Орусиядагы мекендешибиз: "МЕТРОЛОРДО УУЛУМДУ ЖОНУМА КӨТӨРҮП АЛЫП ООРУКАНАЛАП ЖҮРЧҮМҮН"

№758 12-18-май, 2017-ж.


Тагдыр адамдын башына кандай гана сыноолорду салбайт?! Элинен бөтөн жерде жүргөн Исматулла Сатаров аттуу мекендешибиздин Орусияга үй-бүлөсү менен барышына 19 жашар уулунун оорусу себеп болгон. Омурткасы бир жакка кыйшайып кеткен Илиязбек Сатаров 9 жашынан бери оору менен алышып келет.

"УУЛУМ МЕНЕН АЯЛЫМ КҮНҮГӨ ЫЙЛАЧУ"

Исматулла Сатаров, Илиязбектин атасы:
– Москвага келгенибизге 20 жылдын жүзү болуп калды. Үй-бүлөм менен бул жакка келгенибиздин себеби, Илиязбек аттуу баламдын оорусуна байланыштуу. Ал азыр 19га чыкты. Дарыгерлер уулума "омурткасы ийилип кеткен" (сколиоз) деп диагноз коюшкан. Врачтар уулумдун минтип калуусунун себебин "2-3 жашында сарык болуп ооруган. Жакшы дарыланбагандан улам оору күчөп кетип, боору менен бөйрөгү жакшы иштебей, тамырлары кыскарып кеткен" деп тыянак чыгарышкан. Убагында мен Орусияда такси айдап иштеп, апам баламды айылда алып калып дарыгерлерге көрсөтчү. 3-4 күндүк тапкан акчамды чогулта калып эле баламдын дарылануусуна салып жиберчүмүн.
Биздин тукумда мындай оору менен ооругандар болгон эмес. Уулум төрөлгөндө ден соолугу чың эле болчу. 8-9 жашынан тарта ооруй баштады. Ошондон кийин сөөктөрүнүн өсүшү токтоп калган. Моюну түз эмес, бир жак капталына ооп, далысына жабышып турчу. Буттарында бир булчуңу жок, сөөк эле болчу. Анткени кабыргасы кыйшайып калганда тамырлар тартылып, кан өтпөй калган экен. 10 метр басса эле дем алуусу кыйындап, анан эч нерсеге дарманы келбей калчу. Өзү баса албаган убакта метродон метрого жонума көтөрүп алып ооруканаларга алып барып жүрдүм.
Ошондо бир дарыгер "ушинтип дагы 2-3 жыл жүрө берсеңер, балаңар майыптардын арабасына отурат" деп айткан эле. Ошол сөздү уккандан кийин жегенибиз желим болду. Мен дагы эркек экенмин, көп билдирбейм. Ал эми уулум менен аялым күнүгө ыйлачу. Уулум "ушундан көрө менин жок болгонум жакшы. Мени силерден башка эч ким карабайт, эч кимге керегим жок" деп ыйлаган күндөрү да болду.

"ЭЛДЕН ЖАРДАМ СУРОО МЕН ҮЧҮН УЯТ ЭЛЕ"

– Москвада уулумду текшерген дарыгерлер "балаңыз окуду беле?" деп сураганда "жок, айылда бир ай эле окуган" десем, "балаңар эч кандай майып эмес, жакшынакай эле" дешти. Диагноз койгон дарыгерлер "уулуңуз 2 жыл ашыкча баспай дарылансын. Окуусун да бул жактан улантат" деп бир дарек беришти. Бирок ал жерде дарылатып, окутуу үчүн Орусиянын жарандыгы керек экен. Бизде Орусиянын жарандыгы жок болуп, ошону менен баламды убагында дарылата албай калдык. Ошентип арадан 5 жыл өтүп кетти.
Анан бир досум уулумдун абалын көрүп, тааныш врачын сунуштаган эле. Ага баламды көрсөтө баштадым. 5-6 жолу көрүнгөндөн кийин балам "ата, мага ушул дарыгер жакты. Өзүмдү башкача сезип кетем, ушул врачка барсам эле..." деп калды. Ошентип былтыр күнүгө ошол дарыгерге алып барып дарылатып жүрдүм. Бирок акчабыз тартыш болуп калып кайра токтотуп койдук.
Айлабыз кеткенде аялым "кой, минтип отура бергенде болбойт. Уят болсо деле элден жардам сурайлы" деди. Досторум да "элге кайрылып жардам сурайлы" деп былтыртан бери жакшы эле айтышты. Мен үчүн элден жардам суроо деген уят эле болчу, "Исмат ушинтип калыптыр" дегенди уккум келген эмес. Карасам, баламдын абалы күн сайын оорлошуп баратты. Эл-журтка кайрылып жардам сурагандан бери кичине болсо да акча-тыйын чогулуп, ошонун эсебинен баламды дарылатып жатам.

"ОРУСИЯНЫН ЖАРАНДЫГЫН АЛБАЙМ"

– "Көчөгө чыгып кел" деп айтсак корунуп, балкондо же терезенин түбүндө эле отура берчү. Жадакалса өзүнүн денесин бизден катып, уялып, үйдөн дагы жеңи кыска кийим кийчү эмес. "Бизден эмнеге уяласың?" десек, "менин мындай кебетемди силердин да көрүшүңөрдү каалабайм" дечү. Корунуп, өзүнчө бир жерге барып алып бук болуп ыйлаар эле. 2 орус досу бар, алар келгенде кичине алаксып калчу.
Азыр уулум саатына 3 миң рубль төлөп массаж алып жатат. Дарыгерлердин айтымында, уулума операция жасоонун кереги жок. Анткени массаж жасап эле омурткасын түздөсө болот экен. Бирок ага көп убакыт керек. Дарыгерлер "омурткасын укалоо жолу менен айыктырып берүүгө 80 пайыз кепилдик беребиз, калганы баланын өзүнөн. Андан ары спорт менен денесин чыңдоосу керек болот" дешти. Байкасам жылыш бар, буттарында булчуңдар пайда болуп жатат. Учурда салмагы болгону 30 килограмм.
Москвага бир гана баламды айыктырып алуу максаты менен келгенбиз. Бизге үй-жайдын же башка эч нерсенин кереги жок. Болгону уулум айыгып кетсин деп жүрөбүз. Айылга барып калганда өзүмдүн бир туугандарым, кошуналарым мени табалап, бетиме эле "15-20 жыл Москвада эмне кылып жүрөсүң, эмнени кыйратып жатасың?" дешет. Алар айтса айта беришсин, анткени мен баарына кайылмын. Уулум айыгып кетсе эле мекенибизге кайтабыз, ал тургай ушул күнгө чейин Орусиянын жарандыгын алган жокпуз. Убагында "сага жеңил болот" деп Орусиянын жарандыгын бекер бергенде да албай койгом. Ушул убакка чейин менин досторум да, келинчегимдин курбулары да баламдын оорусу жөнүндө билишчү эмес. Элге кайрылгандан кийин гана билип, таң калып жатышат.

"БАРБАГАН ООРУКАНАБЫЗ КАЛГАН ЖОК"

Махбирет Юлдашева, Илиязбектин апасы:
– Азыр мен жолдошум менен бирге курулушта сырдоочу болуп иштейм. Балам ден соолугу чың эле төрөлгөн. 8-9 жашына чейин жакшынакай жүрдү, андан кийин эле ушул оору жабышты. Акырындап омурткасы, далысы кыйшая баштаган кезден кийин билгенбиз. Ошондон бери барбаган ооруканабыз калган жок. Кудайдан үмүт кылып, уулубуздун айыгып кетишин тилеп жатабыз.


"ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ БИЛИМ АЛУУДАМЫН"

Ушул учурда Илиязбек да сөзгө аралашты:
– Мурун дем алуум да кыйын болчу, кичине бассам эле дем жетпей калчу. Сөөктөрүм сыздап ооругандыктан түнү бою уктай алчу эмесмин. Массажга баргандан тарта жеңил дем алып калдым, анан чарчап келип уктап калам. Азыр толук айыгып кетишимди тилеп жатам. Буюрса, сакайып кетсем, билим алып, программист болсом дейм. Үйдө жатканда бекер отурбай интернет аркылуу билим алуудамын. Кээде досторум келет, алар менен эшикке чыгып ойнойм. Азыр кыймыл-аракетим жакшырып калды. Бешинчи кабатка өзүм түшүп, чыгып жатам.

Исматулла мырза курулушта иштеп тапканын уулун дарылоого жумшап келет.


Ата-энеси Илиязбектин дартка чалдыкканын 8-9 жашында билишкен.


Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg



19 жаштагы Илиязбектин салмагы болгону 30 килограмм

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Талант Рахматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(21)
Медиа-портал
15.05.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым озу шыпаасын берсин ал эми ата энесине ден соолук сабыр берсин. Бул дагы аллахтын бир сыноосу сакайып кетсин, коруп ыйлагын келетго ооруну берген аллахым шыпаасын да берет ин шаа алла, карарган тундун артында агарар таны бар унутпан. Бул баланын келечеги али алдыда баары жакшы болот.
yoona96 түзөттү 2017-05-15 11:39:36
Медиа-портал
16.05.2017. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Курулай намыс менен жашап келет экенда? Эл эмне дейт деп.
15.05.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
+7 926 460-56-71
Ильяздын атасынын номери
15.05.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Россия нын гражданствосун ала берсе болмок экен. Даарылаганына женил болот беле дейм да. Баланыз Аман эсен айыгып кетсин
15.05.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Россиянын жарандыгын алса куйоосу жакшыраак иштеп иштеп айлыгы жогорураак болот эле да
15.05.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айыгып кетсин бала, кудайым шыпаасын берсин.
SUPER.KG видео
15.05.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эртерээк сакайып кет!
SUPER.KG видео
15.05.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шыпаасын берсин Аллахым жакшы болуп кет бир тууганым.молтурогон жакшына бала экен баланыз жакшы болуп кетси ылайым
15.05.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Гражданство алып айыктырышса болмок баланы кыйнабай..бекер бергенда да албайм дегем дебей куру намыстын кереги жок болчу баланызга сакайганга женилиреек болмок...эмгиче жакшы болуп кетмек,,пайдаланып ден соолук учун коптору алалбай жатат го..кийин кайтарып кыргыз жараны болуп алмаксыз
SUPER.KG видео
16.05.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип байланышса болот,билгендер болсо айтып койсонор
16.05.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыфаасын берсин эртерээк айыгып кетсин
SUPER.KG видео
16.05.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла шыпасын берсин мен буга ишенем жакшы болуп кетесиз
16.05.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орусянын жарандыгын ала берсениз болмок баланы кыйнабай. Эн башкысы журогунуздо мекениниз болсун. Намыстанганда эмне бироо келип медаль такмак беле жарандык алган жоксун деп. Бул жерде эн башкысы баланын ден-соолугу
SUPER.KG видео
16.05.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпасын берсин банковский картичкасын ном жазып койсо болмок экен Москвадагылар которуп турмакбыз колдон келишинче
16.05.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алахым шыпасын берсин
17.05.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыноо бул дагы байке Алла жардам берсин сиздерге
17.05.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин. Ата энесине куч кубат берсин.
Медиа-портал
18.05.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун шыпаа бер ата энесине куч кубат бер тезиреек айыгып кетсин.
SUPER.KG видео
18.05.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдабы же кытай врачпы ушундай кыйшык соокту массаж аркылуу туздойт экен. [moderated]да видеосу да журот.
19.05.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сабырбек жумабековго көрсөтүш керек.ал айыктырат мындай ооруларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: