2 НАРИСТЕ ӨГӨЙ АТАСЫ ТАРАБЫНАН САБАЛДЫ. Балдардын апасы: «КҮЙӨӨМ БАЛДАРЫҢДЫ ӨЗ КОЛУҢ МЕНЕН МУУНТУП ӨЛТҮРӨСҮҢ ДЕДИ»

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.


Ушул жуманын башында Чүй облусунда 5 жана 2 жаштардагы 2 бала өгөй атасы тарабынан катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Бул балдарды карап жаткан дарыгер «денелериндеги тактарга караганда, балдар биринчи жолу эле сабалып жаткан жок» дейт.

«УЛУУ БАЛАМДЫ ДУБАЛГА СҮЗДҮРҮП САЛДЫ»
Жабырлануучу балдар учурда Сокулук районунун аймактык ооруканасында дарыланууда. Аларды карап, өзү да дарыланып жаткан апасы Айсулуу окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
-Жолдошум Бактыбек соо кезинде урчу эмес, бирок ичип келсе себепсиз эле мени сабап жатып калат. Көбүнчө башыма урчу. Мунусунда 3 күн катары менен спирт ичимдигин ичип жүргөн. Кечээ (ред.: 4-июнь) болсо мени сабаганы аз келгенсип балдарымды да катуу сабап салды.
Кошунабыздыкына качып барганда эсим ооп жыгылып калыптырмын. Бир убакта өзүмө келсем, коңшу келин мени тургузганга аракет кылып жатыптыр. Ошол убакта ал келиндин күйөөсү келип аны ээрчитип кетти. Күйөөм болсо мени үйгө алып келип, дагы сабап кирди. Анан улуу баламды моюнунан сүйрөп, аны да сабап баштады. Ошондо кичүү уулум келип калды эле, аны дубалга сүздүрүп салды. Анан мага «бар, жип алып кел. Балдарыңды өз колуң менен муунтуп өлтүрөсүң» деди, качып чыга албай жаткан жаным макул болуп үйдөн чыктым. Ошол замат Сокулук РИИБине барып, окуя тууралуу айттым. Милиция кызматкерлери «ал жакта участкалык инспекторубуз жок. Биз болсо бара албайбыз» деп 2 жарым саат карабай коюшту. Бир убакта бир милиция кызматкери келип «2 жаш баланы сабап салыптыр го» деп ошол кызматкер жардам берди. Милиция кызматкери менен кошо үйгө келсек, балдарымды «Тез жардам» алып кетиптир.
Балдарымдын кан болгон кийимдерин милиция кызматкерлерине бердим. Балдарым кечээ тамак ичпей жатты эле, бүгүн ичип калышты, жакшы болуп баратышат. Түнү чочуп жакшы уктай алышкан жок.

«КЕТИП КАЛАЙЫН ДЕСЕМ БАРА ТУРГАН ЖЕРИМ ЖОК»
-Мен мурда Токтогул районунун тургунуна турмушка чыгып, 2-балам 5 айлык боюмда бар кезинде ажырашып кеткем. Ошондон бери ал деле кабар албайт, менин деле ал тууралуу маалыматым жок. Ал деле ичип келип сабачу. Ажырашкан соң Аксыга кеткем.
Төрөгөндөн кийин ошол жактагы кафелердин биринде иштеп жүрүп азыркы жолдошум менен таанышып калгам. 1 жарым жыл мурун экөөбүз баш кошуп, 3-4 ай мурун иштейбиз деп Сокулукка келгенбиз. Жолдошум бул жакта курулуштарда, кээде таксист болуп иштечү. Ал экөөбүз жаңы таанышканда ал балдарыма бирден байпак менен бирден көлөч алып берген, андан кийин балдарыма эч нерсе алып берген эмес.
Күйөөм мага «мен милиция кызматкеринин баласымын, арыздансаң деле мени эч нерсе кыла албайсың. Бир нерсе болсо 2 балаңды кошуп өлтүрүп кетем» дечү. Ушул убакка чейин коркуп эч кимге арыздана алчу эмесмин. Кетип калайын десем, бара турган жерим жок. Бир-эки жолу Оштогу аяш атамдын үйүнө качып кеткем. Мен ошол аяш атамдын колунда чоңойгом. Жолдошум барып ал жактан деле бычак такап коркутуп алып келип алчу. Айла жок, мүмкүн оңолуп калабы деп үмүт кылып жашап келгем.

«БАЛДАР ДЕНЕСИНДЕ ТАМТЫГЫ ЖОК КАТУУ САБАЛЫПТЫР»
Сокулук районунун аймактык ооруканасынын дарыгери, травматолог-ортопед Бекзат Мамаев балдардын абалын айтып берди:
-Балдар экөө тең бизге денелери көк ала болгон абалда алып келинди. Баштарында да гематомалар бар. Апасы да сабалыптыр, анын жана улуу баласынын баш мээлери чайкалган. Балдардын денеси бүт эле көк ала экен, тамтыгы жок катуу сабалыптыр. Кичүүсү көбүрөөк жабыр тарткан, анын абалы оорураак. Анын денеси көк ала болгондон сырткары, кулагы да катуу тарткандан улам канап кетиптир.
Денелериндеги тактарга караганда, балдар дайыма эле зомбулук көрүп жүрүшкөн. Арасында бир жума мурун алган тактар да жүрөт. Таяк же темир түтүк менен сабалган окшойт. Абалдары учурда канааттандырарлык. Эң коркунучтуусу, бул балдар психикалык жактан жаракат алган, аны көпкө дарылоо, келечекте реабилитация кылуу керектелет. Балдардын апасынын 7 жумалык боюнда бар экен, ал баласынын абалы кандай экенин гинекологдор менен биргеликте кошумча изилдейбиз.

«МАС КЕЛГЕНДЕ МЕН КАЧЫП КЕТКЕМ»
Ооруканадан чыгып, окуя болгон үйгө барып, кошуналарынан окуя тууралуу уктук. Жазгүл Кенжебаева бул үй-бүлө менен кошо жашап, алардын балдарына каралашат экен:
-Күйөөсү аялын буга чейин деле кээде сабап койчу, менин көзүмчө эле уруп койчу. Ошол күнү күйөөсү мас болуп келгенде мен качып кеткем. Айсулууну урган экен, ал ыйлап жаткан. Анан ал балдарын да дубалды сүздүрүп уруп жатканын көрдүм. Мени деле укчу эмес, коркчумун, мени да бир ирет урган. Айсулуу экөөбүз милицияга барып, кайра келсек, балдарды «Тез жардам» алып кетиптир. Аны угуп кайра ооруканага кеттик.

«БАЛДАР НЕС БОЛУП ОТУРУШУПТУР»
Коңшусу Гүлдесте Жөжөева «бул үй-бүлөнүн балдары каралчу деле эмес» дейт:
-Кечке маал балдарымды ойнотоюн деп балдар аянтчасына алып келсем, Айсулуунун балдары ошол жерде отурушуптур. Улуусу ыйлап жатыптыр, кичүүсү отурган жеринде нес болуп катып калыптыр. Мурду менен кулагы көпкөк болуп кан агып жатканын байкап "эмне болду?" десем, улуусу «атам уруп койду» деди. «Атаң менен апаң кана?» деп сурасам "жок" деди. Анан бир кошунаны таап сурасак, ал «күйөөсү аялын эси оогончо сабап салыптыр. Суу чачып араң ойготсок, качып кетти» деп айтты. Балдардын абалы оор болчу, калчылдап жатышыптыр. Кичинесинин буту шишип, баса албай калыптыр, көтөрүп жүрдүк. Анчалык ургудай, балдарда эмне күнөө?!
5-6 ирет милицияга чалсак албай коюшту. Анан «Тез жардам» чакырсак келип балдарды алып кетти. Балдар менен кошо эжем кетти. Андан кийин аймактык инспектор келгенде ага айтып күйөөсүн салып бердик.
Негизи баланы төрөгөндөн кийин караш керек да, балдары каралчу деле эмес. Дайыма кир болуп жүрүшчү.

«КҮЙӨӨСҮ ЖАШЫНГАН ЖЕРИНЕН ТААП АЛЫП САБАДЫ»
Дагы бир коңшусу Бактыгүл Жемырза кызы "милицияга телефон чалсак, албай коюшту" дейт:
-Бул үй-бүлө ушул үйдө батирде жашачу, келгендерине 3-4 ай болуп калган. Ошол күнү Айсулууну жолдошунан мен бир кошунанын үйүнө жашынткан элем. Бирок күйөөсү таап алып сабап жатканда баламды алып кетип калгам. Бир убакта сыртка чыксам күйөөсү аялын үйүндө сабап жатыптыр, кирсем үйдүн ичи кусунду экен. Айсулуунун бүт кийимдери суу болуптур. «Эмне болду?» деп сурасам, «бутум тырышып жатат. Укалап берчи» деди. Бутун кармасам тырышып калыптыр, ошол убакта күйөөм келип чакырып, кетип калгам. Бир убакта сыртка чыксам алардын үйү чачылган боюнча калыптыр, эч ким көрүнбөйт. Балдар аянтчасы жакка барсам, Айсулуунун балдары кошуналар менен отуруптур. Биз милицияга телефон чалсак албай коюшту. Анан «Тез жардам» чакырдык эле, алар келип балдарды алып кетишти.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАМАЛДЫ»
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Нургүл Нусупова бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын айтат:
-2018-жылдын 4-июнь күнү кечки саат 9дар чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан 2 баланын оор абалда «Тез жардам» кызматы аркылуу алынып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн. Сокулук РИИБинин ыкчам-тергөө тобу ошол замат эле ооруканага чыгып бара жатканда Жалал-Абад облусунун тургуну, убактылуу Сокулук айылында жашап жаткан 1994-жылы туулган Айсулуу Т. аттуу жаран оозеки түрүндө арыз менен кайрылган. Анын билдиришинче, ошол күнү 1982-жылы туулган Бактыбек Д. аттуу күйөөсү мас абалында, эч себепсиз аны сабап салган. Өзү коркуп үйүнөн качып чыгып кетсе, күйөөсү үйдө калган кичинекей балдарын сабап, денелерине залал келтирип, аларды көчөгө таштап салгандыгын айткан. Балдарды ал үй-бүлөнүн коңшулары көрүп, «Тез жардам» кызматы аркылуу Сокулук райондук ооруканасына жөнөтүшкөн.
Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми Бактыбек Д. кылмышка шектелип кармалып, аталган РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Үй-бүлө ушул үйдө жашап турушкан.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Өгөйдөн көргөн кордук: өгөй ата 2 наристени дубал сүздүрүп сабаган

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
12.06.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Соц кызматкерлер эгер тиги ХХХХ аял кайра жашайм десе анда энелик укуктан ажыраткыла балдарын кор кылдырбай. Озу эринин келтегин жеп жашай берсин. Эри башына сого берсе эртен эле жинди болуп эч кимге кереги жок кочодо калат. ХХХХ!
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-12 17:34:00
12.06.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анчалык эле мушташкын келип атса келчи бир королу!!!ушундайларга бир катуураак чара корулсо жакшы болот эле бейкуноо балдар кордолуп атат окуган сайын журогум канайт.
12.06.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуну да эркек дейби. Келин менен психологдор иштеш керек, ал да кандай кыйын турмуш көргөн. Келечегин ойлой албай жаткандыр. Күйөөсүнөн кетсе эле жашай албачудай окшойт да. Баарынан балдарга жалко, аларда эмне күнөө. Ушу балдар деп жашайбыз го, алардын жашоосу үчүн баарына даярбыз. Кээ бир эшектер ушуну түшүнбөй жана ушундайлар көбөйүп жатканы өкүндурот. Биринчи бага аламбы деп суроо берип, ойлонуп анан төрөсо болмок экен.
12.06.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо Аллах балдарга ден соолук бере кор!Тиги XXXX энеси эсине келип кайра барып албаса экен. Супер инфо сиздерден сураныч окуя боюнча кабар алып элге жеткирип тургулачы. Балдар эмне болду. Айбан баш куйоосу камалып кеттиби же акылы жок аялы кайра жашап алдыбы деген алдыда коп суроолор.
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-13 10:21:55
12.06.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол куну ноомотто болгон милициянын баарын жонле жазага эмес, оор жазага тартыш керек, башкаларына да сабак болуп мындан нары конгуроо тушкондо чок баскан немедей тызылдап жугуруп тургандай кылып, акмактар десе коргошпойбу, тиги зоокурду болсо соттоп жоготкула, байкуш балдарды кор кылып, психикасына да терс таасир берди, жазалансын акмак! мындай окуяларды жон калтырбоо керек.
12.06.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лапшык келин экен,биринчинин кадырын билбесе экинчи берет жазасын дейт беле,балдарынды огой атага урдурган коро биринчи эрин менен эле жашай бербепсин. Кантсе да оз атасыда.Эко тен окшош эле экен. Дардинди дастан кылып дагы жашай берем дегенин лапшык. Эрге тийдинби балдарынды урдурбай коргоп албапсында. Жакшысы эрсиз от балдарым десен.
12.06.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тушунбойм кичинекей бала менен эрге тийип балее барбы айткылачы,азыр оз балдарын нормально бакпайтго аталар,огойго ишенбеш керек.куйомду кечирем,бара турган жерим жок депда чыктывы?барбайле кой балдарындын бири же озунду олтургондо тынасын.эптеп оз кунунду кор,барба куйоно,башка куйогода тийбе,бироого кул болсонда балдарын чонойот.
12.06.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул келинди чоон эле деп ойлопмун.Жапжаш , ден -соолугу жайында бир жакшына экенсинго.Болуптур билимин жок экен,офисте иштебесен да , эл катары иштеп , балдарды жакшы карасан боло,энелик сезим билимге коз каранды эмес деп ойлойм.Ушшунчалык кыжырым келип жатат.Эки бейкуноо наристе сен учун кыйынчылык коруп жатканын билесинби?
Урматтуу чондор,куч органдары сиздерден сураныч карапайым элдин турмушуна конул бурбасанарда , жок дегенде балдардын укугун коргогулачы.Баласын уруп аткан,олтуруп атк
12.06.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарды коргодондорго олум жазасын чыгарып,элдин астына алып чыгып , бир экоону олтурсонор эле тыйылмак.Мыйзамды чыгарып эле копкойбой , иштеткиледа
13.06.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарга эле жаман болду экинчи жолу эрге тийбей эле койбот белен байкуш балдарв азап тартып эрге тийип деле жыргабапсын бир турмуштан чыкансон экинчи ирет чыкпай эле койпопсунда биринчи оорунга балдарды коюш керекта
13.06.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми бул мээсинен айнып куйоом мн жарашам деп жатыптыр го.ушуларга кор кылбай балдарын алып эле койгулачы...ушундай энеден коро жогу жакшы куйоого тийбесе олуп кетмек беле.бага албаса эмне торойт айбандар.кор болду го байкуштар.омур бою эркинен ажыратып куйоо соороюн ,балага жоопкерчилик ала албаган солдурогон немелерди ата энелик укуктан ожыратыш керек. Закондун ушул жагына озгортуу киргизсенер боло.кыйратып койгонсуп озунорлун артынарды ойлоп закон озгортуп олтура беришет депутат сооройлор.....
13.06.2018. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эне баккандан коро дет.домдо чонойгону жакшы го дейм менимче. Энелик укуктан ажыратыш керек мындай ХХХХ Ушу маалга чейин балдырын урса да унчукпай жашап жургон аялга наалат. Баардык куноо апасында деп эсептейм.
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-13 11:06:01
13.06.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш балдары туруп олуп баратабы экинчи куйоого тийип .ХХХХ окшойт .Мен да жогорудагы комментарийлерге кошулам ,балдарды бул ХХХХ бербегиле .Андан коро детдомдо тарбиялансын
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-13 14:15:22
SUPER.KG видео
13.06.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеону коргондон бери ушул балдар оюмдан чыкпай койду. Балдарынды бир зоокурго кордотуп кантип басып журосун??? Ииий кандай акмак немесин. Менин баламды кошунабыз туртуп койгон экен тим эле жеп жутуп салгым келди.
SUPER.KG видео
13.06.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра куйоон менен жарашам десен даана XXXX экенсин! Айланайын айымдар балдарынар менен ажырашсанар кайра башка куйоого тийбей эле койгулачы. Башка бироо силердин балдарынарды эч качан жакшы корбойт!!! Эркек корбосонор олуп калбайсынар! Азыр жумуш деген толтура, озунор эле сопсонун балдарды багып кетесинер! Мен оз башымдагыны айтып жатам!
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-14 09:49:45
13.06.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизодо отурса озун олорчо сабаса
14.06.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кошуналары кызык экен уруп атса басып кетпей кой деп коюшпайбы,ошол кунку милицияны да жоопко тартыш керек чалса албай койгон,тим эле балчайып суротко тушуп коюптур Нургул Нусуповасы кесиптештери абат иштеп аткансып
14.06.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан го
14.06.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай айбандарды колун бутун алып салыш керек да ошондо калат мындай корунуштор
14.06.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристелерде эмне куноо айбан десе?
Карай албасан кара жанынды багып торобой эле журо бер да
15.06.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жүрөк ооруйт.....
SUPER.KG видео
17.06.2018. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okmot emne kylyp atat? Baldardy korgoo aiyaldardy korgosok bolboibu? svolochtu atyp salsa jarashat eken
SUPER.KG видео
17.06.2018. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyz boi balaluu aiyaldarga jardam bolso ushundai ishter bolboit ele, baikush balakai, den soolugunan ajyrady, kaidagy bir alkashtyn aiynan, aiyal bararga jeri jok eken, emmi kaira baryp jashasa , baikush baldardy olturup tynsa kerek, Kyrgyz okmotu aiyaldardy korgop jashai turgan jer berip baldardga posobiya berse koburook berse , ushundai korduk zorduk zombuluktar kattalbait ele dep oilom.
SUPER.KG видео
17.06.2018. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Evropadagy jalgyz boi eneler baldary menen bir jakshyna kyinalbai jashai berishet eken , emne uchun Kyrgyzstandagy aiyaldar baldar kor bolup atat? Okmot oozun achpai sosialdyk jaktan korgop, etajnyi domdordu kurup koiso bolboibu, jardamga muktaj adamdar beker baldary 18jashka chykkanga cheiyn jashap tursa bolboibu?
SUPER.KG видео
17.06.2018. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashy jok okmottun emne keregi bar bilbeim!!!!!
SUPER.KG видео
17.06.2018. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elin korgoi albai kaaancha degen aiyaldar baldar korduk korup atat, Jerin korgoi albai Kytaiga tili kyzyk bolup oturat, uuurulardyn aiynan ushundai bolup KYRGYZ nugo albai kor bolup atat, OKMOT bashyndagy uurulardy ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-17 16:39:48
SUPER.KG видео
17.06.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы бар аял турмушка кайра чыкпай эле койгону жакшы.Жашабай эле койсун.
18.06.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жоопкерчилиги жок ата-энелердин айынан орто жолдо балдар эле кыйналат.(((((((
04.07.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Айсулуу деген кыз озу ошону коро турган бироонун семьясын бузуп торт баланын коз жашы ошону ойлонбой кылган иши. Айсулуунун бир тууган синдиси да куйоосун каматты жакында падстава кылып.
05.07.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеону корбодум, макала боюнча балдарды элестетип жаман болдум. Менин балдарым менен тен экен, экоо тен почти. Анан балдарын уруп атса, жип алып кел десе качып чыктым дегенине тан калдым. Кантип балдарынды таштадын. Ит да качып кетпей, балдарын коргойт. А сен жокто кандай гана кордоду балдарды, ким билет. Олтуруп койсо эмне болмок ал айбан. Эне деген озу олуп баратса да балдарын коргоп олот, оз жанын эле ойлобой. Жалко балдарга.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: