|
Султан Каназаров, журналист: «УЛАНБЕК ЭГИЗБАЕВ ДАЙЫМА АЛСЫЗДАРДЫН ТАРАБЫНДА ЭЛЕ»№821 27-июль -2-август, 2018-ж.
Уланбек Эгизбаев каза болордон бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Ал билдирүүнү улай “бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн” деген комментарийлер жазылган. Кырсыктан кийин маркумдун жакын досу, тележурналист Каниет Жыргалбеков: “Мен Уландын жакын адамы катары эксперттерге кошулуп өлүкканага кирип, анын сөөгүнө алгачкы медициналык текшерүү өткөрүүгө баштан-аяк катыштым. “Анын денесинде жаракаттын белгилери жок” деген маалымат жалган. Мен анын денесин бүт карап чыктым. Буттарында көк ала тактар бар экен”,- деп билдирүү таратты. Натыйжада “бул кырсык эмеспи?” деген шек саноо күчөдү. Ал эми Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору "маркумдун денесинде жаракаттын белгилери жок болгон үчүн анын өлүмүнүн себеби сууга чөгүү болушу мүмкүн" деп билдирди. Ошондой эле Ички иштер министрлиги журналисттин өлүмүн өз көзөмөлүнө аларын жана аягына чейин иликтенерин убада кылды. – Улан жездем менен эжемдин жалгыз уулу болсо дагы эркелетпей, чынчыл, жөнөкөй кылып тарбиялашты. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” болуп коомдогу ыплас иштерге каршы турам деп жаштыгына карабай маанилүү, чоң маселелерди көтөрдү. Өтө өкүнүчтүүсү – ошолордун түбүнө жетпей он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе арабыздан кеткени. Өзгөчө эжем менен жездеме оор мүшкүл болду. Уландын өлө турган мезгили эмес, иштей турган, балалуу боло турган мезгили эле. Улан, Уланбайым, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! – Уланбек, байлык, бийлик деген эмне экенин билчү эмес, эл менен болом деп маршруткада жүрөт эле! 2020-жылга чейин бардык коррупционерди каматып, 2020-жылы депутат болуп, эл тараптагы жалгыз депутат болуп өлкөнү өнүктүрөм дечү! Уландай таза адам жок, өлкөнүн өнүгүшүнөн эми үмүт деле кылбайм! Ар бир министр, депутат баары эл үчүн эмес, андан коркконунан эле иштечү! – Улан өзү “тирүүсүндө барктабай, өлгөндөн кийин мактаганга машпыз” деп билдирүү жазгандай, тирүүсүндө жумуштун ыргагы менен жүрө бериптирбиз. Азыр Уланга канча жылуу сөз айттым экен, эмне деп мактадым экен деп ойлоп жатам. Улан башкача жаралган, баатыр, эч нерседен тайманбаган эр жүрөк жигит болчу. Анан Көлгө барып сууга чөгүп өлүп калат деген нерсе акылга сыйбай, ички туюмум да бул нерсени кабыл албай жатат. – Улан дайым алсыздардын, чындыктын, укугу бузулгандардын тарабындагы, элдин ырыскысына кол салгандарга каршы турган журналист эле. Аз жашап калды. Артында калган кесиптештеринин биринчи парзы Улан Эгизбаев атындагы иликтөөчү журналисттердин атайын сыйлыгын уюштуруу деп ойлойм. (Ред.: 25-июлда экс-президент Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаевге арнап жазган блогунда Иликтөө журналистикасынын фондун түптөөгө алгачкы салым катары өз пенсиясынан Улан эгер бир тууганы туура эмес иш кылса, ошону дагы жазып чыга турган инсан эле. Уландын жетекчиси болуп 4 жыл иштедим. Уландын көтөргөн маселелери адамдын оюна келбеген башкача маселелер болчу. Жөнөкөй маселени көтөрсө дагы кызыктуу кылып элге жеткирген журналист эле. • Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган. • 2013-жылы – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган. • 2015-жылы – Бишкек Гуманитардык университетинен саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. • 2016-жылы – “Кыял” тасмасы үчүн “Webby Awards” сыйлыгына татыган. • 2018-жылы – Публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон. • "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсү үчүн бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жасап келген. Үй-бүлөлүү. Асхат Субанбеков Жаш Журналист Улан Эгизбаев калың журтту кайгыга салып кете берди
Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
30 га жашың толо элек,
Ойноп оюунга да тоё элек.
Бала эле бойдон болчусуң,
Сүт оозуңа толо элек.
Элдин баарын ыйлатып, жүрөктү эздиң,
Ушунчалык кыска беле, өмүрүң сенин.
Чыркырап чындык үчүн күрөшөм деп,
Курсактагы балаңды да, көрбөй кеттиң.
Кыргыз элиң, бүгүн турат гүйүнүп,
Жемкорлор турса керек, ичтеринен сүйүнүп.
Жок дегенде дагы 10жыл жашасаң,
Чыгат элең, көп
Жок дегенде дагы 10жыл жашасаң,
Чыгат элең, көп нерсенин ичинен билегиңди түрүнүп.
Кыргыз элдин жүрөгүндө, Улан деген дак калат,
Эми ким
Жаш болсоң да канча сырдын бетин ачтың,
Улан атың, түбөлүккө өчпөс болуп сакталат.
Алдын алып коркутуп, үркүтүп атып,
Кыйындардын түбүнө жеттиңер го.
Эмне мынча мыкаачы болосуңар,
Жырткычтан да жаман болуп кеттиңер го.
Эми Жанар! этиат бол аччуу чындык сөзүңө,
Көп илинбе жамандарын көзүнө.
Кайда жүрсөң кудай өзү колдосун,
Сак бол эми көз тийбесин өзүңө.