КАРЫЗЫН ДООЛАГАН ИШКЕРДИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП 2 АДАМ КАРМАЛДЫ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж


Ушул жылдын 31-август күнү Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБине Ысык-Ата районунун 40 жаштагы тургуну үйдөн жумушуна чыгып кеткен боюнча 2 күндөн бери дайынсыз экенин айтып туугандары кайрылган...

МАРКУМДУН СӨӨГҮ ӨЗ УНААСЫНАН ТАБЫЛГАН

Ошол эле күнү кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Биринчи Май чолок көчөсүнүн кесилишинде 2 күндөн бери ээси жок Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаа токтоп тургандыгы, унаанын ичинен жыт чыгып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине билдиришкен. Айтылган дарекке барган Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери эшик-терезелери бекитилген унааны көрүшкөн. Унаанын бир айнегин талкалап ачышканда багажынан унаа ээсинин жансыз денеси табылган. Маркум бир канча жылдан бери эт сатып, ишкердик менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары маркумдун жакын таанышы, 1971-жылы Нарын шаарында туулган Турсунбек жана анын шериги Баткен облусунун Лейлек районунда 1985-жылы туулган Жанышбек кармалган. Бул экөө мурда СИЗОдо чогуу отуруп, таанышып калгандыгы айтылууда.
Тергөө иштеринде белгилүү болгондой, кылмышка шектүү Турсунбек маркумга чоң суммадагы акча карыз болгон. Маркум карызын доолап, бербесе милиция кызматкерлерине арыз жазарын айткандыктан, Турсунбек карызын төлөөнүн ордуна көзүн тазалап кутулууну чечкен. Ал ошол күнү маркумду үйүнө чакырып, ошол жерден шериги Жанышбек экөөлөп аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөн да, жансыз денесин маркумдун өзүнүн унаасына салып, көчөгө таштап кетишкен.

«ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ»

Жогорудагы окуя боюнча Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асановго кайрылып, төмөнкүдөй маалымат алдык:

– Бул кылмыш иши боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Ушул жылдын 3-октябрында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Турсунбек жана Жанышбек аттуу 2 жаран кармалган. Азыркы күндө кылмышка шектүүлөрдүн бири Жанышбек маркумду өлтүргөндөрүн толугу менен моюнуна алды. Бирок ал «мен өлтүргөн эмесмин, Турсунбек өлтүргөн. Мен окуя болгондо алардын жанында болгондуктан кокусунан эле кылмыш ишине илешип калдым» деп жатат. Анын көрсөтмөсүндө айтылган убакыттар, даректер маркумдун өлгөн күнү жүргөн жерлери, убакыттары менен дал келүүдө. Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн экинчиси Турсунбек танып жатат.

«ЖОЛДОШУМ КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН БИРИН АЯБАЙ СЫЙЛАЧУ»

Андан соң маркумдун жубайы Гүлмира менен байланышып, окуя тууралуу уктук:
– Жолдошум менен 2014-жылы баш кошконбуз, ортобузда 1 жаштагы кызыбыз бар. «Бала күнүмдөн эле эт сатып келем» деп айтып калчу. Жолдошум мүнөзү ачык, болгонун болгондой бетке айткан, боорукер, айылдаштарына, туугандарына, керек болсо көчөдө калган адамдарга да жардам берген, эч кимге жамандыгы жок адам эле. Кызым да атасына жакын болчу. Жолдошумдун мага чейинки жубайынан да балдары бар. Аларга да жардам берип, балдарын толугу менен камсыздап турчу.
29-августта «жумушка барам» деп эртең менен үйдөн чыккан боюнча кечинде келген жок. «Түшкө маал үйгө келем» деп кеткен болчу. Түштөн кийин эле телефону өчүп калды. Жумуштары чыгып калса керек, келет чыгар деп издеген жокпуз. 2 күн дайыны чыкпаганынан 31-август күнү барып милицияга арыз жаздым. Ошол күнү кечинде жансыз денеси табылганын кайын журтумдан уктум.
Күйөөмдү өлтүргөн деп кармалгандардын бири Турсунбекти 2015-жылдын кыш мезгилинен тарта күйөөм үйгө алып келе баштаган. Күйөөм ал кишини аябай жакшы көрүп, сыйлачу. Мен үйгө жакшы тамак жасаганда аны сөзсүз тамакка чакырчу. Ал тургай мага пирог жасатып, ал кишиге алып барып берген күндөрү да болгон. Күйөөм кайтпай калган 29-август күнү кечинде ошол Турсунбек байкенин үйүнө бармакпыз. Анын жер үйү менен биздин батирди алмашабыз деп жүргөн элек. Андан башка экөөнүн ортосунда кандай аласа-береселери бар экенин билбейм, себеби күйөөм ал тууралуу мага айтчу эмес. Ал киши мындай кадамга барат деп жолдошум да, мен дагы күткөн эмеспиз. Уккан кулагыма ишене албай турам.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР БУГА ЧЕЙИН ДА МЫЙЗАМ БУЗУШКАН

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири 1985-жылы туулган Жанышбек буга чейин 2011-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан «каракчылык» беренеси менен айыпталып 8 жыл 6 айга соттолгону аныкталган. Бирок кандайдыр бир себептерден улам 2015-жылдын октябрь айында эркиндикке чыгып кеткен. Эркиндикке чыккан соң паспорттогу фамилиясын өзгөртүп алган.
Ал эми шектүүлөрдүн экинчиси Турсунбек тууралуу айта кетсек, анын үстүнөн буга чейин «алдамчылык» беренеси менен бир канча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан. Тагыраак айтканда, 2013-жылдын ноябрь айында Бишкек ШИИБи бир катар алдамчылыкка шектелип Турсунбек аттуу жаран кармалганын маалымдаган. Алардын маалыматына таянсак, Бишкек шаарынын 51 жаштагы тургуну Турус аттуу кишини кармап, мыйзам чегинде жазалап берүүнү суранып милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2013-жылдын 13-февралынан 20-майга чейинки аралыкта Турус аттуу адам өзүн президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы катары тааныштырып, жумушка орноштуруу үчүн арыз ээсинен 7 миң доллар алып, кайтарбай жүргөндүгүн билдирген.
«Ажонун жардамчысы» муну менен гана тим болбостон, арыз ээсинин бир тууган агасын «Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы кылам» деп убада берип, бул «кызматы» үчүн 35 миң доллар, «батир алып берем» деп 13 500 доллар алып изин суутуп кеткен.
Көп узабай анын үстүнөн ушундай эле арыз менен Бишкек шаарынын дагы бир тургуну кайрылган. Ал 2012-жылы өзүн «президенттин өкүл баласы болом» деп тааныштырган Турус аттуу адам Мазда Демио үлгүсүндөгү баасы 6500 долларлык унаасын «унааңызды сатып берем» деп алган боюнча качып кеткендигин айткан. Бишкек ШИИБинин ошол кездеги берген маалыматы боюнча, ал 2011-2012-жылдар аралыгында ар кайсы нерселерди убада кылып, бир нече жарандан 40 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акчаны алдап алып кеткен.

«Ажонун тууганымын» деген адам ошол убакта кандайдыр бир себептерден улам сот жообуна тартылбай калып, алдамчылыгын андан кийин да ийгиликтүү улантып келген. Жеке булактарыбыз билдиргендей, азыркы күндө анын үстүнөн 16 факт менен кылмыш иши козголуп, Ленин РИИБи ал иштерди тергеп жатат. Балким, кылмышка шектүүлөр мурдагы жасаган иштери үчүн татыктуу жаза алып, темир тор артында отурушканда мындай каргашалуу окуя болуп, бир адамдын өмүрү кыйылмак эмес беле?

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Эт саткан кишинин жансыз денеси эки күндөн кийин өз унаасынан табылды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
24.10.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жаткан жери жайлуу болсун.Азыр дагы чыгышат бироолор бул ишке А Атамбаевдин катышы бар деп.Табылбай эле калды бироолорго
24.10.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бул да болсо мыйзамдын алсыздыгы.жетекчи кызматтагылардын шалаакылыгы.бул кылмыш болбойт эле баардыгы мыйзам чегинде болсо.кылмышкерди эрте чыгарбаганда экинчисин убагында карап кармаганда.
24.10.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психолог-аферист экен эле Турус дегени. Бардыгынын ишеничине кирип,алдап жургон.
25.10.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкунучтуу!!!
26.10.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Универдеги агайым айтчу эле. Эй бирону бир нерсе кылаардан мурун чонтогундо акчан барбы карап кой. 100$ болсо бир муштап алсан болот деп. Киши олтургону деле азыр боштондукта журушот. Акча деп милиция сот поту олотгг
27.10.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдарга тушунбойсун уй алып берем сатып берем ишке жайлайм десе эле кантип ишенет азыр озундон башкага ишенбечуу заман
27.10.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх.... ууруну алыстан издебе деп коёт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: