Чыпалак баатыр: «АЗЫРКЫ КЫЗДАРГА АКЧА ЭЛЕ БОЛСО БОЛДУ. АКЧАҢ ЖОК МАҢКА ЭКЕНСИҢ»

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.


Каарманым Чыпалак баатыр бардык нерсени томкорот, сүйрөйт, көтөрөт, чагат, кагат, майыштырат, айрыйт, тешет... Акыркы күндөрү интернет жылдызына айланып бараткан маектешим "Мелис жездесиникинен" атайын жол арытып редакциябызга келди.

Зарылбек Аликенов
Туулган жылы, күнү
– 1986-жыл, 22-апрель
Туулган жери – Чүй облусу, Ысык-Ата району, Жетиген айылы
Билими – Орто
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, 4 бир туугандын улуусу
Каймана аттары – Чыпалак баатыр, XXI кылымдын Кожомкулу

 

– Зарылбек, алгач өзүңдү окурмандарга тааныштыра кетсең.
– Мени «Чыпалак баатыр» деп бир тамада атаган. 20 жашымда тоонун боорунан жарым тоннадай чоң таш кулап, жолду тосуп калыптыр. 2 бала оодара албай жаткан экен, жалгыз эле оодарып, жолду ачкам. Андан кийин өзүмдүн айылымдан 50 литрлик 2 фляганы көтөрүп, 1 жарым чакырымга чейин бардым. Ошондон баштап кара күчтүн ээси экенимди билип, ар кандай трюктарды ойлоп таба баштадым.
22 жашымда Бишкектеги опера жана балет театрына тапшырып, окуумду бүтө албай ары эмес же бери эмес болуп ата-энемдин жанына бардым. Сыналгыдан Ташчайнарды көрүп, балбандыкка кайра кызыгуум артты. Мурун айылда эле «простой» бала болуп жүрчүмүн, бара-бара тойлорго барып Чүй облусуна, андан кийин сыналгы, интернет аркылуу бүтүндөй өлкөбүзгө таанылып жылдызым жана баштады.

– Торпокту көтөрүп чапканың талкуу жаратты. Ал окуяга токтоло кетсең, торпок тирүү калдыбы?
– Торпокту көтөргөнүмдү көргөн кишилер жакшы дегендин ордуна «акмак, тиги-бу» деп жамандап жазышыптыр. Чуу жараткан окуя 2015-жылы январда болгон. Мелис жездемдикине барсам 5-6 чоочун бала жүрүптүр. Алар «торпокту көтөрүп рекорд кылбайсыңбы» дешкенинен 120-130 килограммга жакын торпокту кулачым араң жетип көтөрүп жатсам колуман түшүп кетти. Интернеттен көргөндөр атайын кылды деп ойлоп калышты окшойт, видео толук тартылбай калыптыр да. Ошол маалда өзүм «ё-моё, эми тууган болуп туруп бул торпок үчүн 15-20 миң сом төлөйт экенмин да» деп ойлоп, жүрөгүм түшүп калган. Торпок өлгөн эмес, 5-6 мүнөт өзөрүп жатып өзүнө келген. Кийин килейген бука болуп, керек болсо 1 жыл мурун сатылып да кетти.

– Өзүңдү «XXI кылымдын Кожомкулу» деп тааныштырып жүрөсүң. Чын эле Кожомкул балбанга окшошсуңбу?
– Кожомкул балбан 635 килограммдык ташты 2 колу менен 100 метрдей көтөрүп барса, мен суу толгон 40 литрлик 2 фляганын ортосунан аркан менен байлап, чыпалак менен көтөрүп 20 метр жерге чейин баргам. 11 тонналык автобусту чыпалактарым менен 20 метр сүйрөгөм. 24 килограммдык гиряны 25 жолу көтөрөм. Тойлорго барганда алгач гиряны конокторго көтөртөм. 15тей киши чыпалагы менен белине чейин эле көтөрө алышты, 1 да киши мага окшоп бийик 25 жолу көтөрө алган жок. Мен кыйындын кыйыны болуп жатам да. Жалпылап айтканда, чыпалак менен 15тей, кол, чоку, моюндар менен 10дой өзүмө таандык өнөрүм бар. Ошондуктан мени XXI кылымдын Кожомкулу десе болот.

– Трюктардын баарын өзүң ойлоп табасыңбы?
– Тамадалар «трюктарыңды көбөйтүп, номерлериңди өзгөртпөйсүңбү» деп үйрөтө беришет. Мен оор атлетчи эмесмин да. Керек болсо 200-300 килограмм штанга көтөргөндөрдүн бардыгын сындыргам. «Штанганы чыпалак менен көтөрүп, ордунан козгоп мелдешпейлиби» десем эч кимиси болбой коюшкан. 25 трюкту деле бирөөнү туурабастан ойлоп табуу оңой эмес. Фантазия керек. Күнү-түнү уктабастан, баарын изилдеп таптым.

– Жумуртканы кабыгы менен бүкүлү жутканыңды интернеттен көрүп калдым.
– Илгери балбандар тайдын томугун жутушчу экен. Азыр тайдын томугун жутайын десең катуу да. XXI кылымдын балбаны болгон соң жумуртканы жутуп көрөйүн дедим. Ал дагы кокусунан башталган. Бир ирет Мелис жездем дасторкондо турган 3 жумуртканы көрсөтүп «жутуп көрбөйсүңбү» деди. Майлабай, кургак эле бирөөсүн кыйналбастан жуттум. Экинчиси араң, үчүнчүсү зорго кетти. Бул өнөрдө 3 жумуртка көптүк кылат экен. Көрсө, менин маңдайыма жазып коюптур да «ошолорду кыла аласың, духуң жетет» депчи.

– Башка балбандарды өзүңө атаандаш көрбөйсүңбү?
– Эми атаандаш болгудай башкалар мага окшоп чыпалак менен өнөр көрсөтүшкөн жок да. Балбандар саналуу эле болгондуктан аларды сыйлайсың. Спортчу, ырчыларга окшоп жайнап кеткен жок да, агылып. Балбандардан «лайкта» ашып кетсе бешөөбүз эле жүрөбүз.

– Ташчайнардын (ред.: Нурлан Алишеров) дарегине туура эмес сөздөрдү айтып жүрдүң эле, мамилеңер начарбы?
– Экөөбүз 2014-жылы 1 айдай чогуу иштешип, мамилебиз келишпей койгон. Өзү деле «көзүмө көрүнбөй эле кой» деп ачык айткан. Ал эми ага асылып, сөгүнгөн видеону атайын кылган эмесмин, бир дос бала азгырып тартып, анан интернетке "тыгып" салыптыр, ошентпей эле койсо болмок, мени элге уят кылбай. Эми ошону өчүртө албай жүрөм.

– Сөгүнгөн видеолоруңду туугандарың да көрүптүрбү?
– Эжелеримден бери көрүптүр ал видеону (үшкүрүп). Интернет деген «опасный» экен да. Жайылып кетет деп ойлогон эмесмин. Сөгүнүп бекер кылыптырмын, ойлонуп сүйлөсөм болмок экен. Туугандарым түгүл көчөдөгү элдин көзүн карай албай калдым. Баары эле «жакшы эле көтөрүлүп келаттың эле, эмне болду? Сөгүнгөнүңдү өчүртпөйсүңбү» деп айтып жатышат. Интернетке жүктөгөндөр болсо өчүрбөйт, «өзүңдөн көр» дегенсипчи. Же атайын менин «авторитетимди» түшүрөйүн деп жатышабы, билбейм.

– Үй-бүлө куруу үчүн кыз издеп жаттың эле, сүйүүңдү таптыңбы?
– Таба элекмин. 23 жашымда Айсулуу деген өзүмдөн 2 жаш улуу кызды жактыргам. Ал «мени үйүңө алып кетчи» десе, мен «мага эрте» деп болбой койгом. Азыр ойлосом туура эмес кылыптырмын. Ошентип бактымды бир заматта учуруп жибербедимби. Андан кийин сүйө элекмин, андай кызга жолуга албай жүрөм. Азыркы кыздарга акча эле болсо болду экен. Акчаң жок маңка экенсиң.

– Башка да өнөрлөрүң барбы?
– Рэп жазам, ырдайм, акындык, куудулдук жайым бар. 2009-жылдары рэп жазып дос баламдын айылдаштарына окуп берсем жаш балдардан бери каткырышпадыбы. «Мунуңду тезинен интернетке чыгар. Рэп дерзкий жана Добрский» экен дешти. «Үч дөө» деген ырым интернетте «хит» болуп тарап кетиптир. Андан тышкары «Эркектер-2» тасмасында эпизоддук роль жараткам.

«Өзүм ойлоп тапкан 25тей өнөрүм бар».


Асхат Субанбеков
star@super.kg



Жумуртканы бүкүлү жутуп, чыпалагы менен оор көтөргөн "Чыпалак баатыр": "Жылдыз болуш оңой эмес экен"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(44)
10.04.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айла жок кулосунда.

Жылдыз болуш оной эмес экен дейго.
10.04.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Боорду эзет экен
10.04.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Шамшынын тоосу менен жезденди да корсотпосон болбойт. Ар бир интервьюда айта берип кызыктырып койдун.
10.04.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Сенден мурда Мелис жездең хит болмой болду го,30дан өтүпсүн жаш баладай болбой чоң адамдай ой жүгүртүп адам болчу.Авторитетим деп коет сен аптритет болбой эле шылдың келеке болуп атырысын.Мелис жездеси айтып коюң кайниңизге ХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 14:31:16
13.04.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,флягасы 50литрби или 40
Медиа-портал
10.04.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
озун жылдыз сезип алыптыр да ))))))ХХХХХХХХХХХХ ушулчу
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 09:53:44
SUPER.KG видео
10.04.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 09:53:50
SUPER.KG видео
10.04.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мотуев 2
10.04.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айла жок кулот экенсин да. Коро албай жатасынар деп жазбай эле койгулачы боорду эзбей. Коро албагыдай бирдемеси болсо экен же.
10.04.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
)))
10.04.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Чонтогундо он пачка акчан болуп мага он машина подарка кылсан да мага не интересный типсин. Азыркы кыздарга деп.... сен да кыздарга асылгын келген го эч ким карабай койсо. Мисалы менин суйгон жигитимдин эч нерсеси жок. Бирок суйомун. Кундо жолугабыз. Акчасы мени кызыктырбай.
11.04.2018. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Djal1987,сени карабайт убара болбой эле кой, мында чыпалак бар, каалаганын которот анан ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 09:21:52
11.04.2018. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djal1987,Эмнеси кызыктырат?
13.04.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Djal1987,31 чыгып куйоонуз жокпу?
SUPER.KG видео
10.04.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Жумуртканы жутпай эле койчу! Курсагында калып бир айдан кийин жожо ачып журбогун
10.04.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Адамды шылдындаган куноо болот. Кудай ушундай кылып жаратса эмне кылмак эле. Жасалма эмес болгону ушулда. Силердин колунардан келеби.
10.04.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аман эле болгулада
SUPER.KG видео
10.04.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Онорунон да мунун суйлогону кулкулуу экен.
10.04.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Ичинде кири жок, оюндагыны ойлонбой суйлоп койгон жонокой бала экен, сындап жаман соз айтпай эле ийгилик каалап койгула, булда болсо онор, биз озу ушундай калк келебиз, озубуз кылалбай, кылгандарды кыйын болуп сындап калмай жайыбыз бар, бир нерсеге аракет кылып атабы жонле ийгилип каалап коелу, анын кылганынан кынтык издеп, кемчилик жагын эле карап калбай.
10.04.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
21-кылымдын куудулу да
10.04.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркылар оздорун Кожомкулга,Таттыбубуго,Бакен Кыдыкеевага окшоштура беришет, же бир жери окшошсочу бул интернет жылдыздардын. Жогоруда жазган инсандар чынында эле бут жагынан топ келишкен адамдар болушкан. Кожомкул чыгаан инсан болгон деп айтылат,чыпалак баатырынвр ал кишинин чыпалагына да тен келбейт
10.04.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыжырды келтирет го((
10.04.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башында "Салам Кыргызстандан"көргөндө бае ичи таза адам экен дедим эле,бирок барган сайын ХХХХХХХХХХХХ эле баратат .Авторитет,кыздар мени кармап калгыла,21-кылымдын Кожомкулу тата пата деп.ХХХХХХХХХххх чоңдорчо ой жүгүрт баары сонун болот Чипа ок.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 10:10:44
10.04.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
21-кылымдын чыпалак баатыры. Озунду Кожомкул балбанга тенебей эле койчу. Сен Кожомкул балбандын чыпалагынада тен келбейсин.
10.04.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мотуевдин Баласы эмесби....?
11.04.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Zoluwka6666, жардын го
10.04.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эч кулкум келген жок. Боорум ооруду. Мынча басынтпай эле коелучу. Бул да Кудайдын жараткан пендеси. Мелис жездеси ким болду экен? Бактылуу бол!
11.04.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам болуш аста-аста, жылдыз болуш бир паста
11.04.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул байкеге бираз жетишпейт деп уктум эле.Эмне кереги бар кемсинтип....Коруп турасынарго
SUPER.KG видео
11.04.2018. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баатыр деген сөздү убал кылып жатышатко.
Эч болбосо балбан десеңер! Баатыр менен балбанды айырмасы асман менен жердейго...
11.04.2018. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Штангист болсо болчудай экен куч бар экен жакшыраак башы иштеген жардамчысы болсо олимпиадаеа женет ко.
11.04.2018. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулзат Мамытбек бар го Саентолог Тур турагой кыргызым деген Ошол экоон парасын Суперчилер ошол кыздан дагы интервью алгыла
11.04.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
11.04.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мотуев 2 го
11.04.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ичинде кири жок адам экен, ийгилик сага.
12.04.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арашандыктар ойлонбой суйлоп койчу эле
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: