МЕКТЕПКЕ КИРГЕН АДАМ 4-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУН ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛГАН

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.


Ушул жылдын 9-февраль күнү Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунда жайгашкан №73 орто мектепке 28 жаштагы жаран кирип, дааратканага кирген 4-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган. Бактыга жараша, дааратканага дагы бир окуучу кыз кирип калып, зордукчу арам оюн ишке ашыра албай калган.





“ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ДААРАТКАНАГА ДА ЧОГУУ БАРЫП ЖАТАБЫЗ”
№73 мектептин директору Раушан Ниязбеков ошол окуядан кийин ата-энелерди да мектептин ичине киргизбей калышкандыгын айтат:
– Күзөтчүнүн шалаакылыгынан ушундай жагымсыз окуяга туш болдук. Мектепте орнотулган видеобайкоодогу кадрлардан карасак, ал киши имаратка кирип оң тарапка басканда күзөтчү аны чакырган экен. Күзөт кызматкерине “3-класстагы балама келдим. Кирип чыгайын” деп суранганда күзөтчү жолду көрсөтүп берген. Бирок ал адам башталгыч класстагы кыздардын дааратканасына кирип 4-класстын окуучусуна тийишкен. Бул учурда мугалим кечигип жаткан кызды карап келүү үчүн башка окуучу кызды дааратканага жибериптир. Экинчи окуучу даараткананын эшигин такылдатканда классташы ыйлап чуркап чыккан. Ал адам болсо качканга аракет кылган. Окуучуларга рахмат, 9-10-11-класстын 4-5 окуучусу күзөтчүлөргө жардам берип кармап келишти. Кармалган адамды милиция кызматкерлерине тапшырып бердик. Ал киши “менин күнөөм жок, эч нерсе кылган жокмун” деп актанып жатты. Аны мен биринчи жолу көрүп жатам, тааныбайм.
Ата-энелер 1-класста окуган балдарын сабак бүткөнчө 1,5-2 саат күтүп турушат. Баягыдай суукта бул ата-энелерди эшикке чыгарып коё албайбыз да. Бирок азыр ата-энелерди да мектептин ичине киргизбей калдык. Мындан ары окуучулар дааратканага барганда да мугалим көзөмөлдөп барсын деп көрсөтмө бердик. Ал эми күзөт кызматы менен ата-энелер келишим түзөт, мектептин өзүндө ал үчүн каражат жок. Окуядан кийин башка күзөт агенттиги менен келишим түздүк.


“БИЗДИН КЫЗМАТКЕР КАТА КЕТИРДИ, БИРОК ШЕКТҮҮНҮ ӨЗҮ КАРМАП КЕЛДИ”
Мектептин коопсуздугуна жооп берген “Скат” күзөт агенттигинин директору Марат Кожеков ошол күнү күзөттө турган 2 кызматкерди жумуштан кетиргенин айтты:
– Ал мектеп менен келишим түзүп иштеп жатканбыз. Анда биздин кызматкерлер мектеп администрациясына баш иет деп жазылган. Башында күзөтчүлөр эч кимди өткөрүшчү эмес. Ата-энелерди дагы мектептин ичине киргизбей койгондо ата-энелер биздин кызматкерлерди уруп койгон учурлар да болгон. Ал тургай ата-энелер Билим берүү жана илим министрлигине чейин арызданышкан. Министрликтен “ата-энелер мектептин ичине киргизилсин” деген буйрук болгон. Ал мектепте 2 жарым миңдей окуучу окуйт. Анын баарын, ата-энелерин күзөтчү таанып кала албайт да. Кирип кеткен киши аксап баскан киши экен. Күзөт кызматкерине “3-класстагы балама барам” деп айтыптыр. Өзү бир бутунан аксап жүргөн адам болсо, балам окуйт деп жатса күзөтчү жолду көрсөтүп коюптур. Күзөтчү мага “аксап жүрсө боорум ооруду. Анан ал соо көрүндү. Ичимдик жыттанган болсо коё бербейт элек да” деп айтып берди. Биздин кызматкер, ооба, ката кетирген. Бирок ал кишини биздин кызматкерлер кармап, милицияга өткөрүп беришкен.
Кайгылуу тажрыйба болду десек болот. Ата-энелер да жулунуп мектепке кире берүү туура эмес экенин түшүнүп калышты окшойт. Ал күнү күзөттө турган 2 кызматкерди жумуштан кетирдик. Анын бирөөсү мурун ӨКМда иштеген, экинчиси күрөш боюнча спорт чебери болчу.


“ЖАНЫНДА БЫЧАК, МЫЛТЫК БАР БОЛСОЧУ ДЕП КОРКТУК”
Күзөтчүлөргө качып бараткан адамды кармоого жардам берген ошол эле мектептин окуучулары окуяны мындайча айтып беришти:

Азамат Сагындыков:
– Биз ошол убакта балдар менен мектептин кире беришинде турганбыз. Күзөтчү байке качып бараткан кишини кармаганга жардам берип коюшубузду суранды. Башында эмне болгонун түшүнбөй эле ал кишини кубаладык. Күзөтчү байкелердин бири аны кармагандан кийин биз артынан барып калдык. Бирок жанында бычак же мылтык болсочу деп жакын баргандан корктук. Эч нерсеси жок экенин көргөндөн кийин кармашып, мектепке чейин алып келдик. 5 окуучу болчубуз, аны мектепке алып келгенден кийин өз класстарыбызга тарап кеттик. Эмне болгонун кийин уктук.

Эдилбек Сулайманов:
– Ошол убакта биздин класс баарыбыз чогуу сүрөткө түшөлү деп жатканбыз. Фотографка аппараттарын көтөрүшүп жардам берип коёлу деп тышка чыксак күзөтчү байке “балдар, чуркагыла, маньяк канал жакта качып баратат” деди. Жакшы түшүнбөй эле тиги кишинин артынан чуркадык. Биз чуркап барсак күзөтчү байке аны кармап алган экен. Экинчисинин бою кичинекей киши эле, ал каналдан ары өтө албай койду. Качкан киши жыгылып отуруп каналдын аркы бетине өтүп кетиптир. Чогуу кармап мектепке алып келатсак “кесилдим” деп кайталай берди. Анысы түрмөгө отуруп калам деп корккондогусу окшойт. Мектепке жетип калганда “Мени коё берип койгулачы, чоң эле балдар экенсиңер. Кел, байке, качып кетиңиз деп коё берип койбойсуңарбы?” деди. Биз болсо “байке, сиз ушундай жаман иш кылсаңыз кантип коё бермек элек?” дедик. Ал кишинин мас экени алыстан байкалбайт, жанына жакын барганда гана билинди. Анан “мен акталам, эч нерсе кылган эмесмин” деди. “Эч нерсе кылбасаңыз эмнеге качтыңыз?” деп сурасам, жооп бере албай койду. Селсаякка деле окшошпогон, аксап баскан киши экен. Сырттан караганда бул киши андай кадамга барат деп ойлобойсуң. Мектептин директору кийин бизди чакырып, грамота тапшырды жана 500 сомдон акчалай сыйлык берди.


“МЕКТЕПКЕ КИРГЕН ЖАРАН МАС БОЛГОН”
Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат дейт:
– 9-февраль күнү саат 10дор чамасында №73 орто мектептин ичине белгисиз жаран кирип, 4-класстын окуучусуна карата ыплас иш-аракеттерди жасаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон мектепке барганда күзөтчү менен окуучулар ал адамды кармап, күтүп турушкан. Кылмышка шектүү Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну, 1990-жылы туулган М. уулу М. соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Ошол учурда анын мас абалында болгону аныкталды. Ал өз сөзүндө буга чейин соттолбогонун билдирди. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



Мектеп окуучусун зордуктоого аракет кылган адамды окуучулар колго түшүрүшкөн

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(20)
27.02.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кантип кичинекей кызга ыплас аракет жасайт. Ушундай акмактарды омур бою эркинен ажыратыш керек.
27.02.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азамат балдар.Директор да жакшы экен,балдарды кубантып коюптур.Ооба тиги охранник деле билген эмес да мындай болоорун.Небересиндей кызга ошондой арам ою бар,кандай адам?Жазасын алат деп ишенем
03.03.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn,небересиндей эмес, кызындай. 28 жашта дейт го. Түрмөдө көрөт эми көргүлүктү. Иштесе ишке тойбой турган убагы экен, арактын арты менен тагдыры талкаланды. Арам ою ишке ашпаса да, псиологиялык жактан сокку болду да беоки наристе кызга да.
27.02.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
1990-жылы туулса ,кайдагы небересиндей кыз болот ???Ишти тыкыр иликтеш керек.Балким чын эле андай ою жоктур.Бар болсо ....жазасын алсын.
27.02.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Alibay,андай ою жок болсо кыздар туалетинде эмне кылат?
27.02.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кичинекей кызда не куноо тетиги кочодо кечкисин Турат го правдада ошонун бириноону эметпейби.ХХХХХХХХХ ненормальный придурак.тетиги депутаттар уялам ,контрабанда дебей ушуга катуу жаза корушпойбу ХХХХХХХХХХ жиним келтат
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-27 11:09:12
27.02.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
semizkyz, коомдук этиканы сактаңыз! 3 күн БАНга!
27.02.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
балдарды мектепке жибергенден да коркосун. Алла сактай кор наристелерди.
27.02.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Көчөдөн,дүкөнгө барган кыздарды зордуктады деп окуйт элек жаңылыктарды,эми мектепке кирип зордуктады деп окуп жатабыз. Педофилизм күчөп баратат,токтотуунун жолу буларды бычып салуу,ошондо гана азаят. Кудай сактай көр,мурда кыздарыбызды сыртка чыгаргандан. корксок,эми мектепке да бергенден коркуп калабызбы эми.... Эмне эле болуп баратат бул адамдар?!Охрана дагы туура эмес кылыптыр,кызыма келдим дегенде күтүп тур сабак бүткөнчө дебейби,же кана кайсы класста отурат деп сурактабайбы,аты жөнү ким,кан
AykaMer түзөттү 2018-02-27 12:49:38
27.02.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактасын, жакшы эжекеси карап кел деп чыгарыптыр болбосо эмне болмок ким билсин?!
27.02.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чолондоп алып кара муну. Чолондоп журсо чын эле андай кадамга барат деп ким ойлойт тобо!!
SUPER.KG видео
27.02.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай корунуш Кыргызстанда Закондун иштебегендиги, эл озун закон алдында коркпогондугу жана баш ийбегендигинен келип чыгат.
Педофилди эске албаганда мектептерди жаны система мн камсыздап, туалет кол жуугучту мектептин ичине жазабаса кыш болобу куз болобу эн ынгайсыз корунуштордун бири!
Чоноюп калган кыздар мектептин туалетине барбай мугалимдердин же мектепке жакын уйлордун туалетине баргандар арбын.
28.02.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жыныс мучолорун шал кыла турган укол сайыш керек чекеден, булар ошондо кичине сезгенбесе,эмне ар жерден кумарын кандырып кете бергидей... малдар да антпейт., тообо
28.02.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын туугандары милицияга бербей эле койгула соттолсо эртен 5 жылда чыгып кетет акча берип.андан көрө ХХХХХХХХХХХХ орун жок.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-28 14:13:08
28.02.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Myndailardy sotop emes ХХХХХХХХХХХ bawkalarga ulgu bolsun da sotop ne kylat 2 ai ele jazasyn alat da 4ygat da kaira ele ba9gysyn bawtait baaryna alsyz a9ldardy kunoloisunor oz napsinerdi tyi9 albagan Erkek symaktar baaryna siler kunolusunor bir nerse bolso a9l kiwiden 4ygarasynar bolgon ku4unordu bawka kylarga iwiner jokpu silerdin syilagandy voobwe bilbeisiner eki sozdun biri enenden bawtalat eneden emes ХХХХХХХХХХХ enesin syilabagandar bawkasyn kaidan syilamak ele
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-01 10:01:36
01.03.2018. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Может бул ойдон чыгарылган жомокдур кана ошол кишинин суроту элге алып чыгып шерменде кылбайсынарбы ошол чын болсо не камераны караган адам келесобу кичине ишеничтуурок маалымат чыгаргылачы
01.03.2018. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энелер кирбесин деп эле ойдон чыгарылган окуя кантип ушундай болсун андай ишти жасаган адам 1-ден мектепке кирбейт 2-ден качсада ал адам карматпайт 3-дон кантип эле кузотуу камерасын караган адам ал адамды кармаган эмес
ADIL_AYDAROV түзөттү 2018-03-01 03:36:32
03.03.2018. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ADIL_AYDAROV, окуя болгон учун жазышты да кызыксын го. Мектепке кирбейт деп мас экен деп жатышат мас адамдын колунан баары келет.
05.03.2018. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ne.vajno,oilonson kichine
05.03.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ne.vajno,mas emes dep jazywyptyr okusan
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: