|
САПАР ИСАКОВ «САЯСИЙ КУУГУНТУК ЖҮРҮП ЖАТАТ» ДЕЙТ№811 18-май -24-май, 2018-ж.
ЖЭБди жаңылоо ишин иликтеген депутаттык комиссия "Сапар Исаковдун жогорудагы каты ТВЕА компаниясынын тандалышына олуттуу таасир эткен" деп жарыялаган. Кыскача айтканда, депутаттык комиссия Исаковду «2013-жылы ТВЕА`нын кызыкчылыгын көздөгөн» деп сындап жатышат. Исаков президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары өз ыйгарым укуктарынын алкагында гана иш кылганын, экс-президенттин атына жазылган кат маалымат иретинде гана болуп, анда кайсы бир компанияны тандоо керектиги жөнүндө сөз жок экенин айтууда. УКМКга суракка келген мурунку премьер-министр «саясий куугунтук жүрүп жатат» деди. "Алмазбек Шаршенович менен иштеген команда абдан таза иштеген, коррупция жок. Ошол команданын ичинде азыркы президент Жээнбеков да болгон. Ошондуктан ал киши деле өзү билет. Тергөө иштери саясат жок жүрүш керек, парламентте депутаттар өз иши, тергөөчүлөр өз иши менен алек болуш керек. Жалган жалаа менен күнөөлөгөн туура эмес. Ким күнөөлүү экенин сот чечет. Депутаттар акыйкат болсо, ЖЭБ боюнча кээ бир аттарды жашырбай баарын айтыш керек",- дейт нааразы болгон Исаков. Адилет Керимбек уулу Сапар Исаков: "Саясий куугунтук болуп жатат"
Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|