«АГАМ ЖАКЫНДА АБАКТАН ЧЫГАТ. АНДАН КОРККОНУБУЗДАН БИШКЕККЕ КАЧЫП КЕЛДИК»

№797 9-15-февраль 2018-жыл


«Ош базар» жакта жашайбыз. Уюлдук телефонум да жок, мени ушул даректен табасыз» деген эле бир ирет Айпери аттуу келин. Кебетесинен анын оор турмушту башынан кечирип жатканы байкалып турган, бирок көргөнүм мен элестеткенден да ашып түштү. Кичинекей бөлмөнү эптеп жылыткан электр жылыткыч, төр жакта жарым жан эне, үйдө 2 жаштагы томпойгон ширин кыз, 6 айлык боюнда бар келин. «Булар жакында болгон ит өлгөн сууктан кантип аман-эсен чыкты?» деп каңырыгым түтөдү.

«БЫЧАКТЫ ШИЛТЕП ЖИБЕРДИ, АЗ ЖЕРДЕН ӨЛТҮРҮП КОЁ ЖАЗДАДЫ»
Башынан өтүп жаткан оор турмушу, айылдан кантип борбор калаага келип калгандары тууралуу Айпери аттуу каарманыбыз төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Биз Талас облусунун Ак-Жар айылынан болобуз. Борбор калаага келгенибизге бир жарым ай болуп калды. Турмушубуз оор болуп, эмне кыларыбызды билбей калганда апамды жана кызымды алып баса бергем. Мурун жашообуз жакшы болчу. Эл алды болбосок да, ортосу болуп эч нерсеге муктаж эмес элек. Атам айдоочу болсо, апам кыргыз тили жана адабият сабактарынан сабак берип 30 жыл мугалим болуп иштеген.
Апам 2006-жылы ат арабадан кулап кетти. Бир аз сылтып, кайра эле басып кеткендиктен ага көңүл бурган деле эмеспиз. Кийин эле такыр баспай калды.
«Баш кетсе баары кетет» деген чын окшойт, атам 2012-жылы каза болгондон кийин биздин үй-бүлөнү кырсык тооруду. 3 бир тууганбыз. Агам ичкиликке ооп кетти, эмнеден башталганын деле билбейм (ыйлап). Эжем 3 баласы менен жалгыз бой. Атам каза болгондон кийин апамдын 2 буту тең баспай калды. Ошол убактан бери такма жалаяк кийгизип багабыз. Карыганда кайгыбызды көрүп апам байкуш да кыйналып кетти, анткени агам ичип келген сайын чаң салып коркутат. Бычактарды бекитип, балта сыяктууларды көздөн далдаа катып коёбуз. Түнкү саат 2 болобу, 3 болобу көзүнө кимибиз көрүнсөк «арак таап кел» деп үйдөн кууп чыгат.
Анын жоруктарына чыдай албай койдум, Бишкекке кетип калдым. Иштеп жүрсөм бир күнү коңшуларыбыздын бири мага телефон чалып, апамдын таптакыр каралбай калганын айтты. Агам үйгө камап коюп кетип калыптыр, 2 күн бою тамак ичпей, алды тазаланбай калыптыр. Февраль айы болчу, барсам үй суук апам тоңуп калыптыр. Ошол күнү да агам ичип келип «Шаарда сойку болуп иштеп жүрдүңбү?» деп жан кейиткен сөздөр менен сөгүп кирди. Акча жоктун айынан кеткенимди, тигүүчү болуп иштегенимди айтсам ишенген жок. Бычак алып келип шилтеп жиберди. Бычактын мизи майтарылып калган экен, кирбей калып аман калдым окшойт (ыйлап). Апама агамдын колу көп тийген жок, бирок «аялды силер таап бергенсиңер» деп эле ичкен сайын эзе берет.


«ЭНЕҢДИ БАГА БЕРЕБИЗБИ ДЕП КҮЙӨӨМ ЭЗЕ БЕРДИ»
- Апамды айылда багуу мүмкүн эмес болчу. Ар күнүбүз коркунучтуу эле. Агам мени да жайыма койбой ур-токмокко ала берди. Айла жок апамды таежемдин үйүнө алып бардык. Ошол жакта жашап жүрүп жолдошум менен таанышып калдым. 3 күн сүйлөштүк, анан үйлөнүп калдык. Ага акыбалымды түшүндүрүп айтып бергем, менден башка апамды бага турган адам жок экенин айтсам «чогуу жашай беребиз» деп макулдугун берген. Ошентип күйөөм экөөбүз апамды карап жүрдүк.
Кийин эжем апамды Бишкекке алып кетип бакты. Бирок ал дагы 3 баласын жалгыз чоңойтуп жаткандыктан апамды карай албай калды. Кайра «мен багайын» деп Ак-Жардагы өзүбүздүн үйгө күйөөм болуп барып чогуу жашап калдык. 2016-жылы агам түрмөгө камалган. «Мурункудай корко турган байкең да жок. Барып жакшынакай жашап, апамды бага бергиле» деди эжем.
Апам дайым кароого муктаж, күйөөм башында түшүнгөн сыяктуу болчу. Кийин «Биз эле бага беребизби, байкең менен эжең да бакпайбы?» деп мээмди жей берчү болду. Күйөөм өзү арак ичпейт, тамеки чекпейт, кол деле көтөрбөйт. Бирок апамды батырбай койду. Кайнатам да ичип келгенде апама жаман сөздөрдү айтат, деги тынч жашайынчы деп апамды алып баса бердим. Учурда 2 жаштагы кызым бар. Экинчиси да боюмда болуп калыптыр. Алдырганга дитим барбады. Азыр ага 6 ай болду. Боюмда бар экенин билгенде жолдошум «кал» деди.
Алдымда 2 жол турду. Бир жагынан балдарымдын атасыз чоңоюшун каалабайм, экинчи жагында апам. Үй-бүлөмдү сакташ үчүн апамды көчөгө таштап салмак белем? Айтор, эки оттун ортосунда калдым. Бишкекке келип арзаныраак батир таап жашап жатабыз. Апам 6 миң сом пенсия алат. Анын 3 миңине өзүнө памперс алам, калганын батир акысына төлөйбүз. Эми электр жарыгына да акча чыгат, аны кантип төлөйбүз билбейм. Боюмда болгону бул жакта каттоого да турган эмесмин. Төрөп алсам, иштеп апамды дарылатсам дейм. Чындыгында азыр жардамга муктажмын.
Агам жеңемди уруп койгондуктан 6 жылга соттолгон. Амнистияга туш келгенби билбейм, айтор, ушул февраль айында бошоп чыгат экен. Агам келсе тозок жашообуз кайра башталабы деп ойлоп бул жакка келе бергенбиз. Бир жагынан коркуу, экинчи жагынан оор турмушту ойлоп ушул учурда эмне кыларымды билбей эле жашап жатам. Минтип элге кайрылганымды билсе агам мени өлтүрүп салышы мүмкүн, бирок кайрылып жардам сурабасам апам менен кызымды жалгыз карай албай калдым. Күйөөм менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмесмин, балдарга да алимент кесиле элек. Айтор, оор абалдамын.

«АТ АРАБАДАН КУЛАП КЕТИП БАСПАЙ КАЛГАМ»
Айтбүбү эне көп жылдар төшөктө жатканданбы, унутчаак да болуп калган. Ал Айпериге «агаңды жамандаба, келип сени өлтүрүп кетпесин» деп эскертип жатты:

- Мен 71 жаштамын. 30 жылдай мектепте мугалим болуп иштегем. 2006-жылы ат арабадан кулап кетип, аксап жүрүп кийин такыр баспай калдым. Доктурларга деле көрүнгөн жокмун. Иштеп жүргөн кезимде ар түрдүү сыйлыктар менен сыйлангам, азыр болсо мени эч ким деле эстебейт (ыйлап). Дарттан улам көп жылдар бою төшөктөмүн. Дарыланайын десем акчам жок. Кыздардын колундамын, алар деле кыйналып жатышат. Күйөөлөрү менен ажырашып, азыр экөөнүн тең үйү жок, балдарын жалгыз бой тарбиялап жатышат. Айта берсе сөз көп, азап болуп жатам минтип.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



Майып апасын баккан келин: "Түрмөдөн агам чыкса кордук көрсөтөт деп качып жүрөбүз"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(41)
13.02.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Кудайым оңунан берсин, ичтеги, тиги мотурайган күнөөсү жок балдар жошоосуна дем берсин...Турмуш ушундай экенда
13.02.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кайран гана ары жок,коркок экен да агасы. Ичип келип кучун апасынан,карындашынан чыгарган. Эрте кечпи татыктуу жазасын алат...
13.02.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
тел номери 0702223566 Айпери
13.02.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Тооба кылдым ушундай алсыз эркектердин айынан канчалаган аялдарыбыз кор болушууда. Арканда аска зоо болуп жолоп таяп турган ишенгенин ушул болсо... Эхх сизге сабыр тилейм.
13.02.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Апасын тандаганы туура болуптур деп ойлойм. Чындыгында эркектерибиз ото алсыз да ушул чукодой кемпирди батырып койсо батасын алмак. Сооп да болмок. Кудайдын жазганы да. Ушинтип аялдардын кор болуп кароосуз калганына кимди куноолошту билбейсин. Коомдубу, замандыбы же озубуздубу?
nargiz-sa түзөттү 2018-02-13 11:27:44
13.02.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кантип байланышсак болот жардам бергенге?
13.02.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sunshine91, 0702223566 Айпери
13.02.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Саламатсынарбы админ кантип байланышсак болот? Жардам бергенге
13.02.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aijan98, 0702223566 Айпери
13.02.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Онунан чыксын ылайм баары аганын колунда экен ыйман берген болсун кудайым
13.02.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
буйруса баары жакшы болот
13.02.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аны баласын жамандаба деп жатканын, катсе да эне да. Аман-эсен коз жарып алыныз!
13.02.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайым балдарга ыйман ынсап берсин!байкуш эне ушул уулум чонойсо мени багат деп озу ичпей жебей чонойттулего.
Эми азабын гана тартып келе жатат экен.сабыр гана тилейм эне.бул кундорда отоор кудайым жакшы кундорду коргозгонго жеткирип айыгып кетиниз.
Айпери сагада бир гана сабыр аман эсен тороп ал.алдырбай жакшы кылгансын ошол наристен силерге бакыт, доолотб байлык ,ден соолук алып келсин Оомийн.
13.02.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал эми аган куноого белчесинен батып бутуптур оз энесин карындашын кордоп.кудайым аны жазасыз калтырбайт.бул дуйно кайтар дуйно...
13.02.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым сабыр берсин
13.02.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ай эркектер кыйынчылыктын баары сиоердин айынардан экен ойлоп корсон
13.02.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Патриоттор кайдасынар жардам бере аласынырбы
13.02.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми агасы чыгып дагы урбаса болду. Боюнда да бар экен. Тороп калса не болот жашоосу? Агасы менен куйоосу акмак адамдар экен.
13.02.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
dobrajelatel,куйоосу эн жакшы Адам,жакындан билбейй акмак дебесененр,мен бул семьяны жакшы билем.
13.02.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Nanei,кенедей баласы менен кочого чыгарып жиберсе боюнда бар экенин да ойлобосо, ошол куйоосу жакшы адамбы?
13.02.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
gulmira96,кочого эчким аны чыгарган жок,бул жак а жазбай эле коеюн,бирок коп нерсе бир беткей эле айтылыптыр. ХХХХХХХХ ХХХХХХХ Адам деп деле айталбайсын,бирок куйоосу жакшы Адам,
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-14 10:54:17
15.02.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nanei, сен артистерден баштап карапайым элге чейин баарынын уй булосун Ото жакшы билесинго)))
15.02.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,мен билбеген баляя жок
13.02.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эркек сооройлор эркек деген атка татыктуу болсо аялдар кор болбойт эле!!!
13.02.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Урматуу 20жылдыктар( ушул эже иштеген мектепти)
Акча чачып чардабай эжеге жардам бергилечи
Сураныч
16.02.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigerim_abduvalieva, молодец жакшы сунуш киргиздин. ошол мектепте азыр ушул эженин окуучулары да эмгектенет болуш керек. жетсе экен ошондой юбилей откозгондорго мектептен
14.02.2018. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым озу шыпаа берсин, келин тушунуктуу экен, а то турмушу жакшылар деле баласын алдырып койуштат го. Айдын 15жарык, 15карангы. Бактылуу болунуз!
14.02.2018. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эри акмакка багып сообун албайбы,бир комнатага бататле ошо кемпир, балдарында жетим кылып?! Арсыз эркектер(((
14.02.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эл сомго улаштырып бергиле акчадан жардам кылалы
14.02.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жуз сомдон чогултканда да анча эле жардам болот эле.
14.02.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көп түкүрсө көл болот,колубуздан келишинче көңүлдөн чыгарып жардам берейли
14.02.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХХХХХХХХХ бул Апа 30 жыл мугалим болуптур.кайда жүрөт ошол окуткан окуучулары?!!ар бир окуучусу 5000 сомдон берсе да чоң суммада акчалай жардам болот.10-20-30 жылдыктар акчаны чачасыңар аябай ошол акчаны ушундай үй бүлөгө берсенер болбойбу!!!.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-15 10:02:26
14.02.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошондо айылдагы үйдө ажыраша элек күйөөң жашап атабы?кимде ал үй азыр же кароосузбу?толук маалымат жазгыла.келгиле туугандар кыргыз эли 100 сомдон чогултсак да 5млн калктан 1 үй алып берсек болот экен.өкмөт автоматтык түрдө бюджетниктерден 1 күндүк айлык алгыла.1 чооң үйдүн акчасы чогулат ощондо ошондо жок дегенде жылуу жаңы салынган домдо жашасын.карыганда Апага боорум ооруп атат.мен мамлекеттик жумуштамын министерство буйрук берсе мен 2 күндүк айлыгымды берүүгө даярмын!
15.02.2018. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
pero123,5млн адамдын баары эле ме деп жүз сомдон бере салса жакшы болот эле го,500 адам берсе сүйүнө бергиле
18.02.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pero123,айылдагы уйу кароосуз калган,куйоосунун Таласта уйу бар
15.02.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кең Таласка бир кемпир батбай калдыбы деген сөздү уктум эле. Мен менсиген жигиттери каякта же Бабанов менен кошо кетип калыштыбы
15.02.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элсом болгондо жакшы болмок

16.02.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөө жүргөн кесиптештеринен уялган депутат мырза кайда жүрөт болду экен шапкени баса кийип? Мына ушундай элдин тагдырынан, элди жакырчылыка кептеп өлөрчө байыгандан уялса болмок. Ушундай оор тагдырга кабылган элдин жашоосу качан оңолор экен. Кыргызстанга кут береке келсе экен ылайым. Бул күндөрда өтөт сабыр тилейм.
17.02.2018. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунчалык боорум ооруду. Сыноого сынбаныздар. Баары жакшы болот. Ылайым Аллахымдын козу туз болсун. Колунда барлардан суранарым жардамыныздарды аябаныздар. Бирибизге бирибиз ушундайда комоктошбосок биздин мусулмандыгыбыз,кыргыздыгыбыз кайда калат. Бийликтегилерге да Аллахым ыйман берсин. Ушундай уй-булоолорду коз жаздымда калтырбасын. Жанынарда 100сом болсо 20сомун бергилле. Ошондо бардыгыбыз бай болгон болобуз.
19.02.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы райондо жашайт экен адресин ким билет? Барып аз болсо да жардам берип кетейин. Кошулам дегендер ХХХХХХХХ номерине байланышка чыккыла издеп таап жардам берип коелу
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-19 09:14:40
19.02.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmat92,
Саламатсызбы! Жеке телефон номерлериңизди купуя кат аркылуу жазсаңыз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: