Эненин арманы: «МАЙЫП БАЛАМ ЭКӨӨБҮЗ КӨР ТУРМУШТА ЖАШАП ЖАТАБЫЗ»

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж


Бизге жардам сурап кайрылган Калийпа энеге жолугуу үчүн Ош шаарына барганыбызда ал үйүндө экен. Бизди көрүп ыйлап тосуп алган эненин үйүн аттаганда эле жардамга муктаж экендиги билинди. Өзү отурган муздак бөлмөдө шкаф жоктугунан буюмдар түйүлгөн түйүнчөктөр, эскилиги жетип, кирдеген килем... Жыйылбаган төшөнчүлөр болсо эненин оорукчан экенинен кабар бергендей. «Өзүм да, балам да майып» деген эненин баяны.

– Мен Калийпа Ибрагимова 1938-жылы 10-майда Ноокат районунун Кара-Таш айылында туулгам. Турмушка чыгып 11 жыл жашап, 2 уул, 1 кыздуу болгон соң ажырашып кеттик. Убагында секретарь-катчы болуп иштедим. Андан кийин Оштогу текстиль фабрикасында иштеп жүрүп 7,5 жыл дегенде ушул отурган 2 бөлмөлүү үйдү алдым. Үй алам деп 3 баламды боорума кысып алып, тиштенип, бир күн ачка, бир күн ток жүрүп үйдү эптеп алдым. Фабрикада баш-аягы 20 жыл эмгектендим.
Азыр 2-топтогу майыпмын. Пенсиям 5500 сом эле, эми көбөйсө 6000 сом ала баштайм. Үйдө учурда мен, анан 2 көзү азиз уулум жана жээн кызым (кызынын кызы) болуп турабыз. Чоң уулум Ош окуясында башынан жаракат алып, ал жаракаты ракка өтүп кетип 53 жашында каза болду. Үйлөнгөн эле, бирок артында туяк калбады. Мына бул ошонун сүрөтү (үшкүрүнүп, ыйлап, өзүн кармана албай бир топ отурду). Акча көп болуп жакшы врачтарга көрсөтсөк өмүрү узарып турат беле...
Ош окуясында биз да үйдөн чыгып башка жакка качкан элек. Биз жок үйүбүздүн балкон жагы өрттөнүп, өрт өчүрүүчүлөр өчүрүшүптүр.Үйгө келсек түтүн, ыш.

Колумдагы уулум Курсанбек 46 жашта, өткөн жылы бейбаш балдар уруп кетип, ошондон 2 көзү көрбөй калды. Ал 1-топтогу майып, 3000 сом пенсия алат. Мурун ар түрдүү иштерде иштеп жүрдү, негедир үйлөнбөй койду. Бешенесине жазылганы ушулбу, айтор, билбейм. Сабап кеткендерди кармап, жазалап бергиле деп милицияга арыз жазбадык. Уулум «баары бир табышпайт» деп койду. Врачтарга көрүнгөн, «операция жасатыш керек» дешкен. Өткөндө Түркиядан врачтар келиптир, алып барып көрсөтсөк, мүмкүн, көрүп калар деп ойлодук, бирок акча жок көрсөтө албай кала бердик. Каражат болсо эптеп болсо да 1 көзү көрүп калса деп, өзүмдүн ооруган жерлеримди унутуп, уулум үчүн Кудайдан тиленип калдым (кайрадан ыйлап). Мэрияга барып «ушул майып балама үй бергиле» деп арыз таштагам. «Ооруканалардан дарылангандыгы тууралуу кагаздарын алып келгиле» дешкен, алып барганбыз, бирок үйдөн дайын жок.Үй берилип калса эптеп жеке жашоосун куруп кетет беле деген үмүт да.
Кызым үй-бүлөлүү. Анын тапканы өздөрүнөн деле артпайт.
Бизди жан бактырган жээним. Эптеп колуна тийген аны-мунуну сата коюп, өтсө акчасына бизге нан, сүт дегенди алып келет. Өтпөсө каткан нан, чай менен деле калабыз. Эмерек деген жок, минтип бар-жогун түйүп коюп отурабыз. Кышта батарея иштебейт, үй муздак болот. Чай-пай кайнатып, тамак кылган эски плитаны сайып, бир нерселерди жамынып, айтор, кыштан өлбө жаным, өлбө болуп чыгабыз. Алдыбызда салынган килем эскирип жылуулугу калбады. Алдыбыздан сыз өтөт. Эмнесин айтайын, ушундай көр турмуш болду жашообуз.
Эми ооруларымды айтсам, балам кайтыш болгондон бери ыйлап 1 көзүм бозоруп жакшы көрбөй калды. Терилерим түлөйт. Көкүрөгүм менен далыма кыпкызыл майда бүдүрлөр чыгып кеткен. Врачтар көрүп, бүдүрлөрдү тешсе суу чыккан. Жарадан улам аркам, көкүрөгүм терини сыйрыгандай ооруйт, тим эле бычак тийгендей болот. Кийимим тийип кетсе жанымды көзүмө көрсөтөт. Ошондуктан жатуу да кыйын. Отурганда ушинтип кийимимди теримден алыс кармап отурам. Диагнозун врачтар бир нерсе дешкен, унутуп калдым. Муну жылдап дарылаш керек экен. Ага акча кайда? Омурткам бир жакка кыйшайып калган.

Курсанбек Ибрагимов: «БИР КӨЗҮМДҮ ДАРЫЛООГО БОЛОТ ЭКЕН»

Эненин баласы менен учкай болсо да сүйлөшүүгө мүмкүн болду.
– Сабап кетишкенден кийин деле 1 көзүм бир аз көрүп жүрүп, анан көрбөй калды. Жыгылганда айрылып кеткен бир көзүмдүн үстү тигилген. Бир көзүм нерселердин элесин бозомтук болуп көрөт. Врачтар «сол көзүң кургап калган, оң жагын дарыласа болот» дешкен. Операция да жасалышы зарыл экен.
Апам экөөбүздүн пенсиябыз светтин акчасына, нан, дарыга кетет.


Канымжан Усупбекова

koom@super.kg



"Денемдеги жаралар бычак менен кескендей оорутат"

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
31.10.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээх жашоо сабыр берсин жардам берели туугандар кантип берсек болот супер инфо
Медиа-портал
31.10.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сабыр берсин
Медиа-портал
31.10.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
aza84,жакшыбы жаманбы сабырдын тубу сары алтынбы
Медиа-портал
31.10.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
evra_kg,эмне деп койгонсун, мааниси жок го созунун
31.10.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
счет ачып коюшса жакшы болмок,жардам берели
31.10.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
6 миллион элибиздин 3 миллиону жаш балдар жана өздөрү жардамга муктаж адамдар дейли.Калган 3 миллионубуз 1 сомдон чогултсак да өтө чон жардам болмок.
31.10.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Колдон келсе жардам берсек эле кана. Биз карапайым эл ойлойбуз ушундай жардам беруу,соопчулук тууралуу. Ал эми колунда барлар же ото эле байларга мындайлар адам катары да корунбойт.
01.11.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nibiru., "Атына жараша тушагы"-дейт, карапайым эл жардам бере берсин, колунда барлар оздору уялышат.Дагы бир маселе, карапайым деп озубузду четке тартпайлы, Аллага шугур курсагыбыз ток, демек жардам бергенге милдеттуубуз.
03.11.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Girl1996,туура айтасыз! Мен лагы кошулам! Коп тукурсо кол болот дейт! Ачкоз байлар байлыгын ойлоп журоберсин!
01.11.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ адресин жазып коюнузчу отунуч.
01.11.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саламатсыздарбы! Жардам берүү үчүн байланыш номери: 0559 23 27 23 (Калийпа апа)
01.11.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттар акчасын чачып шайланышты ,байлар миллион акча кетирип той откорот жок дегенде плита алып берсе суйунуп калат эле чоогу жардам берели
01.11.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эне дайым бала дейт экен да.тагдыры оор экен.мурда ош шаарынан кафеден көп көрчү элем.дайыма кайыр сурап барат эле ушул эже.
04.11.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайын байлар бат баттан эмерек алмаштырасынар модага карап эскилеринерди болсо да адресин алып алып барып бергиле силерден сураныч. Ал эми катардагы эл албетте жардам беребиз.
04.11.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйу бир туруп дагы баласына уй сураганы эмнеси. Кудайга шугур лег керек да ункур да болсо уйу бар. Журобуз го эмерек мындай турсан уйго жетпей.
07.11.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ден соолук узун омур жаш берсин. Ошто болуп бир аз акчам болсо клем сандык идиш жыйнаган шкаф алып берип уйунузду жыйнап клеминизди жууп бербейт белем батанызды алып. Бар болунуз Аллахым берээрин унутпасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: