МАЛИКА ДИНА ДУБАЙДАН КЕЛИП МИЛИЦИЯНЫН КОЛУНА ТҮШТҮ

№759 19-25-май, 2017-ж.


17-май күнү ырчы Динара Акулованын кызы Малика Динаны Дубайдан Бишкекке учуп келери менен укук коргоо органдары кармап кеткени тууралуу маалымат тарады. Ырчы кыз кандай кылмышы үчүн милициянын колуна түштү? Окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык.

ЧЫРДЫН БАШЫ – ЖОЛ ТАНДАБАС ЛЕКСУС

Өлкөгө аты таанымал ырчынын милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, суракка алынышы ар кандай божомолдорду жаратты. Ырчынын апасы Динара Акуловага кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду: "Жыл башында ушундай ызы-чуу болбоду беле, ошонусу. Кармалбай эле, ооруканада, азыр операция бөлүмүндө. Малика ден соолугуна байланыштуу Дубайдан Бишкекке дарыланууга келген. Аны аэропорттон өзүм тосуп алгам, бирок келери менен эле акыбалы начарлап, ооруканага алып келгенбиз. Эч ким кармап кеткен жок. Бул иш илгери эле бүткөн, болгону ортодогу алдамчыларды таппай жатышат. Аларды тапмайынча кызымды суракка ала беришет экен".
Эске салсак, ушул жылдын башында Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине Малика Динанын үстүнөн жергиликтүү жарандан арыз келип түшкөн. Анда арыз ээси "Малика Дина Lexus GX470 үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, аны кайтарып бербей жатат" деп кайрылган. Бирок ырчы: "Биз унааны ижарага алганыбыз чын, бирок акчасын төлөп бергенбиз. Менин үстүмдөн милицияга эч кандай арыз жазылып, кылмыш иши козголгон эмес. Атым белгилүү болгону үчүн жөн гана жалаа жаап, каралап жатышат",- деп нааразы болгон эле.

ИЖАРАГА АЛГАН УНААНЫ САТЫП ЖИБЕРГЕНБИ?

Чындыгында эле Малика Динаны көрө албагандар, ага бут тоскондор аны каралап жатышабы же окуянын башка да өңүтү барбы? Бул суроонун жообун табуу үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына кайрылдык. Аталган мекеменин басма сөз кызматкери Назира Имангазиева бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2017-жылдын 3-январь күнү Аламүдүн РИИБине 1959-жылы туулган тургун арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2016-жылдын 30-декабрында Малика Дина аттуу жаран ижарага алган Лексус GX470 үлгүсүндөгү унааны кайтарып бербей жатканын айткан. Арыздын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада Малика Дина документтерди жасап, унааны башка адамга сатып жибергени аныкталган. Ушул жылдын 11-январында Малика Динанын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган алдамчылык) жана 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 9-март күнү сыртынан айыбы угузулуп, 11-мартта Аламүдүн райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган. Кылмышка шектүү Малика Дина 17-май күнү Дубайдан учуп келери менен Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан "Манас" аэропортунан кармалып, аталган РИИБге жеткирилген. Сурак учурунда ал өзүн жаман сезип, ооруканалардын бирине жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТИМА АТТУУ СЫРДУУ ЖИГИТ КИМ?

Өздүк булактардын берген маалыматына караганда, Малика Дина Темирлан аттуу жигит менен ижарага алган Лексус үлгүсүндөгү унаа 540 миң сомго сатылган.Ал эми ырчынын үстүнөн арыз жазган адам өз арызында унаасын 1 миллион 50 миң сомдук унаа деп белгилеген. Кийин ырчы жабырлануучуга чыгымын төлөп берип, ал тосмо арыз жазып берген. Ага карабай жасалма документтерди даярдоо кылмышы да орун алгандыктан, иш кыскарган эмес. Тергөө иштери жүрүп жаткан маалда айыпталып жаткан Малика Дина өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми Малика Динага шерик болгон Темирлан аттуу жигитти издөө иштери жүрүп жатканы айтылууда.
Жабырлануучу адамдын да оюн угалы деп Аламүдүн айылындагы унааларды ижарага берүүчү жайлардын бирине бардык. Тилекке каршы, арыз ээси өзү жок болуп чыкты. Ал эми унааларды ижарага берүүчү жайдын башка кызматкери "бул иш бүткөн болчу. Унаанын акчасын төлөп бергенин же бербегенин айта албайм. Аны милиция кызматкерлери кармаганын да билбейт экенмин" деп бизди кетирүүгө шашты.

Динара Акулова менен байланышып, өздүк булактар маалымдаган Темирлан тууралуу да сурадык, бул мезгилде ооруканадагы Малика Динага операция жасалып бүткөн экен:
– Операция ийгиликтүү аяктады, бирок азыр наркоздон чыга элек. Жанагы Тима деген Маликанын таанышы кылган бул ишти. Маликанын паспортун колдонуп, машинаны сатып качып кеткен. Ошол бойдон жок. Эми тергөөчүлөр "ошол шылуунду таап бер" деп кызымдын артынан кууп жүрүшпөйбү. Кайра-кайра ишти козгоп, кыйнап жатышат,- деп билдирди.

РИИБден берилген маалымат боюнча, Малика Динанын акыбалы жакшырары менен тергөө иштери кайрадан улантылат.
18-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ырчынын баш коргоо чарасын карап, аны тергөө бүткөнчө үй камагында калтырды.

Нурбек Абдыкадыров,
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg



Динара Акулова: "Малика досторунун алдамчы экенин билген эмес"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(61)
SUPER.KG видео
20.05.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Маликадан ката кеткен күндө дагы адам катасыз жашабайт демекчимин. Ырчы болсо эле түптүз жашаш керек деген закон жок го акыры
Медиа-портал
20.05.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Emi ushunu militsialar da elge taratpai ele ozdoru mn suiloshup buturusho berbeibi? Elge taanymal bolso ele jaza kalysh beken? Kichine pozitivduu boloiluchu elder!
Медиа-портал
20.05.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Malika ertereek sakaiyp ketsin! Dinara ejege kuch kubat bersin! Baary jaiynda bolot kudaiym buirusa :)
Медиа-портал
20.05.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коментарий берген милиция кыз озуно чак форма кийсе болмок же тош жагына тоногуч тагып албаптыр да!
Медиа-портал
21.05.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kimdin kandai ekenin dostorunan bilse bolot, demek jyiyntyk chygara bergile.
Ene baary bir balasyn appagym deit. Enelerdin koz jashy togulbosun!
SUPER.KG видео
21.05.2017. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оба ХХХ кантип ушуга барды анан дагы аэропортон кармабай уйуно келсе эмне оруп атканына карабай сурака алышканын,
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-21 08:27:17
SUPER.KG видео
21.05.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай коро албастар кобойдубу?!!!
Ушинтип жатсак кыргызстан онолот беле?!!
Уят да деги эмгек синирген жарандарыбыз ыйлап жатса!!!
Уят уят!!!
Медиа-портал
21.05.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара эже, бул да Жараткандын сыноосу. Кудайым кызыңызды өзү сактасын. Аман-эсен болсун бешенеңизге. Бирок, эмнеге ушунчалык адамгерчиликсиз айрымдар. Ошол ишти бүттү дегенине карабай, кайра козгогон. Демек, бирөөнүн душмандык иши, көрө албастар сиздин актай кызыңызды караласа, жазасын Кудай берсин. Маликанын тезирек сакайып кетишин Аллахтан тилейбиз.
22.05.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боорум ооруду эжеге((
Оң жагына чечилишине тилектешмин
Медиа-портал
22.05.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыдашыбыз керек. сабыр этиңиздер. Бактылуу адамдарда сыноо көп болот... кудай буюрса баары жакшы болот деп ишенебиз!
22.05.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдарда ыйман деле калбаптыр уяты жоктор.Чон эле эмгек синирген ырчынын коз жашынан эмнени табасынар.Бул деген буткул элдин алдында калган каргыш дегенди билдирет.Себеби кыргыз эли сыйлаган инсандын коз жашы тогулуп жатат
22.05.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маликага ийгилик,жакшы болуп кетсин,куйормандарына жакшы чыгармалары менен кайтсын,Динара эжекебизге сабырдуулук каалайбыз
22.05.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх жаратканым куру дооматтан алыс кыл
22.05.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйлабанызчы Динара эже баары жакшы болот буйруса боорум ооруп кетти сизге
SUPER.KG видео
22.05.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара Эже билестзда.Ошол маалда кайсы достору болуп машина алышканын.Ошол достору каякта журот арыз жазбайстарбы ошолорго деле.Эмнеге жебеген самсага пул толойсуз.Эже Ошол машениктерди табышыныздар керек.Эмнеге унчукпайсыз аларга.Ошондуктан биз сиз мененбиз эжеке.Озунор укугунарды билгиле.
SUPER.KG видео
22.05.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизге ор казгандар иншаалла оздору тушот.Коро албас горлорго
22.05.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulaza, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
22.05.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйосу кайда Маликанын...ажырашканго ....
22.05.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненин журогун ооруткан мащенниктерге наалат,Динарага боорум ооруду,сабыр кылыш керек бироонун бетине коо жаап жаман атты кылган адамды жер да бир куну которо албай калаар,алдыдагы кундор жакшы болсун!
22.05.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Маликада да куноо бар.Эмнеге анчалык кымбат машинаны ижарага алат.Жон эле такси мн ойноп келишсе болбойт беле.Алган сон убагында кайтарып берип,документтерин такташтырып койбойт Беле.Анан куйоосу бар аял эмнеге эркек Достору менен ойногону барат.Кыздар менен же куйоосу,аяштары менен барса да тушунот элем.Ар Бир адамга ыйман бере кор да.Шамал болбосо чоп да кыймылдабайт.
22.05.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрке кыз го, нике тойдон биринчи бешик тою болгондо бир шекшидим эле.
23.05.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп баскан аяк, ХХХ басат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-23 10:55:56
23.05.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Егер озун куноолу деп ойлосо дубайдан кайра келмек беле, алданып еле калды ,
23.05.2017. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр зтиниздер баары жакшы болот деп ишенебиз.
23.05.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул МаликаДинанын эри бар элего ал эмнеге жардам бербейт карабайт чыккан кыз чийден тышкары дейт бул наборотго баягы эле апасына жүк түйшүк болуп жатат эри болгондон кийин Тима деген бала мн бале барбы ижарага машина алып өзүңө чыгаша эле кылыпсыңда
23.05.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куру намыс понт деп журуп олуп кетмей болдуго шоу бизнестегилер Лексус миниш шарт беле арендага алып. Эми мынтип шермендеси чыгып олтурат куйоого тийген бир баланын энеси ботон эркек мн. Кайын журтуга деле уят да. Баарынан да Динара эжеге кыйын . Эрге тийип дагы тынчыбай энени шорго малып
23.05.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бечара
23.05.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
куйоого тийип,кайра ажырашып оздорун пиар кылышат го бул ырчыларын,ажырашкан го,болбосо куйоосу бар кыз минтпейт да,кудайым сактасын
25.05.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах сабыр берсин. Кимдин күнөөсү болсо Аллах өзү жазаласын.
25.05.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КРнын ИИМнин жол кайгуул кызматына сурооолор, кайрылуулар бар эле, СуперИнфо мумкун болсо алар менен байланыштырып суроо-жооп кылсаныздар жакшы болот эле, алдын ала рахмат!!
25.05.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balzak, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: