Маркумдун энеси: «КЫЗЫМДЫ ӨЛТҮРГӨН КЫЛМЫШКЕРЛЕР АБАКТАН КАЧКАНЫН УККАНДА ҮЙДӨ ЖАШЫНЫП ОТУРДУК»

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл


«Киши өлтүрүү», «каракчылык» беренелери боюнча шектелип кармалган 4 жаран 27-ноябрь күнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качып кетишкен. Алгач экөөсү, андан соң бир-бирден болуп 5 күн ичинде баары колго түшүрүлдү. Абактан качкандардын экөөсү Кайрат Жанботоев менен Рамил Базаркулов 2016-жылдын 17-мартында 30 жаштагы келинди өлтүргөнгө шектелип жатышкан. Бул кылмыш тууралуу биз ошол учурда гезитибизге жарыялаганбыз. Андан бери бир жарым жыл өтсө дагы аларга карата эмне үчүн сот тарабынан чечим чыкпай жүргөнүн иликтеп көрдүк.

УНААДАН АЯЛДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛГАН
2016-жылдын 16-мартында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Шопоков шаарынын Эркебек Искаков аттуу 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 30 жаштагы кызы Зарина Искакова 2 күн мурун өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы жазылган. 17-мартта Романовка айылынын четиндеги көлмөнүн жанынан өз унаасынын ичинен аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Сокулук РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, маркум издөөдөгү Зарина Искакова экендигин аныкташкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 19-мартта кылмышка шектүү катары Кайрат Жанботоев менен Рамил Базаркулов кармалган.

«КЫЗЫМДЫН МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛГӨН ДЕНЕСИН ТАПТЫК»
Зарина Искакованын апасы Чынара Мурсалиева окуяны төмөндөгүчө баяндап берди:
– 2016-жылдын 14-март күнү кызым Зарина болуп баарыбыз үйдө болдук. Кечинде атасы жумуштан келип, унаага бензин куюш керек экенин айтып калды. Себеби эртеси күнү Казакстанда жашаган кызымды тосуп алуу үчүн Чалдыбар айылына бармакпыз. «Анда мен май куюп келе калайын» деп кызым машинаны айдап чыгып кетти. Бирок ал кечиге берди. Баарыбыз көз ирмебей аны күтүп отурдук. Ошол күнү катуу шамал болуп, жамгыр жаап жаткан. Түндүн бир оокумунда көчөдөн бир машина катуу ылдамдык менен келип, биздин үйгө катуу сигнал берип өтүп кеткен. Эртеси таң эрте биз милиция, ооруканалардан издеп, чогуу иштеген кыздарына жолугуп сурадык. Ошентип ал күнү да келип калар деп күттүк, келбеди. Анын эртеси айла жоктон милицияга арыз жаздык. 17-март күнү милиция кызматкерлери телефон чалып, кызыбыздын сүрөтүн алып келип калышыбызды айтышты. Барып кызымдын жансыз, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денесин кучактап жатып калдык.

«ЗАРИНАНЫН АКЧАСЫН, ТЕЛЕФОНУН АЛЫП, ӨЗҮН ЗОРДУКТАШКАН»
– Окуя мындай болгон экен. Кызым унаага май куйгандан кийин, дөңгөлөк желимдөөчү жайга барып дөңгөлөк үйлөтүптүр. Муну ошол жерде иштеген жигит «Эже келип дөңгөлөк үйлөткөн. Анан акчасын берүү үчүн алардын бөлмөсүнө киргенде эле катуу кыйкырык чыкты. Биз качып кеттик» деп айтып көрсөтмө берген. Кылмышкерлер кызым акчаны бергени барганда желкесине чаап, машинасына отургузуп, чала жан болгон кызымдын акчасын, уулунун телефонун, моюнундагы чынжырчаларын алып, өзүн зордукташыптыр. Андан соң биздин Романовка айылындагы балыр баскан көлмөгө машинасы менен түртүп жиберебиз деп ошол жерге барышкан. Орто жолдо кызым эсине келгенде муунтуп өлтүрүп коюшкан. Ошол күндөрү тынбай жамгыр жаагандыктан жолдордун баары ылай, баткак эле. Алар кызымды унаасы менен кошо көлмөгө түртө алышкан эмес. Себеби унаа оор болуп, жол дагы баткак болгондуктан күчү жетпей көлмөнүн жолуна унааны таштап, ачкычын таш менен бастырып качып кетишкен. Унаанын токтоп турганына эч ким деле маани берген эмес окшойт, бир гана пенсияга чыккан милиция кызматкери көрүп, анан ал милицияга кабарлаптыр.

«КҮНӨӨНҮ РАМИЛГЕ ООДАРЫШЫП, КАЙРАТТЫ КАЧЫРЫШКАН»
– Кызымды өлтүргөн кылмышкерлердин Рамил дегени буга чейин дагы бирөөнү унаа менен сүзүп өлтүрүп алып жатак абакта жазасын өтөп жаткан экен. 5-март күнү ал жерден качып чыгып, анан экөө ушул ишке барып жатышат. Кайрат менен Рамил экөө таяке-жээн. Кызымдын өлүмү боюнча сот бүтпөгөнүнө ар кандай окуялар, түрдүү себептер болуп келген. Кайрат деген шектүүнүн атасы Сокулук РИИБинде иштеген бир милиция кызматкери менен тааныш экен. Анан алар Кайратты качырып, күнөөнү Рамилге оодарышмак болушкан. Бул окуя районго билинип калып, ал милиция кызматкери жумуштан айдалмакчы болгон. Ошондо гана Кайрат кайра кармалган эле. Ал азыркы күнгө чейин «мен өлтүргөн эмесмин" деп айтып жатат. Бирок тергөөдө кылмышын моюнуна алган. Булардын үстүнөн зордуктоо, уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу 5 берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Булар качып кеткенге чейин 1 жарым жыл ичинде 15-20га жакын сот процесси болду. Бирок ар кандай шылтоо менен жылдырылып эле келе жатат. Кызымдын өлүмүндө күбө жок, бирок сот абактан ошол учурда качып чыккан Рамилдин күбөлөрүн күтүү менен эле убакыт өткөрүп жатат.

«КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ КАЧЫРУУ ПЛАНДАЛГАН ДЕЛЕ БОЛУШУ МҮМКҮН»
– 21-ноябрда сот түштөн кийин болмок. Сотко барсам шектүүлөрдүн жактоочусу жок, башка күнгө жылдырылды дегенинен «Мени өзүңөрдүн ордуңарга коюп көргүлөчү. Күн алыс эле ушул зөөкүрлөрдү көрө берүү мен үчүн канчалык оор экенин билип жатасыңарбы?» деп кетип калгам. 20-ноябрда Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына бул экөө Бишкектеги СИЗОдон алынып келинген экен. Бирок эмнеге 7 күндөн бери аларды кайра СИЗОго алып кетпей жатканына түшүнбөйм. Себеби сот процесси кайсы күнгө жылдырылганы айтылган эмес.
Мага кызым 27-ноябрь күнү эртең менен «Апа, эжемди өлтүргөндөр качып кетиптир. Сак болгула, үйгө келип жүрбөсүн» деп айтты. Чындап корктук, кызымдын уулун сабакка жибербей, алардын кармалышын тиледик. Бул качуу алдын ала пландалган болушу мүмкүн. Болбосо Сокулуктун убактылуу кармоочу жайынан оңой менен чыгып кетүү мүмкүн эмес. Темир эшиктин канчасы турат кабат-кабат болуп. Кызымды өлтүрдү деп жаткандардын ата-энелери деле жарытылуу турмушта жашагандар эмес экен. Кайрат дегендин апасы бир жолу сотто мага «кызыңды кечинде эшикке чыгарбай карап албайт белең» деп жулунат. Эмне эшикте жүргөн кыздын баарын алдуулар өлтүрүп салып кете бериши керекпи? Андай болсо баласын алтынга, акчага көз арттыртпай, жетиштүү турмушта багып албайт беле. Кечээ Сокулук РИИБине жаңы келген башчысы менен сүйлөшсөм, «эмне үчүн дагы деле сот бүтө элек?» деп ал өзү таң калды. Эми суранарыбыз, ушуга чейин создуктурулуп келген соттун чечимин акыйкат чыгарып, кызымды мыкаачылык менен өлтүргөндөргө катаал жаза беришсин.
Маркум Зарина Искакованын атасы «Кызымды өлтүрүп ичине таштап кетишкен унааны дагы деле айдап жүрөм. Сатып жиберейин десем, сот бүтмөйүнчө сата албайт да экенсиң. Кызымдын өлүмү боюнча айта турган деле сөз калбай калды. Баарын эле акча чечет окшойт» дейт.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматы абактан качкан 4 кылмышка шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Ошондой эле учурда Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында ошол түнү нөөмөттө турган кызматкерлердин үстүнөн тергөө жүрүп жатканын, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча кылмышка шектүүлөр кантип абактан качып чыкканы айтылбай турганын билдирди.

Кылмышка шектүүлөр Кайрат Жанботоев, Рамил Базаркулов


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Кызымды өлтүргөндөр абактан качканын укканда эшикке чыга албай калдык"

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
12.12.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кудай сактасын ээ кудай тынчтык бейпилчилдик болсун.
12.12.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай сактасын..биздин соттор жакшы иштебейт...акчалуулардын гана куну болуп калган азыркы убакта
12.12.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Алла жазасын берсин!
13.12.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
belka,Амиийн
12.12.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Окуп алып онгуроп ыйлагын келет экен. Неге кыргыздар жаман эл болуп бара жатабыз??? Ушул кыздын ата энесинин коз жашы деле ондурбастыр зоокурлорду.
12.12.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ошентип сотту созуп,жылдырып журо беришет да анан эле карасан СИЗОнуку 2 кун болуп эсептелип моонотун отоп койду болуп чыга келет! Зоокурлор ылайым ошол жакта чирип олушсун! Кудайым мени кечир!
12.12.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Желим уйлоткон жердеги иштешен бала "качып кеттик "дебей милиция чакыртса аман калмак беле байкуш кыз. Азабы уктатпасын кылмышкерлерди
12.12.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Зоокурлоду омур бою камаш керек.Бизде акыйкат жок,бирок Аллахтын алдында ар Бир кылган кымышынарга башынар менен жооп бересинер деп ишенем.Аллах адилеттуулордун адилеттуусу,ал жакта тааныш билиш,пара алмай жок.Бул жалган жашоодо баарыбыз олобуз,Аллахтын жазасын даяр болгула зоокурлор.Ата-энесине сабыр!
MIRAN түзөттү 2017-12-12 17:24:11
12.12.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кан койо бербейт баары бир
13.12.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210, ооба туура айтас...
12.12.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kebetelerin ХХХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-13 11:12:44
13.12.2017. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кызынды кочого чыгарбай деп апэй акмак катынго, кочого чыккан кыздын баарын эле зордой беришсе тообо,кан кое бербейт, айдай кыз экен, мамлекет эми омур бою багабы ушундай зоокурлорду, атууга окум деген жаза кошуш керек, ошондо карактабай тарактабай, кичи пейил болуп коздору чоон ачылып журуп калышат, баарыбыз жаза тайып баскандан чочуп басып калабыз! Кылмыш азаят, зоокур азаят, турмонун тамак ашы экономдолот, кырдаал онолот, соттор адилет козун ачып иштешет!!!
17.12.2017. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ulua, ошондо деле бир күнөөсүз адамга шылтоологон кылмыштардын жазасын бечаралар тартып бейкүнөө адам атылып кетпейт деген кепилдигиңиз барбы?
13.12.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай бар бул дуйнодо болбосо наркы дуйнодо Жазасын Алат ал жакта эчкимге парада бералбайт качада албайт .
13.12.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кочого чыккандан деле коркосунго тообо! Ыраны сууктар. Аллах жазанарды берсин ылайым! Омур бою азап тартып откуло!!!
13.12.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызынды кочого чыгарбай карабай белен деген зоокур аялдын берген тарбиясы ушул да. Акыйкатчыга, укук коргоочуларга,эл аралык уюмдарга кайрылып, чон ызы-чууну башташ керек, маркум кыздын апасы, болбосо чечилбейт бул иш.
13.12.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым, өзү жазасын берсин ылайым, пенденин колунан эч нерсе келбейт...
13.12.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмактар! ылайым чирип турмодон чыкпай туп отунар мн жок болгула! мындай мыкаачыларды турмого отургузуп бакпай алып ХХХХХХХХ керек!
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-14 10:30:47
14.12.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор акчага сатылганго болбосо мойнуна алып турган немени кантип камай албайт тоок урдагандарды кесип ийет анан адам олтуруу ойбоой ,адилеттуулук ыйман берсин сотторго
14.12.2017. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anobis85,ошол адилетсиз соттордун озунун башына келсин каргашалуу окуя. Аллах кубо баарына
14.12.2017. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай акмактарды атууга окум кылыш керек. Буларды килейтип турмодо багып отурбай. Андан коро ошо бюджеттеги акчаны бей - бечараларга берсин. Пенсия, пособияны кобойтсун
14.12.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым берсин жазаларын!!!Бул жашоодо акыйкат жок,баары акчаны эле карап калышты! !!Мин наалат зоокурлорго!Заринанын жайы жанаттан болсун,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: