ООРУЛУУЛАРДЫ ТЕЙЛЕГЕН МОСКВАДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕР

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.


Өткөн жумада гезитибиздин кабарчылары Орусиянын борбору Москва шаарына иш сапары менен барып, мекендештерибиздин турмушу менен таанышып кайтты. Москва шаары эң көп мекендештерибиз иштеп жүргөн шаар экенин билчүбүз, бирок мынчалык көп санда экенин билбептирбиз. Метрого кирсең да кыргыздар, шам-шум этүү үчүн кафеге же бир нерсе алуу үчүн дүкөнгө кирсең да кыргыздар. Кыскасы, кайда барба кыргыздар көзгө урунат. Москва Кыргызстандын эле шаары сыяктуу элестеп да кетти. Иш сапар бир жумага созулуп, бул убакыт ичинде түркүн тармакта эмгектенип жүргөн мекендештерибизге жолуга алдык. Биз жакынкы сандарыбызда Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин жашоо-турмушу тууралуу макалаларды жарыялап турмакчыбыз.

«ЖООПКЕРЧИЛИКСИЗ ИШТЕГЕНДЕР ЧЫДАБАЙТ»

Москвадагы атактуу хирург Николай Пироговдун атын алып жүргөн Улуттук медициналык-хирургиялык борбордо дарыланып жаткан оорулууларды багып, тейлеп иштеп жаткан (сиделка) мекендештерибиз бар. Ооруканага кирүүгө укук берүүчү документ (пропуск) менен гана кирүүгө мүмкүн. Жалаң кыргыздардан турган оорулууларды тейлөөчү топтун жетекчиси Анара Мазарипова башка кызматкерлердин документтерин алып келип бизди ооруканага киргизип, мекендештерибиздин иши менен тааныштык. Топтун жетекчиси Анара Мазарипова ишинин оош-кыйыштары менен бөлүштү:
- Мен 2000-жылдары Орусиянын Ростов-на-Дону шаарына барып иштегем, 2005-жылдын аягында болсо Москва шаарына келгем. Алгач сатуучу, тигүүчү сыяктуу ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Анан 2011-жылы ушул ооруканага жумушка орношуп, ошондон бери иштеп келе жатам. Өзүбүз «Роспартнёр» деген фирма ачып, быйыл январь айында оорукананын жетекчилиги менен келишим түзгөнбүз. Алгач оорулууларды тейлеген кызматкер болуп иштечүмүн, азыр топтун жетекчисимин. Учурда бизде 15 адам иштейт, анын үчөөсү эркек болсо, калганы аялдар, баарынын улуту кыргыз. Арасында медициналык билими барлары да, жоктору да бар. Жаңы келген кызматкерди өзүбүз эле үйрөтүп алабыз. Эң башкы талап, орус тилин билиши жана ден соолугу чың болушу керек. Жумушка аларда Орусиядагы каттоосунан мурун медициналык китепчесин карайбыз. Жоопкерчиликсиз иштегендер өздөрү эле кетип калышат.

«КӨБҮНЧӨ ООРУКАНАДА ЭЛЕ ЖАТЫП КАЛАБЫЗ»

- Бул ооруканага багар-көрөрү жоктор түшпөйт, жалаң эле бардар адамдар жатып дарыланышат. Инсультка кабылып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүшөт да, кичине жакшы болгондо палатага жаткырылат. Анан алардын организмин калыбына келтирүүчү иштер жүргүзүлүп, дарылоодон өтүшөт. Көп пациенттер өздөрү басып, өздөрү тамак иче албайт, ал эми көптөрүнүн туугандарынын аны караганга убактысы жок. Анан «карап бергиле» деп бизди жалдашат. Кээ бирлерин келип кетип эле карасак, кээ бирлерин күн-түн дебей карайбыз. Көбүнчө оорулууларды карап бул жакта эле жатып калабыз. Ошого жараша акы алабыз, орточо айлыгыбыз 30-45 миң рубль. Кээ бирлери 1 жума, дагы бирлери 1 ай жатышат. Жылдап комада жаткандары да болот. Өзүн караган кызматкер жагып калса, кээ бирлери ооруканадан чыгып баратканда аны үйүнө ала кетишет. Үйүнөн караганда көбүрөөк төлөшөт, 3-4 жылдан бери оорулууларды үйүндө карап жаткан кыздарыбыз да бар.
Кээде ошол убакта коркунучтуу, бирок кийин күлүп эстей турган окуялар болуп калат. Мисалы, мындан бир нече жыл мурун Феруза деген кызыбыз бир абышканы карап отуруп уктап кетиптир. Өзү баса албаган ал абышка уктап жаткан Ферузаны кантип аттап өтүп, палатадан чыгып нөөмөттө турган медайымдын жанына барып калгандыгын эч ким билбейт. Ал медайым Ферузаны ойготкону палатага кирсе, абышка эшикти сыртынан бекитип кетип калыптыр. Экөө эшикти ача албай айласы кеткенде сигнализация иштөөчү кнопканы басышыптыр. Эшикти бузуп ачып, бөлүмүбүз менен түп көтөрүлө издеп жүрүп ал чалды оорукананын жер төлөсүнөн таап келгенбиз.

«КЫРГЫЗСТАНГА КЕТКИБИЗ КЕЛЕТ, БИРОК...»

- Үй-бүлөбүз менен Москвадабыз. Интернет аркылуу Кыргызстандагы жаңылыктарды окуп турабыз. Жаман кабарларды укканда жүрөгүбүз ооруйт. Көп жылдардан бери бул жакта жүрүп орусиялык эле болуп калдык, бирок жүрөгүбүз Кыргызстан деп согот, мекенибизди сагынабыз. Кыргыз жерине кеткибиз эле келет, бирок айла жок, турмуштун айынан бала-чака багалы деп иштеп жүрөбүз да. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиз менен, жеңилдиктер деле байкалган жок. Ошол эле салык, ошол эле талаптар.
Оорулуулар да ар түрдүү болот, кээ бир кардарларыбыз аябай ыраазы болуп кетишет, жакшы сөздөрдү, мактоолорду угабыз. Кээ бирлерине канчалык жакшы карасаң да жакпайсың.

«ЖУМУШУМ ӨЗҮМӨ ЖАГАТ»

Атыргүл Эсенбекова да 6 жылдан ашуун убакыттан бери оорулуу карап иштеп келет:
- Мен 2010-жылы Москвага келгем. Алгач 2 ай дүкөндө кассир болуп иштедим, анан тааныштар аркылуу бул жерге келип иштеп калдым. Жумушум өзүмө жагат, ошондуктан башка жумушка кетким келбейт. Жумушубуз – оорулууларды бастырабыз, ар кандай сабак, машыгууларга алып барабыз, 5 маал тамак беребиз. Укол сайганды, тамчылатма дары койгонду бүт бул жактан үйрөндүм. Бул жердеги кыргыздар ынтымактуубуз, бири-бирибизге каралашып турабыз. Бирөөбүздүкү жеңил оорулуу болуп калса, дагы бириники кыймылдай албаган оорулуу. Жеңил оорулууну карагандарыбыз кыймылдабаган оорулууну көтөргөнгө жардам берип турабыз. Мурда жалаң аялдар иштечүбүз, жакында 3 жигитти жумушка алдык. Себеби кыймылдабаган оорулууну көтөрүү аялдар үчүн оор эле.
1 кызым, 2 неберем бар, алар Кыргызстанда жашашат. Мекениме 3 жылдан бери бара элекмин, буюрса, быйыл августта барып келем деп жатам.

Мекендештерибиз мына ушундай өздөрү баса албай калган оорулууларды карап, багып иштешет.


«Борис Александров 90 жашта. Бул абышканы карап жатканыма 5 ай болду. Тамакты өзү ичет, өзү басат, болгону жыгылып калбасын деп жанында коштоп жүрөм».


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Сиделка" болуп иштеген Москвадагы мекендештер

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Санжар Турсуналиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(27)
Медиа-портал
01.05.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Бул мекендештерибиз жакшы акча табышат экен. Оздорунун айтуусу боюнча акчадан кыйналбайт экен. Акчадан кыйналып ар эки айда айлык алган мекендештерден да интервью ала кетпепсинер да. Кыйналган мекендештерибиз толтура. Мындай иштешендерди чондор корушсо. Оной акча табышат экен деп жатышат да Элди ойлобой. Бул менин жеке оюм.
Медиа-портал
05.05.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaziko80,жакшы айлык алган менен алардын мээнети да бар. Ордунан туруп туалетке бара албаган оорукчандарды жаткан жеринен заара кылдырып улуу заара кылдырып аны тазалап кочугун арчыйсын. Оорукчан адам капризный болот ага чыдайсын кыскасы оной акча эмес. Главный жумуш бар экен.
01.05.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Кыргыздар иш иштеп жайылып, чачырап кеттик го. Россияда, Турцияда, Кореяда ж.б. Мекенге кайтканга алардын эки козу торт эмес сегиз! Мигранттарды ойлогондо, "Оо... Кудай бешенебизге башы иштеген, акылы тунук, боорукер ажо бере кор"дейсин.
Аялдарга окшоп ар кимди колтуктап, кучактабаган, "Айланайындар, алтындарым кудай берет, мен ишенем" деп курбу кыздары менен суйлошуп жаткандай болгондордон эмкисинде кудай алыстатсынчы.
aikera1992 түзөттү 2017-05-01 10:35:09
01.05.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
aikera1992, эн туура айтасын создорундо жан бар
02.05.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aikera1992,досум бирок кыргызстандада кыргыздар коп Бишкекте журуп орустпрды корбой калдымго ошко барып озбектерди корбой калдымго.Кыргыздар кобойуп атышат
01.05.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Женилдиктер байкалган жок дейт. Мурун 30 минге Разрешение на работу жасатып анн жумушка кирчубуз. Казыр только трудовой договор и все. Эч кандай 30 мин толомой жок. Регистрацияга толойсун конечно 2-3 мин.. и жумуш да жакшы табылат..жащыргында эмне, чынында Кыргызстандыктарга орустардын мамилеси туз.. чем Озбектерге и Тажиктерге караганда... озулору деле айтышат, кыргыздар башкачасынар деп.. более культурны, акуратны и язык хорошо знаете деп...
02.05.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Santini,туура айтасыз!! Озбек тажиктер азыр айына 4000мин толойт анан баардык ишке ала бербейт. Тобо десек туура болот!
04.05.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Santini, Тууган жазгандарың кантет ? Кантип өзүңдү Мен Кыргызмын деп айта аласың? Кыргызчаны жакшылап үйрөн учт болот !!!
04.05.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Santini, портал кыргыз тилдүү болгондуктан кыргызча жазууну сунуштайбыз.
01.05.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Москвадагы кыргыз клиникаларды жазбапсынар,эптеп алдап кыргыздардын акчасын кагып алышат.Кымбаттыгын айтпа
01.05.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оа менин Женем боюнан козголуп кыргыздарга барса, оспой калган аборт деп болбой жатып тазалап салган почти 18 мин рублге, сактап калса болсо керек эле, буларга ишин тушпосунда
06.05.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazikbaigazy,бир кыз да кыргыздардын клиникасына барса оспой калыптыр дептир,ишенбей орустарга барса бир жакшына экен азыр журот жакшына эле
01.05.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Оа кыргыздар деп издеп таап барганбыз бизда анализ тапшыр деп тапшыргам 1670рубль деген бираз жетпей калды анализ чыкканда ала келем десек кыйкырынып олуп кала жаздаган капа болуп кеткем аябай кийин крга барып анализ тапшырсам20сом алганда тан калгам.
01.05.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баардык жерде баардык элде жакшы жана жамандар бар. Кээ бир жерде оз улутташындан корбогон жакшылыкты башка улуттан коросун. Кай жерде болсонор да адам бойдон калгыла замандаштар
01.05.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москва коп кишинин коз жашын токтурду го! Москваны коро элек мен эле калдым окшойт. Туркиени жайгарып койоун анан Москвага барам. Москва мени кут
01.05.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Lekarstvosvoegomuja,
Москвадан караганда Туркияда уйронуп калсан Туркия жакшы. Москваны эмне кыласын. Москвадагы орустар оздору Туркияга жете албай журот.
01.05.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Москва Эле Москва дейт биздин эл , бул жакта акчаны сапырып бере тургансып. Аран иштеп салган акчаларга кыргызстанда чайханага кирип , той топурда жок кылышат. Бул жакта ден-соолуктан кетесин, жаш кырчындай жаштарыбыз кордолгонучу... айлыктарын ала албай канча кыйындык корот, озубуздун эле кыргыздар алдап , тоноп, анысы аз келгенсип алдап жумуш бар деп чакырышат! Менин квартирамда жашаган жаш кызды акыркы акчасына проезд алып жумуш бар деген жерге барса орифлейм экен , аябай жинденип келген...
02.05.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
pixduel1,Туура айтасыз. Бир досум даагы ушундай окуяга дуушар болгон. Чакырган кыз айтпастан кыштын куну.Ашпозчулука иш бар деп. Чакырып. Даары дармек сатуучу, тармакка чакырган. Алдаганы аз келгенсип. Орондоп, кыйынсынганы куйгузду дейт ) Жумушсуз отурсан. Баагы жокко,даагы жок деген. Ушул экен!

Эн жаманы "Бирге" аалам баракчасына. Озбуздун жердештер. Бирин бири алдоо жолу менен иштегенге отту. Бул окуялар окундурот. Озунун апасындай,эжелеринд
bosmos777 түзөттү 2017-05-02 02:24:53
02.05.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанды сагындык дешкени менен келгиси келбейт. Бул жакка келсе ачка калабыз деген психологияны баштарына сиңдирип алышкан.Менин деле бир эжем ошол жакта балдары менен, сУйлөшүп отурсаң Кыргызстанды эч нерсеси жок, экономикасы артта калган бир жерге окшотушат. Берилбеген суроо "Кыргызстанда связь чыгабы?"- деген эле калат.
03.05.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз да Москвада иштейбиз. Чын эле Кыргызстанга биротоло барсак ачка калчудай боло беребиз. Эмне жумуш кылам деп ойлонуп жүрөм, ушул жылы биротоло кетейин деп ниет кылып койдук. Бирок, Москвадагысы деле, Кыргызстандагы тааныштар деле биротоло кала албайсыңар, Кыргызстанда жашоо кыйын, эч нерсе жок деп эле коркутушат го.
04.05.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tynara81, Кай жерде жашабаныз, акча табуу кишинин озунон, эмгектен коз каранды,Кыргызстанда деле жашоо жаман эмес, жаш кезде акча табуунун козун билбейсин анан акырындеп уйроносун дегендей, талаптарыбыз чон, барына топук кылып жашасак болот, ысырап коп кылбыз дегендей, базар жакын байыбайт деген соз бар, ал эми Москва мегаполис жашоосу да ошого жараша кымбат, мындай карасан бирдей эле болуп калат
04.05.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кай жерде болсо да кудай берген ырыскы менен жашап атабыз да
04.05.2017. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктер,президнтибиз ХХХ болсо не кылалы эми айла жок Манастай бироо чыккыча. Же Жанар Акаев президент болгуча чыдайлы
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-04 09:16:37
04.05.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А мен жон гана Кыргызстанымды сагынып ыйлагым келип турат. Аябай жакшы орустардын арасында иштегеним менен , кыргыз эмес, Кыргызстан эмес...
05.05.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштесен тиштейсин кайда болсо да эмгек керек Кыргызстанда деле иштеп уйдон уйду машинадан машинаны алып элдер кыйла онолуп калышыптыр...
07.05.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кай жакта болбо тынч жүрсөң ошол бакыт го, курсагың ток, кийимиң бүтүн дегендей...
08.05.2017. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жерде болбойлу ынтымактуу бололу кыргыздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: