"КОЛУМА КӨТӨРҮП БАГАМ ДЕГЕН АНТТЫ БУЗДУМ"

– Замира мен үчүн жаштыгын аябай, талантын курмандыкка чалганын эстеген сайын каңырыгым түтөп кетет. Ал мага турмушка чыкканга чейин легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун солисти болчу. Топтун 10-курамына азыркы Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова, Кенже Дүйшеевалар менен бирге келген. Мен кырсыктаганда баарын жыйыштырып койду. Бир күнү мен катуу ооруп калып, "Тез жардам" менен ооруканага алып келишти. Кыштын күнү болчу. Даярданып келбегендиктен мени керебетке жаткырып, үстүндөгү жемпирин чечип жаап коюп, кызыбызга чуркап үйгө кетиптир. Эртеси колуна тийген керектүүлөрдү алып палатага келди. Ошондо кебетесин көрүп алып, дүйнө мага тар болуп кетти. Үстүндө күзгү жука күрмө. Анысынын да сыдырмасы бузулуп, боору жабылбай калган. Ичинен кылдыраган жука бирдемени кийип алыптыр. Бутунда да кончу кыска жазгы өтүк. Башы "нан сурап", ичине кар кирип, муз болуп тоңуп калган экен. Ыйлап жибердим, "Замира! Эмнеге өзүңдү карабайсың? Билесиңби, сенин кыйналып жатканыңды карап туруш мага кандай оор?!" Айтор, айтарга сөз таппай калдым.
Мен Замирага үйлөнүп жатканда "өмүр бою колума көтөрүп жүрүп өтөм" деп ант бергем. Тагдыр кастарын тиксе кыялыңдын баарын бырын-чырынын чыгарып, астын-үстү кылып коёт тура. Ошондо мен кызыма татыктуу ата, жубайыма камкор жолдош боло албаганыма катуу сыздадым, өкүндүм.

"ДОСТОРУМА ЫРААЗЫМЫН"

– Жашоо өтө берет экен. Көз ачып-жумганча эле окуу жайдын жатаканасында 11 жылыбызды өткөрүп коюптурбуз. 2012-жыл болчу. Бир досум телефон чалып, "Чыгыш-5 кичи районуна келе калчы" деди. Жагдайымды деги билет, мынча эмне шашылыш болду экен деп туугандардын биринин машинасын айдатып бардым. Ошол жерде досторум 9 кабаттуу үйдүн алдында турушкан экен. "Акыл, мына бул үйдөн сага батир алдык. Кирип көрүп чык, сеники" дешти. Оозума сөз келбей калды. Көзүмөн буурчактап жаш агып жатыптыр. Өгөйлөгөн тагдыр ошол күнү мени башыман сылап эркелетип жаткандай болду. Досторума эмне деген сөз арнаарымды билбей калдым. Ал кубанычты мен сүрөттөп айтып бере албайт болчумун. Ошондон бери мына ушул үйдөбүз. Тагдыр мени бутуман алса дагы жакшы дос, мыкты жубай, татынакай кызыман бак айтыптыр. Кызым быйыл 9-классты бүттү.

"ЖОЛДОШУМ – МЕНИН ПРОДЮСЕРИМ"

Акылбек мырзанын жубайы Замира Тайлакованы да маекке тарттык. Жолдошун жонуна көтөрүп баккан Замира айым "аялдар ит жандуу келебиз" деп тамашалады:
– Баары эле ушул суроону беришет: "Пенделик кылып жаштыгым бекер кетип, талантым тепселип калды деп басып кетүүоюңузга келген жокпу?"- дешип. Бир да жолу антип ойлогон эмесмин. Биздин ортобуздагы сый, тунук сезимдер андай ойго орун бербейт болчу. Мен ушул кезге чейин үмүт менен жашап келдим. Ар бир жаңы жылды тоскон сайын "эмки жылы жаңы жылды бутуна туруп тосот" деп күтчүмүн. Жылда эле ушул күтүү. Акылбектин ушинтип жатканын көргөн сайын, тескерисинче, чыйралдым.
Ал дем-күч бергендей мени эч ким колдобойт. Жолдошум мага продюсер десем жаңылышпайм. Өзүмө караганда Акылбек көбүрөөк киришип түртмөлөп, тойлорго чыгарып, "ырларды жаздыр" деп дем берип турат. Негизги кирешебиз Акылбектин 5000 сомго жетпеген жөлөк пулу жана менин тойлордо ырдап тапкан акчам.
Табарсыктан сыртка түтүк менен заара чыгып турат. "Ичегилери чубалган кишидей жаман көрүнөм" деп калат. Ошондуктан күндүз эшикке чыгып сейилдебейт. Тамакты дагы аз жейт, салмагы 60 килограмм. Арабасы деле бар. Аны туугандардыкына, тойго же зарыл ишке барарда гана колдонот.

""Замира мен үчүн жаштыгын аябай, талантын курмандыкка чалды. Ошентсе дагы мен анын таланты жолдо калбасын деп болушунча сахнага чыгуусуна шарт түзөм".

"Манастын 1000 жылдык мааракесинде өнөр адамдары менен бирге. Солдон оңго мен, Ибрагим Жунусов, ортодо жетекчибиз Гүлшайыр Садыбакасова, алдында отурган Айжамал Кабылова жана башкалар".

"2015-жылы "Кош жылдыз" теледолбооруна катышкам".

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Ырчынын 15 жылдан бери төшөктө жаткан жолдошу...

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Самаган Акматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(59)
11.07.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кандай сонун аял! Тарбиясы мыкты турбайбы, ата-энесин айтып атпайбы, менден да Акылды көп жакшы көрүшөт деп. Бул аялдан тарбия алган кызы да мыкты болот. Алла Таалам жакшылыгын, шыпаасын берсин сиздерге!
11.07.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жолдошунузга Алла шыпаа берип бутуна туруп кетсин, ылайым эки дуйно бактылуу болунуз!
Медиа-портал
11.07.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NURDANCHIK,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
11.07.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тагдыр ушундай экен. Сиздин досунузга,жубайынызга ыраазымын! Мына чыныгы достук жана сүйүү!!аке бир кун шыпаа табылаар.Бар болунуз!
11.07.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялдар ушундай уй булом урабасын балам жетим оспоссун деп арканды узуун ташташат. Эгер эркек соо болуп аялы кыз тороп баса албай калса эркектин кучу жетпейт минтип караганга жок мага уул керек соо аял керек деп 80% ти чанып кетет болчу коруп эле журбойбузбу!Эжеге сабыр берсин таптап баккан кызынардын жыргалын коруп журо бериниздер)
11.07.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Темирдей бекем аялзаты башынардан бак кетпесин анча-мынча турмуш сыноосуна чыдабай ажырашып кетип жолунан адашкандарга улгу болот дуйно ушундай мээримдуу адамдар,бар дуйно кен дуйно сулуу.
11.07.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айланайын Эже! Акылман, мээрман, боорукер, токтоо, кен пейил, суйууго бекем адам экенсиз! Мээнетиниз кайтып омурлук жубайыныз бутуна турсун. Кудай озу жар болсун Сизге, сиздин уй булонузго. Байке! Сиздин жана Эженин акылыныздардын тунуктугу, эркиниздердин бекемдиги бизге улгу болсун.
11.07.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жан дүйнөңө сабырдуулук тартуулоочу өтө маанилүү сюжет болуптур, авторлорго рахмат. Бул үй-бүлөнүн өзгөчө сабырдуулугу бизге сабак болушу керек, сиздерге таазим. Бул жашоодо адамга ал көтөрө ала турган деңгээлде сыноо берилет экен, Замра эже сизден Аллах ыраазы болсун.
12.07.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер эже жатып калганда, байкебиз эчак басып кетет беле. Кызык Гулшайыр эжекебиз кандай колдоо корсото алды экен. Баланча кызым бар эле деп калат. Тыкан, таптаза аял экен. Бар болунуз.
12.07.2016. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Замира эженин ушундай мээримдуулугу, туруктуулугу менен туздон туз Аллахым бейишке киргизсе керек. Ал эми Байкеге ден соолук берип, айыгып эч нерсе корбогондой болуп кетсин... Достору да аман болсун!
LASTO4KA_1 түзөттү 2016-07-12 00:31:59
12.07.2016. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байке сизге Аллах ден соолук берсин Замира эже ден соолук сабр берсин мениндагы келечектеги омурлук жубайым Замира эжедей болсо экен бактылуу болунуздар бардык жактан улгулуу уйбуло чыныгы Дос чыныгы жубай
.
12.07.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замира эже бар болунуз,Аля уйдун куту деген ушулда.
12.07.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соз жок, аралаш эмоциялар!
12.07.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык айтылган каалоо тилектер кабыл болсун. Ылайым дартынызга дабаа табылсын.
SUPER.KG видео
12.07.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу айтмакчы "жомок" болуп кетип басып кетсе экен.
12.07.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинчегинизге аллахым сабыр бериптир сабырдын тубу сары алтын бар болунуздар
13.07.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келинчегине жана досторуна Алла ыраазы болсун! Озуно шыпаа берсин жараткан
13.07.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Токтоно албай ыйладым. Жалган жашоодо адамдардын тарта турган башка туйшуктору да сан жеткис. Андыктан, Жараткан адамзатына ден-соолуктун бекемин берсе экен. Эжеге рахмат! Бар болунуз эже. Мындай оор, татаал туйшукко аганын бир тууганы деле чыдамак эмес. Бар болунуздар! Мындан ары уй-булонуздорду жакшылык гана ыроолосун. Омийин...
13.07.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз! Туболук жары учун талантын садага чабуу ар бир адамдын колунан келе бербейт! Сиз бактылуу болууга милдеттуусуз, эжеке! "Суйкум элес" ырын дагы мыкты ырдапсыз! Талантынызга таазим! Сизден дагы жаны чыгармаларды кутобуз!
Медиа-портал
13.07.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо жараткан Аллахым ушунчалык журогум ооруп ыйладым.Азыр адамдар байлык бийлик деп эмне болуп баратышат ушуну коргонумдо кудайга чексиз шугур ден-соолуктун баарына деп тообо келтирдим.Замира эжеге терен ыраазычылык ушундай мыкты улгуу мээримдуу экенине кудайым эки дуйноо бактылуу кылсын сиздерди!
SUPER.KG видео
13.07.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таза суйуу,чыныгы достук деп мына ушуну айт! Абдан таасирдуу окуя экен. Мен да козумо жаш алып,Аллахыма чексиз шугур келтирдим.Бактылуу уй-булодон болунуздар!Аллахым шыпаасын берсин!
13.07.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым баарыныздардан ыраазы болсун. Аамиин
14.07.2016. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым сиздерге жакшылык ыроолосун! Эмне дееримди да билбей калдым. Байке басып кетиңиз, Замире эже сизге терең ыраазычылык!
SUPER.KG видео
14.07.2016. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосунун ыраазычылыгын алган аялга бейиштин 8 эшиги ачык болот экен. Аллах ыраазы болсун.
14.07.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иииии Жаман ыйлатты го....Мен тоюма ушул эжени чакырам....
15.07.2016. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да болсо,кудайдын сиздерге берген сыноосу.Менин да козумо жаш келди.Досундун дос экенин,ишин тушкондо билесин дейт го.Эн бир асыл инсандарыныз бар экен,кудайым буюрса жакшы кундорунуз алдыда.
15.07.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тусу ийгиден тунулбо дегендей Акылбекда,келинчегида ыймандуу Аллах суйгон адамдар экен. Акылбекда дээринен жакшы Адам болгондуктан досторуда жакшы адамдар экен. Аллах шыпаасын берип сакайып кет. Жалгыз кызынардын жакшылыгын гана коргуло ылыйым.
16.07.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото окунучтуу, бирок аял заты ушунчалык чыдамкай, темирдей бекем жана ото умуткорбуз. jumka0505оюна кошулам, эгер эркек болсо ошондо эле таштап басып кетмек, бул да факт. Жаратканым эки дуйно бакыт жана ден соолук берсин. Сакайып кетиниз, а эжеге сабыр жана сабыр, азаматсыз
16.07.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы аял ошондой болот жакшысында жар кылып карыганда кар кылып таштап кеткен аялдар да жок эмес.Менин атам да авария болгон поезд сузуп кеткен 8жыл жаты Апам байкуш карады быйыл аманат жанын алып Кети алахым эки ай болот жаткан адамды караш жаман кыйын экен башыбыздан отту эжеге кудайым куч кубат ден соолук берсин канча баксаныз ошончо ырахаты болот алдыда кызыныздын да бактын берсин алахым
08.03.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин иним Азамат менен ырдаптыр ийгилик силерге Азаматсыздар кудай колдосун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: