«СУПЕР-ИНФО» КААРМАНДАРЫН ЖАҢЫ ЖЫЛЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

№792 5-11-январь, 2018-жыл


«Супер-Инфо» гезити түптөлгөндөн бери жардамга муктаж адамдар менен кайрымдуу инсандар арасында көпүрө болуп келет. Турмуштун түйшүгүн тартып, моралдык, материалдык колдоо издешип гезитибизге өздөрүнүн турмушун баяндап берген көп балалуу үй-бүлөлөр бар. Ошондой үй-бүлөлөрдү Жаңы жыл менен куттуктап, азык-түлүк, белектерибизди тартууладык. Биздин демилгебизди ырчылар Анжелика, Алмаз Шаадаев жана «Деми-Арт» театрынын актёрлору да колдоого алышып, ар бир үй-бүлөгө майрамдык маанай, жаңы дем, жаңы үмүт тартуулашты. Аяз ата, Аяз кызды, маскарапозду, ырчыларды көргөн каармандарыбыз ишене алышпай, Жаңы жыл алдында сыйкыр болгондой жакшы маанайда кабыл алышты.

Алгач эле 7-наристесин күтүп жаткан Ак-Ордо конушунун тургуну Гүлжан Кайкыеванын үйүнө аттандык. Биздин келерибизди таңдан бери күтүп жаткан Гүлжан айымдын балдары эшигин ачып тосуп алышты. Аяз ата менен Аяз кызды көргөндө жаңы жылдык ырларын айта албай сүрдөшүп, бир топко чейин ишене албай турушту. Бир убакта кошунасынын 4 жашар кызы да Аяз атаны көргөнү келип, камдап койгон ырын айтып берип белек алгандан кийин Гүлжан айымдын балдары ачылып, ырларын айтып беришти. Ырчылар да балдарга арнап ала барган белектерин тапшырышты. Каарманыбыз жаңырган жылда толуктоо күтүп жатканын, биздин гезитке маалымат чыккандан кийин жардам беребиз деп кол сунгандардын саны арбып, кайрымдуу инсандар шаардын конуштарынын бирине там салууну колго алганын айтып, кубанычтын жашын тамчылата ыраазычылыгын билдирди.

Сапарыбызды улантып Алтын-Ордо конушуна бет алдык. Ал жакта майып кызын жанына сүйрөп кичи автобустарды жууган Асыл Төлөбаева жашайт. Үйдөн жаркылдап «кош келипсиңер» деп Асыл айым бизди улагадан бата тилеп тосуп алды. Үйүнө киргенибизде бизди көргөн кызы чочулап, бирдемелерди сүйлөдү. Бирок коркуу сезими аны көпкө курчаган жок. Бир убакта «Аяз атага ыр айтып берсем болобу?» деп баарыбыздын көңүлүбүздү өзүнө бурду. Үй кожойкеси жакында эле кайрымдуу адамдардын бири Азамат Байматов тарабынан бардык шарттары бар 3 бөлмөлүү үй салынып берилгенин, мунун баары «Супер-Инфо» гезити менен SUPER.KG порталынын арты менен экенин айтып ыраазычылыгын билдирди. Ырчы Анжелика, Асыл айымды өзү менен бирге Дубайда эс алып келүүгө чакырды.

Кезектеги каармандарыбызга жаңы жылдык куттуктоону Аяз ата, Аяз кыз, маскарапоз менен уланттык. Бир бөлмөлүү батирде жашаган, инсульттан улам майып болгон Гүлмира Болотбекованын үйүнө бардык. Биз барганда жайыл дасторкондон даам сызып отурушкан экен. «Балдарым Аяз атаны сыналгыдан гана көрүшкөн, бүгүн чыныгы Аяз атаны көрүп жатышат» деген Гүлмира айымдын көзүнөн кубанычтын мончок жашы агып, рахмат айтып отурду. Балдар Аяз атага ыр айтышып белектерди алып, «жергебизде бакубатчылык, теңдик болсун» деген аруу тилектерин айтышты.

Ак-Жар конушунда батирде жашап жаткан Акмөөр айым удаасы менен төрт жолу кыз төрөгөнү үчүн жолдошу аны үйүнөн кууп чыккан. Бул каарманыбыздын балдары да жаңы жылдык сыйкырды күтүп жатса керек деп сапарыбызды уладык. Чаң баскан көчөдө ойноп жаткан балдар таңыркап карап, биздин аркабыздан үйгө кирүүгө ашыгышты. Тар бөлмөнүн шыбына жалтырактарды илип, жаңы жылдык ырымды кылышыптыр. Аяз атаны көргөн бөбөктөр кичине сүрдөп, ыр айтуудан айбыгып турушту. Ошентсе дагы балакайлардын көңүлүн алып, оюн-зоок уюштуруп Аяз атабыз балдардын көңүлүн тапты. Акмөөр айым бизди «эң негизгиси, гезитти окуган кайрымдуу адамдарыбыздын саны арбып, жардамга муктаждар аз болсун» деген тилегин айтып узатты.

Кийинки сапарыбыз туруктуу турак жайы же жарандыгы жок, бел оорудан улам баспай төшөктө жатып калган Малика Юсупованыкына болду. Короодо ойноп жаткан Малика айымдын небереси Айназик бизди көрөрү менен үйүнө кирип кетти. Бөлмөгө киргенибизде Айназик инисине «биз жакка Аяз ата келиптир, азыр эле көрдүм» деп сырттан көргөнүн айтып отуруптур. Малика айым белектерге, кабар алганыбызга рахмат айтып «Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун» деп алакан жайды. Ал эми үйдүн жалгыз «Айшасы» болгон Айназик кубаныч, сүйүү толо көз карашы менен бизди узатып калды.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров

star@super.kg



SUPER.KG каармандарын жаңы жылдык белектери менен кубантты

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
09.01.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Анжелика каерде болсо анжелика. Дуконго нан алганы барсан да кассада анжелика. Досум кыздуу болдум деп чалды,атын ким койдун десем анжелика дейт телефонду сразу очурдум.
09.01.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tyty1990,Эми уят да ушинтип суйлогонунор. Кудайдан корксонор боло . Анжелика жаман бы жакшывы оз арабасын озу тартып келе жатат. Жакшы нерсе жасаса да кыргыз кыргыздыгын кылат экенбиз буттан чалып. Озубуз бироону Дубайга алып бармак тургай ,ал акывал суравай деле коебуз кээде.
14.01.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,хе хе,)))
09.01.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эмне кылсын Анжелика аран турса озу,супер инфо журу десе суйунгонунон жоносо керек да
09.01.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Коментарий жазгандыда келтиресинерда)))
09.01.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айланайын алтындарым Анжеликаны жайына коёсуңарбы??анда силер жардам берип Дубай га же башка өлкөгө алпарып келгиле адамдарды! бир ооз жылуу созунорду аяйсыңар(жеке оюм,мунус басып жатып кылгыла)
SUPER.KG видео
09.01.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анжелика болсо эмне экен? Ушу кыздын дегеле жайына коюшпады адамдар? Бактылуу болсун кыздары менен Аллахым эркек уулдарды да насип этсин .амиин
09.01.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анжелика маладец
09.01.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Везде Анжелика го
09.01.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайрымдуулук кылган адамды да коро албайсынар
09.01.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туугандар Анжеликаны жайына койгула талантту кучтуу кыз колунардан келсе анданда отуп кеткиле...
09.01.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Анжелика
09.01.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун макала болуптур.ыйлагын келет окуп алып. Ушундай жетишпеген уй булолорго бир кун б олсо дагы жакшы маанай тартуулаган адамдарга жакшы созубузду аяп негатив жазавыз. Кайран элим,кайда баратабыз???
10.01.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Super.kg рахмат сиздерге! Ар дайым супер болуп жургуло. Азамат Байматовго да рахмат. Алла ыраазы болсун силерден.
10.01.2018. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай жакшы иш болуптур,супер инфо ишинерге ийгилик,Алмаз менен Анжелика силерди да Кудай колдосун
10.01.2018. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат Анжелика! !!!
SUPER.KG видео
10.01.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошо журу десе эле макул деп барган адамды айткыла да, везде болсо везде,лично мне приятно ее видеть!
10.01.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин Ольга Бузовабыз
10.01.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
анжелика азамат
11.01.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжелика аябай активная азаматсын ушундайындан жазба колундан келсе элдин баарына жардам бер.аа тааныбаган бирооно белек бермек турсун эки бобогумо аран даярдадым мен.
12.01.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор,бири бирибиздин жашообузду талкуулабай тынч эле журолучу. Жакындардын Дос туугандын конулун алганга эмне жетсин,куру ушака убакыт кетирбей оз ишибиз менен убара болсок жакшы болмок.Жашоо бир келет,жашоону суйуп,элдерге жакшы гана жагыбызды корсотуп отолу.Ар бир пенде бактылуу болсун демекчимин.Бироону соз кылып пайда таппайбыз.
13.01.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо кантип сиздерге кат жиберсем болот!!!
16.01.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuri1988Elim2010,
Саламатсызбы! Gezit@super.kg ушул дарекке кат жазсаңыз болот.
14.01.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи минтип ооруп жаткан адамдан кабар алуу баарыбыздын колубуздан келе бербейт. Супер Инфо ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: