«ҮҢКҮР ДА БОЛСО ҮЙҮМ БАР». 17 ЖЫЛ БОЮ ТОО ЭТЕГИНДЕ ЖАШАГАН ҮЙ-БҮЛӨ

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айыл өкмөтүнүн Каба айылында Кара-Үңкүр деп аталган үңкүр бар. Бул жайга эл мазар катары келип зыярат кылып, ырым-жырымын жасап дартына шыпаа издешет, балалуу болууну, иши ийгиликтүү болуусун суранышат. Эл арасында ыйык деп таанылган үңкүрдү 17 жылдан бери Төлөн Мамарасулов үй-бүлөсү менен байырлап келет. Жубайы жана мектепте окуган кызы менен шарты, электр энергиясы жок, кооптуу жерди жашоо үчүн тандап алганынын себебин өзүнүн ишенимдери жана зыярат кылгандарга жардам берүү ниети менен түшүндүрдү. Төлөн Мамарасулов кесиби боюнча музыкант. Айтымында, көп жылдар бою ушул кесипти аркалаган. Бирок кийин катуу ооруга кабылып төшөккө жатып калган. Ошол учурда түшүндө Кара-Үңкүрдү көрөт да, муну Кудайдан келген аян деп түшүнүп ушул жакка жашап калышкан. Үй-бүлө үңкүргө улап 2 бөлмө куруп алган. Электр жарыктын ордун чырак, кошуналардын ордун тоолор толтурган жашоо тууралуу айтып беребиз.



«БАШКА ЖАККА КӨЧКҮБҮЗ КЕЛБЕЙТ»

Төлөн Мамарасулов:
– Бул ыйык жер. Жашоонун кыйынчылыктарынан азап тартып, ичиндеги тилектерин орундатуу үчүн жол издеп ыйык делген ушул жерге адамдар илгери үмүт менен зыяратка келишет. Биз болсо аларга мындай жай түзүп жардам берип жатабыз. Өзүбүздүн үйүбүз жок болсо дагы, башкалардын кайгысынын жеңилдешине көмөкчү болуп жатканыбызга кубанабыз. Илгери ушул жакта ажыдаар жашаган дешет. Азыр жыландарды кээде көрүп калам. Бул да болсо кайсы бир касиеттин белгиси болсо керек. Үйүм, жер үлүшүм жок болгондуктан ушул жакта жашоого аргасызмын. Өзүмдүн 8 балам бар. Баары өз жашоолору менен үйлөнүп-жайланып бөлүнүп кетишкен. Учурда 7-класстагы кызым биздин колубузда. Ал ушул жактан мектепке барып келет. Үй боюнча бийлик өкүлдөрүнө кайрылганыбызда башка жактан жер бере тургандыктарын айтышкан. Бирок биз бул үңкүрдүн жанында жашагыбыз келет. Тиешелүү жактар табигат кырсыктарынан кооптонуп «жер көчүп кетиши мүмкүн, башка жакка көчкүлө» деп айтып кетишкен. Анткен менен башка жактарда канчалаган кырсык болуп, жер көчүп, жар кулап жатат, бул жар кулаган эмес. Мунун кулабасына ишенем. Мындан тышкары бул дөңдүн астында көп үңкүрлөр бар деп айтышат. Мен ошол үңкүрлөргө жетем деп казып жатып илгерки кыргыздардын колдонгон буюмдарын, идиш-аяктарын, адамдын, малдын сөөктөрүн таап жатам. Илгери эле кыргыздар «үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо чалым бар» деп айтышчу. Тоодо, үңкүрдө жашашчу да. Мен да ошондой болуп үңкүрдө жашап жатам. Бул үңкүргө туристтер да көп келишет. Алардын көпчүлүгү Германия, Италия, Франция, Англиядан келгендер. Жакында эле келип сүрөткө тартып, жазып кетишти. Болгону туристтер үчүн ыңгайлуу шарт жок.

«НЕГИЗГИСИ – ТЫНЧ ЖАШОО. КАЛГАНЫНА ЖЕТИШСЕ БОЛОТ»

Баш кошкондон бери ушул үңкүрдө жашап, татаал турмуш шартына көнүп жолдошуна жөлөк болуп келе жаткан Бактыбү Байсеитова бул жакта жашоо кыйла оор экенин айтат:
– Турмуш тиричилигибиз өзүбүздүн жашоо шартыбызга жараша. Эң негизгиси, зыяратчыларга шарт түзүп жатканыбызга кубанабыз. Тагдырым экен деп баш кошкондон бери жолдошума жардам берип ушул үңкүрдө күн өткөрүп келе жатабыз. Жашоо үчүн бир катар ыңгайсыздыктар, татыктуу жашоо курууга кемчиликтер, тоскоолдуктар бар. Анын бири жарыктын жоктугу. Караңгыда чырак менен отурабыз. От жагып тамак бышырып, үй жылытабыз. Коңшуларыбыз жок. Мектеп, базар сыяктуу коомдук жайлар алыс жайгашкан. Кандай кыйынчылыктар болбосун сабырдуулук менен жеңип келатам. Ден соолугубуз чың болуп, тынч жашоо болсо мен үчүн ошол маанилүү. Башка нерсени каалагандай кылып куруп алуу ар кимдин өз колунда.


«АТА-ЭНЕМ ЖАНЫМДА, КОРКПОЙМ»

Акзинат Төлөнованын башка балдардай болуп кошуна достору жок. Бирок анысына да ыраазы, башка балдардын жашоосуна көз артпай «ата-энем жанымда болсо болду» деген окуучу кыз ата-энесинин эрмеги, алардын жардамчысы. Апасына жардам берип үй жумуштары менен алектенип, бош убактысында комузда кол ойнотот. Окуучу кыз баарына көнүп калганын айтты:
– №33 Жусуп Турусбеков атындагы мектепте 7-класста окуйм. Мектепке унаа тосуп барып келем. Көнүп калгам, жол жакын эле сезилет. Үйдө сабактарымды чырактын жардамы менен даярдайм. Ооба, караңгы болот, бизден башка эч ким жок. Бирок коркпойм, ата-энем жанымда.

«Өзүбүз ыйык деп эсептеген иштер менен алекпиз. Үңкүрдөн башка жакта жашагыбыз келбейт».
Жолдошум жана кызым үчөөбүздө башкалардыкындай шарттар жок. Бирок өзүбүзгө ылайыктуу жашоо түзүп алганбыз».


Перизат Музуратбекова,
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg



17 жыл бою тоо этегиндеги Кара-Үңкүрдө жашаган үй-бүлө

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
28.11.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+65
зыярат кылчу бир гана жай бул Кааба. жылан бардык эле жерде бар да. аны да ыйыктыштарып алыптыр. билбейм, бул жон гана озун кыйноо го. мазар сазар дегендерден алыс болуп намаз окуса эле баары болот.
28.11.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Кыргыздар илгери ункурдо жашап келишкен дегенге кошула албайм. Кыргыздар илгертен эле боз уйдо жашап келишкен.
28.11.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Бул агабыз ыйык Алланын атын атап эмне дер эле комузда ырдап жатат. Мееден кете баштаптыр. Ал Эми уй жайы боюнча айтсам кыргыз Эли ункурдо эмес Боз уйдо жашап келгенбиз.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-28 15:16:35
30.11.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ady-88,~allanin atin aytip Zikir chalat degen bar"Zikir"
28.11.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырды озу жазган окшойт))
28.11.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кызык адамдар да коп экен!.
28.11.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыйналбай эле , элдердин арасында жашашса болмок
28.11.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Озу го мейли кызына жалко.эч ким менен ойнобой карангы болот
28.11.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ордокторду жакшы эле учурушуптур, булардын тарыхы таптакыр башкача.
28.11.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Begimkyz,Билсен жазып кой да тарыхын,биз билип алалы.
28.11.2017. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begimkyz,жазып кой да билсен иштин чоо жайын
30.11.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begimkyz,taryhyn kyskacha jazyp koison bilsen biz kutup jatabyz. je ordoktordu sen uchurdunbu eldi kyzyktyraiyn dep. bilgender lichkama bolso da jazgyla kyzyk boltat
28.11.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Озу куноолу да баарына. Болбосо жардын тубун чукуп,кепе салып жашамак беле. Ошондой эки болмолуу кепени эл арасына эле салса болот да. Сегиз баласы бар экен,ошолор деле салып берип коюшпайбы бир жерге эки комнаталуу сарайды. Антпей эле келген элден бир аз акча,майда-чуйдо алып,ошону менен эле кун коргон,башкага желкеси жар бербеген неме да.
28.11.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тооба кылдым,ар кандай адамдар бар да.Озуну эле эмес кызыны,аялыны кошо кыйнап,Аялына рахмат чыдап жашап жаткан.Кызынын келечеги учун ойлонсо болтго эртен ьойго жеткенде " Ункурго жуучулукка барбаймыр"-деп,эч ким кудаа тушуп келбей койбойт.
"17" жылда кунуго бирден гуалак тогооктоп тизе берген кезбе да бир сарай куруп бутмок.колу буту соо болгондон кийн окмоттон жардам кутпой иште наары.озунчо эле ункур казбай.Боорум ачышпай эле кайра нерв болуп кеттим
29.11.2017. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким озу билетта кандай жашашты.Силер уйрото албайсынар ар ким озунун жашоосун билсин.
SUPER.KG видео
29.11.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ункурдун мандайында Беш-бадам деген айыл бар жакын эле ошол жакта адамдар мн аралашып жашашса болмок. Чон айылдан кичине жер табылса керек эле булар учун. Кызыда мектепке кыйналбай жоо эле башка балдар сыяктуу барып келмек,ойномок. Озулорун ойлобосода ата эне баланын келечегин ойлош керек.
30.11.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элестете албайм.Бизге чейинки заманда жарашат экен.
30.11.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19-кылым. Адам омурго бир гана жолу келет, бир гана жолу...
30.11.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түшүнгөн жокмун. Өздөрү көчкүсү келбейби же көчкөнгө шарты жокпу? Үйүм жок, бирок жер тилкесин башка жактан беребиз дешти, мен бул жерден көчкүм жок дейт...
30.11.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйунун ичин жакшылап тартпаптыр да..потологторун
01.12.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба эмне деген ыр?зеригип отуруп чыгарыптыр да.
01.12.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын айылынын арасында эле уйу бар,кобунчо ошол жакта жашашашат, ункуруно анда-санда эле келип турушат. Ордокторду учурушуптур чын эле.
01.12.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
17 жылдан бери жашайт экен. аялы айтат уйлонгондон бери ушул жердебиз деп, ошондо 17 жылда 7 баласы уйлонуп уй жайлуу болдубу? же экинчи аялыбы?
02.12.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин арасында жашаганга эмне жетсин
02.12.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх чиркин!Беш кол тен эмес деген ушу да...Ар ким оз билген тиргилигин кылат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: