«КҮЙӨӨМ УУЛДАРЫН МЕНИКИ ЭМЕС ДЕЙТ. 2 БАЛА МЕНЕН ЖАРДАМГА МУКТАЖМЫН»

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.


70 жаштагы эне менен 26 жаштагы кыз. Эки аял, эки тагдыр, колдорунда жетелеп жүргөн эки кичинекей бала. Батирине акча жетпей, эки баланы кантип багарын билбей аргасыздыктан элге кайрылууну чечишкенин айтышты.


«ТӨРӨБӨЙСҮҢ ДЕП КЕТИРИШКЕН, БИРОК КЫЗДУУ БОЛДУМ»

-Кызым, мен сабатсызмын. Окуганды, жазганды билбейм. Атым Сайнап, жашым 70ке келип калды. Биринчи жолу турмушка 17 жашымда чыктым. Бир жарым жыл жашагандан кийин барган жерим «төрөбөйт» деп кетирип жиберген. Атам «эртең эле төрөй калчулардан алып алгыла, менин баламдын башын бошоткула» деп мени алып кетип калды. Атамдын төрүндө 9 жыл отурдум, «төрөбөгөн аялды ким алмак эле?» деп мен да жаштыгымды өткөрүп жибериптирмин. Кийин башым ооруп ооруканада жүрдүм. Ошентип жүргөндө экинчи жолу турмушка колумду сурап келишти. 3 баласы бар экен, абышка жалгыз калыптыр. Тиейин деген деле эмесмин, атам байкуш «Оомийин!» деп жибергенден кийин шагы сынып калбасын деп бардым. Ошентип жашап жүрүп бул кызымды 40тан өткөндөн кийин төрөп алдым. Жалгыз кызым ушу. Кийин атам, анан апам өтүп кетти. Кызым 5 жашында атасы рактан улам каза болуп калды. Каза болгондон кийин абышканын уулдары мени кет дешти. Абышканын эки уулуна караганда кызы акылдуу болчу. «Атамды жакшы бакты, куубай эле койгула» десе болбой мени кууп жиберишти. Кызым 6-класста окуп жатканда мен сиңдиме кеттим. Кызым ага-жеңесинин колунда калды. Аксыда 9-класска чейин окуп, андан кийин Бишкекке менин колума келди. Пенсия алайын десем эч кандай документим жок. Паспортум, нике күбөлүгүм да жок. Өзүм да эч нерсе эмес, бул кызым жана неберелеримдин эртеңки күнү кандай болорун билбейм. Айлабыз жок «жүрү, кызым, «Супер-Инфого» баралы, гезит аркылуу кайрымдуу адамдар жардам берип калар» деп ээрчишип келдик.

«АЯЛ АЛЫП АЛГАНЫН ТӨРӨТКАНАДАН ЧЫГЫП КЕЛГЕНДЕ УКТУМ»

-Аты-жөнүм Өскөнаалы кызы Батма. 26 жаштамын. 21 жашта Кайрат деген көлдүк жигит менен бир жарым жыл сүйлөшүп жүрүп турмуш курганбыз. Ортобузда 3 жарым жаштагы жана 3 айлык эки уулубуз бар. Ысык-Көлдө үйлөнгөндөн кийин бир айдай жашадык, анан Бишкекке келдик. Колдон келген жумушта иштеп жүрдү. Былтыр август айында жакшы жумушка кирген. Ал ишке 2 ай иштегенден кийин эле ижарага машина алды. Маянасы жакшы болуп 30-40 миң сомдон ала баштады. Көбүрөөк акча таап калгандан кийин да бузулуп кеттиби деп калдым.
Жакшы эле жашап жүргөнбүз, декабрь айларынан баштап жүрүш-турушу бузулуп баштады. Алгач мага «Мен аябай кыйналып жүрөм, карыздарым да көп. Сен өзүңчө жашап тур, колумдан келген жардамды берем» деди. Анткени ичкилик ичип алып МАИчилерге түшүп калып көп суммадагы айып төлөөгө мажбур болгон. «Ошол айыпты, машинанын ижарасын төлөйм, мен карызды төлөп бүткөнчө өзүң жалгыз жашап тур» деди. «Батирдин акчасын төлөп турам» деген, бирок төлөй алган жок.
Бир күнү Кайратка чалып калдым. Телефонду бир аял алып, Кайраттын кайненеси экенин айтты. «Анын аялы, эки баласы бар го» десем, «Сиз жаңылып калдыңыз окшойт. Кайрат бала-чакасы жок, үйлөнө элек бала, менин кызым менен жашайт» деди. Мен нес абалда калдым. Экинчи балам боюмда бар эле. Эмне кыларымды билбей отурсам, күйөөм түнкү саат 3тө келди. «Телефонду алган досумдун апасы болчу» деп кайра мага жаңжал салды. Мен ишендим деп айта албайм, бирок ишенбей деле чыр чыгарып ийгенге акыбалым жок болчу. Мурун эле үйгө бир келсе, бир келбей жүргөн, март айында кийимдерин чогултуп алып чыгып кетти. Анда да башка аял бар деп айткан жок. «Мен шефимдин үйүндө жашап жатам, ага карызмын, ал мени карыз төлөп бүтмөйүнчө кетирбей жатат» деди. Көрсө, ал башка аял менен батирге чыгып жашап жүрүптүр.
Кыйналып жүрүп экинчи уулумду төрөдүм, төрөтканадан чыгып келгенден кийин жашоомдогу эң оор жаңылыкты уктум. Күйөөмдүн алысыраак жеңелери «Күйөөң эбак эле үйлөнүп алган. Кайындарына барып келгенбиз. Кайрат эки баласы, аялы бар экенин айтпа деп бизди алып барды. Биз да айта албадык. Сени төрөп алсын, стресс болсо баласына зыян болуп калабы деп айтпай жатканбыз. Ал аялдын да боюнда бар» деп айтышты. 5 жыл жашаган адам мынчалыкка барат деп ойлогон эмесмин, эмчегимден сүт чыкпай, кыйналып жаман болдум.
Өзүм барып ажырашуу үчүн арыз бердим. Сот балдарыма алимент төлөсүн деген чечим чыгарган. Бирок Кайрат аны да төлөй элек. Эч бир жерде иштебейт деген маалымдама алып алыптыр. «Эмне үчүн мындай кылдың?» десем «сени кыйналбасын дедим» деди. Өзүм үчүн да кыйналып намыстанбайт болчумун, төрөлүп, өзүнө куюп койгондой окшош уулдарына акарат келтиргени мени туюкка кептеди. «Булар менин балдарым эмес, менин чыныгы балам эми төрөлөт» дегенден кийин түңүлдүм. Анткени анын башка үй-бүлөсү бар экенин кайындары билбейт экен. Эки балам менен азыр жардамга муктажмын. Анткени батирге төлөй турган акчам жок, кожоюндар алгач абалыма карап жаткан, эми алар «болду, чыккыла» деп жатышат. 3 айлык батирим төлөнө элек, алимент кестирип алсам төлөйм деп ойлогом. Бирок Кайрат «бутум чыгып кетти, иш таба элекмин» деп такыр жардам бербей жатат. Иштейин десем жаңы төрөлгөн баламды ким багат? Кээде бирөөлөрдүн баласын багышып, кийим тигишип акча табымыш болом. Ал эмнеге жетмек эле? Кайрат кеткенден бери өзүм эле эптеп келе жатам, туугандардан, тааныштардан жардам алам. Менин максатым – азыр балдарымды багып, бутуна тургузуп алуу. Жардам бере турган адамдар окуямды угуп колун сунар дейм.

Окурман, биз экинчи тарапка, тактап айтканда, Батма айымдын мурунку күйөөсү Кайрат менен байланыштык. Ал өз пикирин төмөндөгүчө билдирди:

-Мен эки баламдан баш тартпайм, колумдан келишинче жардам бергенге даярмын. Бирок учурда жумушу жок жүрөм. Бир жактан акча келет болчу, ошол акчаны күтүп жаткам. Мурунку келинчегим менен тил табыша албай ажырашып кеттик. Экинчи балабыз 1 жарым жашка чыкканга чейин расмий түрдө ажыраша албайт экенбиз. Бирок сот мага алимент төлөп турушум керектигин айткан. Алимент төлөгөндөн качкан жокмун, болгону азыр ишим жакшы болбой жатат. Учурда экинчи келинчегим менен да жашабай эле турам. Батма экинчи келинчегимдин тынчын алып, анын туугандарына чейин чала бергенден улам аны менен да азыр урушуп жүрөм. Экинчи келинчегимдин да боюнда бар. Ал жакында төрөлөт. Мен ага да жардам бергенге аракет кылам.



"Экинчи баламды төрөгөндө күйөөмдүн башкага үйлөнгөнүн билдим"

Автор: Айтолкун Анапия кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(58)
07.11.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мына биздин кокурок каккылаган патриоттор, ХХХХХ эки тыйын тушпойт дагы катын тандап коштоп катын алгандарына тим эле куйуп кетесин.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-07 16:00:05
07.11.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MTS, Мекенчилдик менен уй булонун мыйзамы башка!!! Ким болсон даагын!!!
12.11.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
MTS,туура айтасыз.патриот болуп куйгузушпой бир аялды эптеп багып алып анан экинчисин алышпайбы дейм да.ортодо байкуш эки наристеге эле кыйын болмой болдуда
07.11.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бир катынды жыргатпагандан кийин экинчисин эмнеге алат. Ата сорой, эркек сорой. 30 минге ушунчалык копсо, мындайларга такыр акча жолотпош керек го. Акмак, кайсыл арына эркекмин деп штан кийип журот, арсыз.
SUPER.KG видео
07.11.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялын ойноп кетсе!!! Балдарынды карап кой! Алардын куноосу жок!!! Кыргызда айтат : Кусуру урат !!!
07.11.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Бир жерден корсон жудоо зайыпты
Эрине коой айыпты
Алааар бекен жазасын
Тушунооор бекен катасын
Олуп деле кетсин эр катын
Ойлошооор бекен баласын
09.11.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ludimira,"кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" дейт го
07.11.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушундай арсыз адамдар коп да арабызда. Мындай сорттогу адамдар,аялын гана эмес,айлана-чойросундогу адамдардын баарын сатканга даяр. Биртке акча кармап кооп кетсе,анда андан артык бир тыйын да карматпаш керек да буга окшогондорго. Ансыз деле кармабайт дечи. Себеби андан артык кармаганга пейили да туура келбейт. 30-40 мин сомго кооп кетти дегенди озу деле биринчи угушум. Башка соз жок. Онорун оз башын менен эле кетсин.
SUPER.KG видео
07.11.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өзү ойноп кетип аялына шылтаган ХХХХ десе!!! Ушундай жоопкерчиликсиз эркектердин айынан күнөөсүз балдар жетимге айланууда!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 11:27:10
08.11.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биринчи уй булоонун кадырына жетпеген,экинчи уй булоону жыргатмак беле.Аялы ХХХХХХХ калган болгон кундо да балдарын ойлобойбу.Озунун оюу бузулганда аялын жамандап чыгат да...
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 10:49:09
08.11.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бети жок десе кусур урат ушуга окшогон эркектерди.Балдарын кочого таштаган эркектерге катык чара коруш керек болбосо аялдарга эле кыйын болуп атат.Ушундай эркектердин айынан таштандыга, туалетке таштап жатышат балдарды тороп.
08.11.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушундай молтурогон балдарын таштаган немени балдардын убалы уктатпасын.Башка улутка куйоого тийип атышат деп арданасынар кыргыздын кыздарын кыйратып багып атасынарбы кыргыздын патриот сорой жигиттери...
08.11.2017. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечирип койгула эркектер, бирок ХХХХ салса да артык Кудай кубо баарына чыдап кой бир аз отот бул кундор!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 10:04:51
08.11.2017. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ata bolboi jerge kirip ele ketpeibi, akmak dese, biz jardam bereili, ui adresin , tel nomerin bersin
08.11.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул дунодо да эч нерсе эмес олбогон жанга жаз келет, тигил дуйнодо жооп бере албай балдарынын азабынан бейишке чыкпайт го, эч качан бейишке чыкпасын, ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 15:30:03
08.11.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Порталдын эрежелерин сактагыла! Билдирүүлөр түзөтүлдү.
08.11.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Батма айымдын толук аты жонун жазып койгулачы сураныч.Акча которсок кай жака и кимге которобуз если мумкун болсо номерин жазып койсонор заранее рахмат
09.11.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kasida,
Саламатсызбы! Байланыш номери: 0708 20 24 34
09.11.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eki ese tolot alimentti sotko kaira kaira bar
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-09 10:00:13
09.11.2017. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уяты жок десе кантип басып журот болду экен бул еркек, балдарынын кыйналганын билип туруп. Алиментин толоп бер жок дегенде таштап кеткенин аз келгенсибей
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-09 09:57:59
09.11.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХХХ Аллах таразалап жазасын берет.Тиги дүйнөдө эле эмес бул дүйнөдө да алат энчисин.ХХХХХХ.Эркек өз ордун аял өз ордун билсе ажырашуулар аз болот эле.Эже карындаштар ушуга окшогон ХХХХ угуп бардык эркектерди тилдей бербегиле.Өзүбүздүн аталарыбыз,ага инилербиз,балдарыбыз ошондой болбошун Аллахтан тилеп тообо кылалы.Оомиин!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-09 11:09:14
09.11.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сотко арыз жаз толобой жатат деп Батма
09.11.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Өскөналы кызы Батма тел:0708202434
09.11.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алимент толобосо ата укугунан ажыратыш керек, анан балдарга окмот толойт жалгыз эне деп
09.11.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айла жок эми. Эркектер ушундай болот экен да. Сен антип ар кимден жардам сурап отурбай, белди бекем бууп, балдарынды апаңа каратып өзүң иштеп, өзүн бакканга аракет кыл. Сага окшогондор көп. Балдарын үчүн тыныраак бол. Апаң бар экен, ошого шүгүр кыл. Бул күндөрдүн баары өтөт. Кейип кепчип ыйлап отура бербей, аракет кыл.
13.11.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tom4ik,баласы кичинекей экен,сут эмсе,кантип карайт апасы. Оа Кудайга шугур апасы бар экен,аман болушсун
09.11.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор дуйно бироого зар дуйно. Балага жетпегендер канча. Куйоосу башканы алат аялы башкага тийет ортодо бала байкушка эле кыйын болот
10.11.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дос-тууганыңдын, жаңы кайын журтуңдун алдында эркек болсоң баш көтөрүп көр эми.Ырас кылыптыр жубайы гезитке берип.
10.11.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молтурогон ширин балдарын.
10.11.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо да олбойт олбойт, кыргызымдын жигмттери деген саптар эске тушту
11.11.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш Кыргызымдын кыздары кор эле болуп буттуго!!! Эркектер кичине сабырдуу бололучу кайактагы Бир ж/н артынан эрчибей уйбулоону жакшы карайлычы. Биз эркектердин айынан канчалаган кыздар турмушу бузулуп татаал тагдырга туш болуп жатышат
11.11.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын жигити да ушундайга барбы?! Патриот сооройлор кайда журушот? Кыздарды сабагандан коро
11.11.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиментти айына 10000 сом кылып көтөрүш керек ошондо ойлонушат адамдар
13.11.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок эркек экенсин деп айтканга тил барбайт.бироого зар бироого кор бала.ар бир наристени ата энеси менен бирге болушун насип эт аллах
SUPER.KG видео
22.12.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эркектер кобойбу чара колдонуш.керек айбанбарга карга баласын аппагым.дейт ошо каргадай дагы боло аьбай.жатышпайбы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: