«ӨЗҮБҮЗ ТӨРӨП, КИНДИГИН ӨЗҮБҮЗ КЕСЕБИЗ». Памирликтер катаал турмушун баяндашат

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.


Октябрь айында Кыргыз өкмөтү демилге көтөрүп, Памирде жашаган кыргыздардын 33үн Кыргызстанга алып келишкен эле. Туугандар Нарын жергесинде медициналык кароодон өткөндөн кийин кыргыз тилин үйрөнүп башташты. Аларга жергиликтүү мугалимдер билим беришүүдө.

«БИЛИМ АЛУУГА СУУСАП КЕЛДИК»

Памирден келгендер Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейге жайгаштырылган. Жаш курагына карата 8-18 жаштагылар жана 18-43 жаштагылар болуп эки топко бөлүнүп окуп жатышат. Кыргыз «Алиппесин» таанытып жаткан мугалим Тумар Токтоева окуучуларынын аракеттери күч экендигин айтты:

 

– Бир жуманын ичинде муундап окуп калышты. Сөздүн маанилери да кошо үйрөтүлүп жатат. Анткени айрым сөздөрдү башкача айтышат экен. Аракеттери күч, кызыгуу менен окуп жатышат, көп нерсени билгилери келишет. Сандарды билбегендер бар экен, аларга сандарды да үйрөтүп жатабыз, эми адабий окууну да окутабыз.

 

Памирде балдар 9-класска чейин фарс тилинде билим алышат. 9-класстан кийин билимин Ооганстанга барып улантуу керек. Бирок көпчүлүгүнүн ал жакка барып окууга шарттары жок. Андыктан 11 класстык билимди айрымдар гана алышкан. Кыргыз тамгасын тааныгылары келгени менен, үйрөтө турган мугалим жок болгон. «А тамгасына суусап келдик» дешти алар.

 


Абдильвакиль Турдакун уулу:
– Мен 11-класска чейин окугам. Азыр бул жактагы эжелер мени БААУ университетине киргизүүгө аракеттенип жатышат. Бул аракет ишке ашып калса кубанам. Окуп англис тилинен котормочу же саясатчы болуп элге кызмат кылгым келет.




 

 

«АЯЛДАР МЕНЕН ЖАШ БАЛДАРДЫН ӨЛҮМҮ КӨП»

Фазил Хак Абубакир уулу
– Памирде жайында азыркы Нарындагы аба ырайынан да суук, кышында -49 градуска чейин суук. Нарында ысык экен, жеңил кийинип жүрөбүз. Ал жакта жашоо шартыбыз начар. Кичи-Памирде 1000 чакты үй-бүлө болсо, Улуу-Памирде 500-600дөй бар.Тамак-аш, кийим-кече алуу үчүн Ооганстанга барып келүү керек. Койлорду алып аттар менен 10 күндө барып келебиз. Азык-түлүк, кийим-кече, башкасын койго алмашабыз. Топоз, ат, кой багып жашоо кечиребиз. Эркектер мал багуу менен алек, башка көпчүлүк жумуштарды аялдар жасашат.

Аялдар эркектердин уруксаты жок өзүм билемдик менен эч бир маселени чечип коё албайт. Интервью алып, сүрөткө тартуу үчүн да алардын жолдошторунан уруксат алууга туура келди. Аялдардын өлүмү көп болгондуктан аялдардын саны аз.

«МАЛ БЕРИП ҮЙЛӨНГӨН ЖОКМУН, АГАМДЫН КЫЗЫН ЖУБАЙЫМДЫН ИНИСИНЕ БЕРДИМ»

Абдылбаид Жээнбек уулу
– Кыздарыбыз 5 жашында кызыл жоолук салынат. Турмушка чыкканда калек деп коёбуз, узун, ак жоолук салынышат. Турмушка чыга элек кыздар көп чач кылып өрсө болот, ал эми күйөөдөгүлөр 2 чач өрүшөт. Кыздарыбыз эркек балдарга аралашпай үйдүн жумушу менен алек болуп үйдө отурушат. Кыз менен жигит үйлөнүү тоюна чейин бири-бирин көрүшпөйт. Ар ким материалдык абалына жараша үйлөнөт же өмүр бою үйлөнбөй калат.

Фазил Хак Абубакир уулу.
– 18 жаштамын. Жубайым да 18де. Үйлөнгөнүмө 2 ай болду. Мен мал берип үйлөнгөн жокмун. Агамдын кызын жубайымдын инисине бердим. Негизи биз жакта 50-100 койго чейин берип аял алышат. Малы жок болуп өмүр бою үйлөнбөй калгандар да, эки аял алгандар да бар.


 

«ТИШИБИЗ ООРУСА ПАХТАНЫ ТУЗДУУ СУУГА КАЙНАТЫП БАСАБЫЗ»

Абдулгафар Абдырасул уулу, Доолат Токтакун
кызы жубайлар. Алар ооруганда кантип дарыланары тууралуу айтып беришти.
– 15 жашымда турмушка чыккам. Азыр 33төмүн. 5 балам өтүп кеткен, азыр эки кызым бар. Биздин жерде жашоо азаптуу. Ооруганда 1-2 ай кээде жылдап жата беребиз. Дартка кабылганда унду сууга чалып ичебиз. Суу дарылайт деп суу ичебиз.
– Тишибиз ооруса пахтаны туз менен аралаштырып отко коюп кайнатып тишибизге басабыз. Муну шор пахта дейбиз. Кайра ооруса ошону кайталай беребиз. Бизди апийим менен оорусун басат деген жалган кеп. Апийимди көргөн эмеспиз. Бирок апийим чеккен 2 киши бар, жубайлар. Алар бизден алыс жашашат. Анткени жаш балдар да үйрөнүп албасын деп кооптонобуз.

 



Лаалбүбү Акбай кызы, 38 жашта.
Анын 12 баласынын экөө гана токтогон.
– Өзүбүз төрөп, өзүбүз киндигин кесебиз. Төрөттөн каза болгондор, жашоо-шартка чыдабай каза болгон жаш балдар көп. Бул жакта шарт жакшы экен, бизге жакты. Биз азыр керебетке жатканга көнбөй, жерге уктап жатабыз.



Кайырниса Абдулбаид кызы:

– Мен 10 жаштамын. Бул жакта жакшы экен, Памирге кетким келбейт. Памирде ооругандар көп. Мен окуп, чоңойгондо дарыгер болуп аларды дарылагым келет.

 


Кыргызда жаңы жерге көчкөндө өрүлүктөп келүү деген салтын улай №86 лицейге малын союп өрүлүктөп келген тургундардын аягы сууй элек. Окуудан тышкары айымдардын гигиенасы, тамак жасоо, кийим тигүүнү, эркекетерге турмушка керектүү устачылыктын да үйрөтүлүүсү планда бар. Негизгиси коомго аралашып жашап кетүүлөрү үчүн аракет көрүлүп жатат. Биздеги жашоого суктанып, «биз Кыргызстанда да малыбызды багып жашап кете алабыз» дешүүдө. Кыргызстан мындан ары да өнүгүп, Памирдегилердин баарын алып келсин деген тилектерин айтып бизди узатышты.

Балдар эки топко бөлүнүп бир тарап полиция кызматкери, экинчи тарап террористтер болуп бири-бирин аткылап, «Тах-тах» ойношот.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



10 баласы чарчап калган памирлик кыргыз Лаалбүбү: “Балдарыбызды өзүбүз төрөп, киндигин да өзүбүз кесебиз”

Автор: Нуржан Сманова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(25)
14.11.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Жакшы болуптур.Ал жакты азаптуу жащоонорду коруп ,Кудайдан тиленген элем.Кыргызстанга алып келип алсак деп.Жакшы иш болду.Эми баарын эле алып келиш керек.Кимдер гана суубузду ичип,тукуруп,жашап журушот.Эмне болсо дагы кандаштарыбыз-булар.
14.11.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Бир чети кызык,бир чети боор ооруй турган жашоону кечирипсинер!Эмнеси болсо да бизге кошулганынар аябай жакшы болду!Кобойушо бергиле туугандар!
Лаалбубу-от души ат экен бирок)
14.11.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
33жаштагы аябай улуу корунот экен.
14.11.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Булар толук кандуу көчүрүлүп келишкен жок. Мен билгенден убактылуу гана. Окуу үчүн келишти.
14.11.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз боорлорубуз...келгиле чогуу жашайлы
14.11.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы болду,канчалык кыйын кун кечирипсинер,ал кундорунор Эми арта калды,ал Жака Караганда Алда канча болсода бул жер жакшыраак.
14.11.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Биз булардан тарбия алуу жери?аялдары куйоолоруно баш ийуу,окунучко карай бизде кобу куйоолоруно баш иймек турсун кееде Адам ордунада корушбойт,бул нерсени аялдар чычалабастан мойнубузга алуубуз керек.
14.11.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Eli.91,баш ийип отуруп 10 баласынан ажырады да баш ийбей куйолорун бияка алып баса беришсе 10 баласы тируу калат беле))
15.11.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
dina,алып келем дегенде эле эмне учак даяр, документтери даяр турмак беле? Айт дегенде уйт деп жөнөп ийгидей. Эки мамлекеттин келишими м-н зорго келип атышат. Ошол аялдары эшектин тушоосун да чече алмак эмес.Баш ийгенине баа бердим.Буларды көрүп уялат экенсиң киши)))
14.11.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Биздеги эки экиден кырылышып жаткан ырчыларды ошол жака жонотуш кк ошондо токчулуктун баркын билип келишет телегейи тегиз тообо дебей бир биринин абийрин ачып журушот темболее аял жетишпейт экен аявай сыйлуу болосунар)))
SUPER.KG видео
14.11.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менда аябай ушундай,озу Кыргыз улуту бп чет жакта жашап аткан тууганарыбызды Кыргызстанга келип жашашын аябай каалаймын,ХХХХХХХХ ушуга окшогон озубуздун мекендештер келип жашашын каалайт элем!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-14 16:18:35
SUPER.KG видео
14.11.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштарын каалагандай айта беришеби откондо 8-9 жаштагы кыз 17демин депаттыле тигил эже 33томун дейт го. Бул жакка жашагылары келет экен, кудай буйруп баары алынып келинсе экен.
SUPER.KG видео
15.11.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Iy terrorist bolup oinoshot dep ukmush jaziptir~andai bolboi ele koysunchu~
15.11.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булардынн да байлары биринчи келиптир байкуш кедей кембагалдар калды да жок дегенде малдарын ошолорго берип келишти бекен. Баардыгын алып келишсе аябай жакшы болмок,бийлик аракет кылсале болот да кантип болбосун
18.11.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lady_91,албетте малдарын айдап келсе да болот, бизден да бай болмок ошондо
15.11.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул боордошторубуз көчүп келишкен жок, окуп билим алуу үчүн гана келишкен. Көчүрүп келсек жакшы болмок. Бирок билбейм качан көчүрүп келебиз (((
SUPER.KG видео
15.11.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буларды кочуруп келуу керек!!!! Биримдуу бол!!! Ынтымак бол!!!
16.11.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ана сага 12 бала тороп
Оор жашоо шартта жашап...
Чыныгы кыргыз аял заты
16.11.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырды ким ырдайт? сонун экен. Супер Инфо жооп күтөм
16.11.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aima94, мирбек атабеков мурас
16.11.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии
18.11.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10 жашар кыздын айтканын окуп, козго жаш алдым. Азамат, омурун узун болсун.
18.11.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кочуруп келиш керек баарын 4-кундук эмгек акымды берем.
26.11.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jashoolorunun oordugun kebeteleri aitip turat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: