|
АЙБОЛОТ ЖЭЭНБАЕВ: “ТИЛЕМЧИ БОЛУП УКТАП, ЖЫЛДЫЗ БОЛУП ОЙГОНДУМ”№822 3 - 9-август, 2018-ж.
– Саламатсызбы? Аталган клипке чындык кошулган десем болот. Ден соолугум жабыркап майып болуп калгандан кийин “Дордой” базарында кайрымдуу адамдардан жардам сурап жүргөндө Бакыт Мойдунов аттуу жигит мага садага берген эле. Ошондон тарта ага-ини катары тааныш болуп калганбыз. Күндөрдүн биринде Бакыт “байке, турмуш жөнүндө ыр жаздык эле, ошого тартылып бербейсизби” деп калды. Көрсө, ал Ильястын продюсери, ошол тартылмакчы болгон клиптин режиссёру экен. Бакыт клип аркылуу чыныгы окуяларды көрсөткөнгө аракет кылды. Мен болсо өзүмдүн эле жашоомду ойноп жаткандыктан, тартып жаткан балдарды кыйнаган жокмун, 1-2 дубль менен тартып жаттык. – Кимге кандай билбейм, бирок мен үчүн тилемчи болуп уктап, жылдыз болуп ойгонгондой эле болду да. Элдин көбү таанышып колу менен көрсөтүшөт, айрымдары сүрөткө түшүшөт. Башында мени актёр деп ойлошкон да, кийин турмушумду көрүп “чындап эле клиптегидей адам экен” дешип көзүнө жаш алып ыйлагандар бар, садага бергендер да көбөйө баштады. “Клиптин 2-бөлүгүн качан тартасыңар?” деп сурагандар көп. – Жок. Мен мультипликатор, үн коштоочу болсом деп кыялданчумун. Бирок аны Ленинграддан окуш керек экен, ошентип кыялдарыма жетпей калгам. – 2017-жылы декабрда Кара-Балта шаарынан аутизм менен ооруган 16 баланы Бишкекке экскурсияга алып келдим. Өкмөт ал балдарга жөлөк пул берет, бирок укалоо, бала бакча жагына жардам берүүгө чамасы жетпейт. Аларга мен көп ирет барып садага берип турам. Балдарды Бишкектеги көңүл ачуучу борборлордун бириндеги зоопаркка киргизмекпиз. Бирок зоопарк саат 12де ачылат экен. Биз эрте барып алыптырбыз, балдарга “Ала-Тоо” аянтын көрсөтүп турайын дедим. Суукта балдар үшүп калбасын деп кафелердин биринен “Бизге ысык чай эле бериңиздер, токочторубуз бар, отуруп жеп алалы” деп сурандым. Алар макул болгону менен, кафе жер төлөдө жайгашып, майыптардын коляскасы тепкичтен түшө албайт экен. Анан 1-кабатта жайгашкан кафелердин бирине кирип эле администрациясынан уруксат сурап жаткам. Аңгыча эле кафенин жетекчиси чыга калып “Буга окшогон майыптарды эмне киргизесиң? Киргизбе дебедим беле!” деп тиги кыздарды уруша баштады. Анан мени сөзгө келбей эле кылмышкерди кармагандай кармап туруп эшикке түртүп ыргытып жиберди. 16 бала бардыгы мени карап турду, ыңгайсыз абалда калгам.
– 1974-жылы 7-апрелде Базар-Коргон районундагы Абдраимов айылында төрөлгөм. Бакма баламын. “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” дегендей, мени баккан ыраматылык апам менен атама ыраазымын. Бирок алардын көзү тирүүсүндө айткан насаатын укпай, көзү өткөн соң көр кучактап ыйлаганың бир тыйын экен. Убагында эркелик кылыптырмын, алардын кебин укпай көп каталык кетирдим. Эми атам менен апамдын сөзү башыма келип таяк болуп тийген соң убагында аларга кыла албай калган жакшылыгымды, сыйымды өзүм кайырчылык кылсам дагы, ашканын жардамга муктаж адамдарга көрсөтөйүн дедим. 17 жашымда үйлөндүм. 3 балалуу болдук эле, уулум чарчап калды. 2 кызым бар. 2001-жылы турмуштан бир аз кыйналып калдык. Аялым “Орусияга барып иштеп келейин” деп кетип, ошол бойдон дайыны жок. Башыңа иш түшкөндө сулуунун деле орду башка болуп калат экен. Азыр бойдокмун, жакшы жар болчу айым табылса дароо үйлөнүүгө даярмын. 2013-жылдары майып болуп калдым. Ага чейин көп кабаттуу үйдөн кулап, жамбашым сынган, андан соң жол кырсыгына кабылган элем. Ошонун эле айынан болду окшойт. Так деле диагнозу жок, нерв оорусу, өзүм деле түшүнбөйм.
Клиптеги каарман Айболот Жээнбаев: "Тилемчи болуп уктап, жылдыз болуп ойгондум"
Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(12)
Stervamyn
![]()
07.08.2018. 11:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Окунучтуу,бирок молодец экен,озу майып болуп,башкаларга жардам берип.Чондор эч качан садака бербейт,баягы эле жонокой элдер берет
salimbek87.kg
![]()
07.08.2018. 12:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азамат адам экенсиз кем болбоң башкаларга жардам бергениңиз Кудай өзү колдосун.
erkeleim
![]() SUPER.KG видео
07.08.2018. 13:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым калктан айлансак болот. Элим бар ачка калбайбыз...чондор аман эле болсун байлыгын которуп кетпейтго акыры
monster_high_98
![]()
07.08.2018. 14:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушуну менен актёр болуп кетсе болот!Мен да чын эле актёр экен деп ойлогом!Мына кайырчы болсо да башкаларга чын журоктон жардам берип жатат!
nigina93
![]()
07.08.2018. 15:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Омур ушундай адамдар менен мазмундуу.
karakoz2017
![]()
07.08.2018. 19:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллах ыраазы болсун!
aslan_akjol89
![]()
07.08.2018. 21:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мен ойлоп корсом бул инсанчалык кайрымдуу эмес экенмин.(((
kaktys
![]()
09.08.2018. 10:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акылдуу экен
SMS Aroma
![]() SUPER.KG видео
09.08.2018. 13:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ден соолукта болунуз! Адамдык ариети бийик адам экенсиз, сабырынызга таазим!
binur5
![]()
10.08.2018. 10:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул кишини мен актер экен деп ойлочумун .Аллах сизге ыраазы болсун
AlibaevO
![]()
11.08.2018. 08:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айболот байке сизге бекем ден соолук иштериңизге ийгилик
Gulnyr19
![]() SUPER.KG видео
11.08.2018. 22:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми дарылатса болбойт бекен докторлорго көрүндүңүзбү
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|