|
Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын башкы дарыгери: «ТҮРМӨ МЫЙЗАМДАРЫ МУРДА БОЛСО БОЛГОНДУР, АЗЫР ЖОК»№787 1-7-декабрь, 2017-ж. Кемин районундагы Чым-Коргон айылында психикалык жактан жабыркагандарды дарылоочу оорукана жайгашкан. 12 гектар жерди ээлеген аймактагы жүздөгөн оор тагдырга кабылгандардын жашоосу менен тааныштырабыз. ![]() 2010-жылы да кызматкерлерди барымтага алуу жолу менен оорулуулар качышкан. Баңгизатын колдонгондор жок. Бирок жанынан табылып кармалгандар бар. Көбүнчө бул затты бир жерден экинчи жерге ташуу үчүн аларды колдонушат. Анткени алар көп нерсени түшүнүшпөйт да. 1990-жылдардын аягында бир оорулуу директордун орун басарын өлтүрүп койгон учур катталган. Бюджеттен дарыга 15-16 сомдон, тамакка күнүнө 41 сомдон кем эмес бөлүнөт. Тендер менен эң арзан азык-түлүк алабыз. Түрмө мыйзамдары мурда болсо болгондур, азыр жок. «ЖАҢЫ ОКУУНУ БҮТҮП КЕЛГЕН ВРАЧ 5 МИҢ ОКЛАД АЛАТ» ![]() Бир бейтап Индияда иштеген ишкер. Бишкекте эле 3 үйү бар, үй-бүлөсү, балдары бар ийгиликтүү адам. Стресс, депрессияны убагында дарылап, алдын албаса күчөп жинди болуп калышат. Бизге жаш кадрлар жетишсиз. Акыркы жолу 1992-жылы жаңы врачтар келишкен. Азыр университетти бүтүрүп жаңы келген врачтын базалык оклады 5 миң гана сом. Мен жогорку категориядагы врач болуп, 30 жылга жакын стаж менен 11 500 сом айлык алам. «ӨЗҮМ КЕЛИП ДАРЫЛАНЫП КЕТЕМ» – Турмушка чыккандан кийин кулагыма үндөр угулуп, көзүмө ар нерселер көрүнүп баштаганда ооруканага көрүнгөм. 2003-жылдан бери дарыланып жүрөм. Бул жакка келгенде дарыланып жакшы болуп чыгам, шарты жакшы. Дарыгерлер жакшы карашат, тамакты убагында беришет. «БАШКЫ ДАРЫГЕР БЕЙТАПТАРГА ӨЗ ҮЙҮНДӨГҮ ЖУМУШТАРДЫ ЖАСАТАТ» – Башкы врач алмашкандан кийин көп нерсе өзгөргөн. Башкы медайым дарыларды чогултуп, үйүнө алып кетип, бейтаптар дары ичти деп белгиленчү. Азык-түлүктөр дагы башкы врачтын үйүнө кетчү. Бейтаптарга туугандары алып келген акча, буюмдарды да өздөрү алып алышат. Чет жактардан жардам катары кийимдер келчү. Аны врачтар тандап алышчу, оорулууларга жетчү эмес. Комиссия келет дегенде гана оорулууларды жакшы кийиндирип карап калышат. Ал учурда нааразычылык билдиргиси келгендерди бир палатага камап коюшат. Сырттан келгендерге «бул жакта катуу оорулуулар, кирсеңер кол салышы мүмкүн» дешкенинен башкалар коркуп кирбейт. Медайым, врачтар бейтаптарды жакшы карашат деп айта албайм, алар кабинеттеринде эле отурушат, урушуп кеткен бейтаптарды көрсө да ажыратып коюшчу эмес. Кызматкерлер бейтаптарга кол көтөргөн учурлар да болот. Башкы врач бейтаптарды өзүнүн үйүнө алып барып, мал бактырып, тегерек-четин тазалатат. Бир жолу бир бейтап качып кеткен. Кийин ошол кызга көчөдөн жолугуп калдым. «Мени издебей эле койгула, 2 миң доллар берип башкы врачты сатып алгам» деп айтты. Негизи ооруканада жинди эместер да көп. Аларды ар кандай себептер менен туугандары, тааныштары алып келип жаткырып койчу. Мисалы, кимдир бирөөнүн үйүн тартып алгысы келгендер ошондой жолго барышы мүмкүн. Мындан 1-2 жыл мурда чоң кызматтагы кишинин кызы адам өлтүргөнү үчүн соттолуп, ушул ооруканага түшкөнүн башка кызматкерден угуп калгам. Анын акчасын алып Ысык-Көлгө эс алганга жиберишчү. Жумалап эс алып кайра келип калчу экен. "МАЛ БАКТЫРСАК БААРЫ ЭЛЕ КОЙЧУ, МАЛЧЫ БОЛУП КЕТИШПЕЙТ БЕЛЕ"
"Көпчүлүгү өнөкөт оорулуулар. Айыккандар 100дүн 10-15и гана болушу мүмкүн".
"Аялдын кулагына угулган үндөр эки баласын өлтүрүүгө түрткөн"
Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
love_you
![]()
05.12.2017. 23:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин да таякем ушул жерден каза болгон. днн-соолугу жакшы болчу нерв жактан ооручу. булар бир балээ укол мн овощ кылып салышат, ошону учун кайра алып кетебиз дебесе деп уккам. билбейм, калп-чынын. таякем почти эки жыл же андан ашыгыраак эле болду ушул жакта. булардын калп эле кунооскн албайынчы; бирок, ден-соолугу жакшы эле да. баарына Кудайдын буйругу да
Tyty1990
![]()
06.12.2017. 12:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акча суйлогон жерде,акыйкат ыйлайт. Акча менен чечсе болот.
ajarkina
![]()
06.12.2017. 16:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл-жар12 республикалык психиатрия оорукана тууралуу жазгылачы Супер инфо
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|