ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган айым: «СПИДдин АЙЫНАН АЙЫЛГА БАТПАЙ КАЛДЫМ»

№771 11-17-август, 2017-ж.


«Бул абалымды элге жарыялоо максатым эмес, бирок жардамга муктажмын» деп эки уулун жетелеген каарманым редакциябызга баш бакты. Көзүнүн жашын көл кылып өзү кабылган тагдырды айтып берсе биз да жашыдык.

«СПИД ДЕГЕН ЭМНЕ ЭКЕНИ ТУУРАЛУУ ТАКЫР ТҮШҮНҮГҮМ ЖОК БОЛЧУ»

– Атым Айгүл (аты өзгөртүлдү). Жашым 30га чыкканда айыккыс ооруга чалдыгып, эки уулумду жетелеп көчөдө калам деп эч качан ойлогон эмесмин. Бир жыл мурун жолдошум каза болду. Өлөрүнүн алдында көп убакыт ооруду. Дене табы көтөрүлүп, тамакка табити жок болуп, жөтөлүп жүрсө сасык тумоо деп ойлоп жүрө бергенбиз. Денесин жара каптап эле каза болуп калды. Дарыгерлер башында бизге эч нерсе айтышкан эмес. Аны жерге бергенден кийин бир жума өтпөй ооруканадан мени чакырышып, «жолдошуңуз СПИД деген оорунун 4-стадиясында каза болду, сиз да текшерилиңиз» дешти. СПИД деген эмне экенин билчү эмесмин, бул илдет тууралуу такыр кабарым жок эле. Буга чейин ооруканага төрөгөнгө эле барчумун, дары ичип, ийне сайдырып көргөн жан эмесмин. Анализ тапшырсам менде да ВИЧ-инфекциясы бар деп табышты. Бирок мен түшүнбөгөндөн кийин бул дартка олуттуу караган жокмун, кадимки жеңил айыкчу оорудай кабыл алдым. Врачтар мага баарын түшүндүрүп беришкен соң жана дагы башка маалыматтарга ээ болгондон кийин коркуп калдым, бул дарттан кутулуунун жолу жок экенин билдим.
Алгачкы анализдин жыйынтыгынан күмөн санап, кайрадан анализ тапшырдым. Ошол эле жыйынтык чыкты. Бул ирет канымда ВИЧ-инфекциясынын бар экендиги тууралуу маалымат мага чындап катуу тийди. Врачтар менен урушуп сыртка чыгып кеттим, көпкө ойлонуп отурдум. Бирок балдарым үчүн жашашым керек экенин билип, дарыланам деп кайра ооруканага бардым, учурда дарыларды үзгүлтүксүз ичип жатам. Мага жолдошумдан жуккан окшойт. Ага кайдан жукканын билбейм. Жолдошум алыскы аймактарга КамАЗ айдап иштеп акча таап бизди бакчу. Бирок мен мындай жагдайга туш болгонума эч кимди күнөөлөбөйм, жолдошумду дагы. Бул мага келген сыноо деп кабыл алам. Сыноого сынбайм, балдарым үчүн жашоо үчүн күрөшөм.

«АЙЫЛДАГЫЛАР ЖАНЫМА ЖОЛОБОЙ, МЕНИ МЕНЕН СҮЙЛӨШПӨЙ КАЛЫШТЫ»

– ВИЧке кабылганымды билген кезде өмүр бою бир казанда кайнап, чогуу жашаган кошуналарым, жакындарым, айылдыктардын мага болгон көз карашы өзгөрдү. Мен үчүн эл арасында мурдагыдай аралашып жашоо мынчалык кыйынчылык жаратарын билген эмесмин. Мага кыйын күндөрүмдө колдоо көрсөтүп, жанымда болот деген үмүт менен кайнежеме ооруп калганымды айткам. Бирок кайнежем бул кабарды уккандан кийин жолдошумдун каза болгонуна мени күнөөлөдү. «Бир тууганыма ооруну сен жугуздуң, сенин айыңдан каза болду» деди. Кайнежелерим мени менен бир дасторконго отурбай, сүйлөшпөй калышты. Минтип менин оорулуу экеним бүт айылга билинип калды. Айылдыктарда деле мен сыяктуу, бул илдет тууралуу түшүнүк жок да. Алар жаныма жакындаса, чогуу тамактанса жугуп калат деп ойлошот. Ошентип эл менден качып баштагандай, менден алыс турушуп, мени менен сүйлөшпөй калышкандай туюлду, баарынан четтеп калдым, өзүм да айылга батпай, кысыла бердим. Кайнежемдер болсо ачык эле «эки балаң менен өзүнчө батирге чык» дешти.
Бир күнү турмуштук, болбогон эле маселе үчүн кайнежем менен айтыша кетип, ал кийимдеримди көчөгө ыргытып, үйдөн чыгып кетүүмдү талап кылды. Балдарымды жетелеп көчөдө калдым. Жөлөк пул деп алган 600 сом менен Бишкекке келдим.

«МАГА ОКШОГОН АЙЫМДАР КӨП ЭКЕНИНЕ ТАҢ КАЛДЫМ»

– Бишкектин бекетине түнкү саат 3тө жеттик. Бара турган жерибиз жок да, таң атканча бекетте отурдук. Күн көзүн көрсөтө баштаганда элден сураштырып жашай турган жер издей баштадым. Бир таксист баш калкалоочу жер таап берди. Ал жакта бир чоң бөлмөдө селсаяктар, үй-жайы жоктор, аял-эркеги аралаш жашадык. "Ош базарындагы" радиоузелге барып жумуш караштырып, кулпунай терип иштеп калдым. Күнүнө 200-300 сом тапчумун. Балдарым дайыма мени менен жүрүшөт, теришип жардам беришет. Ысыкта жүрө берип бир уулум ооруп калды, аны карап, өзүм да ооруп иштей албай калдым. Анын үстүнө "балдарың менен жакшы иш аткарбайсың" дешип көптөр жумушка да алышпайт экен. Анткени балдар бат чарчашат, «апа, кетеличи» дей беришет. Өзүм да кыйналып калам. Дары күчтүү болгондуктан аны күчтүү тамактар менен ичиш керек. Менде азыр андай шарт жок болгондугуна байланыштуу дары ичкенде башым айланып, айрым учурда бир күн бою алсыз абалда жатып калам.
СПИД-борбордон пенсия катары 3 айда бир 1000 сомдой акча берип турат экен. Акчасын ала элекмин, 3 ай боло элек да. Азык-түлүк берип турушат. Ал жакта атайын түзүлгөн топ бар, психологдор иштешет. Таң калганым, мага окшогон айымдар көп экен. Чогулуп сүйлөшүп отурабыз, бири-бирибизди өзүбүздөн жакшы эч ким түшүнбөсө керек. Алар менен баарлашуу жеңил. Башка адамдарга айта албаган көйгөйлөрүбүздү ошол жактан бөлүшүп, жеңилдеп алабыз.
Учурда «Кызыл жарым ай» коому жардам берип жатат. Коом азык-түлүккө 3000 сом беришкен. Бул акчага эки балам менен өзүнчө батирге чыккам. Бир ай өтүп, батирдин да мөөнөтү бүтүп баратат. Бул убактылуу кыйынчылыктан чыгып кетиш үчүн элден жардам сурайм. Балдарымды окутуп, батирдин акчасын төлөш үчүн кайрымдуулардын көмөгүнө муктажмын. Кийин өзүм иштеп бутума туруп балдарымды багып кетүүгө күчүм жетет. Мен күчтүү аялмын.

«БАЛАМДА ДА ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ БОЛУШУ МҮМКҮН»

– Эки балам бар. Бири 8, экинчиси 7 жашта. Алар да анализ тапшырышкан. Улуусунуку таза чыкты, экинчи уулумдун канында вирус болушу мүмкүн деген күмөндөр бар. Аны ойлогон сайын жүрөгүм ооруйт. Кайрадан анализ тапшырабыз. Корком, балам да ооруп калса, кантем? Кийинки анализ таза чыкса экен деп Кудайга жалынып эле отурам. Уулдарымды окутууга буга чейин мүмкүнчүлүк болгон эмес. Атасы ооруп иштей албай калгандыктан, каражаттын тартыштыгынан улуусу окуй элек. Эми мен бир нерсе болуп кетсем да, балдарым кийин кыйналбаса экен деп аларды окутуп коюу үчүн жан үрөйм. Балдарыма бул абалым тууралуу айтып жүрөктөрүн ооруткум келбейт. Ушул экөөнө жакшы тарбия берип алсам деп тилейм. Бир кыялым бар. Мага окшоп ВИЧке кабылган аялдардын балдарына жардам берип бала бакча ачкым келет. Балким, ушул каалоомду ишке ашыруу буюруп калар. "Толук айыгып кетүү мүмкүн эмес" дешти дарыгерлер. Айыкпасам да күрөшүп жашайм. Балдарым үчүн жашашым керек, мен аларга керекмин.

«МУГАЛИМ БОЛОМ ДЕГЕН ТИЛЕГИМ ОРУНДАЛБАЙ КАЛДЫ»

– 9-класска чейин мектепте окудум. Таежемдин колунда чоңойдум, бөлөлөрүм иштеп кетишип, үйдүн түйшүгү мага түшүп, андан ары окубай калгам. Мектепке бараткан кыздарды карап суктанчумун. Мугалим болом деген тилегим да орундалбай калды. 17 жашка чыкканда кошуна балага турмушка чыктым. Кыздардын баары ЖОЖдорго тапшырып Бишкекке кетип жатышкан маалда мен бир үйдүн түйшүгүн моюнума артып үйдө отуруп калдым. Кайын журтум жакшы кабыл алышты. 5 жылга чейин төрөбөй жүрсөм да эч нерсе дешпей жакшы карашты. Кийин 2 балалуу болдук. Жолдошум менен бай жашабасак да, бактылуу жашадык.

«БАЛАЛЫГЫМ КАЗА БОЛГОН АПАМДЫ КҮТҮҮ МЕНЕН ӨТТҮ»

– 6 жашымда апам каза болуп калыптыр. Анда мени башка жакка алып кетишип, «апаң Москвага иштегени кетти» дешкен. Мени таежем алып бакты. Мен шордуу 11ге чыкканча апамды күтүп, сагынып, аны жек көрүп жашадым. Күндө жол карачумун. Кийимдеримди салып алып аялдамага барып күтүп отурчумун, азыр апам түшөт деп үмүт кылып. Апамдын гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн аппак жоолугу бар эле, ошол жоолук эсимде калыптыр. Эл арасынан ак жоолукчан аялдарды издечүмүн. Бул эмне деген күтүү азабы экенин башынан өткөргөндөр гана түшүнсө керек. Балалыгым күтүү менен өтүп кетти. Мен 11 жашка чыкканда атам мени көргөнгө келди. Мектепке чейин барып классташтарыма токоч, таттууларды алып берген. Анда менин бактым тоодой болду, «менин атам» деп баарына мактангам. Атам мени жетелеп жүрдү, мектептин багында кучактап алдына алып отуруп, апамдын 5 жыл мурда эле кайтыш болгонун айтты. Жаман болдум, бакырып ыйладым. Бирок көксөөм сууп, апам жок, күтө турган да адам жок экендигин кабыл алдым. Атам болсо 2-3 күн жанымда жүрүп, кайра кетип калды. Ошондон бери кайрылган жок. Аны көп жолу издедим, телепрограммаларга кайрылдым, Казакстанда иштегенин айтчу эле деп Казакстанга баргандардан издеттим, таба албай келем. Азыр мен жакындарымдын колдоосуна муктажмын.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



ВИЧ жуктуруп алган айымдын аянычтуу тагдыры

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(37)
15.08.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Зынакорлуктун пайдасы ушул. Сизге кайраттуу болуңуз сабыр тилейм.
15.08.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ыйлагым келип кетти алла талаам шыпаасыны берсин
15.08.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жаратканым жардам берсин....сабыр кылыныз
15.08.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баары жакшы болот эже Иншаллах.
15.08.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Super info жамааты эжеге кандай кылып жардам берсек болот экен данныйлары бар да э силерде
15.08.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
buku,709 31 30 82 номери
15.08.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сабырдуу болунуз эже, бул да болсо кудайдын берген сыноосу экен!кудайда жакшы коргон пендесине кыйынчылыкты берип сынайт экен!!!сиз сабырдуу болунуз!!!баары жакшы болот!!!бул дуйнодо болбосо да чыныгы Тигил дуйнодо бактылуу болосуз эже ишенип койунуз!!!
15.08.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Күйөөсү камаз айдап жүрүп ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-16 11:18:42
15.08.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кантип жардам берсе болот болду екен 89253557552 ушул номерже жазып коюнчу еже егер окусаныз
Медиа-портал
16.08.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
telefon nomerin ar biribizdi suratpai jasyp koisonuzdar bolmok eken Admin
Медиа-портал
16.08.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Solnyshkin,
709 31 30 82 номери деп жазылып турат го жогору жакта видеодо
16.08.2017. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PeriMuz жаздыго жогоруда
16.08.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
айыгып кетиңиз,
баары зынаакоорлуктун айынан болуп атат,5 минуталык рахат деп,өзүн үй-бүлөөсүн азапка салып кетти ,
ушундай эле болбой баратса презерватива колдоно кой...
16.08.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эркектерге сабак болсун жаман жургондун кесепетин уй булоосу тартып жатат
16.08.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
momun74,туура айтасыз эркектер эсинерге келгиле
16.08.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
каерде болбосун байкуш аялдар азап тартат.Кудай шыпаасын берсин,балдарынызды чонойтуп жашоонун ырахатын корунуз
SUPER.KG видео
16.08.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай ай эч бир адам минтип кыйналбасынчы. Эже балдарыныз ыймандуу, акыл эстуу болуп чоноюп ошолордун убайын корунуз. Бул кундор да отот. Кайнене , кайнежелеринизге наалат. Ушундай да тушунугу жок адамдар болобу тоообо озу куйоосунон ажырап отурса. Кайнежесинин баласынын кандай акысы бар ал уйго?! Уй сиздин балдарынызга калбасын Деп Эле кайненеси дарственный кылып койду го менимче. Аларга да кудай бар
16.08.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ыйладым...
16.08.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз эже баары жакшы болот,мен сизди и жолдошунузду да кунолобойм. Бирок озунуздор жугунузганстар да. Мени молтурогон куноосу таптаза балдарыныздын келечеги окундуруп жатат. Бул СПИД ге мен пайыз бере албайм,анткени ото слабый оору. Аллахым озу сизге шыпаа берсин. Умут кылып жашай бериниз жакшы болуп айыгып кетесиз. Балдарыныздын жашоосун ойлоп жакшы карап чонойто бериниз жашоонун рахаты болот эже. Купуяда номеринизди алып алдым Аллахым учун сизге жардам берем.
17.08.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабыр кылыныз.дараткандын сыноосу.номерин жонотуп койсонор эженин админ.
17.08.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Номерин жазып жибергилечи админ
17.08.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
номери турат. келгиле элим журтум коп тукурсо кол болот дейт. балдарын школго даярдап кичине болсо да жардам берейли. атасы кандай оору менен оруп олгонун эске албасак , жетим балдар экен. биз сынаганга укугубуз жок. келгиле жардам берейли. жардам берем дегендер 0553 130711 чалыныздар. баарыбыз чогулайлы.
17.08.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянычтуу экен чындыгында.
18.08.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келгиле чогу жардам берейли. мен чалып суйлоштум. балдарымды школго даярдаганга жардам беринизлерчи дейт. мен жалгыз ничего не смогу. давай НАРОД вместе поможем. 0553 130711 звоните.
18.08.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах сактасын мындай илдеттен. Негизи адамдар туура журуубуз керек. Ийри жолдорду тандап алып 5 муноттук ырахат деп бир омурго жараксыз болбойлу туугандар
19.08.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ВИЧ,СПИД жонундо тушундуруп, семинарларды отсок, мурдун чуйругондор коп болгон. Ушулар тажатты деп... Бул оору жонундо билуу керек достор жана сактануу керек. Даарысы - ушул, алдын алуу!!!
20.08.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаа берсин ылайым.. өтө кейиштүү экен
22.08.2017. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип жардам берсе болот экен
22.08.2017. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
данныйларын личкага жазып коесторбу супер инфо
22.08.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже кучтуу болунуз.Жакшылыктан умут узбонуз.Жолдошунуздун катачылыгы да
22.08.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи ушул эркектерге тушунбойсун да.Албетте жакшысы да бар бирок,жакшыга караганда жаманы коп.Эси жок эркектер эч качан ойлонушпайт мындай нерселерди.5минуталык кумардын айынан канчалаган адамга зыян алып келет.Эркектер канчалык аял затынын коз жашын агызып,канчалык алардын наалатына калган сайын ошончолук убалы болот.Бирок убалы силерди урбайт.Куноосу жок балдарынарга тийет.Арам деген баарибир АРАМ.Ошондуктан ОЙЛОНГУЛА.Кыздар дагы семьясы бар эркектен алыс эле жургуло.Акыбети баарибир жаман.
29.08.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр кылыныз эже баары жакшы болот буйруса
03.10.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы жаман шумшук окшойт, дагы эле акмак эркектердин айынан, атасы таштап койсо куйоосу оору жугузуп, озу эч нерсе мн иши жок уктап жатат да, камаз айдап алыска кетсе ошентип журуп бироо жарымдан жугузгандыр
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: