"БАЗАРДА КЫЗДАРЫМ МАГА АРАБА ТҮРТҮҮГӨ ЖАРДАМДАШАТ"

№750 17-23-март, 2017-ж.


Жакында бир таанышым менен жолугуп, сүйлөшүп отуруп калдык. Сөз арасында ал "базарда араба түртүп иштеген бир киши бар. Өзү майып. 7-8 баласы бар. Оор турмушта жашашат. Эптеп кичинекей үй салып, үстүн клеёнка менен жаап эле жашап жатышкан экен. Шамал клеёнкасын учуруп кеткендиктен, базардагы аны тааныган адамдар акча чогултуп, чатырын жаап беришиптир. Ошол үй-бүлөнүн оор тагдырын гезитке чыгарбайсыңарбы" деп калды. Дарегин таап барганыбызда чатыры эптеп жабылган 2 бөлмөлүү времянкада Советбек мырза жубайы Нургүл жана 5 кызы менен жашаарын көрдүк. Кыздарынын кичүүсү 2 айлык. Бул үй-бүлө тамдын чатыры толук жабылбаган үйдө жашашат экен.

"ТУУГАНДАР ЖАРДАМ БЕРИШЕТ, БИРОК АЛАРДЫН ДЕЛЕ ӨЗ ООКАТЫ БАР ДА"

Нургүл айым буларды айтып берди:
– Бишкекке 2005-жылы көчүп келгенбиз, буга чейин батирде турчубуз. "Дордой" базарынын тегерегинен 3 сотых жер тилкесин өзүбүз иштеген акчага жана туугандарыбыздын жардамы менен сатып алганбыз. Былтыр ноябрь айында ушул үйдү салып, көчүп келдик. Үй толук бүтө элек, былтыр муну куруп ичине киргиче тапчанда жашап сууктан кыйналдык. Колубузда 5 кызыбыз бар. Улуусу учурда 9-класста окуйт, кичүүсү 2 айлык. Чындыгында жаш бала менен шарты жок жерде жашоо оңой эмес. Жаңы төрөп келгенимде сууктан абдан жүдөдүк. Айланабыз чаң, үйүбүздү бүтүрүп алалы дейбиз, шартыбыз жок.
Жолдошум 2-топтогу майып, базарда араба түртүп иштейт. Кошумча элдин товарларын кайтарып берчү жайды иштетет. Мен үйдө балдарым менен алекмин, алардын кирин жууйм, мектепке жиберем. Кээде жолдошум иштеткен сактоочу камерага барып, ал жердеги жүктөрдү кайтарып калам. Улуу кыздарым 2 жылдан бери сабактан кийин атасына араба түртүп жардам берип калышты. Кыз балага бул жумуш оор, бирок жибербейин десем айла жок. Күйөөм 3 миң сом пенсия алат, балдарыбызга жөлөк пул албайбыз. Араба менен тапкан акча жетөөбүздүн жаныбызды багууга жетпейт. Кыздарыбыз чоңоюп калды, алардын келечегин ойлоном, эл катары чоңураак там салсак, балдарыбыздын келечеги жакшы болсо экен деп тиленем.

"5 БАЛАЛУУ ЭКЕНСИҢ ДЕП БАТИРЛЕРГЕ КИРГИЗИШПЕЙТ"

Советбек Абдрахманов:
– Борборго келгенибизге 12 жыл болду, бала-чаканы багайын деп араба түртүп акча табам. Андан сырткары элдин жүгүн контейнерге салып, кайтарып иштейм. 6 жыл мурун дааватка кеткенимде ал жердеги жүктөргө ууру кирип, товардын ээсине 200 миң сом карыз болуп калдым. Карызды төлөй албай пайыздык үстөк өсө бергендиктен ал киши 3 кызымдын күбөлүгүн, менин паспортумду жана дагы кошумча документтерди күрөөгө алып калган. Араба түртүп жүрүп карыздын 150 миң сомунан кутулдум, дагы 50 миң сому калды. Жумушум жай мезгилинде эртең мененки саат 6да башталат.
8 балабыз бар, жубайым сиздерден тартынып толук айтпаса керек. Аны деле түшүнсө болот, азыркы жашоо шартыбызды тааныштары, айылдагы классташтары көрсө эмне болот деп уялат. 2 жыл мурун эгиз балалуу болгонбуз, алар кайненемдин колунда, дагы 1 кызыбызды эжеме бергенбиз. 5 кызыбыз биз менен. Жардам болсун деп туугандарыбыз өз моюндарына ушундай жоопкерчиликти алып отурушат. Буга чейин батирде турчубуз, бирок азыр 5 балалуумун десең батир ээлеринин төбө чачы тик туруп эле киргизишпейт. 2 балалуу болсоң бир жөн дегендей кылышат. Анан үңкүр да болсо өз үйүбүз болсун деп, былтыр кышка жакын 1 ай ичинде азыркы үйүбүздү салып кирип алдык.
Адамдар менин жашоом кандай болуп жатат, карызымдан кутула албай жатканымды билишпейт да. Улуу 2 кызым (6-9-класстагы) мага араба түртүп, товар кайтарып жардамдашып калышат. Аны көргөн кээ бирлер "сен жаш балдардын укугун бузуп жатасың, алар окуш керек, аларды иштетпе!" деп эле базарда кыйкырып кетишет. Менин деле аларды иштетким келген жок. Акыркы жолу Жаш балдарды коргоо фондунан келип, "эгер кыздарыңды базардан көрсөк, сени жоопко тартабыз" деп урушушту. Анан эң улуу кызымды мектептен кийин медреседе окусун деп иштетпей койдум, кантсе да бойго жетип калды. Кийинкиси дагы деле жардамдашып турат, албетте, ал эркек эмес да, аны аяйм, жеңилирээк жумушту дайындайм. Менин деле кыздарым окуш керек, чоңоюп калышты. Шүгүр, колумдан келгенин жасап балдарымды багып жатам. Албетте, кыйын күндөр башыбыздан өттү, араба түртүп жүрүп ден соолугума зыян келтирип алган күндөр болот. Бирок мунун баарын айтпашым керек эле. Элестетсеңиз, 1 адам өзүн-өзү багуу үчүн канча каражат кетет? Менин моюнумда канча адамдын тамак-ашы, кийим-кечеси турат. Балдарыбызга жөлөк пул албай калдык, себеби ала турган учурда алардын күбөлүгүн күрөөгө алып койгон. Мына ушундай жашообуз. Жубайым майыптыгымды айтпай эле койбоптур, мейли эми, бул дагы Жараткандын сыноосу экен.
Буга чейин жашоодогу келген сыноого туруштук бере албай, аракеч болуп, өзүн жоготуп койгон адамдарды көп эле кездештиргем. Бирок бул үй-бүлө канчалык кыйынчылык баштарына түшпөсүн жакырчылыктан сынып калбай, жашоосуна наалып, жардам сурабай жакшы күндөр үчүн күрөшүп келе жатканы кубандырды. Мейли, азырынча жашоо шарты начар болсун, бирок адал иштин артында сөзсүз түрдө берекет турары белгилүү эмеспи.

"Үңкүр да болсо өз үйүбүз болсун деп ушул үйдү салдык".


Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg



Карызга баткан ата: "Кыздарым араба түртүүгө жардамдашат"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(45)
20.03.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
8 баласы болсо озу багып жатат экен го,же силерден бир нан сурап жатабы?
22.03.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aiperi95,ошол балдардын куноосу жок да алар да элдин балдарындай билим алууга,кружокторго катышууга,кийинууго,тамактанууга акысы бар.Аларды иштетуу эмес билим алдыруу керек.Эптеп септеп бакканы менен татыктуу билим албай жатышат.Суук уйдо ден соолугуна зыяны тиет .Баланы тороордо шартты да ойлоо керек да.
23.03.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jarookerjan, эмгекке бышкан бала кайта жакшы болот, мектептен калтырышпай окутуп жатыптыр, диреги болсо калганын озу эле оздоштуруп кетет. Кээде колокого баккан балдар кайта оорукчан болуп, ден соолугунан ажырашы толук мумкун.
23.03.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jarookerjan,ар ким озу каалагандай болсо анда башкача болот эледа,ушу ойлонбой жазганынарга тан калам. Алла кааласа берет каалабаса алат баары келип Жараткандын буйруганы болот. Эч балалуу боло албагандар озу каалагандай болсо ушу пенделердей коп балалуу болмок. Бул аял эле ден соолуктан кетип жылда эс албай торогусу келет дейсинерби? Ойноп суйлосонор да ойлоп суйлосонор боло. Рахмат ушунча баланы багып мээримдуу ата эне укугуна ээ болуп эч кимге кор кылбай араба туртсо да багып жатканынна.
20.03.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба чынында шартын болуп балалуу болуш керек. Мына карагыла уйу суук экен чынында балдары ооруп жаткандыр ким билет??жаны торолгон ымыркай кантип атты эккн.ден соолук керек минтип атса кантип балдар не ичичп не жеп жатты экен. Кичине ойлонуп анан балалуу болуш керек.минтип озу да оорукчан болсо. Келин да сактанса болмок....
20.03.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шартты карап бутун сунуш керек. Торогондун да шарты болот .. шартты караш керек. Наристелерди кор кылбаш керек. Ай кор болгон наристелер ай. Дагы коп нерсе айткфм келди...
20.03.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдын он беши карангы ,он беши жарык.Бул кундор да отот .
21.03.2017. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым озу колдосун канча балдары болсода адал эмгеги мн багып чонойтуп жатышыптыр Балдарыныздын убайын корунуздор ылайым Аллахым тилегинерге жеткирсин ден соолук узуун омур эн негизгиси кетпес бак доолот берсин Аамиин Намаз окуган байке экен туура кылат алланын берген наристеден баш тарткан куноо ар бир наристе оз ырыскысы менен торолот Бешиктеги баланын бек боолоорун ким билди Карындагы баланын хан болорун ким билди деген кыргызда жакшы соз бар
21.03.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул дуйнодо канча уй булоо тырнака зар болуп ыйлап журушот Комент жазгандар ойлонуп жазсанар кичине Кудайыма шугуур дегиле андан коро Эртенки куну биздида кандай тагдыр кутуп турганын эч кимибиз билбейбиз Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет дейт 8Баласынын бироосу эртенки куну кыргыз элине жардам берген ыймандуу кыргыздын желегин тааныткан уул кыздардан болуп жетишеттир Кудайым берерин унутпасын Аамин
21.03.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бироонун оздугун тастыктоочу документин башка бироо тартып алганга укугу жок мыйзам боюнча.юристтер ушул макаланы окуп калса соопчулукка жардам берип койгулачы
21.03.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
канчалаган колунда бар адамдар балалуу боло алышпайт.бул уй-булоо коп балалуу бактылуу чексиз бай адамдар десе болот.Кудайым берээрин унутпасын.
Медиа-портал
21.03.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир уул кызынын өмүрү узун болсун! Жараткан берээрин унутпасын
21.03.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялына капа болуп калдыго майып деп айтканына
21.03.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тобоо кылдым оздору кыйналып жашагандан кийин 8балаага балее барбы
21.03.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы да жакшы уйу бар экен ..уйу жок биз деле журбойбузбу квартирант болуп. Бирок эки балам бар.буйруса уй алып анан торойм учунчусун.
21.03.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
8 balaga balee barby degenin emnesi ar bir bala ozunun yryskysy menen torolot baldarynyn omurloru uzun bolsun.
21.03.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Базарда канчалаган чириген байлар толтура го ошолордун арасынан сооп кылып жакырларга жардам берели дегендер чыккан эмеспи соопчулук үчүн үй салып бүтүрүп берген бирөө чыгаар бекен. Анан да 8 баласын неге төрөдү дегендерге таң калам да төрөбөй жүрө бергиле үй алам машина алам деп оокат деп тырышып кудаанын бергени балалуу үй базар деген жакшы сөз бар үйү суук болсо да бактылуу адамдар.
22.03.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындан жаман Заман болгон,Пайгамбарыбыз саллалоху алейхи уассалам убагында деле оор ачарчылык кургакчылык маалында деле кооптон балалуу болушкан го,медреседе окутам дегенине ичим жылыды,сынтакпагыла балким булардын акырети кубандыраарлыктыр аны бир Кудай билет.
22.03.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай берген учун балалуу болуп жатат,бербегендер журот сыйынып баарын кылса да баласы жок.Шугур баарына ден соолук ,ыйман берсин.
22.03.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даватка чыкпай эле койбоптур,эми мынтип карыз толоп олтурат.
22.03.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Документтерин жоголду деп восстановить этип,жолок пулга документ даярдай Алат,тиги барымтага алган киши эч Кандай тоскоолдук кыла албайт. Азыр даваат деген балээ Чыкты, илгери даваат айтпай эле намаз окуп сыйынып келишкен,кудай береээрин унутпасын, бергиси келбесе даваат айтмактан эмне кылсан да бекер. Шартына карап анан даваатка чыгат,эч Ким чык деп мажбурлабайт
22.03.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даватка чыккандын да шарьы бар. Аялын балдарын тамак аш таштап анаг ушубойбу ысыбайбы бир шарт кылып анан чыгат.даватка кеткенде ьалдарын биро уурдап кетсе не болот
Бироо сощсуз карап калыш керек эле. Озу шаарга келип не пайда. Ушинтип жашаш арзыйбы шаарга келип. Айылда картошко эк, сабиз, помидор эгип бир уй алсан сутун ичип каймак жейт эле. Озу шаарга келгендин не пайда корду бу киши? Айылда береке бар......эх шаарга ашыккандар ай....
23.03.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ансыз да кыргыздар аз калкпыз, ченеп тороп атып не болуп атабыз, ичинер куйсо туз жалагыла, куйоосу намыстуу экен, балдарын таштап кетпей багып атыптыр, биздин деле чон ата энелерибиз 10дон балалуу болушкан, кыйналышкан убагында, бирок акыр аягы жакшы го. жардам бере албасанар да журогун оорутуп жаман нерселерди жазбагылачы.
23.03.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gordaya,Ич куйгон деген созду айтбай эле койсон болмок , бул жерде ич куйдулук эмес кыйналгандары учун айтылып жатат .
23.03.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazigim88, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
23.03.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Кыргыздар кооп тороп салышат да анан арызданмай жардам сурамай бироо аларды кыйнап торотконсуп , башкалардын да озуно жетиштуу тирилиги барда . Акыркы кезде моодага айланып калды ушинтип спонсордорду табышат .
23.03.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет дейт, кайта ушундай бар жокту коруп оскон балдар мекенчил болушат, аман болушсун, бактылуу болушсун!
24.03.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай таалам берем десе бат эле берип коет,Жакшылыктардын баарын чын жүрөгүмдөн каалайм.
25.03.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким эркек бала торойм деп аракет кылып жаткандыр
25.03.2017. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык жок болсода уйундо береке бар доолотту адамдар экен. Бул кундорда отоор, кетээр. Сегиз баланар буйруса сегиз шаар болот. Сынагандарга тообо дегиле, бироонун тагдырын сынаардан мурун эртен бизди эмне кутуп тураарын унутпагыла.
25.03.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дейбиз, кыздарыңыз, балдарыңыз өзүңүздөр аман болуңуздар, оорубаңыздар! "Өлбөгөн кул алтын аяктан суу ичет"! Амин Аллах силерге өз ырыскысынан, берекесинен насип этсин!
25.03.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу складты кайтарып иштеп жатып, таштап салып дааватка кетип калабы, жоопкерчиликтуу болуп ордуна бироону коюп кетпейби.
26.03.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо тел.номерлерин берип коесузбу ушул семьянын мумкун болсо,аз болсо да жардамым тийип калаар
27.03.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул уй-булого жардам бергиси келгендер болсо 0779681950 номуруна байланышсаныздар болот. Бул Советбектин тааныш байкеси Алмаз мырзанын номуру
06.04.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу кечирсин эми торобой эле турбайт беле?Куйосуно жардам берип иштеп акча табышса болот да.Просто балдарга убал да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: