Маркумдун таенеси: "НЕБЕРЕМДИ СҮЗГӨНДӨРДҮН БИРИ КАМАКТА, ЭКИНЧИСИ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРӨТ"

№766 7-13-июль, 2017-ж.


Кеңсебизге келген 82 жаштагы эне "муңумду угуп койгула" деп, үй-бүлөсүндө май айында болгон каргашалуу окуяны баяндап берди. Рая апа 9 айлык наристе кезинен баккан небереси Нурсултандан айрылып бир сыздаса, "кырсыкты иликтөө адилет жүрбөй жатат, неберемди эки унаа удаасынан сүзүп, тебелеп кетиптир. Ал айдоочулардын бирин гана кармап, экинчисин коё беришти" деп кайгысына кайгы кошулуп жатканын айтат.

"ЖАРАТКАН УШУЛ ЧЫРПЫКТАЙ БАЛАНЫ АЛГАНЧА, МЕНИ АЛСА БОЛБОЙТ БЕЛЕ?!"

Нурсултандын ата-энеси каза болуп калган. Ал таенеси Рая Качкынбаеванын колунда болчу. 82 жаштагы Рая апа окуя тууралуу ыйлап айтып берди:

– Нурсултанды 9 айынан баштап мен баккам. Кийин ортодо ата-энесине барып-келип жүргөнү менен, жалпысынан менин колумда болду. Апасы былтыр 2016-жылы декабрда, анын артынан атасы быйыл апрелде каза тапты. Ошентип балдар таежеси Динаркүл экөөбүздүн колубузда калды. Кырсык болгон 10-май күнү Нурсултан жаныма келип эркелегенинен "апасын сагынып жатат го" деп ойлоп койгом. Ошентип кечке маал сыртка чыгып кеткен. Анан бир аз убакыт өткөндөн кийин бир бала чуркап келип, "Нучканы машина уруп кетти" деди. Дендароо болгон мен көчө жакка чуркап барсам, ошол жерде таежеси Айзада бар экен. Ал Нурсултандын "Тез жардам" менен кеткенин айтты эле, биз артынан ооруканага бардык. Колу-буту сынса жанында болоюн десем, доктурлар киргизишкен жок. Көрсө, биздин бала ооруканага жетпей эле каза тааптыр. Анан түнкү саат 3төрдө бир доктур чыгып, "апа, кайрат кылыңыз, балаңыздан ажырап калдыңыз" деп угузуп жатпайбы. Садагам Нурсултаным арыкчырай, сулуучасынан келген бала болчу. Мектепте "5ке" окуп, бейчеки басчу эмес. Жараткан ушул чырпыктай баланы алганча, мени алса болбойт беле деп айла таппай отуруп калдым. Көзү тирүү кезинде сөз арасында "мен өлсөм, апамдын жанына барам" дей берчү, оозуна сала бергендей апасынын артынан кете берди. Өзү айткандай, кызымдын көрүстөнүнүн жанына койдурдук.

"ЭКИНЧИ КЕЛИП СҮЗГӨН БАЛАНЫН АТАСЫ БИЗГЕ КОЛ КӨТӨРДҮ"

Ал эми каза болгон баланын таежеси Динаркүл Качкынбаева тергөөчүнүн ишине жана өзү күнөөлүү деп эсептеген тарапка нааразы экенин айтат:
– 10-май күнү "Кудайберген" базарындагы П.Лулумба көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бараткан жээнимди биринчи Мерседес үлгүсүндөгү унаа коюп, андан кийин ага каршылаш келе жаткан Субару үлгүсүндөгү унаа да үстүнөн тебелеп барып токтоптур. Ал эми биринчи унаа, күбөлөрдүн айтымында, качып кетиптир.
Жээним каза болуп, аны жерге бергенден кийин милицияга арыз жаздык. Тергөө иштери башталып, күнөөлүүлөрдү аныктаган экспертизанын жыйынтында "баланын башына жана денесине залал келтирилген" деп биринчи сүзгөн унаанын ээсин эле күнөөлүү деп табышыптыр. Ал эми экинчи болуп сүзгөн унаанын баланы тебелеп кеткенин "күтүүсүз жерден болгон кырсык" деп табышып, тергөөчү ага кылмыш ишин козгогон эмес. Бирок мен мындай чечимге макул эмесмин. Бир нече күндөн соң "баланы сүзгөн унааны экспертизадан өткөргөнү жатабыз" деп чакырышканынан келиним экөөбүз барганбыз. Ал жактан тергөөчүнүн жанында жүргөн киши экинчи келип сүзгөн баланын атасы экенин угуп калдым. Жанына барып, ал жерде эмне кылып жүргөнүн сурасам, "сенин жээниңди мен өлтүрдүм беле?!" деп кыйкырганынан, экөөбүз айтыша кеттик. Ачууга алдырган ал киши колумду кайрыганда сол колумдун эки манжасынан жарака кетиптир. Муну көрүп мага болушайын деген келинимди чыканагы менен түртүп, анын маңдайкы тиши түшүп калды. Кийин ал киши кайра биздин үстүбүздөн "мага кол көтөрдү" деп арыз жазыптыр.
Эмнеге булар күнөөнү моюнуна албай, биринчи айдоочуга күнөөнү оодарып жатышат? Анан калса бизге кол көтөргөнгө анын кандай укугу бар? Менимче, биринчи менен экинчи сүзгөн айдоочулардын экөөнүн тең күнөөсү бирдей. Азыр Нурсултандын эки бир тууганы, апам, мен болуп батирде турабыз. Бала тирүү кезинде мен дүкөн иштетип, ал мага жардам берип, экөөлөп үй-бүлөнү бакчубуз. Эми минтип Нурсултанды жоготконубуз аз болгонсуп, бир колум байланганынан жумушум да токтоп калды.

"ШЕКТҮҮ УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙДА"

Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматкери Майрам Аскарбекова окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Ушул жылдын 10-май күнү болжол менен саат 20:40тар чамасында ак түстөгү Мерседес Бенц автоунаасы Бишкек шаарындагы П.Лулумба көчөсү менен түндүк багытты көздөй бара жаткан "Кудайберген" автоунаа тетиктерин саткан базардын чыгыш тарабындагы жөө жүрүүчүлөр өткөн өтмөктөн 2002-жылы туулган Нурсултан Качкынбаевди сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп качып кеткен. Жабырлануучу 15 жашар бала №3 шаардык балдар ооруканасына "Тез жардам" кызматы менен бара жатканда каза болгон.
Бул иш боюнча Бишкек ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Жалал-Абад шаарында төрөлгөн, армян улутундагы 1959-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Каармандар Субару үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу да күнөөлүү деп, анын эркиндикте жүргөнүнө нааразычылык билдиришти. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, Субару унаасынын ээси менен байланыш түзүү мүмкүн болгон жок. Ал тараптын оюн угууга даярбыз.

Маркумдун таежесинин айтымында, Нурсултанды экинчи келип сүзгөн унаадагы баланын атасы ага кол көтөргөн.


Айсалкын Качкынбекова,
Алтынай Тынышова
koom@super.kg



"Неберемди сүзгөндөрдүн бири эркиндикте жүрөт" дейт маркумдун таенеси

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
11.07.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экинчиде эмне куноо качпаса ал мерстен бала ыргып машинанын алдына тушуп калса ордунан токтобойт да бир эки метрдан алыс барып токтойт да байкуш ал деле аракет кылса керек токтотом деп
12.07.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Taku.14.02,туура айтасын. Машиненин журуп келаткан ылдамдыгы менен кандай жана канча аралыкта кандай куу менен барып токтойт жана токтоду.биринчи урган машиненин ылдамдыгы болжол менен болсо да аныкталмак.бала канча аралыкка учуп кеткени аркылуу. баарысын кылдат иликтоо жургузуп анан жыйынтык чыгаруу керек болчу. куболордун жардамы чон роль ойнойт мындайда
16.07.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taku.14.02, Сен эмне деп жатасын? Экинчи си дагы кунолуу болот. Атасы кандай акмак бул жакта баласын жоготуп кайгы болуп жатса эжелерине кол которот. Ошондой ата- энелерден канча деген кылмышкерлер камалбай журот.
11.07.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудайым оз жазасын куноолуго эки эселеп берет
11.07.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ууф Кыргызстан, чынын айтсам Кыргызстанда жашагандан корком, башаламан!!! Айла жок жашайбыз, тоолтура милициялары бар ошолор не кылып жатат! Жорголоп эле журот, Ош базар Кудайберген дагы башка жактары тартипти киргизсе болмок эки кадам сайын милиция туруп катуу кармаса , эл деле конмок ошого, Каша короче!!!
12.07.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zireshka248,кой антпе. Ар бирибиз эгоист болбосок анан тууганчыл болбосок жашагын келет.
11.07.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ГАИлерди оздорун камаш керек пешеходто ак краска очуп знактар жок чирип же бак жаап калган линия билинбейт


Супер инфо ЗНАК КРАСКАга жылда канча акча болунуп канча жер краскалайт экенин билип бергилечи
11.07.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жоопкерчилик жок коркпой качып кетиптирдагы автокырсыктан коп адам олуп жатат арты кайырлуу болсун жаткан жери жайлуу болсун
11.07.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экинчиде куно жок
11.07.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кырсыкты тв кайгуулдан корсоткон го.мерстин айдоочусу мас экен эле армян.а субару айдаган бала жапжаш бала экен эле
11.07.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экинчиде куноо жок да. Жаман догурунган немелер окшойт. Манжаларым жарака кетиптир деп догурунганын кара. Менимче барып алып чапкылады болуш керек, анан тиги колун кармап койсо догурунуп атат да. Акча умут этип атат да
12.07.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Mers124,оа мен да кошулам. Биринчисин камасын соз жоок экинчисин тушунуш керек. Куносу болсо кудай жазалайт анан кокустук болуп кетсе дагы бир уй булону бузуп саанага салбай
13.07.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mers124, сенинда жакынынды тебелеп олтурсо чапкыламактан ХХХ келет, 2-деда куноо бар пешеходдо акырындап отуш кк, учуп келейткан ошого токтой албай калган! тем более МАС болсо
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-14 10:51:42
12.07.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
экинчиде куноо жок
13.07.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mikilei_89kg Бул окуя пешеходо болуптур ещё как куноосу бар Алда учуп келейтканда ошон учун токтой албаган, Адам отчу жерден акырын айдашы кк, пешеходко келгенде озун тарапты и наркы тарапка коз саласын Адам басчу жер деп,тем более МАС болсо чакчаландап келейтканда
13.07.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура экинчи машина каршы тилкеде келе жаткан машина болгон. Заматта алдынан ыргып адам жолго куласа тебелебей өтө албайтта. Эмне күнөө ал балада?
17.07.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой экинчисин камаса бала тирилип кетпейт да. Бул деген кырсык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: