«РАК ИЛДЕТИ УУЛУМДУН БИР КӨЗҮН, МУРДУН, ЖААК СӨӨКТӨРҮН ЖЕП САЛДЫ»

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.


Бүгүнкү каарманыбыз Батыр 3-классында ойноп жатып жыгылып көзүнүн алдына таяк кирип кеткен. Көңүл бурулбай жүрүп кийин анын дарты өөрчүп, рак илдетине айланган экен. Батыр сүйлөсө оозу ооруп кетет сыяктуу, өзү айтып бере алган жок. Анын ордуна окуянын кандай болгонун Батырдын апасы Саткын Баназарова
айтып берди.

«АЛГАЧ УУЛУМДУН ООРУСУНА КӨҢҮЛ БУРБАЙ ЖҮРӨ БЕРИПТИРБИЗ»
-Биз Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Сөгөт айылынан болобуз. 5 баланын энесимин. Жолдошумдун көзү өтүп кеткен. Батыр эң кичүү балам. Ал 1985-жылы 2-июнда ден соолугу чың төрөлгөн. 3-класста окуп жатканда ойноп жатып жыгылып, көзүнүн ылдый жагын таяк чолуп кеткен. Эми бала жыгылат, турат. Эч нерсе деле болбойт деп көп деле көңүл бурган эмеспиз. Таяк чолуп кеткен жери кызарып жүрдү. Ошентип андан кийин 8 жыл өттү. Бир күнү байкасам, ошол жери карарып, канап, ириң толуп баштаптыр. 11-классты бүткөндө Кербен шаарындагы ооруканага алып барып дарыгерлерге көрсөттүм, ошентип уулума биринчи жолу операция жасалды. «Ириң сөөккө жетиптир» дешип ошол оюлган жерди тазалашкан. Кайра тикпей ачык эле ташташкан. Бинт коюп, тазалап, таңып жүрчүбүз. Бирок ошол операциядан кийин уулумдун оорусу күчөп кетти. Жакшы болбой, кийин Бишкек шаарына алып келдик. Мен анда чогуу келе алган жокмун. Батырды улуу балам менен келиним алып келишкен. Бул жактагы дарыгерлер «операция жасап, көзүн алып салабыз» дешти. «Ириң көздү басып кетиптир, азыр алып салбасак экинчи көзгө да өтүп кетет. Анан таптакыр көрбөй калат» деп түшүндүрүштү. Ошентип бир көзүн таптакыр алып салышты. Бул жакта эки ай дарыланып жатты. Оорусу рак экенин ошондо билдик. Химиялык нур менен кактап дарылоо керек дешкен, бирок шартыбыз болбой дарылата албай калдык.

«АЙЫГЫП КЕТЕТ ДЕП ОЙЛОГОМ»
– Операция жасалгандан кийин кулагынын алдына без чочуган сыяктуу болду. Рак менен ооруганда улам бир жерине ошентип жара чыга берет турбайбы. Аны дарыгерлер кийин түшүндүрүштү. Кулагынын аркасындагы менен көзүнүн алдындагы жара чоңоюп барып, бири-бирине кошулуп кетти. Анан мурдунун жарымы да желип баштады. Медициналык сабатымдын жоктугу да болуп калды айланайын, таңып, тигинтип-минтип аттык, башка эч нерсе кылган жокпуз. Айыгып кетет деп ойлодум. Бирок оорусу айыкпай, күн өткөн сайын абалы оорлошуп ушул даражага келди.
Бир жумага бинт менен дарысына эле 3 миң сомдой кетет. Күн сайын экөөбүз алышып жарасын таңабыз. Өзүм 69 жаштамын. Карыган сайын бул илдет менен алышканга алым калбай бара жатат. Башка балдарым деле каралашты, бирок алардын деле өз тиричилиги бар. Аргасыз элге кайрылдым. Батыр үйлөнүп, жаштыктын доорун сүрчү маалында дарт менен алышып калды. Мүнөзү жоош, момун бала. Кийин дарттан улам такыр эле түнт болуп калды. Бир нерсе сурасаң эле жооп бербесе, таптакыр сүйлөбөйт. Оозунун тегереги да желип бараткандыктан сүйлөсө ооруйт. Суюк тамак жасайм, ошону эптеп жейт. Алы деле калбады. Жок дегенде жаны калабы деп үмүт менен жашап келе жатам (ыйлап).

«ДАРЫЛАБАСАК ООРУ ТЕРИСИН, СӨӨГҮН ЖЕП КЕТЕ БЕРЕТ»
Бул окуяны коомчулукка алып чыгып, Батырга көмөктөшкөн жигиттер да бар. Алардын бири Улуттук онкология борборунда дарыгер болуп иштеп жаткан Азамат Кошалиев буларды айтып берди:
– Биз жалпы тааныштардан улам Саткын апа менен байланышып, Батыр байкенин акыбалынан кабардар болдук. Алар менен тааныш да, айылдаш да эмеспиз. Менден дарыгер катары көмөк сурашты. Анда Батырдын онкологиялык жактан оорулуу экенин да билген эмеспиз. Бизге жеткен маалымат боюнча, диагнозу белгисиз оорудан улам жүзү жабыр тарткан деп ойлогонбуз. Колдон келсе пластикалык операция жасаталы дегенбиз. Көрсө, 2006-жылдан бери онкологиялык оору менен ооруган адам катары каттоодо турат экен. Теринин рак оорусу деген диагноз коюлуптур башында, бирок текшерилүүдөн кийин башка диагноз чыгышы да мүмкүн. Кечээ Батыр байкени Улуттук онкология борборуна алып келип жайгаштырдык. Эми анализдери чыккан соң оорусу аныкталып, мурунку диагноз күчүндө калганын же өзгөргөнүн билебиз.
3-классында жыгылып, көзүнүн алдынан жаракат алган. Ар ириңдеп отуруп чирип баштаган. Көзүнүн алдынан алган жаракат рак клеткаларын козгошу мүмкүн, бирок түздөн-түз ошол алган жаракаттан улам деп айта албайбыз. 2003-жылы ага Кербен шаарында биринчи операция жасалган экен. 2006-жылы көзүн алып салганга туура келиптир, анткени оору бир көздөн экинчи көзгө өтмөк. Экинчи көздү сактап калуу максатында жасалган.
2011-жылы мурдун алып салганга туура келген. Кийин ооз жактары да желип кеткен. Ошентип Батыр байке 3 оор операцияны башынан өткөргөн. Былтыр нур менен кактап дарылоону баштамак болушкан, бирок организми аябай алсыз болгондуктан жасалган эмес. Азырынча иммунитетин көтөрүү, жалпы организмди дарылоо терапияларын жүргүзүп жатабыз. Акыбалын айтсак, аябай эле оор, алсыз болуп арыктап кеткен. Бул жолкусунда шартты түшүндүрүп, ооруканага бекер жаткырдык. Алгач онкологиялык процессти жок кылышыбыз керек, болбосо оору терини, сөөктү жеп кете берет. Абалын жакшыртуучу, ооруну басаңдатуучу дарылар колдонулуп жатат.
Онкологиялык процессти жок кылгандан кийин мурдуна, оозуна, жаак сөөктөрүнө пластикалык операция жасап, калыбына келтирүү мүмкүн. Так диагноз чыккандан кийин чет өлкөгө жиберүүнү да карап жатабыз.

2006-жылы теринин рак оорусу деген диагноз коюлган.


Нуржамал Жийдебаева,
koom@super.kg



6 жашында жыгылып, бир көзү менен мурдунан айрылган Баатыр Баназаров

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(31)
SUPER.KG видео
12.01.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Мен чалып билдим, акчаны Нурсултан чогултуп жатыптыр. Туугандар,50 сомдон болсо да жардам берели.

Анан, супер инфо, жайында боору ооруган аке жардам сурап кайрылды эле, ошол аке эмне болду экен? "Абалы жакшырып калды бекен" деп ойлоно берем.
kalima88 түзөттү 2018-01-12 21:35:08
SUPER.KG видео
14.01.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудайым шыпаасын берсин апасына сабыр берсин. Ушундай кырсыктан кудайым озу сактасын
SUPER.KG видео
15.01.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым шыпаасын берсин Амииин
23.01.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шыпаа берсин,сабыр берсинди ким деле болсо айта алат ,кичинеден жардам кылбайлыбы???
23.01.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бул баланы коомчулука жарыялап,телефон аркылуу деле акча которсок жакшы болмок.Коп тукурсо кол болот делет го.Онкологиядагы жаткан бей таптар ооруунун эле азабын эмес акчанын азабын кошо тартышат.Колунда бар болсо жакшы жок болсо кандай болот билбедим.Бир кана туалетине толободук балким жакшыраак болсо ага деле алышмак.Ал эми оперециясына тушко кире турган сумманы сурашат экен.Босогону аттагандан жада калса тараза тартканына 100 сом,карта ачкандан баштап,чыканга чейин акча жана акча.Кыймылдага
23.01.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
ны бут акча,анализдери жада калса система менен шпирц жок.Анан эле телевизордон бекер дарылайбыз дешет.Эн конул чоктургондору шарты жок.онкологиялык оорулар адам эмес дешеби билбедим же ...бирок айтышка оозум барбайт.Коздорундо муну бар бирок жашоо менен курошкон бейтаптарды корсон жанын кенйийит.Кекиртектеп турган ажаалды жениш учун да жакшы шарт,жаркыраган здания,мээрбан адамдар керек го акыры.Жаны кыйналып турса акча,акча эле деп тотуу куштай сайрап турса ого бетер чогот го дейм.Врачтар менен
23.01.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
чондордон пайда жок.Андан коро карапайым элдер жардамга келет.Келгиле кадырман карапайым калкым ушу бечара жаш жигитке колубуздан келишинче жардам берели.Коп бере албасак да телефон аркылуу аздан аздан жонотуп турсак чон эле жардам болот.Коп тукурсо кол болот...
24.01.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
raia,туура
23.01.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах шыпаасын берсин. Жардам беребиз кудакааласа
23.01.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кана кантип акча которсок болот, келгиле баарыбыз 50, 100, дон которсок да чогулуп калат, жардам берели
23.01.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооруну берген алла шыпаасын да берегөр. Айыгып кетсин амиин.
23.01.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым шыфаасын берсин двба кылалык.Мен да жардам кылганга мумкунчулугум бар аз да болсо бирок кантип?
23.01.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саламатсыздарбы! Байланыш номери: 0773 67 98 22 (Батырдын апасы)
24.01.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ жооп берип коесузбу
24.01.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шыпаа берсин аллахым
24.01.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
москвадан кантип которсок болот
27.01.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerimbekovd,0700265295
24.01.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сакайып кетсин ээ кудай. дартын берген эгем шыпаасын кошо беер. кайдыгер карабаныздар жардам берели туугандар.
25.01.2018. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Апасынын карангылыгы. Мени жаман корбогуло,Ошондо эле сразу алып барса болмок. Байкуш баланын акыбалын элестетип атам. Ылайым айыгып кетсин. Москвадан кантип которсок болот.
25.01.2018. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nargizax1986,
Туура, мен да кошулам, бул жерде апасы да кунолуу, убагында карап, даарылатса , мынчалык болмок эмес деп ойлойм.
25.01.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerimbekovd, nargiza1986, cаламатсыздарбы! Байланыш номери: 0773 67 98 22 (Баатырдын апасы)
25.01.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллахым шыпаасын берсин сакайып кетсин оомин
26.01.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элсом ачыш керек,ошол жакка акча которушат кобу, аз-аздан которгондо да,дарыларына жетип калмак. Алла шыпаасын берсин ылайым
26.01.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рая туура айтасыз биздин чондор ошол болницада болуп жаткан иштерди карап шарт түзүп койсо болмок
27.01.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен азыр эле суйлоштум Батырдын апасы мн акча которууну каалагандар 0700265295 элсом
27.01.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасында эмне куноо,Ким баласын ооруткусу келсин.Кудайым шыпаасын берсин.
28.01.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
enesinin karangiligi akchanin joktugu baikush balani ushul abalga jetkizdi
28.01.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла шыпасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: