БАЛАСЫН ДААРАТКАНАГА ТАШТАП САЛГАН "КҮКҮК ЭНЕ" ИЗДЕЛҮҮДӨ

№770 4-10-август, 2017-ж.


Ушул жылдын 31-июлунда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун тургунунун дааратканасына кимдир бирөө төрөп, жаңы төрөлгөн ымыркайын даараткананын ичине таштап салган. Баланын ыйын уккан ошол жерде жашаган тургундар жаңыдан чөгүп бараткан наристени алып чыгып, алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Наристе ууланып калганы менен, бактыга жараша, тирүү. Ал эми өз канынан жаралган баланы дааратканага таштап салган "күкүк эне" изделүүдө.

Энеси дааратканага таштап салган ымыркай.


Ымыркай ушул үйдүн дааратканасына ташталган.


"ЭНЕ КАТАРЫ ЖҮРӨГҮМ ООЗУМА КЕПТЕЛДИ"

Биз наристе дааратканага ташталган жерге барып, окуянын күбөлөрү менен маектештик. Нурзат Айталиева наристени алгач көрүп, кошуналарын жардамга чакырган. Ал "ит да баласын мындай ыплас жерге таштабайт" деп окуяны төмөнкүчө айтып берди:
– Эртең менен саат 10:00дөр чамасында дааратканага барсам, эшиги ичинен илинүү экен. Бир аздан кийин кайра барсам дагы деле жабык туруптур. Үчүнчү жолу барганымда даараткананын эшиги ачык, ичинин баары кан болуп калыптыр. Анан эле ыйлаган баланын үнү угулду. Алгач үй жактан чыгып жатабы деп ойлодум, байкасам, ажаткананын ичинен чыгып жатат. Чуркап барып эле жолдошума айттым, ал болсо кошуналарды чакырып, наристени алып чыгышты. "Тез жардам" кызматы бир сааттай кечигип келгендиктен, алардан телефон аркылуу киндигин кандай кесиш керек экенин сурап, жуунтуп, кулак-башын тазалап кармап отурдук. Көчө жакты ошол замат эмнеге чуркап карай калган жокмун деп эми ойлонуп жатам, балким, төрөп, таштап качып бараткан энени көрүп калат белем?..
Мындай окуянын болгону аябай жаман болду, эне катары баланы көргөндө жүрөгүм оозума кептелип калды. Ит дагы баласын ушундай жерге таштабайт, таш боорлуктун да чеги болуш керек го дейм. Азыркыга чейин ушул иш кандай эненин колунан келгенин элестете албай жатам. Түндө уктай албай чыктым, кулагыма наристенин үнү жаңырып жатты.
Бул короодо 3 түтүн жашайт. Тургундардын айтымында, сырткы дарбазанын эшиги дайыма ачык турат. Себеби алар жумуштан ар кайсы маалда келгендиктен аны эч ким деле көзөмөл кылбайт. "Айласы куруган жаш неме эле кылган окшойт, болбосо эне болгон бирөө муну кылбайт эле. Бул жакта канчабыз кызга жетпей зарлап жүрөбүз, акырын эле терезени такылдатып таштап кетсе багып алмакпыз" деген кошуналар дагы деле бул ишти акылдарына сыйдыра албай жатканын айтып түгөтө албай жатышты.

"ЭНЕСИНИН БУЛ КЫЛГАНЫ МЕНИ КАТУУ ЖИЙИРКЕНТТИ"

Ымыркайды даараткананын ичинен алып чыккан 17 жаштагы Нурзамат Майрамбек уулу буларды айтып берди:
– Менин Нарындан Бишкекке эс алууга келгениме аз эле болгон. Келгенден бери кошуна-колоңдордун арасынан кош бойлуу бирөө-жарымды көргөн эмесмин. 31-июль күнү эртең мененки саат 10дорго чукул үйдө уктап жаткам. Бир убакта ызы-чуудан улам ойгонуп, тура калып эшикке чыктым. Кошуналар "дааратканага бала түшүп кетиптир" деп кыйкырышканын угуп чуркап бардым. Даараткананын тешиги кичине болгондуктан, ага чоң кишилер батпайт эле. Телефонумдун жарыгын күйгүзүп ичин карасам баланын денеси көрүнбөй, оң колу гана чыгып, чөгүп баратыптыр. Ошол замат элге "эки бутумдан кармагыла, кирип алып чыгайын" дедим. 2 байке буттарымдан кармап турушту, мен тешиктен кирип, баланын колунан тартып алып чыктым. Жыпжылаңач кичинекей кыз экен, ал жарыкка чыгары менен ыйлап жиберди. Ага чейин мен эмне болгонуна көп түшүнгөн эмесмин, кошуналардын биринин баласы жөрмөлөп түшүп кетсе керек деп ойлоп жаткам. Ымыркайды алып чыгып, кошуна аялдарга берип кетип калдым. Андан кийин эмне болгонун билбейм, ымыркайды да кийин барып көргөн жокмун. Энеси айбандан да жаман экен, анын бул кылыгы мени катуу жийиркентти. Жок дегенде наристесин жаман жерге таштагандан көрө, бирөөнүн короосуна таштаса жакшы болмок.

"АТАЙЫН ОШОЛ ЖАККА ТӨРӨГӨН ОКШОЙТ"

Учурда ымыркай №3-Бишкек шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Аталган оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүралиев наристенин абалы тууралуу буларга токтоло кетти:
– Ымыркайдын абалы бүгүнкү күнгө карата (ред.: 1-август) канааттандырарлык болуп калды. Алгач ооруканага алынып келингенде абалы оор болчу. Кулак-мурунуна кирген заңдын баарын тазалап, жуунтуп, бардыгын текшерип чыктык. Бүгүндөн баштап ага сүт бере баштадык. Бул ымыркай ай-күнүнө жетип, салмагы 3 килограмм 600 грамм болуп торолуп эле төрөлүптүр. Ошондой эле сырткы көрүнүшүнө караганда балада эч кандай кемтик жок. Энесинин төрөтү жеңил болгону ымыркайдын кебетесинен эле байкалды. Дааратканага барганда кокусунан төрөп алды дегендей эмес, оюбузча, атайын ошол жакка төрөгөн окшойт.

"НАРИСТЕНИН ЭНЕСИ ИЗДЕЛҮҮДӨ"

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов буларды айтып берди:
– 31-июль күнү күндүзгү саат 10дор чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ленин РИИБинин ыкчам тергөө тобу аталган дарекке барган учурда жаңы төрөлгөн ымыркайды ошол жердеги тургундар даараткананын ичинен алып чыгып, ага жардам көрсөтүп жатышкан. Ымыркай Бишкек шаардык балдар ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүргөнгө аракет кылышы) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда наристенин энеси изделүүдө.

"ТУУГАНДАРЫ НАРИСТЕНИ БАГЫП АЛУУГА КАРШЫ БОЛСО, АЛ БАЛДАР ҮЙҮНӨ ЖИБЕРИЛЕТ"

Ымыркайдын мындан кийинки тагдыры кандай болот деген суроо менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматовага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Наристени ооруканада көпкө кармашпайт да, ошондуктан аны Бишкек шаардык балдар үйүнө жөнөтүшөт. Энесинин табылганына же табылбаганына карай биз наристенин кийинки жашоосун аныктайбыз. Эгер укук коргоо органдары ымыркайдын энесин таап калышса, биз анын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Эгер алар наристени багып алууга макул болсо, аларга беребиз. Кантип багылып жатканы биздин көзөмөлдө болот. Балким, туугандары баланы асырап алууга каршы да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда төрөгөн энеси дагы "баланы бага албайм" деп арыз жазса, балдардын иши боюнча атайын комиссия ишти карап чыгып, анан наристени балдар үйүнө жиберишет. Ал жерде ал 3 жашка чейин багылат.

"КҮКҮК ЭНЕ" ЖАЗА АЛГАН ЭМЕС

Былтыр да ушул сыяктуу окуя Токтогул районунда катталган эле. Анда 24 жаштагы эне жаңы төрөгөн ымыркайын дааратканага таштап качып кеткен. Көп өтпөй "күкүк эне" кармалып, "дааратканага барганда толгоом келип төрөп салдым" деп көрсөтмө берген. Бирок тергөөдө анын баласын атайылап дааратканага таштаганы билинген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Ал эми окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, алар баланы энесинде калтыруу чечимин чыгарышкан. Балага камкордукту кыздын апасы өз моюнуна алган. Ошентип бул чечимдин негизинде "күкүк эненин" үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулган да, ал жаза алган эмес.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



Ажатканада төрөлгөн ымыркайдын энеси изделүүдө

Автор: Улукбек Кутманбаев
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(43)
08.08.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушул ымыркайды мага бергилечи.
08.08.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мага берсе деле бакмакмын(озумун балам деле бар). Айланып кетейин кыздар ушундай ишке бараарда ойлонгулачы дуйно анчалык эле силер ойлогончолук жаман эмес жакшы адамдар дагы эле бар бага албасанар же уялсанар байкаштырсанар балалуу боло албай жургондор канча ошолорго байланышсанар суйунуп эле карап алышатго.
08.08.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ал "эне" эмей эле ХХХ!! Аны таап "за попытку убить человека" деген куноону койуп туруп эле камап салыш керек!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-08 10:45:03
08.08.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окунучтуу..
08.08.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кимдир бирөөгө кор,кимдир бирөөгө зар. Мен бала жытын жыттай албай жүрсөм, булар таштап кеткени өтө жаман.
08.08.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Энесин таап ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-09 10:43:01
08.08.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kuba-savai87, атасын кошо ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-09 10:43:09
08.08.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйладым окуп алып. Кандай таш боор эне кудай ургур
08.08.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул кызды чет мамлекеттен бала багып алабыз деп жакшы адамдар келсе бериш керек.Кыргызстанда калса эртен бой жеткенде бироосу болбосо бироосу оозу мурду кыйшайбай сени туалеттен табышкан.сени тууп таштап кеткен деп журогуно канжар урат.Бактылуу бактылуу.акыл эстуу.ыймандуу.бак доолотту кыз болуп чоной.Журогум ыйлап турат.
10.08.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bars_wire, эн туура
08.08.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындайларды жазалаш керек болбосо мындай нерселер ырбап баратат.
08.08.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сөз жок... тобааа
08.08.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Копко окуй албай жугорум эзилди. ЭХ атаганат кандай жоошо болуп атат бироого зар бала бироого кор бала деп шуну айтат экенда
08.08.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raykray,
Эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
08.08.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Астафир Алла.мына сага акыр.замандын белгиси кыз эмес кызыл этке зар болгон бар ушуга каааантип колу барды экен Жараткан жазасын берсин
08.08.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне учун энесин эле айыптайбыз,эмнеге атасын айыптабайбыз?Кылгылыкты кылып койуп жургондур эч нерседен кам санабай. Аллахым наристеге узун омур,акыл эс,ден соолук,ыйман берсин!
09.08.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Энесине кошо атасын да жазалоо керек
09.08.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
никесиз торолгон кызды энеси элден намыс кылган же ата энесинен коркуп ушундай ишке барган.
09.08.2017. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((((((
09.08.2017. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кармалса илгерки ата бабабыздын салтын колдонуп таш барангы кылыш керек мындай манкурттарга сабак болуш учун.
09.08.2017. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аман эсен сакайып кетсе экен
09.08.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биро баланын жытына зар башкасы баланы кор кылат.
09.08.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай ургур десе кандай журогу чыдады суйгулугу мн жыргап кумарга батып жатканда этият болуп сактанбайбы уятсыз десе убалы уктатпаса кк омуру бала жытына зар болуп отсун
09.08.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
тооба кылдым ушундай катындар оной эле туалетке кирип эле тороп коюшат тооба кылдым мин мертебе . обычно роддомго барып 5/6саат кыйналып врачтарды да кыйнап аран торойсун го чатын айрылып,булар кандай эле ун созу жок эле туалетте торойт экен дейм да
14.08.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika0906, туура, мындайда оорууну да сезбесе керек. Коркуу сезими мн тороп качты да. Больосо тороттон кийин 3 саат жада калса баса албай жатышат ко
09.08.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
анан дагы ошол кичинекен чурпону кантип туалетке таштаганга дити барды экен,,????
09.08.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Crokus,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
10.08.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күкүк эне дебей көк мээ десеңер,күкүк кантсе да дааратканага таштабайт.
10.08.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оо кудай журогум ооруп кетти
13.08.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күкүк эне табыла элекпи?
14.08.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалаган адамдар балага зар болуп журот бироого кор бироого зар деп ушуну айт
17.08.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кызга жардам берели колдон келишибизче памперс, кийим кечесине,супер инфо счет ачканга жардам бергиле Кудайдын алдында сооп болот.
22.08.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол тартып чыккан жаш жигит бир топ соопко калган го...Азамат экен!

Эхх бироого кор , бироого зар бала.Озунун ыплас куноосу учун , наристени кыйнайбы? Эртенкисин ойлобогон айбан экен да.....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: