Жол кырсыгынан каза тапкан Сания Шакированын апасы: "Кызымды Кудай эрте алып кетерин билип ийгиликтерди берди окшойт"

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.


Сания Шакирова 2018-жылы 28-марттан 4-апрелге чейин Вьетнамдын Нячанг шаарында өткөн «Miss Universe Beauty» (Турмуш курган эң сулуу келиндерди аныктоочу дүйнөлүк сынак) эл аралык сынагына катышып, «Missis world 2018» («Дүйнөнүн сулуу айымы-2018») наамын жеңип алган.

КЫРСЫК...
2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда жол кырсыгы катталган. Унаада 1 айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Алар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй бара жатып Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова каза болуп, жанындагы 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сания Шакированын сөөгү 4-июнда жерге берилди. 12-июнда маркум 31 жашка чыкмак...

МОСКВА...
Кызынан айрылып, кан жутуп отурган Саниянын апасы Насипа Мамбеталиевага байланышып, азасы менен тең бөлүштүк. Көзүнө жаш алган эне кызы тууралуу буларга токтолду.
– Менин 4 кызым, 1 уулум бар. Сания кичүүсү болчу. Жакында туулган күнү болмок, ошого жетпей кетти, байкушум. Кичинесинен колу эптүү, бир нерсе жасай койгонго шыктуу эле. Чачтарды жасалгалап, өрүп эле отурчу. Сания 17 жашында үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу Москвага иштегенге кетти. Ал кез кыйын замандар болчу. Ал жакта 10 жыл жүрдү. Алгач сулуулук салондо чач жасалгалап жүрүп, кийин маникюр жагына өтүп кетти. Өзгөчө дизайндарды ойлоп тапчу. Иштерин интернет аркылуу мага жиберип калчу. Орусиялык жылдыздар Ольга Бузова, Маша Малиновская, Авраам Руссо менен иштешти.
Ата-эне балдарынын ийгилигине кубанат да, бири президенттигине сыймыктанса, экинчиси министрлигине сыймыктанат. Мен кызымдын жакшы иштеп кеткенине, ошол ишинен ырахат алып жатканына кубанчумун. Ксения Бородинанын салонунда иштеп жүрдү. Москвада жүрүп турмушка чыкты. Күйөөсү Москвадагы ИИМдин академиясында окучу экен. Экөө бири-бирин аябай жакшы көрүшчү. Ортолорунда үч баласы бар. Күйөө бала түштүк тараптан болчу. Балким, менталитет дагы өз ролун ойнодубу, кийин ажырашып кетишти. Биз ажырашты дегенде эле бет карашпай калганды түшүнөбүз, алар андай эмес эле. Ортолорунда сый, түшүнүшүү, достук бар болчу. Сания каза болгондо мурунку күйөөсүнүн туугандары ата-энеси менен келип топурак салып кетишти. Күйөө бала аябай ыйлады.

СУЛУУЛУК СЫНАГЫ...
– Кызым эмгекчил, тырышчаак болчу. Иштеп жүрүп өз күчү менен бутуна турду. Үй, машина алды. Москвадан келип алгач Кара-Балтага сулуулук мектебин ачкан. Өзү окутуп тажрыйбасы менен бөлүшчү. Анан Бишкекке ачты. Мода индустриясында жүрүп кыргыздын жылдыздары, таанымал адамдары менен иштешип калды. Ассоль Молдокматова менен жакшы мамиледе болчу. Бир жолу аны менен чогуу Парижге Вячеслав Зайцевдин юбилейине барып калышат. Белгилүү адамдар көп болгон экен, Санияга суктанышыптыр. Ассоль «сен дүйнөлүк сынакка катышсаң болчудай» десе, Сания тамаша катары кабыл алып күлүп коюптур. Келбети, жүзү чын эле сулуу болчу. Үч баланы төрөдү деп эч ким ойлочу эмес. Баары ошондон башталып, 1 айдан кийин Вьетнамга уча турган болушту. Ассоль анкетасын жиберсе, тиги жактан кабыл алышып, бир жума калганда «Дүйнөлүк сулуулук сынагына катышасың, даярдан» дептир. Сания үчүн да бул бир ачылыш болду. Бир жума ичинде эле дефиле, кийим-кечегин даярдап учуп кетти.
Сынак болор күнү телефон чалсам албайт, интернетти карайм, жок. Аябай кабатыр болдум. Бир маалда биздин саат менен 8де байланышка чыкты. «Апа, мен Гран-прини алдым» деди. Сүйүнүчтөн ыйлап жибере жаздадым. Мен жеңерин деле билген эмесмин, «ушундай мүмкүнчүлүк болуп жаткандан кийин эми катышып келсең эле жакшы. Иштериңе да жакшы, дүйнөлүк сулуулук сынагына катышып келди дешет» деп айткам. Анан Гран-прини алып жатпайбы. Телефондон сүйлөшүп бүтүп эле жакындарыбызга сүйүнчүлөп баштадым. Сыймыгым менин... (ыйлап).
Таажысынын салмагы 3 жарым килограмм болчу. Колго жасалган асем буюм. Кайсы бир сынактарда улам өткөрүлүп берилет го, бул таажы ага өмүр бою берилген, андан тышкары 5 миң долларлык акчалай сыйлык, сертификат, Италияга жолдомо беришкен. Июль айында Италияга кетмек.

КАРГАША...
– Сания бардык жаңылыктарын мага айтчу. Жигити тууралуу да айткан, аны 1-2 жолу көргөм. Бирок энемин да, «кызым, үч балаң менен турмушка чыкпай эле койбойсуңбу? Үйүң, машинаң, ишиң бар. Эми эмнеге турмушка чыгат элең?» деп бир ооз айткам. Мага Ысык-Көлгө кетип жатканын айткан эмес, балким, ошол сөздөрүмдөн улам мени каршы болот десе керек. Ал жактан жигити Саниянын колун сурамак экен. Таптакыр түшкө кирбеген иш болду. Ошол күнү сүйлөшкөм. Кийин чалсам эле телефону өчүк. Эч нерсени сезген эмесмин, аян да бербеген, али деле ишенгим келбей жатат.
Машинада айдоочу, жигити, өзү бар экен. Кырсык кандай болгонун билбейм, иш тергөөдө. Жигитинин атасы келип топурак салып кетти. Айтымдарында, ал дагы оор абалда экен, ошол күнү ага да операция жасалмак дешти.
Саниянын мүнөзү элден башкача болчу. Бир нерсени сүйлөсө да сулуу кылып кооздоп айтып берчү. Тамашакөй эле. Ичинде кири жок, жаркылдап жүргөнү үчүн эл жакшы көрчү. Зыйнатына келген кишилерди көрүп кызымдын баркын билдим. Биз тууган-урукка эле кабар бергенбиз. Саниянын өзүн билген адамдар чууруп эле келип жатышты. Өлөргө жакын аябай сулуу, мээримдүү да болуп кеткен. Акыркы 4-5 айда иштери да жакшы жүрүп жаткан. Балким, Кудай алып кетерин билип ошонун баарын бердиби деп ойлоп кетем. Аркасында 2 кыз, 1 уулу калды. Мен аларды апасы каалагандай тарбиялап чыгарам.

«Сания кырсыкка кабылган машинанын абалы».
««Балдарына өтө камкор эне болчу».

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



Жол кырсыгынан каза тапкан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси жакында турмуш куруу алдында турган

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
05.06.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ жакында эле Фейсбукка берген Интервюсун окуп аябай кубанып, сыймыктандым эле..((
А бугун болсо жок...ээх, кандай гана окунучтуу...
Алдыга койгон кандай гана сонун максаттары бар эле бул эженин...
Аллахым Бейишинен орун берсин...(Амиийнь)
12.06.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Чынында Ассоль жазып чыкты го,жигитинин уй булоосу,балдары бар экен.Кандай бети жок акмак?Тируу аялы туруп,башкага коз артып?Машина эзилип эле калыптыр,тиги экоондо эч нерсе жок,а Сания олуп калды.Ассоль жазды го "у него ни царапинки" деп.Ото тан калыштуу окуя
12.06.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх ыйлап алдым окуп.Жайы жанаттан болсун.
12.06.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун,орозо мезгилде отту жакшы кундору
12.06.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ии жакындарына сабыр тилейм... Супер Инфо, дуйнолук СУЛУУ АЙЫМ конкурсунда женген эмес Сания.. а Вьетнамда откон ДУЙНОЛУК СУЛУУ АЙЫМ ФЕСТИВАЛЬда женген... тактык учун....
12.06.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жааакшынакай ажарлуу экен. Аттин... кудайым суйгон пендесин эрте алып коет деген чын белем. Периште... жаткан жерин жайлуу болсун..
12.06.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Семьясы туруп, семьялуу эркек менен мамиле курганына тан каласын да.
12.06.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жигит соройундо кептин баары. Аялы балдары бар эле туруп жашырып бойдок болуп уй булоосун жашырган. Сания билип калып уруш чыккан болуш керек. Былчыйган машинадан ал да тируу чыкмак эмес эле. ( царапинасы жок бутун бойдон деп айтышты го)
12.06.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай айымдын каш кабактын ортосунда эле каза болуп калганын угуп ичиң туз куйгандай эле ачышат экенда
12.06.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айдоочулар кантип дити барат,адам омурунон коркпой,спирт ичимдигин ичип??Тоба бул жакта го биз учун адам олду деп окуп кою оной болгону менен,артында жакындары сыздап жатышат,Жаткан жери жайлуу болсун,жакындарына сабыр
12.06.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай бейишин берсин. Курулай дооматтан бей ажал олумдон сактасын тооба кылдым. Айтылбай келген кырсыктан сактасын Кудай.
12.06.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун Туулган куну экен эле... (
12.06.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сания жаткан жерин жайлуу болсун.аябай шайыр кыз элен.балдарынын атасы Марат дагы жакшы адам болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: