СҮТ ИЧКЕНИ ҮЧҮН 8 ЖАШАР КЫЗ КАТУУ САБАЛЫП ООРУКАНАГА ТҮШТҮ. Кылмышка шектелип анын өгөй энеси кармалды

№802 16-март -22-март, 2018-ж.


2018-жылдын 10-мартында түнкү саат 1лер чамасында Бишкектеги 3-балдар ооруканасына денеси көк ала болгон 8 жашар кыз алып келинген. Ал секелекти өгөй апасы жана 3-класста окуган агасы сабаган деп болжолдонууда.

КЫЗДЫН САБАЛЫШЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
"Тез жардам" унаасы менен Бишкектеги 3-балдар ооруканасына түшкөн кыздын абалы тууралуу нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Мелис Назаралиев маалымат берди. Айтымында, жабырлануучу кыз ооруканага баш мээси чайкалып, денеси, башы, моюну, колу-буту канталап көгөргөн, сыйрылган абалда түшкөн. Мелис Назаралиев анын абалы жакшырып калганын жана жакын арада ооруканадан чыкса болорун кошумчалады.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Назира Имангазиеванын айтымында, бул факт боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (ден соолукка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. 13-мартта кыздын өгөй апасы аны сабаганга шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгына карап кылмыш иши башка беренеге өзгөрүп кетиши мүмкүн.

«ӨГӨЙ ЭНЕСИ МЕНЕН АГАСЫ САБАПТЫР»
Сабалган кыз учурда ооруканада дарыланууда. Өзү менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Аны менен оорукананын бир палатасында жаткан Чынар Саттарова кыздын абалы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кыз ооруканага денесинде, бетинде тамтыгы жок көк ала болуп түштү. Өзү отура албайт. Башы айланып, кусуп жатты. Сурасам, «Өгөй апам мени уруп, тамак берчү эмес. Курсагым ачканынан бөбөгүмө деген сүттү ичип алдым. Ошол үчүн сабады» деп айтты. Мурда көк ала болуп, анын үстүнөн дагы жаңы көк алалардын пайда болгону экспертизасы жок эле көрүнүп турат. «Чөмүч, зым менен урчу. Бир жолу зым менен сабаганда эс-учумду жоготуп койгом. Өзүмө келсем, башым шишип кетиптир» деди. Колуна, бөйрөк жагына отургуч менен чааптыр. Бөйрөгүнүн үстү көк ала болуп, шишип кетиптир. Беттери да көк ала. Бетине кашык менен чапкылаптыр. Моюну тытылган, колдун изи турат. Ал боюнча «муунтканда апамдын тырмактары кирип кетти» деп түшүндүрдү. Мунун баарын өгөй апасы жана 3-класста окуган байкеси экөө жасашыптыр. Айтканына караганда, байкеси өгөй апасынан коркконунан кошулуп сабачу экен. Денесинде тиштин издери турат, өгөй апасы муунтуп жатканда байкеси тиштептир. Кыздын абалын көрсөң, жүрөгүң канайт. Атасы тууралуу «Атам жакшы, ал урбайт. Атам жумуштан келип, көгөргөн жерлериме май сүйкөп, өөп эркелетип жаткырып коёт. Атам өгөй апамды урушса, апам мен кылбаган нерселерди айтып, мени күнөөлөп койчу» дейт.
Бир ирет чоң апасы келип, кызга «байкем урду деп эле айт» деп жатканын өз кулагым менен уктум. Ал кеткенде сурасам, «чоң апам «селкинчектен куладым деп айт. Болбосо атаңды камап коюшат. Өгөй апам урду деп айтпа, байкем сабады деп эле айт» деди» деп айтты. Чоң энеси мага «Өзү жаман кыз. Мен да алып барып баккам. Түнкү саат 12де казан калдыратат. Кайсы жаш бала ошентсин?» деди.


«БИР АЙ МУРУН НЕБЕРЕМДИН БЕТИ-БАШЫ ТАЗА БОЛЧУ»
Кыздын чоң энеси Гүлайым Абдыкеримова небереси өгөй энесинин колуна келгенине аз гана убакыт болгонун айтты:
– Неберемди өз апасы карабай кеткен, атасынын колуна келгенине 3-4 айдай гана убакыт болду. Ага чейин Жумгалда таякесинин колунда болчу. Бул үйдө келинимдин мурунку күйөөсүнөн бир баласы, баламдын мурунку аялынан ушул кызы, 3-класста окуган уулу жана экөөнүн 4 айлык баласы болуп 4 бала чогуу жашап жатышкан. Мен баламдыкына бир ай мурун келгенимде неберемдин бети-башы таптаза болчу.
Неберемдин сабалганын угуп, Жумгалдан келдим. Билишимче, неберемди өгөй энеси менен өзүнүн байкеси «тамак уурдап ичесиң, сүт уурдап ичип алдың» деп сабашыптыр. Байкеси калак менен башка чааптыр. Буга чейин алардын урганын уккан эмесмин. Атасы сабашы мүмкүн эмес. Балам жоош. Бирок келиним мага «мен ургам» деп айтты. Муну угуп алып жаман болдум. Уруксат беришсе, кызды айылга алып барып багам.


«МЕНИН КҮНӨӨМ ЖОК»
Биз 12-мартта сабалган кыздын өгөй энеси Аруукеге байланышып, анын оюн да укканбыз. Ал кезде тергөө абагына камала элек өгөй эне кызга кол көтөргөн эместигин айткан:
– Өз энеси таштап кеткен балдарды мен багып жатам. Кызды өзүнүн байкеси тепкилеп урчу. Байкесин 2 жашынан баштап бактым. Азыр байкеси мага «Апа, кечирип койчу. Карындашымдын кичинекей баланы тумчуктуруп жатканын 2-3 жолу көрүп калып сабагам» деп айтып жатат. Мен кызга тийген жокмун. Улуусун окутуп, бир жерине залака тийгизген жокмун. Бул кызды да окутайын деп мектепке алып барсам, орун жок деп албай коюшкан. Анан өзүмдүн боюмда болуп калып, ооруканалап жүрүп, ал кызга көп көңүл бурбай, окута албай калдым.
Мен да кордук көрүп чоңойгом, жетим кызмын. Ата-энем, бир туугандарым жок. Бул кызга андай мамиле жасаган жокмун. Тескерисинче, көтөрмөлөчүмүн. «Кызым, сени медресеге окутам, сен жакшы жүр. Сени апаңдын көзүнө көрсөтүп окутам» дечүмүн. Кудай уруп кетсин, Куранды деле кармап берем. Эч кандай залака тийгизген эмесмин. Менин эч кандай күнөөм жок.


Аламүдүн райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев жабырлануучу кыздын өз апасы изделип жаткандыгын айтты. Анын айтканына караганда, эгер апасы 2 баласын негизсиз таштап кеткен болсо, ал энелик укугунан ажыратылат. Ошондой эле тергөөнүн жыйынтыгында өгөй апасынын кызды урганы далилденсе, ал да өзүнүн балдарын багуу укугунан ажыратылмакчы. Бул үй-бүлөнүн балдарынын кичинекейлери балдар үйүнө, улуу баласы интернатка жайгаштырылды.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



Ур-токмокко кабылган секелек: "Чөмүч менен башка койгулайт"

Автор: Айнуска Жороканова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(57)
20.03.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Огой огойда барибир калп эле актанып атканын
27.03.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juroktoshum,огой болсо эле жаман болот беле беш кол тен эмес. Менин деле жолдошумдун мурунку аялынан 2баласы бар келип кетип турушат бир жакшына карайм озумдун балдарымдай.
20.03.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Курсагын жакшы тойгузбаса любой жаш бала тунку саат 12де эмес, 2,3до да казан калдыратат...
20.03.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Атасы күнөөлүү баарына.атасы урганымды билсе колумду сындырат деген түшүнүк болуш керек эле аялында.айгыр катын кылбай тартипти көзөмөлгө алып жүрүш керек.
20.03.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мындай балдар мээримсиз болуп чонойушат. Кеч боло электе жакшы уй булоого берип жакшы бакса жакшы болмок. Менин папамды да огой энеси кордоптур ушул сыяктуу эле. Азыр папам кишиге жакшылык кылгысы келбейт, мээримсиз. Уй булоосу дагы озгорто алган жок.
20.03.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне деген ХХХХХХХХХХХХХХХ оз энеси таштап кетсе сен багып жыргатпай эле балдар уйуно берип салсан курсагы тоюп таза тыкан, окуп билим алмак, мин наалат, ал деген наристе, карачы денесинин кандай кок ала, оз баланды бироо урса, четине чертсе жанын чыгып кетсе керек, менин баламды кудай озу сактасын, бироо четине чертсе коргозмокмун.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-20 18:14:09
20.03.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Башка олкодо ушундай болсунчу коомчулук туп которулуп огой энесин, оз энесин, чон энесин кошуп каматып тынмак. Огой эне жыргатмак беле, айбандан айырмасы жок неме экен. Чон энесинин озу жаман кыз дегени эмнеси? 8 жаштагы бала дале периште да, айылга алып кетеп дептир, алып кетсе деле жыргатпайт ал кемпир.
20.03.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akmak katin ozu ata enesi jok chonoiso bul katinda ech kandai enelik meerim bolboit da baikush kiz kantip bailanishsak bolot
20.03.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
chon apasi srochno alip ket
20.03.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Курандан айланып кеткир, жан ширин болгондо куранды кармайм дейби, огой апасын камаш керек
20.03.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мумкунчулугум болсо озум багып алмакмын балада эмне куноо эмне кылган кундо да бала Али.Ошон учун ажырашбагыла зыянын балдар Гана тартат
20.03.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айбанда мындай кылбайт.Аллах жазаласын,ошончолук ургудай сага наристе кыз эмне кылды.турмодо чирисин мындай адамдар
20.03.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсы жаш бала казан калдыратсын дегенин кара мунун. Курсагын тойгузбай 1 кесе тамагынарды аясанар калдырататта байкуш. Бир кун калдыратып койгондур, ошону эми коп кунго жойуп айттыбы? Ошол бир кун калдыратып бечара тамак да жебегендир. Жат жайына тойбос деп урушкандырсынар кичине каткан нан берип алып?! Бир кун калдыратканы учун 10 кун уруп мурдунан чыгардым анан деп айтып койбойт беленер жашырбай эле?!!!!!
21.03.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дайым ачка журсо
Тамак Эле жегиси келет да
21.03.2018. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жаш наристеде эмне очу бар экен анчалык тепкилеп тиштеп ургудай акмак десе. Өзү жетим болуп кордук көрүп чоңойсо психологиясына синип калган да анан урган
21.03.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Агасы 3 класс болсо болгону 9 10 жашта экен, ушунчалык катуу урганга кучу жетеби? Кичине жалгандыда окшоштуруп айтышы керек да, огой баары бир огой, олумуш болуп кызым деп суйлогонун жашабагыр,каматып өзүн да дал ушул кызды сабагандай кылып сабаш керек, ошондо билет мээси жоок акмак,
21.03.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тонналап тамак жегенсип. Жартылуу тамак бербесе жейт да. Жаш наристе тойгонун билбейт. Ушунчалык да урабы фашист эле экен. Атасы не унчукпайт. Тообо кылдым.
P.S. Чубак ажы токол алам десе олкобуз дуу которулду эле. Укук коргоочулар тыпырап укмуш ойгонгон. Териштируу иштери ылдам журуп. Кайда кетти эми? Неге куноосуз наристелер зомбулукка кабылса ун катпайт.
21.03.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен бул кызды багып алат элем. Макул 12де тамак ичсин берем.тунку 3то курсагы ачса да берем. Боорум ооруп айтып жатканым жок. Урматтуу админя, форумчулар бул маселе боюнча кимге кайрылам. жардам берсенер. Кызга болгону тарбия, внимание, мээрим жетишпейт. Чон энесине бериштин кереги жок менимче
24.03.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jdn11, туура айтасыз!
22.03.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койгон статьясын карагыла: ден соолукка атайылап анча оор эмес залал келтирүү. Эзип эле ташаптыр го кызды.
23.03.2018. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен куран кармабаХХХХХХХХ! Озун айткандай кордук коруп чоноюпсун сенин кокурогундогу гнев бироого кордук корсотпостон тура албайт! Керек болсо сутту устунон куюп салса да сенин кокурогундогу гнев тойбойт!
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-23 09:45:59
23.03.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала керек эмес болсо неге төрөдү апасы? Өзү баксын кызды кор кылбай.
23.03.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо,күкүк энеде кептин баары. Балага зар болгур,неге төрөп таштап кетти. Кантип энемин деп басып жүрөт? Өз энеси карабаган баланы өгөй эне жыргатабы? Бул энелерге караганда макулуктар миң эсе жакшы
23.03.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиштепда жазалайбы, тиштегени не шумдук!
23.03.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай бети жок айымдарды ХХХХХХХХХХХХ мындай нерселер сосуз азаят
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-23 14:35:44
24.03.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СӨз жок... ;(
24.03.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8 жаштагы кызды жаман кыз дегени кандай? Бети деле жоккентчон энеси менен огой апасынын
24.03.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам сымал манкурттар кобойуп жатканы окунучтуу
24.03.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш байкеси озу экинчи класс болсо кантип ушунтип сабасын.жаш бала ичкени жарим чыны тамак неге кызганат колу сынсын жазасын бериш керек
24.03.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Главное ребёнку нужно любовь, внимание,забота и воспитание больше ничего не надо.Она сейчас маленькая и беззащитная. У ребёнка нарушено психология.Если каждый раз бить и не давать есть даже у взрослого изменится психика.Просто ребенок должен понять что он нужен семье.А в этой семье она не нужна не кому. Зачем?У мачехи есть ребёнок она будет любить и воспитывать своего ребёнка.Я вообще поражаюсь отцу девочки. Как он вообще допустил до такой состоянии.Да, он должен был ее выгнать пинком под зад.Тв
Asel889305 түзөттү 2018-03-24 23:17:42
25.03.2018. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
актанса актансын. бирок куранга тийишпей эле койсо болмок экен!
26.03.2018. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызды беришсе мен багып алмакмын мейли тундо казан аяк калдыратса дагы наристе курсагы тойбосо калдырат да байкуш 8 жашта болсо школго бара элек экен кор болуптур байкуш
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: