УКМК САПАР ИСАКОВДУ СУРАККА ЧАКЫРДЫ

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.


Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 26-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. УКМКнын маалыматына караганда, Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Исаков сурактан чыккан соң "президенттик аппаратта иштеген убактагы жумуштарым боюнча кээ бир суроолорду берди. ЖЭБ боюнча менин күнөөм жок" деп комментарий берди.
26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардыктар 1 апта жылуулуксуз калышкан. Бул окуядан улам Кытайдан карызга алынган 386 миллион долларга ЖЭБди жаңылоодо көп күмөндүү иштер орун алганы маалым болгон. ЖЭБди жаңылоо, анда болгон авария боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Алар: "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев, "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев.
Жакында айрым маалымат булактары "Айбек Калиев тергөө менен иштешүүгө барып, айрым маалыматтарды ачыктай баштады. Дагы кимдер камакка алынат?" деп жазып чыккан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg



Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКда 2 саат суракта болуп чыкты

Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: