Селиме Кочорбаева: "УУЛДАРЫМДЫ САКТАП КАЛЫШ ҮЧҮН КАЧКЫН СТАТУСУН АЛЫШЫМ КЕРЕК"

№755 14-20-апрель, 2017-ж.


Бул жолу турмуштун түйшүгүн жалгыз өзүнүн моюнуна артып келе жаткан 3 баланын энеси тууралуу баяндайбыз. Каарманыбыз Селиме айым 3 баласынын тең анын көз алдында күндөн күнгө ден соолугу начарлап жатканын көрүүгө аргасыз. Себеби анын уулдары тукум куучу мукополисахаридоз оорусу менен оорушат деген божомол бар. Мындай дартка чалдыккан мекенибизде жалгыз гана ушул айымдын балдары...

Мукополисахаридоз же Хантердин синдрому (МПС) – зат алмашуунун бузулушунан келип чыккан байламта ткандардын ооруларынын тобу. Бул оору тукум кууйт жана сөөк, кемирчек, байламта ткандарынын бузулушуна алып келет.
Селиме Кочорбаеванын эң кичүү уулу Мажит мукополисахаридоздун 2-тиби менен ооруйт. Бул дарт ага апасынан өткөн, себеби оорунун дал ушул тиби көп учурда энеден уул балага өтөт. Эненин дени сак болуп, ооруну алып жүрүүчү гана болушу мүмкүн.

Селиме айымдын апасы Асылбүбү Кочорбаева: "НЕБЕРЕМДИН ТАЛМАСЫ КАРМАГАНДА ҮЙДӨН КАЧЫП КЕТКИМ КЕЛЕТ"

– Кызымдын 3 баласы бар, үчөө тең оорукчан. Кичүүсү 3 жашка чейин жакшы эле болчу. Бирок көп ооручу, бир жолу ооруп жатканда эмдөөдөн өткөн. Ошондон кийин абалы начарлап, колдору тырышып калды. Дарыгерлерге барсак, диагноз коюп бере алышкан жок. Кийинчерээк жөтөлүп баштады, кыскасы, түрдүү оору менен алышып күнүбүз өтүп калды. Неберемдин талмасы кармаганда үйдөн качып кетким келет, чыдай албай калам.
Орусиянын Новосибирск шаарынан текшерүүдөн өткөн соң небереме мукополисахаридоздун 2-тиби деген диагноз коюлду. Аны дарылоо үчүн жумасына 10 миң долларлык тамчылатма дары алыш керек экен. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине жардам сурап кайрылдык. Ал жерде бизди "тигиге бар, буга бар" дешет. "Документтериңерди англис тилине которуп келгиле" дешти, которуп алып бардык. Ошол бойдон бир дагы жолу чалышкан жок. Өткөн жумада "Супер-Инфого" неберем тууралуу макала чыгары жөнүндө анонс кеткенде министрликтен "жардам бергенге болгон аракетибизди жасап жатабыз" деп чалышты.

Селиме Кочорбаева: "ОРУСИЯЛЫК ДАРЫГЕРЛЕР ЖУМАСЫНА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДАРЫНЫН БААСЫ 1 МИЛЛИОН РУБЛЬ ДЕШТИ"

– Мен 40 жаштамын, жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Учурда иштебейм, туугандарымдын гана жардамы менен күн кечиребиз. Кичүү уулумдун оорусу аныкталган соң Саламаттыкты сактоо министрлигине барганда "мындай оору менен Кыргыз өлкөсүндө жалгыз гана сиздин уулуңуз ооруйт, андыктан өмүр бою аны кымбат дары менен камсыздай албайбыз. Силер чет өлкөлөрдүн бирине барып, качкын статусуна ээ болушуңар керек" дешти. Анан АКШга кетүүгө аракет кылып баштадык. Америкадан бир киши социалдык тармак аркылуу бизге байланышып, "жардам берем, келгиле" деп чакыртты. Өмүрүмдө көрбөгөн адамга айлам кеткенинен ишенүүгө аргасыз болдум. Бирок ал адамга жеткен жокпуз. Себеби бул жактан АКШнын элчилиги виза бербей койду.
"Тез виза жасайбыз" деген жарнамага кайрылдым. Андагы айым "Шенген визасын жасатсаңар, Мексика аркылуу Америкага кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт" деп, Москвадан Алексей Кузнецов деген киши менен байланыштырды. Ал бизге "ар бир кишиге 2500 евро керектелет" деди. 3 уулума жана мага 10 миң евро табуу үчүн мен үйүмдү саттым, иним менен ата-энем унааларын сатып, акчасын беришти. Москвага жалпысынан 10 миң евро жибердик. 1 жумадан кийин Москвага барып документтерибизди алдык. Бирок "Шереметьево" аэропортунда Германияга учууга каттоодон өтүп жатканыбызда ал жердеги кызматкер "мындай виза менен силерди Мексикага киргизбейт" деди. Өмүрүмдө чет элге чыкпаган жаным эч нерсени билбейм да. Бирок Орусиядан өткөрүштү. Учакта уулумдун көздөрүнөн, мурдунан, кулактарынан кан агып, учак конгуча өлүп калабы деп коркуп кеттим. Германиялыктар биздин документтерибизди көрүп, террористтер деп ойлошуптур. Көрсө, документтерибиз жасалма экен. 2 күн полиция кызматкерлерине сурак берип, көрбөгөн күндү көрдүк. Акыры уулума жардам керек экенин түшүнүп, медициналык жардам көрсөтүшүп, бизди кайра Москвага депортациялап салышты.
Москвага келген соң баягы Алексей Кузнецовго чалып "акчамды кайтарып бер" десем, "сени каматып салам, Орусиядан чыга албай каласың" деп кайра мени коркутту. Эмне кыларымды билбей Бишкектен эжем жиберген акчага батирге кирип, орусиялыктардан жардам сурай баштадым. Бирок ал жактагы дарыгерлер "биздин жаран эмессиң, жумасына керектелүүчү дарынын баасы 1 миллион рубль. Жумасына
1 миллион төлөп бере албайсың да?"
деп баштарын гана чайкап жатышты.
Азыр ал күндөрдү эстегим келбейт. Балам түнү менен уктабай ыйлайт, батирден түнү болобу, күндүзбү, бизди канча жолу кууп чыгышты. Кошуналар түшүнбөй милиция кызматкерлерин чакырышат. Декабрь айы болчу, суукта баламдын талмасы кармап калбасын деп лифтте жылынып отурчубуз. Акыры Бишкекке келдим. Үйүм жок же акчам жок, ар кимден жардам сурап чуркап жүрөм. Иштейин десем кичүү баламды эч кимге калтыра албайм.

"АЗЫР УУЛДАРЫМДЫ САКТАП КАЛУУНУН 1 ЖОЛУ БАР"

– Улуу баламдын дагы акыркы учурда мүнөзү катуу өзгөрүп бара жатат. Телевизор, телефон деген нерсе калбады. Жини келгенде колуна тийген нерсесин сындырып салат. Өзү менен өзү сүйлөшүп, эмне кылып жатканын унутат. Бою дагы өспөй калды. 18 жашта, жогорку окуу жайга киргизсем, тайпалаштары "өзү менен өзү сүйлөшө берет, сабак болуп жатса туруп басып кетет, акылы кем" деп корко беришип, окубай да калды.
2-балам 16 жашта. Бир көзү 20, экинчиси 70 пайыз гана көрөт. Анын дагы ден соолугу күндөн күнгө начарлап жатат. 3-уулум 8 жашта. Бирок 4-5 жаштагыдай көрүнөт. Мунун себеби мукополисахаридоз менен ооруганда баланын сөөгү өспөй, ички органдары чоңоё берет экен. Мурун сүйлөй алчу, бир нерсени айтсаң түшүнчү эле. Азыр сүйлөбөйт, эч нерсеге түшүнбөй эле чыңырып ыйлай берет, уктабайт. Сыягы ички органдары ооруйт окшойт. Сиңдим, экинчи уулум болуп кезектешип карайбыз. Орусиялык дарыгерлердин айтымында, 3 уулумдун тең ден соолугундагы кемчиликтеринин себептери мукополисахаридоз болушу мүмкүн. Бирок 2 уулумду текшерткен эмесмин, себеби ага акча жок. Күн сайын балдарымдын көз алдымда соолуп бара жатышканын көрүп, өзүмдү коёрго жер таппай кетем. Азыр менде бир гана айла бар. Чет өлкөгө кетип, качкын статусун алышым керек. Андан башка уулдарымды сактап калуу үчүн жол жок. Кыргыз өлкөсүндө өлүмгө моюн сунуп отуруп кала албайм!

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg



"Баламдын өмүрүн сактап калыш үчүн качкын статусун алышым керек"

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(39)
24.04.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тооба кылдым. Кудайым шыпаасын берсин ылаайым.
24.04.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Же эмне чиновниктердин балдары оорубайбы? Кайсы чиновниктин баласын уктунар эле ушу больницада жатат деп?! Байкуш кыргызга боло берет деген отношениясы эл журтка
24.04.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Lekarstvosvoegomuja,созун 100% туура
24.04.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жараткан балдарынызга шыпаа берсин.Умутунуз акталат. Келечекте балдарыныздын жакшылыктырын гана корунуз.
24.04.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сабр кылыныз эже буйруса баары жакшы болот...А мамлекет жок дегенде алдаткан акчасын кайрып алып берсе болмок...
24.04.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай аай ыйлаап жибердимго окуп жатып биздин лохтор бир адамга жардам кылалбаса 6млион калка кандай жардам берет.
24.04.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Америкага визага чондор жардам берип койбойбу кызык эми бизде дарылаганга болбосо..мультимиллионермин деп мактанып чет элди кыдырып журот го ажобуз..
24.04.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай озу колдосун! Башка не дейбиз! Коз коруп колунан эч нерсе келбей турса ошол кыйын туура!
24.04.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаа берсин балдарынызга. Админ эженин номерин жазып кое аласыздарбы жардам берууну кааллоочулар байланышканга.
24.04.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мултимилиионер кайда журот ушундаларга жарлам бербейби. А тиги биринчи миллионум мынча жашымда тапкам деген немелер ушундайда дымы чыкпай калат да. Келгиле баарыбыз жардам беребиз эжеге. Банкта счет болсо
24.04.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бала кичине эле ооруп калса канча азап тартып, дунуйон таарыйт. Аллахым шыпаасын берсин. Колундан келсе жардам берип бир энени суйунтсон, ээх.
24.04.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Номерин калтырып койгулачы эженин
24.04.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korul.alai001,0550653888
Медиа-портал
24.04.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
predlagau obratitsya www.medigo.com nemeckaya kompaniya, hotya bi prokonsultirovatsya. U nih est russkogovoryashie assistenty.
24.04.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсин уулунуз!!
24.04.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым шыпаасын берсин уулдарынызга! Балдар оорубасынчы Кудай ай...
24.04.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jojotai,Амин
24.04.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ойумдан эч кетпей койду бул эненин кайгысын Ким билмек эле ар Ким оз кыялы, миллиондору, жашоосу менен алышып журот да, кийинки учурда аябай кобойду ооруган балдар алар айыгып кетип жатышабы,бирине жетсе экинчиси даагы кобу болсо болмок дейбиз адамзат!!! Аллахым оору сыркоодон сактап журсо экен...
25.04.2017. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх. чиновниктер!мульти миллионерлер!Ак уйдогулор!биздин Ак уй Ак уй эмес эле Зоопарк болуп калдыго.
25.04.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ бул эжеге кантип жардам берсек болот?
25.04.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Падыша Кудайдын жердеги колокосу деп окуган жайым бар... Ажо, жардам бериниз бул уй-булого, кылыныз кыйшайып калбайт!
25.04.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпасын берсин...
25.04.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тозокту бул жашоодо эле коруп жаткан экенсиз. Эй Аллах эми жаннатынды да корсот. Балдардын ооруусуна шыфаа бер. Эненин дили тилинип буттуго балдарын коруп туруп.
25.04.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп алып аябай сыгылып кеттим эч бир жанга ооруу бербесинчи бала дегенде айла жоктон тил билбеседа башка мамлекетте жашайм деп жатат арга жокта мамлекет бир жардам кылса тиги эшек орус ичкени ирин жегени желим болсун орус донуздар эч качан жакшылык кылган эмес кыргызга
25.04.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эже озу эмне учун орусча суйлоп жатат папасы дунганго?
26.04.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин эже
26.04.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыфаасын берсин
26.04.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жаман болдум эжени коруп алып,келгиле кыргызым коп тукурсо кол болот дейт,колубуздан келишинче жардам берели,100 сом болсо да кошолу,эженин тел номери экранда жазылып турат,тел чалгыла жардам беришибиз керек,антпесе эне байкушту кордук аябай кыйналып жатат алдарын коруп
26.04.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alla taala jolunuzdu achsin,
birok kachkin bolup kelgende dele Amerika kosh keldiner dep meditsinalik jardam bere koyboyt eje, bul jakta kop adamdar dokumenti jok oorup darilana albay jurushot, strahovkasi barlar da koldon kelse barbagani araket kilat, oto kimbat
28.04.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baldardyn atasyn, joldoshun taap joopkerchilikty moynuna ilish kerek. Ene jalgyz jasagan emes. Superİnfo atasyn aty jonun taap jazsanar uyalyp kalaar bele.
01.05.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirke, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
29.04.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефон номерин жазып койсонуз админ,аз да болсо жардам берет элек.
Аллах шыпаасын берсин!
01.05.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adelina_1997, munduz2016, Саламатсыздарбы? Жардам берүүнү каалагандар үчүн телефон номерлери видеодо көрсөтүлгөн.
30.04.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткандын каалоосу эже, бугун,эртен,болбосо бир кун баары жакшы болот!!!!
30.04.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерде регистрация болгон толковый,юридика жолдорун билген эркек болсо коомчулукка алып чыгып, жардам беруу,акча чогултуу,виза алып беруу учун тийиштуу булактарга кайрылуу,негизинен убактысын аябай уюштуруу иштерин жургузуп маселени чечсе болчудай.Менин кичинекей балам болгон учун, керек болгон убактымды боло албай калам,мумкун болушунча жардамыбызды,убактыбызды аябай аракет кылсак кандай болот достор!?
2017aidiko түзөттү 2017-04-30 17:14:46
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: