"ТИЗЕ БҮГҮП КЕЧИРИМ СУРАШСЫН". НАРЫНДА ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАШТАР ЧЫРДАШТЫ

№763 16-22-июнь, 2017-ж.


ОЮНДАН ОТ ЧЫКТЫ

Өткөн аптада Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосунда чыккан жаңжал коомчулукту дүрбөттү. Окуянын башы ушул жылдын 27-майына барып такалат. Анда аталган окуу жайдын студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосунда баскетбол боюнча мелдеш болуп, оюн учурунда эки тарап араздаша кетишкен. 8-июнь күнү жергиликтүү жаштар окуу жайдын имаратынын ичине кирип келип, студенттерге "тизе бүгүп кечирим сурашсын" деп талап коюшкан. Жыйынтыгында алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлеринин көзүнчө студенттерди тизе бүктүрүп кечирим суратышкан. Бул окуяга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов да күбө болгон, бирок анын "чырды цивильно чечели" дегенин эч ким укпай, ал абалды башкара алган эмес. Бир караганда кадимки пикир келишпестик көрүнгөнү менен, бул окуя жергиликтүү бийликтин да, милиция кызматкерлеринин да алсыз жактарын көрсөтүп койду.
Окуя боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун 9-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин маалыматына караганда, окуяга карата иликтөө иштери жана бул боюнча облустук милиция кызматкерлеринин ишине кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

"ДОСТУКТУН ЖАҢЫ БАРАГЫН АЧАБЫЗ"

Бул окуя боюнча өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков чыр-чатактар мыйзам чегинде каралышы керектигин өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго тапшырган. Аманбай Кайыпов окуянын эртеси күнү эки тарап жарашып, бири-биринен кечирим сурашканын айтат:
– Окуянын эртеси күнү чырдашкан эки тарап жана аксакалдар болуп чогулуш өткөрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан ары чыр-чатакка жол бербөө, бири-бирибизди колдоо тууралуу сүйлөштүк. Бул окуяны унутуп, достуктун жаңы барагын ачалы деп чечтик.

"ЭКИ ТАРАП ЭЛДЕШТИ"

Кубан Сыдыбаев, Борбордук Азия университетинин менеджери:
– Учурда Борбордук Азия университетинде Кыргыз Республикасынын жарандарынан тышкары Тажикстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистандан келген 70тей студент билим алып жатат. 27-майда өткөн мелдеште жаштар түртүшүп же, балким, чет элдик студенттер өз тилинде сүйлөсө, түшүнбөй уруша кетишкендир. Интернеттеги видеодо мугалимдер, студенттер тизе бүгүп кечирим сурашкан деп айтылып жатат. Негизи эки тарап тең бири-биринен тизе бүгүп кечирим сурашкан. Андан кийин жергиликтүү жаштар менен студенттер бири-бирине белек тартуулап элдешти.

"ЧЕКТЕН АШКАНЫН МОЮНУНА АЛЫШТЫ"

Окуя тууралуу жергиликтүү жаш активисттердин бири, Нарын шаарынын тургуну Бозжигит Кемелов буларды айтып берди:
– Коомчулукта, маалымат каражаттарында окуя тууралуу бир тараптуу маалымат тарагандай туюлуп жатат. "Нарын жаштары "малсыңар" дегенге чейин барып жатышат. Олуттуу окуя болгондугу үчүн акцияга чыгышты. Коноктор өздөрү аябай чектен чыгып жатышкан. БАУ ачылгандан бери Нарын эли мейличи деп, конокторду сыйлап келген. Буга чейин жергиликтүүлөр бир дагы студентке, мугалимге тийди же уруп кетти деген учур катталган эмес.
Окуя 27-майда спорттук мелдеште башталган. Анда студенттер биздин спортчуларыбызга кол көтөрүп, сөгүшүптүр. Ошондо биздин команда сабыр кылып, кечирим сурашабы деген ниетте эч нерсе кылышкан эмес. Бирок БАУнун администрациясы бул окуяга кайдыгер карап эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшкөн. Ошол замат туура эмес кылышканын моюнга алып, чыр чыгарган студенттерине эскертүү бергенде мындай окуяга чейин жетмек эмес.
Чет элдик студенттердин коомдук жайларда, базарда сөгүнүп, кыйкырып жүрүшкөнү, анысы аз келгенсип оюнга чакырып алып, кайра орой мамиле кылып жатышса, анан кантип буга жөн карамак элек? Акцияга чыкканыбызда чектен ашып жатышканын ошол студенттер моюнуна алышты жана БАУнун өкүлдөрү чырды баштагандарга чара көрүлөт деп ишендирди. БАУнун жетекчилигине кийинки окуу жылдан тарта чет элдик студент, мугалимдерге каада-салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды окутсун жана кыргыз тилин базалык деңгээлде үйрөнүшсүн деген талаптар коюлду.

ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯЛАР ТУРИСТТИК СЕЗОНГО КЕДЕРГИСИН ТИЙГИЗЕТ

Чындыгында, бул окуя окуу жайлардагы көзөмөл, тартипти сактоонун зарылдыгын унутпашыбыз керектигин көрсөттү. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ушундай окуялар кайталанбашы үчүн окуу жайдын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, жарандардын коопсуздугун сактоо керектигин айтты.
Туристтик сезон башталып жатканда мындай көрүнүштөр өлкөнүн имиджине таасир берерин өлкөнүн Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов белгилейт: "Албетте, ушундай окуялардын болуп жаткандыгы Кыргызстандын туристтик имиджине доо кетирет".
Ар бир ушундай кичинекей жаңжалды ырбата берсек, өзүбүз эле жаман атты болобуз. Ошондой эле мындай окуялар өлкөбүзгө терс таасирин тийгизип, чет өлкөдөн келген инвесторлорду качырат.

Интернетке тарап кеткен видеодон жергиликтүүлөр чет элдик студенттерди тизе бүктүрүп кечирим суратып жатканда укук коргоо кызматкерлери жөн гана карап турганын көрүүгө болот.


Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу

НАРЫНДА БОЛГОН ОКУЯНЫ КАНДАЙ КАБЫЛ АЛДЫҢЫЗ?

Эдил Байсалов, коомдук активист:
– Чет жерден келгендердин депортацияланышын талап кылгандарды укканымда аябай уялдым. Нарындыктарды дүйнөгө жапайы көрсөткөндөр сөзсүз жазаланышы керек. Биздин мекендештерибиз да башка өлкөлөрдө билим алып жүрүшөт. Аларга жашаган жериндеги жергиликтүүлөр ушундай кордук көрсөтүшсө, кандай болот эле? Спорттук мелдештерде пикир келишпестик боло берет да. Андай талаштарды мугалимдерге жеткирип баруу уят го. Тартип орното албаган мамлекетти карап жиниң келет.

Данияр Айтман, блогчу:
– Нарындагы "Ага-Хан" фонду тарабынан түзүлгөн дүйнөлүк стандарттарга жооп берген университеттин ишмердүүлүгүнө рахмат айтып, болуп өткөн ыксыз окуя үчүн кыргызстандыктардын атынан анын студенттеринен жана мугалимдеринен кечирим сурагым келет. Биздин улут айкөл, адилеттүү жана меймандос. Биз улутка же динге карап бөлүнбөгөн калкпыз. Бардык кыргызстандыктарды, чет элден келген конокторду диний жана этникалык азчылыктарды колдой жүрүүгө үндөйм.

Фарида Урматбекова, Германиянын Гамбург шаарында студент:
– Бул окуяда жергиликтүү студенттерге кошулуп, чоо-жайды билбей эле кошо дүрбөп жаткандар өкүндүрдү. Цивилизация орногон өлкөдө жашап жаткандан кийин иш-аракетибиз да ошого жараша болушу керек. Оюндан чыккан талаш-тартышты оозеки эле чечип алса болот да. Сөзсүз эле муштум түйүп чыга калыш керекпи? Эгер мындай окуя Европада болгондо, ошол замат укук коргоо кызматкерлери ишке аралашып, маселени тынч эле мыйзам чегинде чечип коймок.

Бермет Алиева, Кытайдын Ланьчжоу шаарында студент:
– Алыста жүргөндө мекениңде болуп жаткан ар бир окуяны өзгөчө жакын кабыл аласың. Нарында болгон иш мени да капалантты. Кытайлыктарга Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун, элинин меймандостугун айтып мактанам. Тилекке каршы, биз чет элдиктерге кандай мамиле кылууну азырынча үйрөнө элек окшойбуз. Ушундай окуялар ага далил болууда. Башкысы, ар бирибиздин жүрүм-турумубуз өлкөбүздүн жүзүн көрсөтөрүн унутпасак жакшы болмок.

Аскат Максатбек уулу, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында студент:
– Эркектердин жазылбаган мыйзамында көпчүлүк барып жалгыз адамды ур-тепкиге алуусу пастыкка жатат. Бирөөнү союп салса да ал адам мыйзам алдында жооп бергени жакшы эмеспи. 18-кылымда жашап жатпагандан кийин тизе бүктүрүп кечирим суратуу дегендин өзү уят жана жапайычылык. Андай ыкма менен эч маселе чечилген эмес, чечилбейт дагы. Ошондой кылгандарды колдоп чыгып жаткан аттуу-баштуу эле адамдарыбызга таң калдым.

Шатгүл Айтбек кызы, Түркиянын Эскишехир шаарында студент:
– Адам кайсы өлкөгө окуганы, иштегени же эс алганы барбасын, конокко баруу маданиятын билип, ал коомдун эрежелерин сакташы керек. Ал эми үй ээлери меймандостугун көрсөтүп, ар ким өз ордун билгенде, мындай жагымсыз окуялар орун албайт. Түркияда бизди "өзгөсүң" дебей эле мамиле кылышат. Биз да жакшы сапаттарыбызды башкаларга көрсөтүшүбүз керек.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg



Нарындагы жаңжал: Жаштар чет элдик студенттерди тизелетип, кечирим суратты

Автор: Улукбек Кутманбаев
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(58)
19.06.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ушинтип журсок кантип онолот кыргызстаныбыз
19.06.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир жолу даам таткан уйуно мин жолу салам айт дейт. Ар ким оз ордун билип, барган олконун каада салтын, урп-адатын жана ошол олконун жарандарын сыйлашса меймандостугубуздун пайдасын коруп окушмак. Бул биринчиден бийликтеги адамдврдын кебклбестиги, алардын оз элине жана жерине болгон сыйынын жоктугунан болуп жаткан окуялар.
19.06.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы жакшы чоголотуп кечирим суратышыптыр Нарындын ХХХ туш келсе нарын сууга саландатмак
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-19 14:08:18
19.06.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kilim, этика нормаларын сактаңыз.
19.06.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Биринчи чет элдиктер каерде жургонун унутпаш керек. Жон эле отурушса Нарындыктар келип чоголотпогондур. Катылгандын катыгын берип турган деле жакшы. Журушотго канчалаган кыргыз мигранттар жер коз болуп орустун козун карап.
19.06.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мындай нерсени биз кыргыз эле жасайбыз, ошол учун кыйын великий калкбыз да
19.06.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Милициянын "алсыздыгы" деп жазышыптыр,ошо милиция деле эркек,милиция деле Нарындык да,ичтеринен туура коргон учун унчукпай карап турушту да)
Негизи бул кылган иштери туура эмес болсо да мен Нарындык студенттерлин тарабындамын,бир сыйлап эки сыйлап акыры башына чыгып ХХХ баштаганда тушурушту да,тем более тажиктерди билесинер,кыргыз жапайы дейсинер,тажигин вообще @@@ келет да,цивилизованный подходду тушунбосо ошону корушту да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-19 16:23:53
19.06.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
surgeon777,Ар ким озунукун коргой берсе анда АДИЛЕТ деген кайда калат?!
20.06.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
AykaMer,канча интеллигент,канча маданияттуу болсон да кээ бир учурда кээ бир улут менен озунун "тилинде" тушуно тургандай кылып суйлошуп коюш керек,озбекти башыбызга чыгарып 2000-ж,2010-жылдары не болду,тажик-кыргыз чек арасында абалды билесинер,тартынбай бастыра кирип келип солдаттары сабап кетишет экен,борбордогу бир ооз кыргызча суйлобогон (билип турса да) наглый уйгур менен дунганга соз жок,кыргызды озулорунон томон коргонун жашырышпайт,ушу айткан улуттардан сак болуп ордуларын
surgeon777 түзөттү 2017-06-20 01:56:18
20.06.2017. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
surgeon777,ордуларын коргозуп туруш керек маал маалы менен,сыпайы американец,маданияттуу немис ж.башкаларга эч ким тийишип жери жаткан жок,кыргыз озу момун калк,эч качан биринчи катылбайт,бирок катылгандын катыгын берет,тажиктерге сылык айткан жетпептир,тескерисинче унчукпаса ого бетер ашыныптыр,туура кылышкан кыкемдер желин чыгарып,анда мында тиш кайрап туруш керек,озгочо ойдодогу айткан улуттарга.
surgeon777 түзөттү 2017-06-20 02:06:35
20.06.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
surgeon777,Ооба туура айтасын ал жердеги жергиликтуу жаштар болгондо карангы жапайы балдар болгон жок менменсинген билимдуу активист балдар журуптур. Алар деле тушунушот конокту сыйлашты. Анан элестеткиле озунорду коюп оюнга чакырып алып согуп сагып оз уйундо жургондон артык мамиле кылып жатса дагы жакшы ордунан тургуз кылып сабап салышпаганы.
20.06.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bak.taalai,ооба да...
19.06.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Албетте чектен ашып баратышса тарбиялап койгону жакшы бироок,милиция журналисттерди аралыштырбай эле коюшбаптырда
19.06.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Атамбаев айткан созду эстеп кеттим. Тушундунорда айтыштын кажети жок
19.06.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туура кылышыптыр, канчалаган кыргыздар башка мамлекеттерде чоголоп журобуз, жок дегенде озубуздун жерибизде бироону чоголотконго акыбыз бар.
19.06.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Рас эле кылыптыр,дагы чоголотпоптур тажиктерди
19.06.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушугулбу шиялартын студентерби
19.06.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
odin-takoy,жок
21.06.2017. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut,ушулар экенго
19.06.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германиядагы Гамбургда окуп жаткан студент Фарида Урматбековага 100% кошулам. Эн туура суйлогон...
19.06.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргызстандын атынан биздин атыбыздан кечирим сураганды сага ким койду.Кечирим сурасан озун сура. Данияр Айтман сенин ким экенинди билебиз. Тен укук деп гей лезбиянкаларды колдоп жургонунду да билебиз так что эркектердин ишине аралашпа!!!
21.06.2017. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KAYRATBEK,эн туура айттын
26.06.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KAYRATBEK,100%кошулам сизге.
20.06.2017. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Публично эле кечирим суратса болбойт беле?! Созсуз тизелетиш керек беле. Эгер тажикстанда кыргыз студентин тизелетип кечирип суратса, силер кандай карайт эленер?
aman0296 түзөттү 2017-06-20 01:42:57
20.06.2017. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын АЛЛАХ таразалайт. Чындык ким тарапта экени бизге белгисиз. Ошондой болсо да экинчи тараптын уну угула электе бул макала жарыяланып кеткени окундурот жана макаланын "достошту" деген созу жакшы белгиленбей, адамдардын оюнда негатив калып калгандыгы окундурот. Ошентсе да бул окуяны сабак катары эске тутуп, тишибизди курчутпай, кийин мындай чыр-чатактарга жол бербей, алдын алуубуз абзел, туугандар.
20.06.2017. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурда кочодо эле журушчу эле ушул окуядан кийин эч ким чыкпай калды го
20.06.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биз кыргыздар чет мамлекетке барганда алардын тилин үйрѳнүп алып барабыз. Жогоруда интервью берип жаткан кыргыздар айтсын же калппы. Башка мамлекет экен деп «конок койдон жоош болуп» жүрѳбүз. Биз үчүн кечирим сурабай эле койгула билип, билбей туруп.
20.06.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
. Мен Нарындыкмын, чет ѳлкѳдѳн келгендер биздин каада салтты билмек турсун биз аларга англисче сүйлѳбүз, Нарындыктар кѳтѳрүмдүү меймандоспуз, чет мамлекеттен келген жарандар англисче сүйлѳшүп эле коомдук жайларда, кафе, ресторандарда үндѳрүн каалагандай катуу чыгарып эле жүрүшѳт. Чоочун жерде жүрѳбүз деген түшүнүк деле жок анан кээ бир сыйлаганды билбегендер тѳбѳңѳ чыгышат, биз кѳтѳрүмдүүбүз бирок чектен чыккандар бирде болбосо бирде ошентип катыгын алышат.
20.06.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бирѳѳнүн жеринде жүрѳбү, ошол жердин нанын жеп, суусун ичип, сыйлашсын!!!
20.06.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн туура кылышкан. Биздин жаштар ботон жерде жургондо ошол жердин маданиятын сыйлап, жакшы журушот. Ал эми БАУнун студенттери кайсы жерде жургонун билип, маданиятыбызды, салтыбызды сыйлап. Конок болгондон кийин жоош болуп журушу керек
20.06.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туристтерди жоготуп алабыз деп эле коркуп журо берген туура эмес. Башка чыгарбай ордуна койуп туруу керек
20.06.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эдил Байсалов мн Данияр Айтман аман эле болгулу
20.06.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыздар кыргыздар менен батышпайт элек, чет олколуктор менен вообщем батышпай атыптыр да анда ээ. нарындыктардан кутпогом честно ! башка аймактарга караганда эн дружелюбный деп ойлогом нарындыктарды.
20.06.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эмнеси болсода Атамбаевдин созу эске тушуп кетигоо..
20.06.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Гордый болуп атабыз эмнеге айткылачы? Мына мен мисалы озубуздун кыргыздардан Эле кундо по кандай создорду угам унизительный эми Аны жазып отурсам кеч кирип кетет. Мисалы олуп эле кал ХХХ дегендин озу эле чего стоит
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-21 12:26:51
21.06.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нарындык студенттер туура кылат.Ал эми КОНОКтор болсо оз ордуларын билип,жакшы,тынч эле окуп кетишсе болмок кантсе да оз мекенинде эмес го...
21.06.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат жигиттер алгаа
24.06.2017. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kaysyl mamleketten kelip okubasyn kyrgyz salattaryn elin siylaw kerek. Anan tigi uyalgan akylmandarga aytarym uyalbay ele koygula biz kyrgyz el kizuu kanduu kelebiz ech kachan namysty berbeybi
25.06.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар Нарындыктар!!! Ушундай эле болуш керек негизи чет элдиктер аябай кобушот унчукпасан. Бир жолу бир Кыргызга болушуп Азер менен урушуп кеткенимди эстеп кеттим. Эртеси заявление жазып абийирди кетирген эркек болсо дагы. Убал жок аларга!!!!
27.06.2017. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажобуз туура айткан экен эледа, ХХХ. Бул кылган туура эмесда, биздин канча жаран чет олколордо журот, ошолорду ойлошсо болмок, кандай кылышсада, соз мн барып тушундурсо болмок, мынтип тизе буктургон ХХХ Силердинда ага-ини, эже-карындаштарынар талаалап журот, омуру айылдан таалап, ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-27 09:51:25
27.06.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumaev0mur, аймактык бөлүү же бөлүнүү маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: