Айша апа: «КЫЗЫМДЫН БОЮ 1 МЕТРГЕ ЖЕТПЕЙТ. ИЧКИ ОРГАНДАРЫ БОЛСО ЧОҢОЮП КЕТТИ»

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл


Редакциябызга кайрылган ар бир адамдын үмүтү бар. Мындан аркы жашообузда жаңылык болуп кетеби, турмушубуз жакшы нукка бурулабы деген тилек менен келишет. Жаңы жыл алдында биз дагы көчөдө кайыр сурап күн көрүшкөн эне менен кызга үмүт берели деп ойлодук. Анда каарманым Айша апа өз баянын айтып берсин.

«ҮЧҮНЧҮ КҮЙӨӨМ 14 ЖЫЛГА КАМАЛЫП КЕТКЕН»
– Менин аты-жөнүм Айшакан Байсеркеевна. 62ге чыктым. 5 жашымда энеден жетим калдым. Атам андан мурун эле кырсыктан каза болгон экен. 5 жашымдан баштап мени таежем багып чоңойтуп, 16 жашымда күйөөгө берди. Ал азыркыга чейин өкүнүп «аттиң, жаңылып сени ошого берип койгон экенмин» деп жүрөт. Ал күйөөм менен жашоом болбой калды. Аны менен 4 жыл жашап, кыздуу болгондон кийин ажырашып кеттим. Мени эле эмес, башкаларды да сабап жиберген кызуу кандуу неме болчу. Ошентип бир топ убакыт бойдок жүрүп калдым.
Кийин токтогулдук жигитке турмушка чыктым. «Багы жокко дагы жок» дегендей, машина уруп кетип, ал каза болуп калды. Ашын бергенден кийин кайра төркүнүмө, Ысык-Көлгө бардым. Жалгыздык жаман нерсе экен, өзгөчө аялдар үчүн. Жалгыз жүргөнчө деп азыркы кызымдын атасына турмушка чыктым. Боюмда болуп, бирок ал 8 айлык болгондо өлүү түштү. Үчүнчү күйөөм милиция кызматкери болуп иштечү. Кызматын аткарып жүрүп бир орус улутундагы жигитти нашаа менен кармап алыптыр. Анан эмне болгонун деле билбейм, экөө уруша кетип, тиги нашаа чеккен неме да асылган го, айтор, күйөөм аны уруп өлтүрүп алыптыр. Ошентип 14 жылга түрмөгө кесилип кетти. Ал түрмөгө отуруп калгандан кийин эмне кыларымды билбей Бишкек шаарына келдим. Ал кезде боюмда болуп калганын билген эмесмин. «14 жыл кесилген күйөөмдү кантип күтмөк элем, боюмда да жок экен. Бишкекке барып жаңы жашоо баштайын, иштейин» деген элем. Жумуш издеп жүрүп боюмда бар экенин билип калдым. Мага эптеп жашап кетиш керек эле, жардам бере турган эч кимим жок болчу.
Боюмда бар кезимде оор жумуштарда иштедим, балким, кызымдын бою ошондон өспөй калдыбы деп ойлойм. Ашканаларда, базарда, айтор, мен иштебеген жер калбады. Көчөдөн алюминий издеп, аны өткөрүп жан багып жүрдүм. Ал кезде Жал кичи районуна үйлөр көп түшө элек кез болчу, көбүнчө ошол жактан казып жүрдүм. Өлбөстүн күнүн көрүп жүрүп акыры көз жардым.

«КЫЗЫМДЫН БОЮ ӨСПӨЙ КАЛГАНЫН КИЙИН СЕЗДИМ»
– Кызымды 9 ай көтөрүп, маалында жакшынакай эле төрөгөм. 2 килограмм 800 грамм болуп төрөлгөн. Жакшы тилектерге жетейин деп атын Тилек койдум. Кызым жакшынакай эле чоңоюп жаткан. 7 жашында кырсык болуп калды. Жан сакташтын айынан талаада иштеп жаткам. Кызымды жумушка алып барып, өзүм иштечүмүн. Ойноп жүргөн кызым бир маалда каналга түшүп агып кетиптир, араң кармап калдык. Эсине келди, эч нерсе деле болбоду окшойт дегем. Кийин мектепке бердим. Байкасам, аны менен тең балдардын бою өсүп эле жатат, менин кызым эле өспөй калды. Эми өсүп кетер деген үмүттө күтүп жүрдүм.
10 жашында доктурларга көрсөтө баштадым. Көрсө, кызымдын организминде гормоналдык бузулуу болуптур. Сууга агып кеткенден уламбы, боюмда барда оор иш кылганданбы же башка себеби барбы билбейм. Кызым ошол боюнча окубай калды, дарыласак деле эч натыйжа болгон жок.
Азыр 24 жашта, бою бир метрге да жетпейт. Бою кичине эле эмес, тили да келбей жаткансып чулдурап сүйлөйт. Өзү катардан калып калганы үчүн мектепке бар деп деле кыйнаган жокмун. Ошондон бери эле батирден батирге көчүп жашап келебиз.

«МАГА БИР НЕРСЕ БОЛСО КЫЗЫМ ЭМНЕ БОЛОТ ДЕП КОРКОМ»
– Жашоодон аябай эле кыйналдык. Азыр батир акысына 3 миң сом, электр жарыгы, суу үчүн өзүнчө төлөйбүз. Пенсияга да чыккан эмесмин. Ысык-Көлдөн чыгышым керек эле, кызымды карап турганга киши жок бара албай жатам. Айлам кетти, мурункудай талаа-түздө иштегенге азыр ден соолугум таптакыр жарабай калды. Кызымды да караганга адам жок.
Тилектен башка эки кызым бар, бирок алар өздөрүнүн тирилигин кылышат. Кээде ачка деле калган күндөрүбүз болот. Эч айла таппай калганда көчөгө чыгып тилемчилик кылабыз. Андан нан-чайга тыйын таап келебиз. Кызымды кээде ээрчитем, кээде үйгө камап кетем. Анткени ал бир аз басса эле энтигип кыйналып калат. Бою кичине болгону менен, ички органдары өсө берет турбайбы. Азыр боюнда бар аялдай ичи томпоюп турат, бою болсо кичине. Элден айланайын, жардам берип өлтүрбөй келе жатат. Мага бир нерсе болсо кызым эмне болот, кайда калат деп корком. Бизге бир аз жардам бере турган адамдар болсо кайрылат элем. Перзентинин кийинки күнү караңгы болуп турган эне катары өтүнөм, жардам бергиле, айланайындар...


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



Сөөгүнүн өсүүсү токтоп калган 24 жаштагы кыздын ички органдары чоңойууда

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(17)
26.12.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ыйлагын келет экен ээ,окуп алып
SUPER.KG видео
26.12.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллах бала менен энеге мээрим Берген, бирок Аллах андан да мээримдуу.
26.12.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эээх
26.12.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Номерин бергилечи
26.12.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайдан тапсак болот. Жардам берели адрес номер деген барбы??
26.12.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
menda kolumdan kelgen jardam bergim keltat,sizge uzun omur bersin..kiziniz menen aman bolunuz kiziniz menen..ene baikuw emne kana kilbait balasi uchun
26.12.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuba-savai87, love.me.again, байланыш үчүн номер купуяга жиберилди.
26.12.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,Дароо алдына эле жазып койгулачы байланыш номерин
04.02.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,номерин жонотуп койосунарбы
05.02.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kelgenbaev.1994.nur,
Саламатсызбы! Байланыш үчүн номер купуяга жиберилди.
SUPER.KG видео
26.12.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Номерин бергилечи сураныч
26.12.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Давайте жардам берем деп номерин сурагандар чогулуп бир жардам берели
26.12.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эми кантип торойт деп сарсанаа болуп калдым
27.12.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеси болсо да боор ооруй турган болуптур АЛЛАХым озу сизге жардам берсин
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-27 10:56:47
27.12.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
куйоосу 14 жылга кесилсе чыккандыр,бул кыздын атасы издеп табыштырып койсо апасы сооп иш болот деп ойлом,балким атасынын иши жакшыдыр
28.12.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул апаны Московская-Шопокова жактагы Ак-эмир базар жактан тапсанар болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: