ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖ

№753 7-13-апрель, 2017-ж.


Айрымдар «перманенттик макияжды жалкоолор жасатат» дешет. Анткен менен ар бир аялзаты кандай шартта болбосун дайыма идеалдуу көрүнгүсү келери талашсыз. Күн сайын күзгү менен алышкысы келбеген аялзатына арналган перманенттик макияж тууралуу визажист, косметолог Жаркынай Ормонова тааныштырмакчы.

ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖ ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Көпчүлүк перманенттик макияжды татуаж менен алмаштырып жүрүшөт. Татуаж жасоодо химиялык боёктор колдонулуп, алар териге 1-1,5 миллиметр тереңдикте чегилип боёлот. Ал эми органикалык боёкторду териге 0,3-0,8 миллиметр тереңдикте чегип боёо процедурасы перманенттик макияж деп аталат. Бул процедура кашка, эринге жана сурмага карандаш сыяктуу учтуу нерсе же лазердик аппарат менен чегилип жасалат. Организмдин зат алмашуу процессине, теринин өзгөчөлүктөрүнө, кам көрүүгө карата боёк териде 1,5-3 жылга чейин сакталат.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • Сулуулук тартуулайт. Кашыңыздын, оозуңуздун формасын, түсүн өзгөртө аласыз.
  • Күн сайын боёнуп отурбай, убактыңызды үнөмдөйсүз.
  • Жуусаң да өчпөйт жана көп убакытка чейин сакталат. Мунун негизинде косметикалык каражаттарга көп акча сарптабайсыз.
  • Денеңизге каалагандай формада, түстө кал жасата аласыз.
  • Эгер денеңизде тырык болсо, перманенттик макияждын жардамы менен аны жашырууга болот.

КЕМЧИЛИКТЕРИ

  • Перманенттик макияж чакан операциянын бир түрүнө киргендиктен жасап жаткан учурда оорутат, бирок чыдоого болот. Ооруну сездирбеш үчүн атайын дары майлар колдонулат.
  • Макияждын карттануусу 10-15 күнгө чейин созулуп, ыңгайсыздык жаратат.
  • Эринге жасоо учурунда процедура учук вирусун чакырышы мүмкүн. Эгер кардарга учук көп чыкса, анда макияж жасатардан мурун сөзсүз алдын ала дарылануу курсунан өтүүсү керек.
  • Эгер колдонулган аспаптар башка кардарларга колдонулса ар кандай оорулар жугушу мүмкүн.
  • Жасалган макияжды лазердик аппараттын жардамы менен гана кетирүүгө болот. Башка жолу жок. Дароо эле өчүп калбайт, 2-3 процедураны талап кылат. Колдон келсе лазерди колдонбой эле койгон оң. Анткени кээ бир учурда лазерден денеге так калышы мүмкүн.
  • Боёк кеткенден кийин каштын, кирпиктин кайра өспөй калуу коркунучу бар.

КАЙСЫ УЧУРДА ЖАСАТУУГА БОЛБОЙТ?

  • Этек кир келген учурда
  • Бала эмизген учурда
  • Кош бойлуу кезде
  • Кан басымы көтөрүлгөн кезде
  • Лейкоз, кан оорулары, кант диабети, эпилепсия, онкологиялык оорулар, жугуштуу оорулар менен жабыркагандар, көрүүсү, иммунитети начарлар жасата алышпайт.
  • Баңгизат колдонгон кезде, алкоголдук ичимдик ичкенде

КАШТЫН ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖЫ



– Кашка перманенттик макияж жасаларда алгач адамдын көзүнүн, чачынын түсүнө жана терисинин өңүнө маани берилет. Мисалы, ак жуумал айымдарга күрөң түс жарашат. Ал эми кара тору айымдарга кара түстөгү боёк ылайыктуу. Дагы бир эске алуучу жагдай, каштын өңү айымдын чачынын өңүнөн ачыгыраак болууга тийиш. Кашка жасалуучу перманенттик макияждын эки түрү бар.
1. Каштын ар бир кылынын сүрөтүн бирден тартуу. Бул түрү 6D деп аталат. Баасы 2500 сомдон 5000 сомго чейин.
2. Карандаш же тень менен боёлгондой түр берип тартуу. Бул жөнөкөй татуаж деп аталат. Баасы 2000 сомдон 4000 сомго чейин.

СУРМАНЫН ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖЫ



– Көздүн сурмаларына жасалган татуажды сырттан караганда карандаш менен боёгондон эч айырмасы жок. Көзгө ар кандай түстөрдө жасалат. Бул дагы айымдын терисинин түсүнө жараша тандалат. Ак жуумал айымдарга кара, күрөң, көк өңдөр сунушталат. Ал эми кара торуларга кара өңдөн башкасы жараша бербейт. Мындан тышкары боёк көздүн формасына жараша чийилет. Мисалы, көзү ичке айымдарга калыңыраак, ал эми көзү бакыракай, сурмасы бар айымдарга ичке, сыртка чыгарылып чийилген сызык жарашат. Көздүн сурмасына жасалган перманенттик макияждын баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин.

ЭРИНДИН ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖЫ



– Мында эриндин терисинин үстүнкү катмары боёлот. Перманенттик макияждын жардамы менен кардар эринин көптүртүп, чоңойтуп, айтор, өздөрү каалаган формага жана түскө келтире алат.
1. Эриндин контурун чийүү. Эрининин контуру жоктор помадасынын түсүнө карата түс тандап чийдиришет. Баасы 2000 сомдон жогору.
2. Перманенттик помада. Бул процедурада адамдын жаш курагына жана терисинин түсүнө жараша түс тандалып, эрин толугу менен боёлот. Бир түстөн экинчи түскө өткөрүп боёо, контурдун түсүн туура тандоо менен эринди болтогой, сексуалдуу кылып көрсөтүүгө болот. Баасы 3000 сомдон 6000 сомго чейин.

Эскертүү! Перманенттик макияж жасалгандан кийин атайын маздарды сүйкөп, калыбына келгенче бассейнге, солярийге, саунага барууга, декоративдик косметикалык каражаттарды пайдаланууга болбойт. Карттанган жараатты колуңуз менен сыйрыбаңыз, инфекция кирип кетиши мүмкүн. Мындан сырткары эринди боёткондон кийин менюдан убактылуу ысык суусундуктарды ала турган оң.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg



Перманенттик макияж деген эмне?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(11)
10.04.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооооо!
SUPER.KG видео
10.04.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул клиника кайсы жерде
11.04.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Замандын талабы болуп калды. Жасаткандар болгону үчүн жасап акча тапкандар көбөйдү, курстар дагы
12.04.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанымды кыйнап жасатпай эле койдум.
Кызыгып журдум эле.
SUPER.KG видео
12.04.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татуаждан,маникюдан гепатит оорулары жугат. Азыр Кыргызстанда гепатит менен ооругандар болуп баратат.
Медиа-портал
14.04.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура айым оозуна ботокс жасаткан менин оюмча, суйлоо речи так эмес, оозунун формасы да озгоруп калыптыр, козуно стрелки жасаткан базовый бирок эфирге чыгаар алдында бир аз коррекция кылып койсо болмок экен:) .
Медиа-портал
20.04.2017. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын, бетинин кобунчосу перманенттик макияж...
Медиа-портал
20.04.2017. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 жыл мурун чистка кожи лицага ушул Айнуранын салонуна баргам. Ош базарында " Эне Оргосу" деген помещенияда, супер инфого чыгып, аябай реклама болуп жатканынан...Приборлорун дезинфекция кылбаганы учун, бетимдин кара точкаларын жана майларын канатып сыгып жатканда, вирус кирип кеткен... ошол кундон 2 же 3 кун отпой бетим бузула баштады, угри каптап кетти...мына уже 1 жыл болду айыга албай журом....канча деген маска колдондум кетпей койду...((((
Медиа-портал
20.04.2017. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай бетимди бузуп алдым((
20.04.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дежа вю деген теманы таппай калдым го,ссылка берип койгулачы,сураныч???
21.04.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
D.Uezalieva, саламатсызбы? Бул шилтеме менен кирип көрүңүз: https://www.super.kg/article/show/39999
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-21 10:04:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: