10-майда шоу-бизнестин атактуу түгөйлөрү, ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын заманбап үлпөт тою өттү. Жубайлар достору менен сейилдөөгө чыгып, Бишкектин четиндеги эс алуучу жайлардын бирине токтошту. Аларды коштоп Данияр Эрматов, Нияз Абдыразаков, Эрнист Сыдыков, модель Бегимай Карыбекова, Айдана Дека, Малика Дина менен казак актёру Еркебулан Токтар баштаган бир топ чыгармачылыктагы достору менен курбу-курдаштары эки жашты коштоп жүрүштү.
Тойго Нурлан Насиптин досторунун баары смокинг кийип келишсе, Кадырбекованын курбулары бир түстөгү, тагыраагы, көгүш түстөгү окшош көйнөктөрдү кийишиптир. Аселдин курбусунун милдетин бала кезинен берки досу, бирге окуган классташы Айсулуу аткарды.
Жаштардын үлпөт той үчүн кийген кийимдеринин бааларына кызыксаңыз төмөндөгүдөй. Нурлан Насиптин костюм-шымынын баасы 26 миң сом болсо, көйнөгү 2500 сомду түзгөн. Бут кийимине болсо 3000 сарптаган. Ал эми Асел үлпөт көйнөгүн атайын буюртма менен Наиль Байкүчүковго тиктирген. Анын баасы башындагы таажысы менен чогуу 275 миң сомду түзсө, бут кийимин 15 миң сомго алган.
Айта кетсек, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова концерт тоюнда өкүл атасы, өкүл энеси катары бал шириндер аталган Урмат Усенов менен Неляны шайлашты. Өкүл ата Урмат буларды билдирди:
– Албетте, кубанычтабыз. Өкүл ата-эне болуш жөн эле нерсе эмес, өзүнүн моюнга тагылган милдети бар. Эки жашка турмуштук кеңеш менен жардам берип, алардын ынтымагын бекемдөө да. Ата-энесине айта албаган маселелер болсо өкүл ата, өкүл энесине айтат. Биз дагы жоопкерчиликти аткарганга даярбыз.Чыгармачылыкта Нурлан менен Асел экинчи өкүл бала, өкүл кызыбыз. Биринчиси Мирбек Иманбеков жубайы экөө болчу. Нурлан менен мурун эле ага-ини катары жакшы мамиледе болчубуз. Анын эмгекчилдигин, тарбиялуулугун, талантын сыйлайм. Үйлөнөрдүн алдында телефон чалып сунуштады. Нурланга чын дилимден батамды берип, макул болдум.
Ылайым бал шириндердин жолун жолдоп, чыгармачылыкта да жетелешип жүрүшсүн демекчибиз.
"Супер-Инфо" гезитинин кийинки санында жылдыздардын тоюнан эксклюзивдүү репортажды окуңуздар.
star@super.kg
Тойдон чарчагандар,коругусу келбегендер силерди эч ким мажбурлабай эле окугула деп,озунор кыгыщып кирип жазып жатасынар
Каалабасанар чоон аттап отуп кеткиле темадан.