3 балалуу келин: «АТАСЫЗ ӨСКӨМ. БАЛДАРЫМ ДА АТАСЫЗ ЧОҢОЮП ЖАТЫШАТ»

№800 2-март -8-март, 2018-ж.


30 жашында 3 баласы менен жалгыз калган келин «мен да апамдын тагдырын кайталадым» деп арманын айтып отурду. Каарманыбыз Бегайым Мамбетованын айтымында, ал бала чагынан эле жокчулуктун торунан арыла элек.


«БАЛДАРЫМ КААЛАГАНДЫ АЛЫП БЕРЕ АЛБАЙ ЫЙЛАП КАЛАМ»
– Мен 1987-жылы Орусиянын Красноярск шаарында төрөлгөм. Атам аскер кызматкери болгондуктан көчүп-конуп иштечү экен. Орусияга кетип баратканда апамды кошо алып кетиптир. Аялы катарыбы же сүйлөшкөн кызы катары алып кеткенби, экөө расмий түрдө никеге турушканбы, аны да билбейм. Мен төрөлгөндөн кийин экөө ажырашып кетишиптир.
Мен кичинемден таенем, апам менен чогуу Бишкекте жашап чоңойдум. Апам «Дордой» базарында соода кылып иштечү. Бирок анда да жетишпеген жашоодо, өзүбүздүн үй жок, батирде жашадык. Башка кыздардай болуп каалаган кийимимди кийип, каалаган оюнчугумду ойной алчу эмесмин. Бирок апам сураганымды алып бергенге аракет кылчу.
Мен апамдын тагдырын кайталадым. Азыр мен дагы балдарымдын жүгүн моюнума артып жалгыз калдым. Апам сыяктуу эле балдарыма каалагандай жашоо куруп бере албаганыма, алар сураганды алып бере албай жатканыма ыйлагандан башка аргам жок. 3 балам бар, алардын улуусу 10, экинчиси 7 жашта болсо, кичүү кызым 9 айлык. Кичинекей кызымды карап, иштегенге мүмкүнчүлүгүм жок отурам. Кээде унубуз да жок калган учур болду. Андайда бирөөдөн сурап болсо да балдарымдын курсагын тойгузганга аракет кылам.
Жашап жаткан 2 бөлмөлүү батир үчүн айына 5 миң сом төлөйт элем, аны азыр төлөй албагандыктан ээси үйдөн чыгуубузду талап кылып жатат. Буга чейин бир эже жардам берип батир акысын төлөп берип турчу. Батирдеги буюмдардын баары үй ээсиники. Менин бул үйдө балдарым, бир столум жана бир аз идиш-аягым гана бар.


«АТАМДАН КӨҢҮЛҮМ КАЛГАН»
– Атамды ойлогондо жалаң гана жаман нерселер эсиме келет. Анткени ал мени эркек бала болот деп күткөн экен, кыз болуп төрөлүп калганым үчүн мени жаман көрчү. Мен мурда дайыма апамдан атамды көргүм келгенин айтып сурана берчүмүн, апам болсо жолуктургусу келчү эмес. Бирок мен атам менен бир нече жолу жолуккам. Анын мага кылган мамилеси, айткан сөздөрүн эстегим келбейт, андан көңүлүм калган. Азыр атама жолуккум да келбейт. Анын азыр башка үй-бүлөсү, эркек баласы бар экенин билем. Толук кандуу үй-бүлөдө чоңоюп, жанымда бир туугандарымдын болгонун каалачумун. Жашоодо эң чоң өкүнүчүм – бир туугандарымдын жоктугу. Ошондуктан өзүм көп балалуу болгум келчү. Бирок минтип 3 баламды да бага албай кыйналып жатам. Бул менин маңдайыма жазылган тагдырым деп билем. Тагдырдын катаалдыгына эч ким күнөөлүү эмес, анын ичинде мен дагы.

«АПАМА АЙТПАЙ ЖИГИТИМ МЕНЕН ЖАШАП АЛГАМ»
– 19 жашымда бир жигит менен таанышып, аны сүйүп калдым. Жарым жыл сүйлөшкөндөн кийин апама айтпай эле экөөбүз чогуу жашап алдык. Анткени ошол кезде апам менен урушуп кетип, үйдөн качып кеткен элем. Апам мени издеп 3 күндөн кийин таап алды. Апама «жигитимди сүйөм. Эч жакка кетпейм, жигитим менен жашайм» деп калып калгам. Экөөбүз расмий түрдө никеге турган эмеспиз, жарандык никеде эле жашадык. Ошондон кийин экөөбүз ажырашып, кайра жарашып жүрүп 3 баланын ата-энеси болдук.
Ажырашууну мен дагы каалаган эмесмин. Өзүм атасыз өскөндүктөн балдарым атасыз калбасын деп чыдап жашап көрдүм. Бирок ал бизди бага албай жатса кандай кылам? Азыр деле жолдошум «аракет кылам, силерди багам» деп келсе кечирүүгө даярмын. Анткени балдарым «атам качан келет?» деп сурай беришет. Айрым окуучуларды мектептен атасы алып кеткенин көрүп жаман болушат.
Жокчулуктун айынан эле уруша бердик, тажап кеттим. Жолдошум бизди бага албай жатат. Ал кыш куюп иштечү. Жумушу сезондук болгону үчүн кышында үйдө отуруп калчу. Жашообузда эч качан баары түгөл болгон эмес. Азык-түлүктүн бири бар болсо, экинчиси жок. Пияз, май алсак, картошка, күрүч жок болуп калчу. Мен официант болуп, кээде унаа жууп иштечүмүн.

«ҮЙҮМ, АНЫН ИЧИНДЕ БАЛДАРЫМДЫН ӨЗ БӨЛМӨЛӨРҮ БОЛУУСУН КЫЯЛДАНАМ»
– Азыр иштеп каражат табайын десем кичүү кызымды таштаганга адам жок. Жакын каралашар адамым да жок. Таенем инсульттан, апам жол кырсыгынан каза болушкан.
Мен 40 жашка чыкканча балдарым өзүбүздүн үйдө жашап калышын каалайм, ошого аракет кылам. Ар бир баламдын өзүнүн бөлмөсү болуусун кыялданам. Анткени мен кичинемде ошол нерсени кыялданчумун. Өз бөлмөм болсо, оюнчуктарымды бул жакка койсом, анан сабак даярдачу парта бул жакта турса деп элестетчүмүн. Ушундай шартты түзүп бергим келет балдарыма. Кызым бир аз чоңойсо эле иштеп баштайт элем. Бул убактылуу кыйынчылыктан чыгууга жардам сурайм. Бирок жардам беримиш болуп түр көрсөтүп жаман ниет менен келген мырзалар да болуп жатат. Мисалы, жакында эле бир байке келип «жакшынакай экенсиң, кечинде келсем болобу?» дейт. Коркуп калдым. Ушул убакытка чейин көп жакшы адамдар жолукту. Жардам берип, бизди ачка калтырбай жаткан элге ыраазымын.


 

"Бул үйдө балдарым жана бир аз идиш-аягым гана бар".
"9 айлык кызымды таштап иштеп кете албай жатам".

 

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Атасыз өскөм. Балдарым да атасыз чоңоюп жатышат" дейт жалгыз бой эне

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(43)
06.03.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
балдарына эле жалко ...
06.03.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кудайым берген жашоону татыктуу жашап отуш керек колдон келсе,суйдум куйдумдорго ишенбей 19жашында озумдун жашоом озум чечем деген экенда,балдарына эле боор ооруйт
06.03.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Өзү атасыз өскөн болсо анан жакшына турмушка чыгууну ойлонбодубу? Никесиз, энесин нааразы кылып...Башында ойлонуу керек эле
06.03.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азыр акчаны куйо табат, куйо багат деген стереотип жок. Кимдин колунан келсе ошол акча таба берет. Балдарын куйосуно каратып коюп жумушка чыгыш керек. Азыр тигуучу келиндер 20-30 минден акча алып бир уй булосун багып жатышат. Эркектерге деле кыйын азыр иш табыш. Мен билгенден 2-3 келин швея болуп иштеп киин куйлорун уйротуп алып чогуу иштеп жатышат. Бул келин деле балдары чонойгуча озу иштеп, киин балдарын бакчага берип куйосу экоо иштесе болчудай экен
06.03.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бут кол ден-соолугунар жайында бул убактылуу эле кыйынчылык отуп кетет.Эртен буйруса балдарын чонойсо баарынар биргеликте бутунарга туруп аласынар.Кудайга шугур дегиле азыркы жашап аткан жашооно.
06.03.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жолдошун 1 сом тапса да берекелуу болот.Жарашкыла дагы кызын садикке барганча кысып жашап тур!Садикке берген сон экоолоп бутка туруп аласынар.Колу бутунар соо,акылынар соо туруп элден жардам сурабай.Элдин жашоосу деле силердей.Пияз болсо май жок.Экоону тен тапсан носкин жыртылган же унун тугонгон.
06.03.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тообо..........озун качып тийип уч баланы тороп....кудайым озу сизге жар болсун.
06.03.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Келжиреп эле жазат десе жаза бербегилечи озунорду акылдуу сезип, эн кичуум кичинекей болуп караганга киши жок иштей албай жатам деп атат, балдары ачка отурса айласыздан коомчулукка кайрылып атат да, жаштыкта жанылышпаган ким бар?! баарынар эле зымга тизгендей туз жургонсуп укмуш жазасынар го!
11.03.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Arlenchik,туура айтасыз,ким эртенки кун не болорун билбейт,дир тууган ата эне болсода бир жон,жалгыз уч бала багуу кыйын.
07.03.2018. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп баскан аяк бо́к басат деген чын ОЗУ. Апасын укканда мындай болбойт эле. Тобо кылыныз.
07.03.2018. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буткон ишке сынчы коп дегендей
Бул жерде куйоосу экоонун мамилеси келишпей урушуп атат, ынтымак болбосо береке ырыскы болбойт .
Азбы коппу Сабыр кылып, куйоосун эр кылып сыйласа мумкун балдары атасы менен чогуу болмок.
А дейбиз бу дейбиз
Тагдырга жазганын коробуз.
Балдарына жакшы тарбия берип чонойтсо
Балдардан урмат сый корот буйруса.
Акча байлык табылат, ден соолук берсин балдарына.
07.03.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен деле 40ка жакындап калдым. Али үйүбүз жок. Жакшылыктан үмүт үзбөй, балдарды тарбиялап окутуп жүрөбүз. Сендей үйү жоктор толтура. Балдарыңды атасыз өстүргун келбесе, жолдошун менен мамиленди жакшырт.Чогуу аракет кылгыла.
07.03.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Номерин же дарегин кантип билип алсак байланышсак болот
07.03.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Электроный кантип акча которсок болот..
08.03.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orozaly737373, aizada.ru,
Саламатсыздарбы! Байланыш номери: 0707 00 30 53
08.03.2018. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйоон менен жараш дегендер кызык го,кыз айтыптыр го келсе жарашам деп,куйоосу жоопкерчиликтен качып журот да. Булар бутуна турганда келет эми оозунда тиши кубулуп. Бул кундор да отуп кетет,Кудай буюрса озунордун уйунор болот,жакшы ниет кылгыла
08.03.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоону алып келип балдарды каратып коюп озун иште кунуно 300 сомдон тапсан да тамака зарыкпай жашайсынар жайдын куну полеге чык болбосо Кыргызстанда кафе чайканадан коп нерсе жок. Официант бол и баса Бишкек же Ошто болсон ошол шаардын тазалык муниципиалдык ишканасына кир жакшы айлыгы бар танга жуук кетип кундузгу саат 12
бирлерде бошоп каласын.
08.03.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сен атасыз осконсун аз келгенсип атанды сага апам жамандай берген атан менен жолугушкан кезде апандын жаман создору эсине тушуп атан менен жакшы суйлошкон эмессин. Анан турмуш курган кезде мен коп кузоттум атасыз оскон кыздардын арасында ажырашуу деген ото коп экен буга ата тарбиясы уй булодогу эркектин ролу деген тушунук аларда жок болуп калат. Анан эркектен ото коп талап болот сенин тушунугундо эркек баарын жасаш керек дегенге ишенип алгансын бул туура же туура эмес деп айта албайм куйон менен
08.03.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйон менен жараш дагы ага сен стимул бол акча жетишпеседа кулуп суйлоп жанында колдоо бол баары жакшы болот де баарын экономдоп иштетип Акча болгон кезде чачып керексиз нерсе албай жону жок жеп ичкенге сарыптабай уномдуу пайдалан Куйонду бираз ук айткандарын колунан келишинче жаса ошондо силерде береке болуп анан жашоонор онолот 1 кун урушкан жерден 40 кун береке кетет деген эски соз бар Атасы менен жашоосун калап жатат экенсин бул деген жакшы эми чогу жашаганга аракет кыл бактылуулукту каалайм
09.03.2018. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироону табалаганга кыйынбыз анан да аркасынан "табаа эмес тообо" деп жазып коюшат.Эн биринчи ошондуктан уй булодо толук кандуу тарбия болуусу шарт.Бул нерсени заманыбыз ачык эле корсотуп турат.Мына ушул нерсенин жоктугунун себеби да.Анткени байкасак ушундай жарды уй булоодо чонойгон,кичине кезинде мээримге тойбогон,уй булосундо ата энесинин биринин жоктугунун себебинен "жылуу" мамилеге зар болушуп бат алданып калышат.
aku91 түзөттү 2018-03-09 01:26:46
09.03.2018. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунуу менен кабыл алып жашоосуна куч кубат беруучу созунорду эле жазып койсонор.Соз да болсо жардам го.Сынган адамды сындыра бербей.
Колунардан келип турса жардамынарды аябагыла.Айтат го пендеден болбосо Кудайдан кайтат деп.Балким,ушул эженин балдарынын колунан жакшылык коруп калаарсынар ким билет.Кайтар дуйно...
Пенденин баары адашуучубуз.Адашкандардын ичинен туура жол табып кетсин эжекебиз да.Баарыбыз эле акылдуу,билерман болуп торолсок кана анда Кыргызстан "Гений" олко болмо
aku91 түзөттү 2018-03-09 01:21:50
09.03.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми балдарынды апана каратып иште озун белинди бууп ыйлап отура бербей
10.03.2018. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Targarien,макаланы жакшылап окубайсынарбы апам жол кырсыгынан отуп кеткен деп жатпайбы.
09.03.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми тууганды токтот мээнди иштет уч баланы чонойтуп ал Апана же куйооно каратып коюп иште
09.03.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр
10.03.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашыккан ит кор тууйт дейт эжекеси.Апан менен урушуп сен ушундай жашоону тандап алгансын.Азыр эми кызын сени менен урушуп качканын элестет.
11.03.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай тыннчылык берсин...
12.03.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кундор дагы отуп кетет эжеке.Сыноолорго сынбаныз.Жаш кезде жаман жакшы созго дагы тушунбогон кез болот турбайбы.Откон ишке окунбонуз.Чырактай уч баланыз бар экен балдарыныз омурлуу ыймандуу болсун.Акыл уйроткондон корокчо колдоп койолу.Бактылуу болсун!
12.03.2018. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билишимче бул келиндин мунозу ушул тагдырга жараша.
12.03.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берки 2балдары деле чонойуп калыптыр аларга каратып. Эок дегенде тазалыкка иштесе эрте менен эрте барып же тункусун швеяда жумуш бар куйосун акыры алдап чакырсында кандай гана жашоо кыйын .бул убакытта оттуп кетет балдарын тез эле чонойуп ал кундор арта калат.биз жолдошум экообуз баллалуу болоалбай журобуз балан жок болсо да жашоо кызыксыз экен.
12.03.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи турмушка чыгып же уйлонуп жатып балдарымды багып кете аламбы деп биринчи ошону ойлонуш керек анан кылып алып жообкерчиликтен качпай .куйоосу балдарын ойлобой кетип калганын анда убанында айтыш керек эле да мен бага албайм деп
12.03.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул келиндин адресин номерин жонотунузчу колдон келишинче жардам берейин бул да сооп болот .эс алууга короткон акчабызды андан коро ушул балдарга берели
12.03.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yasmin18, 0707 00 30 53
13.03.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо куйоосу акчаны аз тапканы учун ажырашканбы.же мен тушунбой калдымбы.ата эне деген эркек табабы.аял табабы экоо бирдей аракет кылыш керек.турмуштун женилинеда.кыйынчылыка да чыдаш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: