САПАРГҮЛ ДАГЫ САХНАДА. ЭРКЕКТЕРДИ КОРКУТУП АКЧА АЛЫП ЖҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛИП АЯЛДАР ТОБУ КАРМАЛДЫ

№759 19-25-май, 2017-ж.


Ушул жылдын апрель айынын аяк ченинде Жалал-Абад облустук ИИБинин кызматкерлери тарабынан "бирөөлөрдү опуза кылып акча талап кылып иштешет" деген шек менен аялдардан түзүлгөн кылмыштуу топ кармалган. Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына караганда, бул аялдар атайын сценарий менен иштеп, бир нече эркекти тузакка түшүрүшкөн.

"УЯТ КЫЛАБЫЗ" ДЕП КОРКУТУП АКЧА ТАЛАП КЫЛЫШКАН"

Бул кылмыш боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөөчүсү Мурат Эркулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2017-жылдын 25-апрелинде бизге 1987-жылы туулган Үмүт аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 24-апрель күнү белгисиз 3 аял анын айдоочулук күбөлүгүн, Матиз үлгүсүндөгү автоунаасынын техпаспортун тартып алышып, 15 миң сом талап кылып жаткандыгын билдирди. Көрсө, ал белгисиз аялдар жабырлануучуну "сен биздин сиңдибизди зордуктадың. Биз муну аялыңа, туугандарыңа айтып шермендеңди чыгарабыз. Мечитке алып барабыз, элге уят кылабыз. Элдин көзүнчө өрттөп жиберебиз. Милицияга арыз жазып каматабыз" деп коркутуп, акча талап кылышыптыр. Бул факт боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин 2-пункту (алдын ала макулдашуу боюнча адамдар тобу тарабынан опузалап алып коюу) боюнча кылмыш иши козголгон. Оперативдүү-тергөө иштеринин жүрүшүндө ошол эле күнү бул кылмышка шектелип 3 аял кармалды. Алар: Эркинай Х. – 1983-жылы Өзбекстандын Андижан облусунда төрөлгөн, учурда Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Убактылуу эч жерде иштебейт. Алтынай А. – 1978-жылы туулган. Өзбекстандын жараны. Убактылуу эч жерде иштебейт.
Сапаргүл А. – 1977-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрөлгөн. Таксист болуп иштейт. 2015-жылы Жалал-Абад шаардык соту тарабынан "бейбаштык" беренеси боюнча соттолгон.
Текшерүү учурунда кармалгандардын жанынан атайын белги коюлган 15 миң сом табылды, аны үчөө бөлүп алышкан экен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жалал-Абад шаардык соту кылмышка шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, Эркинайды 2 айга СИЗОдо кармалып турууга, ал эми калган экөөнү үй камагына чыгарды.

"ЭРКЕКТЕРГЕ "АҢЧЫЛЫККА" ЧЫГЫП ЖҮРҮШКӨН"

– Кылмышка шектелип кармалгандар буга чейин башка эркектерди да ушундай жол менен коркутуп, акча алып жүрүшкөндөрү аныкталып жатат. Эркектерге "аңчылыкка" чыгып жүргөн деп койсо да болот. Азырынча бул кылмыштан башка да 3 жолу ушундай кылмышка баргандыгы, ал иштер жабылып калгандыгы аныкталды.
Мунусунда да жабырлануучуну тузакка түшүрүү үчүн алдын ала даярданышкан. Спектакль уюштурушуп, ар бирине роль бөлүштүрүлгөн экен. Алар жабырлануучу таксисттин артынан бир топ убакыт акмалашкан. Кыз өзү барып тийишип, таксист менен таанышат. Ошентип экөө Жалал-Абад шаарындагы кафелердин бирине кирип отурушат, бийге түшүшөт. Андан чыгып таксисттин унаасы менен шаардын бир жерине барып өз каалоолору менен эле жыныстык катнашта болушат. Андан соң Эркинай Сапаргүлгө телефон чалып, "мага бирдик түштү" деп айтат. "Бирдик түштү" дегени алардын ортосундагы сыр сөзү. Таксист менен Эркинай унаада баратканда бир автоунаа алардын жолун тороп токтотот. Таксист токтогондо ал унаадан Сапаргүл менен Алтынай түшүп келип, таксистти коркутуп, акча талап кылышкан. Анан таксистке "15 миң сом берсең ишти дым-дым кылабыз" деп унаасынын документтерин, айдоочулук күбөлүгүн алып коюшкан.
Жабырлануучу арыз жазган соң биз аны өзүн коркутуп жатат дегендер менен сүйлөштүрдүк. Ал аялдар жабырлануучуну сөгүп-сагып жатышты. Анын баарын диктофонго жаздырып алганбыз.

"ОПУЗАЛАП АКЧА ТАЛАП КЫЛЫШТЫ"

Жабырлануучу төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– 2017-жылдын 24-апрель күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө менин автоунаама бир кыз кардар катары чыккан. Ал мага "баламды шаардан алып, анан үйгө таштап коёюн" деген. Унаам менен алып бара жатсам ал "токтоп турган кызыл түстөгү машинанын жанына токтоңуз" деди. Автоунаамды ал айткан унаанын жанына токтотсом, анын ичинен 2 аял түштү. Алар «сен биздин сиңдибизди машинаңа салып алып эмнеге капа кыласың?!» деп мени коркутуп киришти. Машинамдын техпаспорту менен айдоочулук күбөлүгүмдү алып, «15 миң сом бересиң. Анан документиңди беребиз» деп опузалап акча талап кылышты.

Кылмышка шектелип кармалган 3 аял тергөө учурунда төмөнкүчө көрсөтмө беришкен:

"КОРККОНДО АКЧА ӨНДҮРҮП АЛАБЫЗ ДЕГЕН"

Кылмышка шектүү Эркинай:
– Сапаргүл "сен барасың дагы, жыныстык катнаш бүткөндөн кийин "бирдик түштү" деп мага чаласың, ошондо мен силердин кошулганыңарды билем. Анан мен айткан жерге келесиңер, ошол жерден силерди тосуп алам. Уруш баштайбыз. Ошондо ал бала коркконунан нес болуп, "акча берем, милицияга бербегиле" деп айтат. Ошондо биз андан акча өндүрүп алабыз" деп айткан.

"АКЧАНЫ АЛГАН СОҢ КАРМАЛДЫК"

Кылмышка шектүү Алтынай:
– Эркинай бизге чалып "келгиле" деди, барсак өзү Матиздин арткы отургучунда отуруптур. Алдында таксист бала бар экен. Унаага отурганда Эркинай "таксист мени кыйнады" дегенде, Сапаргүл таксистке "сен аял кишини неге антесиң, сени милицияга алып баралы" деп айтты. Ошондо таксист
"3 баланын атасымын. Милицияга алып барбагыла" деп 15 миң сом алып келип бермек болду. Эртеси "акчаны толук алып келдим" дегенинен барып жолугуп, анын колунан акчаны Эркинай санап алды. Акчаны алган соң кетип баратсак, милиция кызматкерлери келип бизди кармап алышты.

"БУГА ЧЕЙИН МЫНДАЙ ИШ КЫЛГАН ЭМЕСМИН"

Кылмышка шектүү Сапаргүл:
– Үйдүн жанына барып, бурулуп жатканда карап, милиция кызматкерлерин көрдүм. Жанымдагыларга "артыбыздан милиция кызматкерлери келе жатат" деп айтып, машинамды токтотуп сыртка чыктым. Ошол убакта берки кыз 7 миң сомду кроссовкасынын ичине сала койгон экен. Дагы 5 миң сом менин отургучумдун астынан табылды. Эркинай менен жакында эле таанышкам. Буга чейин мындай иш кылган эмесмин, түшүнүгүм да жок болчу.

Бул боюнча Сапаргүл айымга байланышканыбызда, ал: "Мени ак жерден жаманатты кылып коюшту. Таксист болуп иштейм, ошентип киши ташып жүрүп Эркинай менен таанышып калгам. Аны болгону 2-3 жолу көргөм, мындан башка эч нерсе деп айта албайм",- деп жооп берди.

Белги коюлган акчалар кылмышка шектүүлөрдүн жанынан табылган.


Кылмышка шектүүлөрдүн бири 7 миң сомду кроссовкасынын ичине катып койгонго үлгүргөн.


Нурбек Абдыкадыров
Жалал-Абад ОИИБи
koom@super.kg



Эркектерди "зордуктадың" деп опузалаган аялдар кармалды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(83)
22.05.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта бул аялдар айнып калышканго бирдик тушурбой олгуло 3тен
22.05.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сапаргулго боорум ооруп канча ойлондум эле. Патриот жигиттер туура эле кылган экен ошондо.
22.05.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эң биринчи, биздин кыргыз жигиттер күнөөдөн алыс болсоңор эч кайсы Сапаргүл ж.б. коркута албайт. Экинчи, патриоттор деген кыргыз элин башка элдерге шерменде кылган.Зордук-зомбулук менен эч качан жеңил ойлуу Сапаргүлдөрдү тыя албай турганы түшүнүктүү болду. Андан көрө өздөрү ыйманга келип Алла Тааладан жакшылык тилеш керек.Үчүнчү, кыргыз кыз-келиндерине Орусияда, Кыргызстанда же каякта болбосун кудайым ынсап берсин, башка сөз жок.
22.05.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina1983-19, провокацияга жол берилбейт. Эскертүү!
22.05.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жабырлануучу деп туура эмес жазылып калыптыр, жыргоочу деп жазсанар болмок, корунгон сойкулар менен кафеде,квартирада жыргап,анан алдырып жиберген 15 мин сому да кайра эле чонтогундо калып жатпайбы. Эми аялы ажырашып кетпесе болду байкуш, ээринин бул акмакчылыгынан кийин. Негизи ар бир аял эле билет, ээринин со эмес экенин. Просто факт болгуча айтпайт. Ошого козунорду ачкыла эркектер.
22.05.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул Сапаргул таксист эже тынбадыго а жоголуп барып кайра хит болуп Кудай сактасын)
22.05.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таксиске сабак болуптур башка сойкуларда ушинтип акча ондуруп милицияга берем деп турса азайат беле зынаакорлук .
22.05.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жала Абадда сойкулар алдамчылар коп оообо сабак болсун баарына бул,аялдарга просто соз жок ынсап берсин
22.05.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне учун бетин жашырасынар Эл коруш керек буга окшогон адамдардын бетин
22.05.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура бетин коргозуш керек эле
22.05.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен тушунбодум,баягы сабалган Сапаргул эжеби же аты окшош башка Сапаргулбу?
23.05.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777


Жогоруда автор жазып отуптурго ошол деп
29.05.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,Дал өзү ошол патриоттор менен жылдыз болгон Сапаргүл.
23.05.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул Сапаргулдун уйундо эркек киши жок бекен?
23.05.2017. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Сапаргул башка, патриоттордон кордук коргон Сапаргул башка.2015-жылы бейбаштык менен соттолгон деп турат. Кордук коргон Сапаргул асынып алган деп чыккан го.
23.05.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rafo80,ошол эле сапаргул асынып олуп албай эле журот эле таксовать этип
24.05.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rafo80, Sapargul jipke asynganda jip uzulup ketken deshet.Anan taxist bolup kalyptyr.
23.05.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай баарыбызга Ынсап, ыйман берсин!!!
SUPER.KG видео
23.05.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ канча эркектин убалына калдынар
Модератор admin_media түзөттү 2017-05-23 11:55:28
23.05.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр мындай анчы аялдар толтура. Милиция мн иштешет айрыкча башка улуттагы акчасы копторду сындырышат милиция мн кошулуп алып. Ыймансыз бети жоктор
SUPER.KG видео
23.05.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ силерге соооп болот. ХХХ ХХХ Только подстава эле кыла ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-05-23 15:41:25
23.05.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми эркектер милицияга арыз жазышат экен да "мени аял зордуктады" деп. Тескери заманда
23.05.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АстагфирАллах, жакшы иш болбоптур. Ар бир инсанга ыйман-ынсап берсин Аллахым.
23.05.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуш немелер го)))
24.05.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто болуптурго.
24.05.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутургандарды куртун тушургуло да мамлекетин акчасынан жеп жатышат ошол сизодо олтургандар
25.05.2017. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атайын уюштурулган операция дейт,жатканга чейин уюштуруп бергени укмуш экенго
25.05.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйрөнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы?Сапаргүлгө көбүнүн боору ооруду эле.эми жашай албайт.асынып алыптыр деп.өзүндө экен айып.
25.05.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ булардын кылган ишин ХХХ тиги бала да семейный болсо уч баласы болсо ошондой ХХХ аялга барган бала да акмак
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-25 16:38:43
25.05.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Venera7777, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
25.05.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят, жаш эмес чоон эле аялдар экен. Бир тууган, бала -чакасына эле кыйын болот, дос душмандарынын алдында тили кыска болуп. Жуздорун коргозуп эле койсо болмок.
26.05.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообааа, оозуң ачылат ко, башыбызга келбеген ушул эле калган болчу өзү
26.05.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
единица тушту)) , типа албарсты басты да тажаттыго жаны терминдер бизди
27.05.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздар!
28.05.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сени мн кошо ыйладым эле сага боорум ооруп корсо ошого ылайык эле экен элен да не дейбиз жакындарына сабыр озуно акыл берсин эми озун бышырган кашага тойгунча жэ

1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: