|
Эркин Рыскулбеков, телеалпаруучу: «САЛТАНАТТАЙ АДАМДАР 100 ЖЫЛДА БИР ЖАРАЛСА ЖАРАЛАТ, БОЛБОСО ЖОК»№824 17-23-август, 2018-жыл
Белгилүү телеалпаруучу Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында жарыкка келген. 4 эркектин арасында жалгыз чоңойгон болочоктогу жылдыз мектептин активисти болгону менен, жашоодо тартынчаак эле. Атасы Орозобек Түгөлбаев "кызымды композитор кылам" деп Композиторлор союзуна чейин жетелеп барат. Андан соң Мукаш Абдраев атындагы Музыкалык училищеде, Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик Эмгек жолун окуу жайда окутуучу катары баштап, кийинчерээк Кыргыз улуттук радиосуна орношот. 1996-жылы алгачкы жолу орусиялык радио Кыргыз жергесинде бөлүмүн ачып, Салтанат айым кыргыз тилдүү алгачкы ди-джей болуп эмгектенген. Соңку жылдарда Коомдук телеканалда ток-шоу, интеллектуалдуу оюндарды алып барган. Телеалпаруучу 2011-жылы башы катуу ооруганынан ооруканага кайрылып, залалдуу шишик бар экенин билишет. Ошондон бери 7 жыл өтүп, аты жаман илдет менен күрөшүп келди. “Менин балдарым кичинекей, мен сөзсүз ооруну жеңем. Балдарымды чоңойтуп, үйлөнтүп, неберелеримди карашым керек” деп айтып келчү. Өзү ооруганына карабай “Помогать легко” коомдук фондунда байкоочу кеңешинин төрайымы болуп, онкологиялык илдетке кабылган аялдарга, балдарга жардам колун сунуп келди. Телеалпаруучу айымдын артында бир уул, бир кызы калды.
Салтанат Саматованын "Супер-Инфо" гезитине берген акыркы маегинен үзүндү:
“Бул ооруга кабылганда 2 жолу эле ыйладым. Бир жолу "мен өлөм, башка жакшы аял алып ал" деп ыйласам, жолдошум бооруна кысып "баары жакшы болот, чогуу жеңебиз" деп соороткон”.
Салтанаттын адамдык сапаттары тууралуу китеп жазсаң да аздык кылат. Мен дайыма ага “алтыным, сенин сөздүк лексиконуңда жок деген сөз барбы? Сен эмне тиги чалса деле ооба, бул чалса деле макул дей бересиң? Өзүңдү аясаң боло” деп айтар элем. Анткени ким суранса эле “ооба, барам” дей берчү. Ал акчасын береби-бербейби айырмасы жок эле. Салтанат “Эмгек сиңирген ишмер” наамын алганда мен сүйүнчүлөгөм. “Салтуш, сыйлык алдың, кут болсун!” десем, “андай болушу мүмкүн эмес, акчасыз чечилбейт ал нерсе” дейт. Кабар маалымат булактарына тараган соң гана ишенип, “Эркинбай, атам сүйүнүп ыйлап жатат” деп аябай кубанды. Өзү ооруп калгандан бери онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга көмөк көрсөтүп баштады. 2 жыл мурун 23-февралда жолугуп “5000 сомуң барбы?” дейт. “Ооба” десем, “жүрү анда, мага демөөрчү болосуң” деп, "Орто-Сай" базарына жетелеп барды. Суукта экөөбүз кыдырып балдарга белек алдык. 30 бала болсо баарынын атын жашын билчү. Ай, бир алтын киши эле да... Эми сахнада Салтанат менен иштешүү бир керемет болчу. Ал барында такыр толкунданбайсың. Кайсы жерден токтоп калсам, ошол жерден кошуп улап кетчү. Акыркы жолу эки күн мурун “төшөктө жатыптыр, эч кимди тааныбай калыптыр” дегенде жетип бардым. Ошондо көргөнүм көз алдымда тартылып кетпей жатат. Салтанат ооруганда да оорусун салтанаттуу көтөрдү. Барган сайын “сени мен өзүм үйлөнтөм” дей берчү. Ошол боюнча өтүп кете берди. Андай адамдар 100 жылда бир жаралса жаралат, болбосо жок. – "Сакиним асманга жаркыраган ак жылдыздай атып чыкпай эле, жаман эле кыз болуп жүрө берсе ушинтип оорубай калат беле, 46 жашында өтүп кетпейт беле?" деп көп ойлончу болдум. Бирок кызым башкача жашай алмак эмес. Ал өмүрүн элине, жаштарга, балдарга арнаган адам эле. Ооруп жатканда “мен оорудан айыктым, ракты жеңдим” деп айтып жүрдү. Мен “балам, бул ооруңду айтпай эле койсоң болбойбу” десем, “ата, мен муну өзүм үчүн эмес, элим үчүн айтып жатам. Бул оорунун атын укканда эле оорулуулар өзүн таштап салышат. Мен ошолор коркпосун дедим” дечү. Баланы ата-эне мүрзөгө койбой, ата-энени балдар койсо жакшы экен, аттиң... – Мен 2000-жылы “Европа+” радиосунда тажрыйба топтоп жүргөндө Салтанат мага жол көрсөтүп, жардам берип жүрдү. Абдан боорукер аял эле. Экөөбүз ини-эжедей жакшы сүйлөшчүбүз. Жайдан баштап “көчөгө көп чыкпай калыптыр, эч жакка барбай жатат” деп Эркин айтып жүрдү. Мен акыркы жолу баарлашканыбызда "ушунун баарынан тажадым, Кудай кыйнабай алып кетсе болот эле" деген маанидеги сөздөрдү жазды. "Кой, жаман ойлобочу, жакшыны ойлочу" дедим. Анан дароо эле Эркин менен сүйлөштүм. "Качан байланыштың эле, мага жаман сөздөрдү жазып жатат" десем, ошондо эле акыбалы начар экенин айтып жүрөктү оорутту. Салтанат каза болгон түнү саат 12лерде өзүмчө эле ойгонуп кеттим, себеби деле жок. 3кө чейин уктай албай кыжалат боло бердим. Эртеси Эркин чалып кайтыш болуп калганын угузду. Аябай өкүнүчтүү. Кесиптештери дарылануусуна акча чогултуп жатты эле, ага да жетпей калды... Айгүл Курманова суук кабардан бир күн мурун түнү менен уктабай чыкканын Фейсбук баракчасына жазып, "жакшы эле күн болот бекен?" деген билдирүү калтырган эле. – Мен да Салтанат менен радиодон 1997-жылы таанышкам. Экөөбүз бат эле тил табышып, достошуп кеттик. Абдан жөнөкөй, шайыр аял эле. Оорусун жеңерине, аягы жакшы болуп бүтөрүнө ишенчү. Аттиң, ал ишенимдер кыял боюнча кала берди. Салтанаттын акыркы кезде көрүүсү начарлап, телефон менен да байланыша албай калганбыз. Мен уктабай чыккан түнү эже, балким, мени эстегендир, ойлогондур... Балким, сиңди катары жамандыкты ошондо эле сезгендирмин. Чынында бир күн мурун такыр көз ирмебей чыктым. Эртеси дароо жолдошуна, Эркинге абалын сурап жаздым. Кийинки күнү, өкүнүчтүү, Салтанатты жоготуп алдык...
Белгилүү теле алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнөн жай алды
Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Аллахым бейишин берсин..