«ДАРЫГЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН УЛАМ БАЛАМДАН АЖЫРАДЫМ»

№751 24-30-март, 2017-ж.


«Арман, арман, арманым ичке батпады,
Тай-тайлап эшикте баспадым.
Балдай таттуу сөзүңдү укпадым,
80-90 деген жашка неге чыкпадың?..
Ак халатчандардын кайдигерлигинен улам 1 жашка толо элек наристемден айрылып отурам»,- дейт Кемин шаарынын тургуну Нуржамал Супабаева.

– 2016-жылдын 10-февралында кенже уулубуз Адилет төрөлгөн. Андан улуу 4 жана 8 жаштагы 2 уулубуз бар. Өткөн жылы 25-декабрда Адилеттин дене табы көтөрүлүп баштады. Улуу балдарымдын парацетамол дарысына аллергиясы бар болчу. Адилетте да аллергия болуп жүрбөсүн деп ага ибуфен бердим. Дене табы түшүп ойноп калган, 26-декабрь күнү кечинде кайрадан дене табы көтөрүлдү. Эртеси Кемин шаарындагы аймактык дарыгерге алып бардым. Ал «ОРВИ жана балаңыздын өңү саргыч тартып турат» деп шаардагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө жиберген. Балам 27-31-декабрь аралыгында
ОРВИ деген диагноз менен жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыгер Шарипа Абласованын карамагында жатты. Такыр көңүл бурбай койду десем алдаган болом, ал карап текшерди. Бирок баламдын абалы күндөн күнгө начарлап жаткандыгынан дарыгерден «өңү саргайгансыйт, балким, сарык эмеспи» деп сурасам, «билбейм, азыр вирус ушундай» деп гана койгон. Нөөмөттөгү медайымдар «1 жума, 10 күндөп дене табы түшпөй жакшы болуп кеткендер бар» десе жаным жай алып калат.
Мени ызалантканы, Шарипа Абласованын карамагында болгон 4 күн аралыгында «ичи шишип жаткандай» десем да эч ким текшерип же анализ алып көрүшкөн жок. Ошондо көңүл бурушса, Бишкекке эртерээк алып келмекпиз. Дарыгерлер билет деп мен ак халатчандарга ишендим. Ошол күндөрү балам пенициллин деген укол менен парацетамол эле алып жатты. 30-декабрдан 31ине караган түнү балам кан чычып кыйналып чыкты, эртең менен дарыгерге ушундай болду деп айтканымда гана ызылдап чогулуш кылып башташты. Чогулуштан келип «25 литр бензин куюп бересиңер, азыр унаа келет» дешкен, бирок унаасы келбей калыптыр. «Өзүңөрдө унаа болсо борборго жөнөй бергиле» дешти. Жолго чыгып жатканда баламдан анализге деп кан ала башташты, ошол ийне сайылган жерлеринен борборго чейин кан токтобой агып келбедиби.
Өз наристесин мындай акыбалда көрүүнү итке да каалабайт элем. Бишкекке келерибиз менен дарыгерлер баламды оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткызышты. Бирок мени менен кошо келген абысыныма «аябай кеч алып келиптирсиңер, колубуздан келген аракетибизди жасайбыз, бирок үмүт аз» деп дароо эле айтышкан экен. 1-2-январь күнү дарыгерлер кан куюшуптур, андан эч кандай жардам болгон жок. 3-январь күнү баламдан айрылып кала бердим. Баламды дарыгерлер «эки өпкөсү тең пневмония, башында шишиги бар жана боору парацетамолду көтөрө албай калган» деп айтышты. Кан кеткени дагы ошондон экен. Ушундай жагдайда наристемди жоготом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Уулумдун алдында өзүмдү күнөөлөп жатам. Анын сүрөттөрүнөн, кийимдеринен кечирим сурап күнүм өтөт. Азыр 2 улуу балам кичине жөтөлүп калса дагы жүрөгүм түшөт. Кайда алып барам, кимге көрсөтөм деп ойлоном.
Ымыркайыбыз чарчап калгандан кийин адилеттик издеп Саламаттыкты сактоо министрлигине чейин арыз жаздым. Бул окуя боюнча кабардар болгон Кемин шаарынын ооруканасынын башкы дарыгери «мага бул окуя боюнча маалымат кеч жетти. Дарыгерди ишинен алып жатам. Эми жазган арызыңды ал» деп жатпайбы. «Иштей берсин, мен арызымды албайм, эл мындай иштер болуп жатканын билсин» дедим. Менин баламды дарылаган Шарипа Абласова «Бишкекке барып келген жол киреге кеткен акчаны төлөп берейин» деп айттырып жибериптир. Мага бул дарыгерлерден эч нерсе керек эмес, болгону өз милдеттерин так аткарышса. Мындан кийин ушундай кайдигер мамиле жасаган ак халатчандардын айынан башка энелердин дагы жүрөгү сыздабасын деген ой менен мунун баарын айтып жатам.
Саламаттыкты сактоо министрлигине жазган катымдын жообу жакында колума тийди. Анда аталган оорукананын дарыгери Шарипа Абласова тарабынан кемчиликтер кеткенин, жетекчилиги аны көзөмөлгө албагандыгы тууралуу айтылыптыр. Эми эксперттер кандай чара көрүлө тургандыгы тууралуу баа беришет экен. Ушул кадамдарымдын баары текке кетпей, башка дарыгерлерге дагы сабак болсо экен дейм.

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg



"Дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам баламдан айрылдым"

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Айбек Алимов, Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
27.03.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Окуп алып аябай боорум ооруду.азыркы заманда врачтарга кунун тушпосунда...
27.03.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чокуңу жегир врачтар 4 сөзү орусча кыйынсышып күйгүзүштү. Көп эле болот да деп дарыгерлерди көзөмөлдөш кк. Бул кагаз жүзүндө эле калат.
SUPER.KG видео
27.03.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай ак халатчандар көбөйдү антына бек турбаган.Коп эле кездешет мындай көрүнүш .Энеге кыйын болуптур чырагынан айрылып кан жутуп турса.
Медиа-портал
27.03.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда жакшы дарыгерлер жок, коррупцияга белчесинен баткан! Канчалаган омурлор кыйылды. Мындайларды камаш керек.
SUPER.KG видео
27.03.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сизге сабыр берсин ал врач сизден акча умут кылган турбайбы булар ушундай акча берсен карайт бергесен олтурот.Алла жазасын берсин
27.03.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Парацетамолду биздин врачтар да алдырып такыр тыюу салышпайбы,боорго зыян экен .Врачтарда такыр жоопкерчилик жок рахмат Росс.врачтарга орус болсо да балдарды өтө өтө жакшы карайт экен.Нуржамал эже сабыр кылыңыз калган балдарыңыз ден соолугу чың болуп чоңойсун.
27.03.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге менин комментим кетпей атыры
28.03.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa, саламатсызбы? Тагыраак жазсаңыз, кайсы жакка кетпей жатат?
27.03.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
байкуш бала орду жанаттан болсун,эми жашоонун ачуу таттусун коруп билип келе жатканда,бул сиз айтканыныз аябай туура ошол врачтын ишин билбегени жумуштан алыш кк,мынтип дагы бир байкуш энени сыздатат да.Кантип тынч жатты болду экен ошол врач.
27.03.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууру бизде кучтуу кадр жокко эсе балдарым ооруп калса кимге кайсы педиаторго корсотсом экен жеймин
SUPER.KG видео
28.03.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Врачтардын боору деле оорубайт адамдарды коруп корот элем озунун балан ушинтип узап кеткенде эжеге сабр берсин ар ким оз жазасын алат соссуз
28.03.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабыр кылыныз эже ! Баарыбызда эле бала бар окуп алып жаман болдум озумдун баламды элестетип алып. Негизи бизде медицина жакшы эмес акча болсо карайт болбосо оло бер. Эмнеге айтып жатам анткени мен азыр россиядамын жети айлык балам менен больницада жатам, бир аз жотолуп калдык эле жаткырып коюшту. Бул жакка киреерин менен толтура анализ алышат и бут бекер акча жонундо ойлонбойсун дагы. Бизде деле медицинаны бекер кылып койсо болбойбу.
28.03.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Парацетамол боорго зыян болсо анда эмне даары колдонуш керек жогорку температура га урматту супер инфо ушул боюнча маалымат жазып койосуздарбы
28.03.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toktoshova, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
28.03.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр берсин Аллахым ошентип карабай жатса башка врачка алып барбаптырсызда
28.03.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооругандан да коркосун
28.03.2017. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бечара эненин ордуна ошол врач озун коюп корбойбу акмак акча менен бутуруп келишип канчадан канча наристелердин олумуно себепкер болуп жатышат кудай жазанарды берсин.
29.03.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуу жайларды акча мн бутурбой мээнет мн окуш керек... илгерки замандагылар зээрикпей окуп чокуп жакшыы иштеп пенсияга чыгып кетишти... азыркы жаштарда билим деген нерсе опщум жок..
29.03.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менн да баламдын ичи отуп жугуштуу оорулар болумуно жатканбыз мед айымдар кирип текшеруу болот чондорго соз кайтарбагыла баары жакшы дегиле деген оздорун кызыкчылыгын ойлоп... бирок мен унчукпай туралган жокмун баарынар акчанын кучу мн бутуп келдиер силерди адамдардын омуру кызыктырбайбы?. Негк жумушка келесинер ишинерди берилип иштебесенер силерге ишенип биз отурабыз.. эртен сотто жолугабыз ушул балама бир нерсе болсо десем баары тапырап реанимацияга которгон
29.03.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдуу болунуз эже.Туура кылыптырсыз арыз жазып.
29.03.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын айтканы болот
30.03.2017. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай врачтардан кудай сактасын менда жаны тогонумдо кызымды жакшы карашпай чыгарып коюшкан кусуп ыйлай бергенинен врачка барса озу кыйык ыйлаак дешкен бишкекке барсак ашказаны тазаланбаптыр ошого эме албай ыйлап журуптурда азыр кызым жакшы кудайга шугур.Азыркы врачтар билбейм кандай балдарды уч жашка чейин бекер карайбыз деп коюп акча сурашат айтсан башкача жооп беришет
30.03.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш эне
30.03.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуштан бошотту деп эле жон калбай жазасын алыш керек себеби дагы бир ооруканага барып жумушка орношуп алат бизде акча берсен мындайга коз жумуп коюп кайра эле жумушка алаберет
31.03.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эле ақ хакалчандар деп куноону қойо бересиздер,балким жаш баланын организими алсыздыр, бұл менен эми эки жака тен тартпай элемин, бир иште толук конул коюп карыштырган адамдын озу жок.
31.03.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр, башка эч нерсе айта албайм. Бул да Аллахтын сыноосу
31.03.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өтө жаман болуптур,
01.04.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сабыр кылыныз эч кимдин башына келбесин мындай акыбал.эмнеге температура чыгат ошону билиш врачтын милдети да.порацетамол береби укол саябы алар убактылуу дене табын тушурчу дарылар.причинасын билбесен канча берсен деле температура тушуп кайра которуло берет да.Кырг.дагы врачтарга такыр ишенбейм.темболе жаны жылга жакын болуптур.эси ооп жаны жылды кантип тосом каерде тосом деп конулу жок болгон менимче.
01.04.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 баламы москвада тородум.бир жакшына эле карашат.бироо бир акча жонундо ооз ачпайт.жана иштерин так аткарышат.жоопкерчилик ото чон.мен да Кыргызстанда 2 баламан ажырап умутум узулуп Москвага келип тороп балдарымы карап чонойтуп жатам.Аллага шугур азыр.
01.04.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Кеминдин больницасы адамдарды олтургонду гана билишет менин чон мамамдыда олтуруп койушкан
02.04.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сабыр берсин
02.04.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мотурайып турганын кара, окуп алып журогум эзилип кетти. Апасына сабыр берсин Аллахым.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: