Жашообуздун маанилүү бөлүгүн ээлеген интернеттин оң жагы менен кошо терс жагы да бизди коштоп жүрөрүн унутпасак. Социалдык түйүндөргө катталып, ал жакка жеке маалыматтарды, сүрөттөрдү жүктөйбүз. Бирок ошол маалыматтар кайра өзүбүзгө каршы курал болору көп ойлондурбайт. Акыркы күндөрү ар кандай жолдор менен каралоолор болуп жатканы катталууда.

«ЖОЛДОШУМДАН МЕН КҮТКӨН КОЛДООНУ АЛГАН ЖОКМУН»
Акыркы учурда вебкам-моделинг кызматына аралашкан кыргыз кыздарынын жылаңач сүрөттөрү интернетке тарап, коомчулуктун катуу талкуусуна алынды. Бул ызы-чууну улай Фейсбуктун бир колдонуучусу өз баракчасына жылаңач кыздын бир нече сүрөтүн жүктөп, анын астына «Кыргыз кыздар, уялбайсыңарбы ушинтип ар кимге фото жибергенден! Түрк таанышыма Мирана деген кыз жиберген экен, ал ар кимге таратып жатат» деген билдирүү жазды. Сүрөттөгү Мирана Мун (Мирана Мамырбаева) аттуу айым экенин айтып, анын баракчасынан да сүрөттөрдү кошо илген. Мына ушул окуяга кандайча кабылып калганын бизге Мирана Мамырбаева төмөнкүчө айтып берди:
– Үйдө кадимкидей эле үй жыйнап бейкапар жүргөм, анан эле WhatsApp`тан тааныштарым «Фейсбукта эмне эле болуп жатат?» деп жаза башташты. Түшүнбөй эмне болуп жатканын териштиргиче тааныштарым четинен жазып, чала баштады. Көрүп эле нес болуп калдым. Алгач жолдошума айттым. Менин таянган адамым эле, бирок ал мен күткөн колдоону берген жок. Сөздөн сөз чыгып отуруп, аягы экөөбүздүн ажырашуубуз менен бүттү. Апам, бир туугандарым, курбу-достордун баары сүрөттөрдү көргөн соң «сен эмес экениң дароо эле билинип турбайбы» деп күлүп эле коюшту, бул окуяны олуттуу кабыл алышкан жок.
Белгисиз жылаңач кыздын сүрөттөрүнө менин баракчамдагы сүрөттөрүмдү көчүрүп кошуп койгон адам Санжар Исаев деген фейк атты колдонуп жүрөт. Экөөбүз бири-бирибизди тааныйбызбы же тааныбайбызбы билбейм, бирок бир журналист деп ойлоп жатам. Жазсам байланышка чыкпайт. Ал адам мага интернеттен эле тиш кайрап калган. Учурда ага каршы далилдерди чогултуп жатам. Бир караган адамга сүрөттөрдөгү айырмачылык дароо билинет, сүрөттөгү кыздын колунда татуировкасы, эрининин үстүндө калы бар экени.
«КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ТИЙИШТҮҮ ЖАЗАСЫН АЛСА ДЕЙМ»
– Эч кимге эч нерсе далилдебей эле коёюн дегем, бирок бул интернеттен мени каралаган биринчи учур эмес. 2017-жылы болгон Дача-СУ айылындагы учак кырсыгына байланыштуу Фейсбукта бир группада талкуу болуп, ошол жерге бирөө менин атымды колдонуп, «оштуктар, сасыбай Ошуңарга кеткилечи!» деп жазыптыр. Аны да билбейм. Көп өтпөй мага чалып да, жазып да коркутуп башташканда гана эмне окуя болгонун билгем. Укук коргоо органдарына кайрылсам, ал билдирүүнү жазган адамдын IP-дареги Беларустан чыгып жатканын айтып, эч кандай чара көрүлбөй, иш жабылып калган. Ал адам менин баракчама окшош клон баракча ачып, менин сүрөтүмдү жүктөп койгон экен. Анан жогорудагыдай билдирүү жазып, аны скрин кылган да, ар кайсы группага таратып жиберген. Анан баягы клон баракчаны өчүрүп салыптыр. Мен жөн жерден жаманатты болуп калгам.
Анда да ошол Санжар Исаев деген колдонуучу тараткан. Мунусунда мени белгилүү журналист кылып пиарлаганына таң калдым. 5-6 жыл мурун super.kg порталында модератор болуп иштегем. Аны деле тактап отурбай, "Супер-Инфонун" журналисти деп жазып, таратып жиберишти. Бул сапар УКМКга арыз жаздым, күнөөлүүлөр табылып, тийиштүү жазасын алса дейм.
«БИЗДЕ ИНТЕРНЕТ ТАРМАГЫ БОЮНЧА ӨЗҮНЧӨ МЫЙЗАМ ЖОК»
«Интернет аркылуу бирөөлөрдү каралаган адамдарга карата кандай жаза каралган?» деген суроого юрист Калыйнур Батыралиев жооп берди:
– Кыргыз мамлекетинде интернет тармагы боюнча өзүнчө мыйзам жок. Бирок башкаларды каралаган адамдарга карата Жарандык кодекстин 16 жана 18-беренелеринин негизинде "Ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо" жөнүндө арыз менен сотко кайрыла алат. Эгер моралдык зыян келтирилген болсо, ушул эле кодекстин 16-беренесинин негизинде моралдык зыянды да өндүрүп алса болот. Муну менен катар тастыкталбаган каралоолорду өчүрүү боюнча да талап коё алат. Себеби ушул эле кодекстин 19-беренесине ылайык, адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фотосүрөт, кино жана башка) анын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Сүрөттү жарыялоо жана таратуу соттун, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын талабына байланыштуу болгон учурларда, сүрөткө тартуу же башкача жол менен сүрөтүн алуу көпчүлүк жүргөн жерде болгон кезде, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда мындай макулдук талап кылынбайт. Эгерде сүрөттөгү адам акы үчүн сүрөткө түшсө, анын сүрөтүн жарыялоого жана таратууга ал адамдын макулдугу суралышы мүмкүн.
Интернетке тарап, талкуу жараткан сүрөт.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg
Бул келин оз куйоосун да аппак деген жери жок. Уйундо кандай тополон болгонун сага айтып отурган жери жок. Ортодогу балдардын келечеги деп ажыраша албаган корунот...
Жашоодо коп нерсени кечирсе болот, бирок изменаны кечируу кыйын нерсе. Туура тушун...
Кызы да, эркеги да кысчу жерин кысып жакшына журушсун, биринчиден зынаа кылып куноого батпай, экинчиден КЫРГЫЗ элин уят кылбай...
Мен лично колдоймун, эгер маалымат чындык болсо....
Ошолорду, ошого окшогондордун фото, видеолорун жуктоо керек. ЭЛ билсин!!!
Ошол учун бузулган кыз-келиндердин сурот-видеоун жарыялаш керек, ата-эне, тууган уругу болсо арданып тыяр.
Ал гана эмес гостиница, суточный квартираларга рейд жургузуп, документ, ЗАГС куболугун сурап, эрди-катын эмес, ойноштор болсо теледен корсотсун эл-журтка. Ошол бузулгандарда намыс калбаса, алардын тууган-уругунда намыс бардыр, тыйып алаар зына жолдо жургон тууганын.
Мисалы сен бузуку жолдо журсон озбек, тажик, турктор менен, бироо сен тууралуу видео жуктосо интернетке, туура кылат. Анан сен арданып асынып алсан оз шорун озуно. Арданып уят болбоо учун туз жолдо журуш керек, никесиз ар кимдин астында уйпаланбай... Намыстуу, ыймандуу болгула кыргыз кыздары...
Кочодо, метродо, соода туйундорундо башка улут эркектери менен ачык эле уялбай ээрчишип, кучакташып обушуп жургон кыргыз кыз-келиндерин коргондо, ошол жерде эле олтуруп койгун келет, Кыргыз улутун шерменде кылган намыссыз, ыймансыз бир сойку кыргыз кыз-келини учун деп турмого тушкун келбейт да. Болбосо барбы...