Боинг кырсыгынын күбөсү Мирлан Токоев психикалык жактан жабыркап, дарыланууда. "ОЮБУЗ КӨБҮРӨӨК АДАМДЫ ТИРҮҮ АЛЫП КАЛУУ БОЛДУ"

№744 03-09-февраль, 2017-ж.


"ЖЕР ТИТИРӨӨ ДЕП ОЙЛОДУМ"

– 16-январь күнү эртең менен саат 7лер чамасында ойгонуп, балдарым түштөн кийин окугандыктан аларды ойготпой эле жандарына барып жаттым. Бир учурда бороон сыяктуу үн угулуп, жер улам акырындан титиреп катуулай берди. Ошол замат балдарымды ойготуп, бир бурчка чогулттум. Кийин  катуу үн угулду да, үйүмдүн чатырына бир нерсе түштү. Үй-бүлөм менен бирге эшикке качып чыктык. Метеорит түштү го деп да ойлодум, көрсө, учак кулап, майда сыныктары үйүмдүн чатырына түшүптүр. Ал эми чоң бөлүктөрү бир эле метр жетпей калган. Кайра үйгө чуркап кирип төшөк алып чыгып балдарымдын үстүн жаап, коопсуз жерге алып бардым. Эшик аябай суук болуп, түтүндөн эч нерсе көрүнбөй жаткан. Аялым сол жагыбызда жашаган кошунамдын үйүн көрсөтүп, "Ороз үйүндө жок, балдары жалгыз калган болчу" деп кыйкырды. Аялымды, бала-чакамды үйү соо калган кошунамдыкына жөнөтүп, өзүм Ороздун үйүн көздөй чуркадым. Көрсө, ал кечинде үйүнө келген экен. Урандынын астында аялы менен уулу калып, кызын гана алып чыгыптыр. Аман калган кошуналар чогулуп жаткан тарапка Орозду жөнөтүп коюп, өзүм ызы-чуу болуп жаткандыктан учактын куйругу түшкөн жакка жөнөдүм. Ошол учурда дагы бир кошунам "балдарым" деп бакырып жаткан экен.
Караңгы, түтүн болгондуктан бири-бирибизди тааныбастан эле 2 адамды тирүү, дагы 2-3 адамдын жансыз денесин алып чыктык. Кийин эле ар жерде майда жарылуулар боло баштагандыктан, кайрадан үй-бүлөм жакка чуркадым. Барсам кошунам бир адамды уранды астынан алып чыгып коюптур. Анын астына төшөк салып, үстүн жылуулап, башка адамдар да уранды астында болушу мүмкүн деп издей баштадык. Жуурканды көрүп ача калсам кичинекей кыздын бети кан болуп жатыптыр. Дем алып жатканын байкап чыгардым, анан жууркан, жаздык көрүнгөн жерлерди каза баштадык. Нес абалда суук болсо да футболка менен жүрө бериптирмин.

"УРАНДЫ АСТЫНАН ЧЫГАРЫЛГАНДАРДЫ ТААНЫП БОЛБОЙТ ЭЛЕ"

– Уранды астынан казып чыгып жаткандарыбыздын да беттери кан, топурак болгондуктан таанып болбойт. Эң негизги оюбуз көбүрөөк адамды тирүү алып калуу болду. Адамдардын денесин тапсак астына төшөк салып, үстүн жаап эле кийинки үйлөргө өтүп кете бердик. Саат так канча болгонун билбейм, бир учурда "Манас" аэропортунун "Тез жардам" менен бир өрт өчүрүүчү унаасы келди. Жерде жаткан адамдарды "Тез жардам" унаасына салып баштадык. Чыгарылгандардын кээ бирлери биз барганча каза болуп калышкан экен. Аман калган кошуналардын айрымдары өлүктөрдү, жараат алгандарды көтөрүшпөй, "өлүктөн коркобуз, чыдай албайм" деп жардам бербей коюшту. Анысы аз келгенсип кээ бирлер телефонуна сүрөткө, видеого тартып жүрүшүптүр. Дарыгерлерге "жаракат алган адамдарды ооруканага ташый бербейсиңерби" десем, "ушунча адамды бир унаа менен кантип ташып бүтмөк элек, азыр шаардан дагы унаалар келет" деп болбой коюшту.
Ошол убакта бир үйдөн жалгыз тирүү калган Жакшылык аттуу 8 жашар баланы бизге алып келишти, анан анын үй-бүлөсүн издей баштадык. Уранды астынан атасын алып чыкканда ал тирүү эле, кийин гана "Тез жардам" унаасынан каза болуптур. Элдин айтымында, Жакшылыктын атасы учак кулап келе жатканда үйдөн аны түртүп чыгарып, башкаларын алып чыгуу үчүн киргенде үйү басып калган. Кийин куткаруучулар аймакка лента тартты да, бизди чыгарып салышты.

"КЕЛГЕН ЖАРДАМ АДИЛЕТСИЗ ТАРАТЫЛДЫ"

– Күндө көрүп жүргөн кошуналарыбыздан, балдарыбыз менен ойноп жүргөн алардын балдарынан айрылып калган оор экен. Айрымдары кеч куткарылып, көбү каза болуп калды. ӨКМдин кызматкерлери негизинен оор нерселер басып калган үйдөгүлөрдү чыгарышты, жергиликтүү тургундар болсо жабырлануучулардын көпчүлүгүн куткарып чыктык. Алды, арка жана сол тарабымдагы кошуналарымдын үйлөрү кыйрады. Үйүмдүн ичинен жарака кетип, шыбым түшүп калган. Азыр да үй-бүлөм ошол эле жерде жашап жатат. Керосиндин зыяны балдарымдын ден соолугуна таасирин тийгизип, алар да ооруканага жатып калышты.
Айылыбызга бийлик өкүлдөрү барганда "баарын жайгаштырып, каза болгондорду жерге берип алалы. Кийин гана кимге кандай жардам беребиз карап көрөбүз" деген болчу. Андан сырткары ар тараптан гуманитардык жардамдар келе баштады. Бирок анын көпчүлүгүн кырсык болгон аймактан алыста жашагандар эле ала беришиптир. Биз нааразычылык билдиргенден кийин гана учак кулаган жакка алып келе башташты. Кырсык болгон жерде 2 күн электр жарыгы болгон жок. Ошол учурда психологдор менен милиция кызматкерлери тынбай бизден кабар алып турушту.
Мен ал жерди жумушума жакын деп 2008-жылы сатып алгам. Окуя болгондун эртеси аэропортко жумушка барсам ишканабыздын дарыгери "психикалык сокку алыпсың, дагы деле беттериң тырышып жатат" деп ооруканага жөнөттү. Бишкекке ооруканага келсем, дарыгерлер абалымды сурагандын ордуна учактын кантип кулаганына кызыгып жатышты. Мен дарыланууга окуя болгондон бир жума өткөндөн кийин келип жаттым. Мени ооруканага өлүктөрдү ташып жатып чочуп калган, психикасы жабыркаган болушу мүмкүн деп жаткырышты. Биринчи келгенимде дарыны өзүм сатып алып жаткам, кийин гана врачтарга "бизди бекер карайт деген" деп кайрылып, акысыз дарыланып баштадым.

"БАШЫНДА УЙКУДАН ЧОЧУП ЖАТЫШКАН"

Каарманыбыз дарыланып жаткан Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун дарыгери буларды айтып берди:
– Учак кырсыктаган аймактан бизге 2 жаран кайрылган. Алар алгач келгенде уйкудан чочуп ойгонуп жатышкан, азыр жакшы болуп калышты. Оору белгилери байкалбаганы менен, шашпай дарыланып чыгышканы дурус. Так диагноз коюлган жок, болгону окуядан улам чочуп калган. Алар качан ооруканадан чыгары азырынча белгисиз.

ПСИХОЛОГДОН КЕҢЕШ

Медициналык-психологиялык жана психотерапевттик жардам медициналык борборунун дарыгери Жаныбек Ажибеков каарманыбызга төмөнкүдөй кеңеш берет:

– Учак кулаган аймакта Мирлан Токоев сыяктуу ондогон адамдар болгон. Ушул сыяктуу кандуу окуядан улам психикалык жаракат алгандар түрдүүчө зыян алышы мүмкүн. Алар топторго бөлүнөт: 1-топко жакындарын жоготкондор, кийинкиге Мирлан Токоевге окшоп окуя чордонунда жүргөн адамдар кабылышат. Токоев нервди калыбына келтирүүчү дарылардын баарын кабыл алып, атайын врачтын кароосунда турганы оң. Окуяны канчалык эрте унутуп, сакайып кетүүсү өзүнүн эркинен, жөндөмүнөн көз каранды. Учурунда толук дарыланбаса, кийин ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бектур Токтоноев    
koom@super.kg



Боинг кырсыгынын күбөсү: "Оюбуз көбүрөөк адамды тирүү алып калуу болду"

Автор: Перизат Музуратбекова
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(19)
08.02.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+51
Эрдикти, мына ушундай Мирланга окшогон жонокой адамдар кылат. Эл козуно адырандап жургондор мындай маалда озулорун жоготуп, отуруп калышат. Азамат Мирлан
08.02.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мындай боодо кырсыкты кудайым мындан ары жолото корбосун элибизге. Чындыгында аябай аянычтуу тагдырга туш болду кыргыз элибиз. Мына кыргыз элимдин журогу кен,боорукер экенин ошол окуя болгон учурда жана андан кийин да байкадык ушунусуна кубанасын кудайга шугур дейсин элибизде кайрымдуулук сезими ыйманы бар экенине. Эми элинин абалына кош конул караган бийлик окулдору да болду ушул учурду саясаташтырган адамдар болду аларга журогуно ыйман демекмин.
stimyl.kg түзөттү 2017-02-08 11:09:35
08.02.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бийлик окулдору ушул окуяга тийиштуу адамдарды таап оз жазаасын бергендин ордуна,элдин назарын алаксытуу учун аркандай шоу спектаклдарды уйуштуруп жатышат,кайдагы эле коккит ойунун ойлоп табышты мисалы. Кырсык алып келген жук жогорку кызматтагы адамдардыккы деген кеп чыкты,ал кепке ишенбей койууга болбочудай анткени жуктун ээси ким экенин жашырууга бийлик колунан келишинче аракетенди. Буйруса кырсыкка себептуулор кудай алдында оз жазаасын алат деп ишенем. Мирлан байкеге денсоолук каалайм.
08.02.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
juk kimge taandik? emnege azyrga cheyin juktun eesi tabila elek ? eldin nazarin kaydagy kok kitke burbay super silerden suranich ushul kirsiktin sebebin tagiraak izildesener.
08.02.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мирлан байке сизге Аллахым ыраазы болсун!!!
08.02.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тоообо кылайлы, тообо... Ушул Мирланга окшогон журогу тоодой, патриот инсандар кобуроок болсо... Кудай сактасын мындай боодо кырсыктан. Эмнегедир, жукту жоноткон адамдан да дайын жок,жукту куткон адамдан да дайын жок... Бирок бул табышмактуу жуктун себебинен бир нече адам казза болду. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болуп, Кудай кетирген куноолорун кечирсин, Бейиштен орун берген болсун. Кудай, тилсиз жоо, боодо кырсыктан озу сактасын.
08.02.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кара кутуну табышты, жонотушту эми качан кайсы жылы кайсы куну жообун айтышат?!
08.02.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул окуядан ичим ачышып канырыгы тутоп адилеттик издеп жаткан кыргыз элимин катарында мындай жамандык эч качан болбосун ойдодогу жепжутарларга эч кимдин иши тушкулук кылбасын дейт тилейм. Ким не деп ойлосонор ойлогула бирок мен бул жук бир гана ашага гана тийиштуу жук болгон деп ойлойм. Себеби башка бир жепжутардын тымызын кылган иши болгондо али бери аша кокурок кагып таптыртат беле деген ой кетти. Балким анын да оозун майлап тынчытып коюшкандыр ким билет. Суроолор коп бир да жооп жок.
08.02.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чондорубузга ынсап берип, элден чогулган жардамды адилеттуу болуштуруп берсе экен жабыр тарткандарга. Бизде гум.жардамдар дарексиз жок болуп кетчу эле.
09.02.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan moldes sendei azamattarybyz kop bolsun el uchun kuigon.respect.Emi senin uiundu dele uratyp ketiptir . Kop adamga jardam kylypsyn . Saga jakshy batir bersin okmotubuz. Sen murunkudaile ekensin . Jakshy kelinchegin bar eken . Jurogun taza adamdardy saktait Allahym. Ketken markimdarybyzga janyn jannatan bersin. Keiygydeile okuia boldu. Kyrgyz elimin bashyna alamaat kelbesin. Mirlanga alkysh. Kop jasha , ui buloono bakyt. Chon soroilor jardam bergile ushuga okshogon patriottorubuzga.
SUPER.KG видео
09.02.2017. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшылап дарыланыныздар. Козунуздор менен коруп калганга кыйла эле коркуп калыпсыздар. Кучтуу молдолорго дем салдырынызар. Жанылыктардан коруп угуп биз канча болуп атабыз. Кайгырып кошо ыйлап.силер козунор менен коруп аралашып жургонго коркуп калыпсыздар. Кечеки эле кошуна бугун жок болуп атса кантип кайгырбай коё аласынар. Ден соолугунарды берсин. Ичер суунар тугонбогон экен соо калыпсыздар. Узак омур сургуло. Балдарынардын жакшылыгын коргуло. Жамандык болбосун Кыргыз элимде
09.02.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат кылгыла аман калгандар,эми гумжардамдар адилеттуу таратылса эле болду,айак башы жок болуп кетпей...
09.02.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызчылык менен журок котортуш керек,коркуп калган киши журокту котортбосо болбойт, медицинада бул жерде алсыз,созсуз психологдун жардамы керек.
11.02.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
azimbek74,
Жакшы эле болуп калышты, балдары азыр уйдо эле, откондо биз барганда колдору калчылдап атты эле, азыр жакшы, Кудайга шугур!
13.02.2017. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элибиз тынч болсун жаман кырсыктан аллахым озу сактасын
13.02.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эли которумду эл экенин дагы бир ирээт аныктады. Деги боодо кырсыктан кудай сактасын.
13.02.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу сактасын . Тооба кылдым
14.02.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah ozu saktasyn!!!
Men korup alyp aiabai yilachu boldum.
14.02.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ооруп турат кудайым мындай кырсыкты эч кимге ыраа корбосо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: